Жай айларынын акыркы күндөрү болчу. Жекшемби күнү үйдөмүн. Он жыл бир класста окуган досторумдун ышкырыгы мени эшикке жетелеп чыкты. Жапыз дубалдан кудум жирафтай мойнун созуп, эки классташ досум турат жылмайып. Сейтали менен Сайдаутту аттестат алган күндөн бери көрөлекмин. Нөшөрлүү жаандан кийин капкара булуттардын арасынан жарк этип күн чыккандай болду! Кучак жайып учураштык. Экөө бирдей жакасы мойнун жапкан шумдук кийим кийишиптир. Кебетеси менден өткөн кышлакы балдар эле, көзүмө келишимдүү индия актёрлорундай болуп көрүнүштү. Эсим ооп карап калыпмын.
— Ой бул жанагы водалазка! Шаардыктардын кийими! - дешти алар менин таң калган кейпимди көрүп.
Чынын айтайын, бири ак, бири кызыл түстөгү водалазка мага өлө жакты. Эмне кылсам да батыраак алып кийгим келди. Унутуп калбайын деп, кайра-кайра ичимден "Во-до- лаз-ка", "Во-до-лаз-ка" деп кайталап коем. Ошону кийип алып Алтындын көчөсүнөн өткөнүмдө апасы, чоң энеси оң колу менен чайыттай тийген күн нурларынан көздөрүн калкалап "Анабу сылаңкороз кимдин баласы?" деп таң калып карап калышканын, анан бизден бир класс кийин окуган жубармек кызы жөн турбай "Наркы көчөдөгү Сраждин аканин окууга өтпөй калган баласы!" деп шылдыңдап күлгөнүн, узун кулак апасы "Райсовезде эсепчи болуп иштеген баласыбы? Жигит болуп калган турбайбы!" деп келечектеги күйөө баласындай көтөрмөлөп койгонун элестетип алдым...
— Студент болдук! - дешти досторум өпкөлөрүн колуна кармап. Экөө бирдей Ош пединсититунун филфагы менен матфагына өтүптүр. Мен атам каалаган айыл чарба институтуна тапшырбай эле келе бергенимди айттым.
— Эмки жылы журфакка тапшырам, - дедим мен алардын ачылган оозун жаап.
— Кыргыз-Ата суусуна чөмүлүп келели! - деди Сайтали ойдо жок жерден жумуш таап.
— Барса баралы, - дедим.
Барчу жерибиз анча алыс эмес. Айылдын этегиндеги түз жол менен барсаң жакын эле. Жөө бармай болдук. Сөз түгөнбөйт. Тигилер экзаменден кантип өтүшкөнүн айтышса, мен Фрунзенин жапжашыл парктарын, көчөлөрүнүн тазалыгын, анда жашаган элдердин жогорку маданиятын айтып бүтүрө албайм. Аны-муну сүйлөп жатып акыры сууга жете келдик.
Сейтали биринчи болуп чечинип, үстүндөгүсүн августтун этегинде саргая баштаган бир көз тикенге жая салды. Даутали да ошентти. ...Биринчиси кыпкызыл кызгалдактын дал өзү! Экинчиси аппак карга көбүрөөк окшош! Меники өңү өчкөн эски көк чатыраш көйнөк! Чечип ыргытканымда өзүндөй картаң көз тикенге таарынып жатып калды...Мен эски көйнөгүмдөн уялсам, ал байкушум менден уялат...Экөөнө угузбай "Во-до-лаз-ка", "Во-до-лаз-ка" деп кайталап алдым... Жүрөгүм ыссыып кетти...Ушу жүрөгүм ысыганда, бир жакшылык болчу эле....
Эртеси түш ченде түз эле райпотребсоюзда иштеген Талип тагама жетип бардым.
— Оо кел жээним, тынчылыкпы, келбейт элең...- деп адамдан да акчаны жакшы көргөн тагам тигиле тиктеди.
— Досторум водалазка кийиптир. Ошондон мага таап бериң? - дедим.
— Таап берейин жээним, пулуң барбы анан?
— Бар эмей! Биринчи айлыгымды алгам, - Чөнтөгүндөгү акчамды көрсөттүм.
— Жүр анда киши жокто кампага алып барайын. Ошиерден табасын! - Делдеңдеп артынан ээрчип жөнөдүм. Тагам боюу кодо болгону менен арышы кең киши. Аныстүнө чөнтөгүмдөгү пулду көргөндө шашылып калды өңдөнөт....
Райпотребсоюздун кампасында эмнелер жок!
Тангак-таңгак баркут, вельвет, шайы кездемелер, индия таза чайлары, чех костюм шымдары, кытай фарфорлору, эркектердин чет элдик түркүн түстүү көйнөгү, италия бут кийимдери, француз атырлары, өзүбүздүн Кара-Балтадан чыккан таза жүн килемдер! Таңкыс буюмдарды көрүп, "Эмнеге мунун баары дүкөндө жок" деп ойлодум. Тагам кебетемди көрүп эле, түшүндү окшойт:
- Мунун баары жанагы жүзүнө жүз сексенден козу алган чабандарга, гектарынан 25 центрден пахта плган пахтачыларга берилет, - деди.
Бир саамга болсо да чабан болгум келип кетти. ...Койду айдап келип, Алтын кайнаткан ысык чайдан эми бир рахаттана ууртайын дегенимде:
— Ой жээн, бери кара! - деп тагам эң кызык жеринен оюмду бузду. Колуна водолазка кармап туруптур. Мен эңсеген түстө экен.
— Он сегиз рубль, - деди тагам оозун толтуруп.
Эми ойлоп көрүңүз, 70-жылдары Оштон Фрунгеге самолёт 14 рубль, дүкөндө бир кап ун 12 рубль болчу. Ошого карабастан көздү жумуп, акчаны кармата салдым да, ууру мышыктай болуп, кампадан шек билдирбей чыгып кеттим.
Тагамдын көзү көз экен. Апамдар да айтчу, эч размерден жаңылбайт деп. Үйгө келерим менен кийип көрсөм, так мага чагын бериптир. Кире бериштеги эски күзгүгө жабышым калдым. Водолазканы кийип алып ылдый, өйдө болуп, кыйшайып, алыстан да, жакындан да карайм, эч окшошпойт! Досторумдуку өлө жарашыктуу болчу. Меники шалпаят эле, шалпаят...
Апамдын эски үтүгү эсиме түштү. Бала үчүн эне баарына даяр эмеспи! Апам очоктогу чоктон салып, темир үтүктү болушунча кызытып берди. Анан ак марлини суулап алып, водолазканын шалпайган мойну жагын үтүктөп жатам, үтүктөп жатам... Колум да талып чыкты. Калдайган чоюн үтүктү ары-бери жылдырган оңойбу,? Бир убакта эми болду го деп, кайрадан кийип көрдүм...Эч жылыш жок...
Бардык жери жарашып келип эле, моюн жагы шалпаят...Эмгегимдин баары текке кетти!
Эч түшүнбөйм! Эмнеге классташтарыма жарашат дагы, мага келгенде түк жарашпайт дейм! Анан бир ой башыма келип, кубанып кеттим. Абдыбас! Менден бир класс мурун бүткөн бул досумдун билбегени жок! Жаш болсо да аркы-беркини билген, атасынын жолун жолдоп айылдык дүкөндө сатуучу болуп иштеген Абдыбас менен бала кезден бирге чоңойгон үчүн, өзгөчө ынакмын. Дүкөнү да үйүбүзгө чукул жайгашкан. Түз эле ошого бардым.
— Эй кел досум, эмне анча капа болуп алгансың?
— Сейтали менен Дауталинин кийгенин көрүп, ушуну сатып алсам, такыр жарашпай койду, - дедим колумдагы водолазканы көрсөтүп.
— Кана кийип көрчү көрөйүн...
— Азыр досум, - деп түз эле дүкөндүн ичинде кийе баштадым. Бирөөгө бир кило ак кант тартып берип, Лавканын ары жагынан көздөрүн жүлжүйтүп карап калды. Бир маалда Абдывас каткырып күлүп жиберди.
— Ха-ха-ха! Муну кийиш үчүн Сейтали менен Дауталикиндей моюн керек! Экөөбүздө кайдагы моюн! Чеч батыраак!
Көксөп жеткен водолазкамды колтукка кысып шалпайып үйүмө келдим... Ошондон бери эч качан кийбедим. Сатып да албадым. Бирок бул шумдук кийим мага зор сабак болду — адамдарды жумушта болсун, тойдо болсун, автобуста болсун мойну бар, мойну жок деп экиге бөлгөнгө үйрөттү...
Ушу азыр пайгамбар жашынан өтүп калсам да, кимге жолукмайын, ким менен таанышпайын сөзсүз ичимден: "Кысталак, мага окшоп мойну жок экен!" дейм...
Силерден көптөн-көп сураныч: Бул адатыма эч таарына көрбөгүлө!
Алимжан АЛИБЕКОВ
#водолазка_элдик
Комментарии 6