“Эстелик”
(аңгеме)
Жаз алды менен айылдын күн батыш тарабындагы мүрзөгө түп көтөрө барып, кан чыгарып, арбактарга куран окуп, тегерек четин тазалап келүү бу тоо таянган Мөлтүр-Булактыктардын салтына айланган. Анан калса айыл четиндеги мүрзөгө байланышпаган бир да үй-бүлө жок: биринин атасы, биринин энеси, биринин аялы, биринин күйөөсү, биринин бир тууганы, биринин уулу, же кызы ушул жерде топурак жамынган эле. Арбактарга ызат көрсөтүп, ыраазы кылып келгенден кийин гана бу айылдын эли жазгы иштерине билек түрө белсенип киришет.
Дегеле арбакты ыраазы кылуу деген адатын айылдыктар дилинде дайым алып жүрөт. Уулун үйлөнтөбү, кызын күйөөгө береби, же дагы башка жакшылык тойлорунда болобу, оболу элди атайын чакырып, өткөн жакындарына арнап куран окутуп, андан кийин гана тойлогонго өтүшөт. Ушундай, Мөлтүр-булактыктар арбакты ардактаган эл.
Айыл четиндеги мүрзө да тээ алыстан даана көрүнүп, ушунун өзү тирүүлүк менен өлүмдүн аралыгын, чындыгын эртели-кеч аларга тынбай эскертип тургандай эле.
Мүрзөдө маркумдун сүрөтү чегерилип жасалган темир, таш эстеликтер, кынаптап кыштан салган бейит үйлөрү жок, адамдар жакындарынын жаткан жерин өздөрү койгон ар кандай майда-чүйдө белгилери менен эле таап алышат.
Бүгүн бул жерге эл менен кошо келген Гүласал бир жыл мурда көз жумган эринин жаткан жерин оңой эле тапты. Кабыр үстүндө бекем сайылган кызыл четин таяк сынынан да, сырынан да бузулбаптыр. Аял өзүнө тааныш таякты колу менен мыжыга кармады. Эки далысынын ортосу ачышып кеткендей болду, анан соорусу, буттары..., жанын ооруткан тааныш сезим, эчен ирет ушул таяктан бетин калкалап, бүрүшө отуруп калган күндөрүн эстеп, денеси жыйырыла түштү.
Тообо, уулу көп белгиден атасынын кабырына ушул таякты сайып койгонун кара. Катуу, бышык дегени го. Гүласал таякты эки колдоп бекем кармап жулкулдатып, жулуп салмакчы болду. Жулунбады, көр түбүндөгү эри таякты аркы учунан колуна бекем кармап алгандай, чыгарбады. Кабыр үстүндөгү таяк соройуп, эри адатынча аны Гүласалга кезеп, коркутуп тургандай сезилди.
Гүласал эми таякты жанталаша тартып кирди, жин ургандай аны буттары менен тээп-тээп да жиберди. Болбоду, анан ал чуркап барып көр казгычтардын кетмен-күрөктөрү тизилип турган кичине тамдан бир күрөктү көтөрүп келди да, таяктын түбүн казмакчы болду. Аялдын күржүңдөгөн ачуулуу кыймылы тегерек-четтегилерди аргасыз каратты. Кабатыр көздөр тегиз ага тигилди. Аңгыча эки эркек эки жактан чуркап келип, жарыша үн катты:
- Эже, сизге эмне болду?
Аял күрөктү коюп отура калды:
- Бу таякты алып салайын дегем, - Гүласал аптыга, күнөөлүүдөй жер карап сүйлөдү.
- Тура берсин, бу белги да эже, алып салсаңыз, кийин эриңиздин кабырын кантип табасыз? Тийбеңиз! Пышык, жакшы орнотулуптур.
Эки эркек Гүласал биртике казып койгон топуракты кайрадан таяктын түбүнө шилеп, тегиздеп, үстүнөн буттары менен басып-басып коюшту. Сынынан, сырынан кетпеген кызыл четин таяк баягысындай менменсине Гүласалды карап турду.
Аял жан жагынан өзүн таң кала тиктеген көздөрдөн кутулуш үчүн эл кылган кыймыл-аракетти бу да жасап кирди: башындагы жоолугунун эки учун жаак ылдый түшүрө отура калып күбүрөп куран айтты. Өлгөн эри сестенттиби, же таякты көрүп ызаландыбы, алакан жайган зайыптын колдору титиреп турду. Гүласал бата кылды да кабыр четине иретсиз чыккан чөп-чарды отогон кишиче баш-аламан кыймылдап, эмне кылып жатканын өзү да билбеди. Ансыз да эри өлгөндөн бери өзү күбүр-шыбырдан арыла албай жүргөндө эми минтип бу таяк... Көрсө, эри өлүп, таяк жегенден кутулганы менен таяктан кутулбаптыр. Ал бүгүн жулса чыкпай эсин эки кылды. “Баари бир жулуп салам” деди ичинен, эч ким жокто келем да жулуп салам”.
Элүүдөн ашканда эри өлүп, жыл айланбай кулпура түшкөн аялды айылдыктар ар башкача кабыл алды. Бири: “эси жок эри өлгөндө кутурат” деди, “эри бу бечарага убагында азапты жакшы эле көргөзүп, баш көтөртпөй жүргөн экен да...” деди муну түшүнгөндөр.
Эринин таяк менен кубалап жүрүп сабаганын Гүласал жашырчу, жан адамга айтчу эмес, намыстанчу. Эри сабай баштаганда үйгө качып киргенге үлгүрүп, таякты үйдүн ичинде жээринче жеп, анан бечара үнүн чыгарбай ыйлап алат эле.
Эми эри өлүп, кайгырып, мөгдөгөндүн ордуна бу аял күчтөнүп, ачылып, күлкүсү чыкты. Аш-тойдон калбай, жаңы көйнөктөрүн кийип, бети-башын оңдоп, жашарып да кетти. Гүласалга тууган-урук, жакындары: “оо, келесоо, өзүңдү кичине бассаң боло” дешти акыры. Гүласал кантсин, өзүн басайын эле дейт, курган эркиндиги көкүрөгүнө батпай атпайбы. Үйүндө эми баары өзү каалагандай болуп атса. Көп жылдар күйөөсүнө баш ийип, көзүн тиктеп жашаган аял адегенде мындай шыбагадан башы айлана түшкөн эле.
Чемодан түбүндө катылган качанкы бир дипломун сууруп чыкты. Биртике кармап туруп кайра салды. Мектеп кайда качат. Эң оболу элди туурап базарга чыгып иштеп, акчалуу, көп акчалуу болгусу келди. Кочушуна толо акча кармаганын элестетип, сүйүнүчтөн жүзү албырды. Аял баарын жасагысы, баарына үлгүргүсү келип, ааламга сыйбай турду. Анын да бир кезде көп ой-максаттары, кыялдары бар эмес беле.
Кабыр аралап жүргөн эл ар кими өз кайгысы өзүндө болуп, арасында ыйлап-сыктагандары көп. Түшкө жуук баары мүрзө башына түлөө тамакка чогулушту. Аялдар арасында кабагы салыңкы, ойго чөмүлгөн Гүласал да отурду. Аны баятан жактырбай тиктеген дасторкондун төр жагындагы гөркөөнүн аялы кыйкыра суроо узатты:
-Күрөктү ордуна коюп койдуңбу, Гүласал?
Гүласал чочуп кетти.
-Ооба, эже
-Тооба, эринин кабырын чукуган катынды биринчи көрүшүм, жулуп алдыңбы анан таякты?
-Жок...
Гүласалдын кабагы ого бетер бүркөлдү.
-Кабырды чукубайт, жаман болот, экинчи мындай кылбагын.
Гөркөөнүн аялынын сөзүн жанындагысы улады.
- Эрибизден таяк жесек да биз экөөбүз тирүү жүрөбүз Гүласал, шүгүр кылалы. Жулмалап эмне кыласың таякты, жөн кой, тура берсин. Бир эле сен белең. Тиктесең атарабыңды, башка кабырларда да таяктар турат сайылып, эскиси, жаңысы, сынып жок болгону, эсеби жок. Уулуң туура кылыптыр ошол таякты атасынын башына терең сайып, андан сен уялба, уялса ошо көр түбүндөгү уялсын.
- Кой, антпе, Дестегүл, өлгөн кишини акаарат кылбайт, токтот. Бу мүрдалар ансыз да муздак, караңгы жерде не азап тартып жатканын биз билбейбиз... -
Гөркөөнүн аялынын чый-пыйы чыгып кетти.
Бу сөздөрдөн кийин Гүласал кыйла жеңилдей түштү. Башын көтөрүп, дасторконго кол сунду, муздап калган пияладагы чайын жутту, таңдайы катып, суусап турган.
Тамак алдында куран окулуп, отургандар жапырт арбактардын баарына бата тилешти.
Бара-бара Гүласал күйөөсүнүн кабыры үстүндөгү таяк тууралуу кээ-кээде эсине түшүрбөсө унутуп да калды. Өзү эңсегендей базарга чыгып, соода кыныгын таап, жумушу көбөйгөн эле.
Кийинки жылы айылдыктар жаз алды адатынча дагы түп көтөрүлө мүрзөгө зыяратка барышты. Гүласал да ошол күнкү ишин таштап, эл менен чогуу болду. Күйөөсүнүн кабыры үстүндөгү таяк күнү кечээгидей сыны бузулбай зыңкыйып турганын көрдү. Ал былтыркыдан да бекем болуп, ордунда биротоло катып калгандай, эринин кандай адам болгонун даңазалап турган түбөлүк эстеликке айлангандай. Соройгон таякты бир теше тиктеп алган Гүласал ага кол тийгизбеди, бул ирет былтыркыдай ыза-көйгө да түшпөдү. Астейдил кабыр четтерин тазалап, куран окуп, анан очок башындагыларга барып, тамак-аш белендеп аткандарга кошулуп кетти.
Топчугул Шайдуллаева.
#эстелик_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1