Зарыл ишим чыгып калып, такси чакыртканбыз. Күттүрбөй бат эле келип калган таксиге түшөөрүбүз менен шоопур:
--Таксинин төлөмүн акчалай бересиңерби, же эсебиме которуп бересиңерби?- деп сурап калды.
--Акчалай беребиз!- деп жооп берсек, анда шоопур:
--Үйдөн жаңы эле чыккам, чөнтөгүмдө бир тыйыным жок. Жолдон майдалап отурбай, "убара болбойлу" дегеним болчу- деп, жолго чыктык. Шоопур абдан тамашакөй киши экен, ар нерселерди айтып берип күлдүрүп келе жатып:
--Бая "здачим" жок дебедимби? Жакында операция болгом. Доктурлар "азырынча жумушка чыкпай тур" дешкенинен, иштебей үйдө болчумун. Кырк беш жылдай автобус айдап, тынбай иштептирмин. Азыр өзүмдү бекерчидей сезип, жаман болуп жүргөм. Баарынан кызыгы, үйгө батпай калсам болобу?- деп күлүп:
--Кичүү келиним колумда да. Балдарын карап, азыр ал дагы иштебей үйдө отурат. Жумуштан чарчап келсем келинчегим экөө тултуюшуп, бири-бирине таарынгансып эки жакты карап отуруп калышканын байкап калчумун. Андай учурда: "Ой экөөңөр кэлээрдин кечке тиктешип отура берип, бири-бириңерден жаман чарчайт болушуңар керек ээ? Бир карасаң чагылгандай чарт-чурт эте түшүп, бир карасаң күлкүңөр чыгып, силерден өтөөр ынтымактуу адам жок болуп калат. Эмне, кышты эрте чакырып? Кабагыңарга кар жаадырбай элдешкиле дагы, чайыңарды жөн бергиле!" деп тамашалап, экөөнү бат эле элдештирип койчумун. Бир нече аптадан бери үйдө отуруп, эми экөөнүн эрмеги мен болдум. Ашкана жакка басып барсам келинчегим: "Жаңы эле тамактандың го? Оозуңду бүлкүлдөтүп, ашканадан чыкпайсың деги. Курсагыңды чандайтпай, кичине арыктасаң боло?" деп бурк этет. Тамактанып жатсак: "Ой тамакты шурулдатып ичпей, кичине маданияттуурак болсоң боло?" десе, "чынынын түбүн кашык менен тешип жиберчүдөй болбой, акырыныраак аралаштырчы байболгур..." деп сиркеси суу көтөрбөй, мага эле тийише берчү болду. Сыналгы көрүп же гезит окуп отуруп калсам: "Ой эмне эле бир жерден жылбай, кагылып отуруп калгансың?" деп, бассам: "Куйручуктай болуп артымдан ээрчибей, ишиңди кылчы..." деп жемелей берип, айламды кетирди. Айтоор оозумду ачсам: "Тилиң тишиңе тийбей, сүйлөнүп эле калыптырсың. Эмне, үйдө отура берип буулугуп калдыңбы?" десе, унчукпай отуруп калам. Анда да жакпайм. "Тилиңди жутуп алгансып, эмне тултуюп унчукпай калгансың?" деп ары бассам бери бас, бери бассам ары тур!" деп ары түрткүлөп бери түрткүлөй берип, кадимкидей өз үйүмө батпай калсам болобу!- деп жубайын туурап айтып бергенине, каткырып күлүп жибердик. Өзү да күлүп:
--Келин балама эмне жок дейм да. Апасына кошулуп алып анысы да бакчама, астейдил таш ыргытчу болуп алган. Бүгүн таң атпай туруп алып: "Күн сайын азык-түлүктүн баасы өсүп эле баратат, жакында ачка калбасак болду... Балдардын кийим-кечегин ырастап, бала-бакча мектептин төлөмүн төлөшүм керек болчу..." деп мени көз кыйыгы менен карап, үшкүрүмүш болгонун келинчегим коштоп: "Айтпа катыгүн, айтпа... Жалкоолонуп жатып алдың дегиче эле ачка калып, ишиңдин бүткөнү да... Иштебесең, тиштебейсиң да ботом!" деп алаканын шак чаап, адамды күйгүзсө болобу. Кичүү неберемди эркелетип отургам. Неберем дагы чоң апасын туурагансып: "Чоң ата, качан жумушка чыгасыз? Сиз иштебей калсаңыз, мурункудай балмуздак момпосуйларды кенен жей албай калдым. Апама алып бериңиз деп сурансам: "Атаң иштебей үйдө отурат, акча жок!" деп урушуп, алып бербей койду. Жумушка чыксаңыз, жакшы болот эле ээ ата?" деп сураса болобу? "Баарыңар сүйлөшүп алгансып, кантесиңер деги? Силерге акча эле керекпи? Өмүрүмдө биринчи жолу иштебей үйдө отуруп калам деп, эч кимиңе батпай балээге калдым го..."- деп күпүлдөп таарынымыш болуп, унаамды айдап кетип баратсам, силер буюртма берип чакыртып калбадыңарбы!- деп жылмайып койду.
--Батпай калдым деңизчи... Анан келинчегиңизге таарынып, үйүңүзгө барбай коёсузбу?- деп жолдошум сураса:
--Ой таарынып каякка бармак элем? Тапкан-ташыгымды көтөрүнүп барсам эле келинчегим жаркылдап, "айланайын" деп карегимден чарк айланып тосуп албайбы. Келин балам берерге ашын таппай, шыпылдап ысык чайын улам сунуп кубанаары анык. Жашоо өзү ушундай экен, деги эле жашоо ушунусу менен кызык болсо керек. Бир жагынан, келинчегимдин сестендирип турганы деле туура. Анткени аял киши алысты көрө билип, терең ойлонот эмеспи. Бүлөнүн кем-карчын ойлоп тынчсызданганын ачык айта албай, мени батырбагансып жемелей бергендей болуп калбадыбы. Түшүнөм, ал байкушумду дагы жакшы түшүнөм дечи. Деги эле кечиришип, түшүнүшүп жашаганга не жетсин! Неберелеримдин атакелеп эркелеп турушканы эле, өзү чоң бакыт да! Ошондуктан болгон таарынычымды жыйыштырып, кечкурун жаркылдап үйгө жетип барам!- деп, шыңгыраган телефонун карап:
--Дагы чалса, таарынымыш болуп албай коёюн, кантээр экен?- дегени менен экинчи жолу чалганда, телефонун алып:
--Ой мени батырбай койдуңар го? Өзүмдүн үйүмө батпай калат деген, эмне деген шумдук? Көзүңөргө көрүнбөй, жоголуп кетсем эле кутуламбы деги? Кош кал, багың ачылып бактылуу бол!- деп телефонун өчүрүп койду. Биз "бырс" этип күлүп жиберсек:
--Жаш убагымдагыдай болуп, кыялымды көргөзүп койгондогум да! Аай, турмуш өзү ушинтип адамды артист кылат тура...- деп көзүн ымдап, "кыт-кыт" күлүп койду. Ошентип күлүп келатып, бат эле жетип келип калдык. Коштошуп түшүп баратсак, жолдошума көз кызып:
--Ошентип, батпай калган учурлар да болуп калат. Андай учурда кырдаалдан кантип чыгышты, билип алдың да ээ иним!- деп тамашаламыш болуп, күлүп койду. Эстеген сайын, бир күн кечке күлүп жүрдүк.
Бектенова Нуржамал
#батпайкалдым_элдик
Комментарии 4