Жер чапчып өксүп ыйлаган Элчи, кара топуракты мыжыгылап:
--Деги эмне эле болуп баратабыз ыя? Наристенин чыркырап айтканындай эле бар, баары чындык! Ооба, чын эле кылчалык ыракымы жок, ырайымсыз мерез болуп баратабыз... Пейил кетти! Адамдан пейил кетти, арман дүйнө... "Дүнүйө, дүнүйө эле дүнүйө!" деп башыбызды жерге койгулап, чакчалаңдап айбан кейпин кийип баратканыбыз калппы? Карайлап, сыйпалап эңсеп умтулганыбыз, жалаң дүнүйө болуп калды... Алсызды тытмалап чайнабай жутуп, аксакты аңгекке түртө салып тебелеп-тепсейбиз... Колунда барга тизе бүгүп, уйгактай жабышып жагалданып жатып калабыз... Анык жүзүбүз жашырылган бет-каптар улам биринин артынан бири сыйрылган сайын жалмап алчудай болуп, миң түркүн кубулуп өзгөрүп турабыз го чиркин... Өлбөстөй болуп жашап ач көз, эки жүздүү, мыкаачы болуп баратабыз, арман дүйнө... Жырткыч сымалданып турсак, анан кайдан мээримдүү, кайрымдуу боло алмак элек? Мерездикке сугарылган, таш боор кайдыгерлигибизди кечирчи бала... Мерез жүрөгүбүздү кечир... Баары үчүн кечирим сурайм, бизди кечир кой... - деп баланын кыймылсыз денесин кучактап алып, бир топко чейин токтоно албай өксүп ыйлайт. Бир убакта улутунуп: "Жок жоок, мындай болушу мүмкүн эмес... Бул жарык дүйнөдө бактылуу өмүр сүрүп, жакшы жашаганга акың бар болчу балакай! Мерездердин айынан кырчындай өмүрүң кыйылып, "чорт" үзүлүп кете бербешиң керек болчу... Жашашың керек болчу, жашашың! Балким, балким бала тирүүдүр?" деп үмүтүн үзбөй күрөө тамырын кармап көрүп, жүрөгүн тыңшайт. "Байкуштун жүрөгү, алсыз дүкүлдөп согуп тургандай. Бала тирүү экен го, тирүү! Ичээр сууң түгөнө элек экен, балакай! Шүгүр айланайын Жаратканым шүгүр!" деп мууну калчылдап, безеленип миң ирет шүгүрүн айтып жиберет. Тура калып күрмөсүн чечип:
--Өмурумдө мынчалык сүйүнгөн эмес элем. Эми жарык дүйнө менен кош айтышууңа жол бербейм!-деп Арманды күрмөсүнө чулгай салып, көтөрүп алып дикилдеп чуркап жөнөйт. Нөшөрлөп куйган жаанга көз жашы жуурулушуп, таман алдын сезбей учуп бараткансыйт.
"Армандуу жан дүйнөңдүн жаңырыгы көкүрөгүмдү тешип өтүп, жүрөгүмө жеткендей болду! Эч нерсе эмес балакай! Азыр бат эле үйгө жетип барабыз. Апам курсагыңды кампайта тойгузуп, азап-муңга сугарылган жашооңду мээримге бөлөйбүз! Чыда балакай, биртике чыдап тур! Көкөйүңө тийген азаптуу күндөрүң, жаман түштөй болуп унутта калат. Буйруса баары жакшы болот, колдон келишинче аракет кылабыз!" деп чүкөдөй болгон аппарык Арманды бооруна кыса кучактап, буту-бутуна тийбей тызылдап чуркайт. Элчинин энтигип сүйлөп бараткан сөздөрү тээ алыстан угулуп барып, бир убакта Арман эсине келип көзүн ачат. Эмне болуп жатканын анча түшүнө бербесе дагы, Элчинин дүкүлдөп соккон жүрөгүнө кулак төшөп: "Мындай мени эч ким бооруна кысып, мээримин төккөн эмес эле... Тагдырым жылмайып, бир боорумду таптымбы? Издеп таппай жүргөн мээримим, акыры табылдыбы? Өңүмбү, же түшүмбү? Эмнеси болсо дагы ушундай мээримге чулганган көз ирмемдер, узакка созула турса экен!" деп тиленип, ансайын бооруна ыкталат. Бирок Армандын дене башы чыдатпай лукулдатып оорутуп, жүрөгүн элжиреткен кубанычы көпкө созулбайт. Өрттөнүп күйүп бараткансып чабалактай түшүп, кайрадан эс учун жоготот.
Тынымсыз далбастап чуркап келген Элчи, үйүнө кирип келип:
--Апа, уктай элек белеңиз? Мен жалгыз эмесмин...- деп санааркап отурган апасын ыйламсырап карайт.
--Жоок балам. Уктабай, сени күтүп отургам. Иий караңгүн, бул ким?Кичинекей бала го, буга эмне болгон? Жүрү жүрөгой, баланы диванга жаткызчы!- деп отурган жеринен тура калып, күйпөлөктөп конок бөлмөсүндөгү жумшак диванына жаткырышат. Көкмөк тартып шишип кеткен баланын канжалаган бети-башын көргөндө, апасы жүрөк тушун кармап:
--Бул эмне деген шумдук, караңгүн?- деп көзүнө жаш тегеренип Элчини суроолуу караганда, Элчи башын жерге салып:
--Апа. Бала бир нече күндөн бери тамактана элек экен, курсагы ачка. Ачкасынанбы же алган жаракаттанбы, айтоор эс-учун жоготуп койду. Сары-санаа болбоңуз апа, жүрөгүңүз кармап калбасын...- деп тез жардамга чалып, доктур чакыртат.
--Баланын соо жери жок го, караңгүн... Кичинекей баланы да ушунча урабы? Оң колун карачы балам? Алаканы тешилип калгансып, көнөктөй болуп шишип кетиптир... Канжалаган бети- башы... Денесинде, деле бир соо жери жок го, караңгүн... Мындайга, кайсы зөөкүрдүн дити барды экен? Ким, ким кылды муну? -деп көз жашын көлдөткөн апасынан көзүн ала качып:
--Эки аяктуу адам сымалданган, көпкөн мерездердин кылганы да апа... - деп үнү каргылданып, тамагы буулуп сүйлөй албай коёт.
--Алда катыгүн ай-йе... Баланын кан-сөлү качып, арыктыгын карачы... Өзү араң жан балага кол көтөргөн, кандай мыкаачы немелер... Ананайыным, бул дагы бирөөнүн алмончоктой баласы да. Аман, аман калса экен!- деп жалбарып тиленген апасын муңайып караган Элчи, мукактанып:
--Апа, бул баланын багар-көрөрү жок, томолой жетим бала экен...- деп айтып келатканда, Арман оор дем алып:
--Суу... Каным катып кетти, суу...- деп кыңкыстап, томуюп шишип чыккан көздөрүн ачканга аракет кылат. Элчи муздак суу алып келе калып, онтолоп араң башын көтөргөн балага кашыктап суу ичирип, кайра жаткырат.
--Рахмат... Мен... Мен кяктамын?- деп сураган Арман, маңдайында ыйлап отурган ак жоолукчан Элчинин апасын көрөр замат көзүнө жаш кылгырып:
--Апа? Апа, сизсизби? Сиз менин апамсызбы?- деп алсыз үнү титиреп ыйламсырап сураганына, Элчинин апасы эмне деп жооп берерин билбей, "ооба" дегенсип башын ийкеп коёт. "Апаааааа" деп бакырып жиберген Арман эчкирип ыйлап:
--Апа, апакебайым, алтыным апакем! Чын эле сизди акыры таптымбы? Сиз менен бир күнү жолугушаарымды билгем! Такыр үмүтүмдү үзгөн эмесмин, апа! Сизди сагынып, куса болуп күткөм. Сизди өмүрүмдө көрбөсөм дагы элестетип жүргөндөй эле, абдан мээримдүү, татынакай экенсиз апа! - деп Элчинин апасынын шорголоп аккан көз жашын сүртүп, быйтыйган колу менен мойнунан кучактап алып, өпкүлөп жиберет. Сүйүнгөнүнөн кыймылдап жибергенге денеси сыздай түшүп, оор дем алып онтолоп чабалактай түшөт. Жүрөгү эзилип, жанын коёрго жер таппай турган Элчинин апасы, Армандын чачынан аяр сылап:
--Ыйлабачы, берекем... Буйруса баары жакшы болот...- деп айтып келатканда Арман:
--Апа. Сизди көрүп жатсам, демек мен дагы өлүп калдымбы? Мага бир эжеке, сизди бейиште деп айткан болчу. Сиз бейиштесиз да, ээ апаке? Мага бооруңуз ооруп, жаныңызга алып алдыңызбы? Апа, ошондо экөөбүз тең бейиштебизби?- деп мукактанып сураганда, Элчинин апасынын жүрөгү жарылып кетчүдөй болуп зыркырап, таман алдынан жер көчкөнсүйт. Көз жашы ээгинен ылдый салаалап куюлуп, "жыгылып калбайын" деп араң өзүн колго алат.
--Ыйлабаңызчы апа, сизди такыр кейитип, ыйлаткым келбейт! Эми экөөбүз түбөлүккө бир болобуз, ээ апоу? Жалган дүйнө менен кош айтышканыма, эч өкүнбөйм апаке... -деп эки жагын карап:
--Апа, бейиш жомоктогудай жарык, кооз, укмуштай сонун болот экен ээ?- дегенине, Элчинин апасы жүрөк тушун мыкчып кармап:
--Ооба балам, мындан ары ушу жомоктогудай болгон кооз бөлмө, сенин бөлмөң болот! Мындан ары, сени эч кимге кор кылбайм! Өмүрүм өткөнчө, кашыңда болом. Мындан ары жалгыз эмессиң! Сенин атаң, апаң, агаң бар болгон бир үй-бүлөнүн, сүйүктүү кенжесисиң! Сен биздин, кенже эркетайыбыз болосуң ээ уулум!- деп күлүмсүрөп караганына Арман сүйүнүп:
--Чын элеби, апа? Эркетай, "эркетай" деген жомоктогудай сонун сөз го? "Ата-эне, бир тууган, уулум" деген сөздөр, кандай жагымдуу, керемет сөздөр! Апоу, анда мен Арман болбой эле, мындан ары Эркетай болоюнчу? Арман... Арман деген атымды унуткум келет...- деп баланын жүзүндө жылмаюу пайда болуп:
--Апа, ушундай бактылуу күндү, эс тарткандан бери зар какшап тилеп жүргөм! Апоу, мени эч качан таштап кетпейсизби? Кайрадан жетим болуп, жетимдин көр азабын тартпаймынбы? Чын эле эми мен, жетим эмесминби? Эми мен дагы сиздин мээримдүү жылуу кучагыңызда, жыргап эркелейминби? Ушунун баары чынбы апа?- деп мукактанып ыйлаган Арманды эркелетип:
--Ооба балам, баары чын! Өмүрүм өткөнчө, жаныңда болом балам! - десе Арман безеленип:
--Мен... Мен сизге жакшы уул болуп бергенге, болушунча аракет кылам! Тилиңизди угам, сизди эч убакта кейитип кайгыртпайм! Сизди аябай жакшы көрөм апа! Апа, сизсиз...-деп айтып келатып тили булдуруктап барып, кайрадан эс-учун жоготуп, сулк жатып калат.
--Балам! Кагылайын балам, көзүңдү ашчы?- деп буркурап ыйлап жиберген апасын Элчи кучактап:
--Бирөөгө зар, бирөөгө кор, кем дүйнө... Бирөө эсирип көөп журсө, бирөө бул баладай болуп, ачкачылыктын азабын тартып жүрөт... Баланын мээримге муктаждыгын көрүп, жүрөгүм сыздап кетти апа... Көпкөн айбандардан таяк жегени кошул-ташыл болуп, байкуш бала сиз көргөн ахыбалга жетип калган... Баш калкалап жан сактап жүргөн жерин көрсөңүз... Таштандыдан калдыктарды терип жеп, өзөк жалгап жүрчү экен... - деп бетин басып алып, ийиндерин солкулдатып ыйлап жиберет. Чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып, көз жашын сүртүп жатып:
--"Жетим ыйласа, жер титирейт" деген чын экен апа... Жетим баланын арманын уксаң жан дүйнөң эңшерилип, жүрөгүң тилинип чыдап тура алгыстай болот экенсиң... Жетимдин үнү... Жетимдин үнү жан дүйнөмө чуулган салып, "төңкөрүш жазады" десем ашыкча болбос... - деп мукактанып:
--Буйруса, бала аман-эсен жакшы болуп айыгып кетсе, багып алабыз ээ апа? Буга чейин атам экөөңүздөр, мени "жалгызым" деп армандачу элеңиздер. Эми минтип, мен дагы инилүү болуп отурам!- деп баланын жанынан карыш жылбай, кашында ыйлап отурган апасынын колунан өпкүлөп:
--Мен акылсыз, буга чейин атам экөөңүздөрдүн баркыңыздарды билбептирмин... Эптеп күн кечирип күнүмдүк жашоомду ойлоп, тайраңдап журуптүмүн. Көрсө таянаар тоом, аска-зоом бар, эң бактылуу адам экенмин да! Мындан ары жүрүш-турушумду, дегеле бүтүндөй жашоомду өзгөртөм! Атам экөөңүздөр сыймыктана тургандай, татыктуу уулуңар болгонго аракет кылам! Сөзүңөрдү укпай билгенимди кылып, сиздерди далай жолу кейитип, беймаза кылдым... Буга чейинки ала көөдөн, жеңил ойлуу уулуңузду кечирип коюңуз апа...- деп апасын жалооруп караган уулунун чекесинен өөп:
--Акылыңан айланайын берекем! Баланын жакшы чыкканы, ата-эненин бакыты да! Ыраазымын сага уулум, өмүрлүү бактылуу бол көлөкөм! Бул жашоодо адам башынан эмнелерди гана кечирбейт, кандай гана катачылыктарды кетирбейт... Баарын өз убагында түшүнүп, жакшы адам болгонго аракет кылганың жакшы балам! Буга чейин, жаштык кылып жүрдүң. Эми мындан ары, терең ойлонгон "ыймандуу бала болосуң" деп ишенем!- деп Арманды жалооруп карап:
--Байкуш бала... Тагдырынын соккусунан жапа чегип, убайым тартып жакшы эле кыйналыптыр... Буйруса жакшы болуп айыгып кетсе, асырап багып алабыз! Биргелешип колубуздан келишинче ,
бактылуу балалык тартуулаганга аракет кылабыз балам! Атаң дагы сени "жалгыз бала" деп армандап жүрдү эле. Өзү дагы жароокер, жакшы адам эмеспи. Инилүү болуп калганыңа, атаң дагы жетине албай кубанса керек. Эртең кароолдон келсе, буйруса сүйүнчүлөйбүз. Бала жакшы болуп, айыгып кетсе эле болду...- деп Армандан көзүн албай, балага өмүр жаш тилейт. Бир убакта коңгуроо кагылып, көптөн күткөн ак халатчан доктурлар кирип келишет. Армандын жүрөгүн тыңшап көрүп, күйпөлөктөп ийнесин сайып, жардам бергенге аракетин кылат. Чоо-жайын сураштырып, Элчи болгон окуяны кыскача айтып берет. Көзүнө жаш кылгырган доктур:
--Баланын ахыбалы оор экен, ооруканага тез арада жеткиришибиз керек!- дегенде Элчи безеленип:
--Эжеке, бала жакшы болуп кетеби, же...- деп көзүн алайтып, ыйлагысы келип кетет. Анда доктур:
--Баары Жараткандын буйругунан болот. Өзүнө келип, өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалдан чыгып алса эле, буйруса акырындык менен "жакшы болуп кетет" деп ишенем. Бирок узак убакытка чейин, дарыланууга туура келет. Алган жаракатынан катуу жабыркаганынан тышкары, узак убакыт бою ачка, муздак сыз жерде жашаганы, ден- соолугун чоң зыянга учураткан. Эми баарын мезгил көрсөтөт. Убакытты текке кетирбей, тездейли!- деп Элчи баланы көтөрүп, апасы артынан кошо чыгат. Тез жардамдын унаасынын эшигин ачып берип, артка бурула берген доктур:
--Эже, сиз дагы кошо барасызбы?- деп сурайт. Анда Элчинин апасы башын ийкеп:
--Ооба. Баланы карап, жанында болоюн. "Өмүрүм өткөнчө жанында болом" деп, балакайга сөз бергем!- деп мукактанып ыйлап жиберген энени, доктур кучактап:
--Жакшы адамдар экенсиңер, Жаратканым силерге ыраазы болсун! Силердей жакшы адамдарга туш келген, баланын багы бар экен! Кабатыр болбоңуз эжеке!Буйруса уулуңуз сакайып кетет! Ал эми баланы урган зөөкүрлөр болсо, сөзсүз мыйзам чегинде жооп беришет! Жана дагы жазылбаган, "жашоо мыйзамы" деген бар. Тагдырдын жазасынан, эч ким кутулуп кете албаса керек... - деп Элчиге да ыраазычылыгын билдирип:
--Балага кайдыгер мамиле кылбаганыңыз үчүн, сизге миң алкыш! Чоң сооп иш кылдыңыз! Жетимге жакшылык кылганыңыз, сизге он эселенген жакшылыктар менен кайтып келет! Азаматсыз! Кеттик, болгула анда тездейли!- деп жакшылыкка ниет кылышып, оорукананы көздөй жөнөшөт.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
Уландысы бар.
#жетимдинуну_элдик
Комментарии 4