Мен 4-класс, сиңдим Нургүл 1-класс кезибизде апам өйдөкү айылга тигүүчү болуп ишке кирди.,,Эмгек,, деп аталчу ишканасы..
Биз чоң энемдин көзөмөлүндө калабыз.Албетте,жумуртка,картошка кууруп, бөбөктөрүмө чай берүү,үй жыйноо,нан бышыруу Нургүл экөөбүздүн моюнубузда.Ошентсе да, чоң үй бүлө болгондуктан, ,, чоң энем айткандай ,,солдаттардай эле ары бери баса берип,,жыйнаганыбыз бат эле чачылып калат.
Апам кечки,саат 5 теги автобус менен келет.Сары автобус өйдөкү айылдан келип, биздин айылдын баш жагына,дөбөгө келип токтойт.Ортосу алыс болгондуктан,апам үйгө 20-25 мүнөттө келип калат.Ойноп жатсак да,эки көзүбүз ошол тарапта.Автобус токтогон маалда Нүкүша экөөбүз үйдү карай аттай болуп чуркап жөнөйбүз.Бирибиз от жагып,бирибиз үйдү шыпырып,полду жууп жиберебиз.Кечки тамакка эт туурап,картошка аарчыйбыз.Айтор,мотор байлагандай кыймылдап,апам үйгө кирип келгенде баары таза,үй жылуу болуп калат.
Бир күнү автобусту көрүп эле үйгө жөнөдүк.Шашып бушуп,мен үй жыйнайм,сен от жага бер деп,шыпыргыны алып,чаңдатып шыпыра баштадым.
-Энеңер келаткан го,куюндап калыптырсыңар деп чоң энем ийигин чимирилтип отурат.Мен шыпырып,пол жууп,эт туурай баштадым.Нукуша мештин күлүн чыгарып,бир чака көңдү алып келип,печканып ичине калады.Аны солярка менен же энем айткандай ,,кересин,, менен тутандырчубуз.Үч литрлик челекте солярка бар,андан кичинекей консерванын челегине ченеп куюп келип,каланган көңгө биртике чачып,ширенке чагып тутандырабыз.Нукүша кичине челекти таппай койгонбу, билбейм..Баягы үч литрлик челекти челкилдетип көтөрүп келатыптыр.Ошого көңдү малып анан тутандырмакчы экен.Печкага жетпей,чалынып жыгылып,жер суунун баары солярка болду.Чоң энем кокуйлап жүрөт,бизди тилдеп жүрөт.Жерде салынган таарга былчылдап солярка сиңди.Ызы чуу болуп атсак,апам кирип келди.Нүкүша экөөбүз таяк жедик..
![😆](https://st.okcdn.ru/static/emoji/14-0-0/20/1f606@2x.png)
Таарды эшикке сүйрөп чыктык.Полду самындап,айналап жуусак да жыты жарым жыл кеткен жок го.Бирөө келсе эле ,,эмне солярка жыттанып атат,, деген суроо Таарды канча жуусак да болбоду,кийин көңгө жаап койдук.Аны көргөн сайын чоң энемдин ичинен кан өтөт ,,ушуга канча көз майым кетти эле,, деп.
Биздин балалык ушундай өттү.Телефон деген балээ жок эле.Улуулар кичүүлөрдү багып, чоң кишилер кылган жумуштун баарын тырмалаңдап кыла берер элек.,,Кылганың мен үчүн,үйрөнгөнүң өзүң үчүн,, деген макал күндө угуп жүрчү девизге айланган.Балалыгымды сагындым.
Айгүл Усупова
#таар_элдик
Комментарии 2