Мелмилдеп суулар агып,тоо башында карлар акырындык менен эрип,жаздын жаңы демин биринчи болуп жыттап калайын дегенсип алгачкы гүлдөр ачылып турган мезгил. Канаттын айылы ушул мелмилдеп аккан суунун боюнда, эки тоонун боорунда десек да болот. Айыл жолу менен түз барсаңыз алгач адырлар андан кийин дөңсөөлөр андан ары коюу токойго туш болосуз. Айыл токойго жакын болгондугу үчүн жапайы жандыктар жок эмес бирок көп дагы эмес. Улуу карыялардын айтуусу боюнча азыркы байырлап олтурган айылдын орду да жапайы жандыктар байырлаган жери экен. Анан адам баласы баш панек кылып үй тамдарды сала баштаганда жандыктар бул аймактан узап токойдо калганы калып калбагандары баш алып башка аймакка кетишиптир. Айыл эли төрттүлүктүн төрт кылын багып жан сакташат. Биринчиси жылкы экинчиси уй үчүнчүсү кой төртүнчүсү эчки. Жылкылар жылга менен чөп таап жеп андан ары ашышпайт,уйлар бая мен айткан дөңсөөлөргө барып кайра кайтышат,койлорду ээси жайык талаада кайтарып кечке жуук кайра айдап келет, эчки деген эчки да бир карасаң бул тоонун боорунда бир карасаң зоонун чокусунда пайда болот. Эчкини кайтарып түшөм деген адам өз өмүрүнө кооптонот. Кокустан буту жаза тайып кетсе мерт кеткени ошол болот. Каарманыбыз Канат ушул айылдын алды десек да болот. Аялы атты чыккан ууз чебер Айкүн. Атына жараша заты болуп айдай сулуу күндөй жаркыраган келин. Канат 30дун кырын ашып 40тын бооруна умтулуп турган убагы. Элдер бул эки жуптун бири бирине катуу айтып карс курс урушканын эзели көргөн эмес. Качан караба бири бирине жөлөк болуп,аялы күйөөсүнө күйөөсү аялына жандарын берчүдөй жүрүшөт. Бир кем дүйнө буларга бала буюрбады. Айкүндүн боюна бүтүп ана төрөйт мына төрөйт деп калган учурунда боюнан түшүп калып жатты. Турмуш кургандарына 10 жылдан ашса да эки жаш бала жытын жыттап ,бала ыйын угушкан жок. Канатын апасы Жайна кемпир. Келиним келиндей эмес кызымдай бир айыбы төрөбөйт деп кайгырып калат. Айкүн аты чыккан табыпка , алыстан уккан доктурга ,айласы кеткенде бакшыга да барды. Бирок бири да жардам бере албады.
Бир күнү суу боюна барып ичиндеги муңун чыгарып ыйлап кайра айылды көздөй жол тарткан келин алты уктап түшүнө кирбеген укмушка жолукту. Суудан өтө алыс эмес жерде коюу өскөн бадал бар. Айкүн артка жол тартканда бадал жактан башкача үн укту. Алгач капарына албаганы менен үн каттуулаганда бадал тарапты карап калды. Канча караганы белгисиз бир убакта бадал арасынан адамча сүйлөгөн бөрү чыга келди. Айкүн же качышын,же жашынып калышын билбей нестей болуп катып калды. Келиндин коркконун байкай койгон бөрү
-Коркпо мен эч кимге эч нерсе кылбайм деди
Айкүн дагы деле калыбынан жазбады.
Бөрү келинге карап
-Үнүң кудайга жетиптир жети айдан кийин боюңа бүтүп жер ааламдан табылгыс сулуу кыздуу болосуң
Айкүн өзүнө келе коюп эмне деп таңыркап карады.
Бөрү сөзүн уланта
-Бирок кызыңды абайла адамдан бөтөнчө касиети бар болот.
-Кандай касиет эмне деп турасыз сизге түшүнө албай турам деп Айкүн бөрүдөн көзүн албай жалжылдап карап турду
Бөрү:
-Кандай касиет экени белгисиз аны кызын торолуп калганда же жетиден жашы ашканда билесиң деп кайра бадал аралап кирип кайып болуп кетти.
Айкүн шаша буша үйүн көздөй чуркады. Келининин бопбоз болгон абалын көрүп Жайна кемпир чочулай
-Ай Айкүн эмне болду садагам аман соосунбу чочуп калдыңбы же бирөө жарым катту сөз айтыбы
Айкүн энесинин жанына жете келип
-Эне... айтсам ишенбейсиз. Суудан кайра тарткан учурум суу боюндагы бадалдан бөрү чыга келди. Болгондо да өзгөчө бөрү...(ух-ух)
-Деминди басчы жалгызым эс алып сөзүнду башынан жай айтчы.
Айкүн демин басып өзүн жыйнактап
-Бадал арасынан бөрү чыкты болгондо да өзгөчө адамдардай сүйлөй алат экен. Ал мага жети айдан кийин боюңа бүтөт кыздуу болосуң бирок кызыңды абайла адамдан бөтөнчө касиети бар деди да көздөн кайым болду
-Иий садагам кудайым колдоп кууш кабар айтыптыр. Камыр кылып жети токоч жасап айыл элине таркатып кой. Бөрүнүн сөзү оңунан чыксын.
Айкүн кайын энесине бир тиктеп карады да макул дегендей башын ийип ишке кирише кетти .Бул сөз айыл элине тез таркады. Бири чын төгүнүн аныктайм деп бадал арасын кыдырып кээ бирлери ошол бадал түбүндө түнөп да калып жатышты бирок эч кандай майнап чыккан жок. Жайнанын да ошол күндөн тарта саанасы тынган жок. Келининин ичин карап өзүнө өзү "ээ садагам десе бөрүнүн сөзү оңунан чыгып калса Канаттымдын кара чечекей кызын карап сага каралашып калат элем "- деп коёт. Айкүн да күн эсептеп күн өткөрүп жатты. Жети ай качан өтөт экен эми ээ деп ойлонуп калчуу.
Уландысы бар
Автор: Калыжан кызы Бияна
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы?эгер окуган болсоңуздар убара тартпай чыгарбай эле коёлу, комментарий күтөбүз уланталыбы?
Пайдалуу кенештер, кызыктуу чыгармалар группасындагы НУР,НУРдун баракчасынан ташып келдим.
#боруэне_элдик
Пикир калтырыныздар,активдуу болсонуздар чыгарма тезден чыгып турат. Окуп эле кайдыгер карап чыгып кетпестен, башка досторунуз дагы окушу учун болушуп, тайпага чакырып коюнуздар????
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 3
Улантпай эле коеюнбу?