Адамдын жаны кыйналганда сөзсүз жакындарынан көңүл сурайт, күтөт. Албетте, эч ким-эч кимге милдеттүү эмес, ар бир башта бир жалгыздык бар, дүйнөгө жалгыз ыйлап келип, эч нерсең жок өзүң гана кетесиң. Анын үстүндө ар кимдин өзүнүн оокаты-түйшүгү бар.
Айтайын дегеним, өткөндө бир кыйын айым уксус ичип алыптыр. Үйдү үйдөй, бүлөнү бүлөөдөй күткөн экен, доско дос болуптур, байлык топтоптур. Өмүрүн арнаган жолдошу үстүнө жаш аял алып алган экен, ошондон жан дүйнөсү жабыркап, ичинен катуу сынган окшойт. Курбуларына, чогу иштешкендерине "ичим эле аябай ачышып жатат" деген экен. Оокат, түйшүк, акча жок, убакыт жок, абалым ошол деп көңүл сурап, башынан сылап жакшы сөз айткан, ачууну ачуу менен басалы деген деле болбосо керек, жаркылдаган бир өмүр жалп өчтү.
Бир өспүрүм, оюн ойноп көп акча уттуруп койгон экен, үйүндөгүлөргө айткандан коркуп түнт болуп жүрүп асынып алыптыр. Эне-атасына жүрөгүн ачып, туш болгон кырдаалды айткандан коркуптур, досторуна четин чыгарса " үйдөгүлөруң укса өпкөңдү үзөт" дешкен экен. Жүрөктөгүсүн ачык айткандан чочуган өмүр башталбай үзүлдү.
Айта берсе мындай окуялар абдан көп. Жакшы адам өтүп кеткен соң, каап деп алаканды шак чапкан өкүттөр көкөлөгөндөн көкөлөп эле бара жатат.
Бир эжем бар, күн алыс чалып, ал абалымды сурап "ай тирүүсүңбү" деп турат. Азыр сурашпасак, ансыз да азайып баратабыз. Басып баратып эле инфракт болгондор көбөйдү. Бир иним бар аптасына бир ирээт соонун каалоо ага кошо жашоого сабак болуучу мотивациялык открытка жөнөтүп койот, жүрөк кубанып калат. Бирөөнү кубанттуу үчүн бирөөнүн көңүлүн оорутуу, бирөөнүн ишенимине кирүү үчүн башканын ишенимин тебелеп салуу шарт эмес. Бири-бирибизге аяр болушубуз шарт. Шартыңды түшүндүр, жакшы сөз айт, көңүл сура. Ашыкча убакыт же энергия деле албайт, эң башкысы өзүңдү актоо үчүн калп айтпа. Ушунчалык жеңил эрежелер. Ушул ФБ айдыңында деле тилекке каршы күнүгө некролог. Он-лайн тааныштар, достор. Бир жолу жакшы каалоо, жакшы комментарий жазып койдук бекен? Кеткендер 3 күндө унутулуп жатпайбы? Достор, бири-бириңерден көңүл сурашкыла, таарынычтарды жазгыла, түгөлдөшкүлө. Өмүр ансыз да аз, көңүл ансыз да өтө эле назик. Издешкиле, өзүн жоготуп таппай жүргөндөр толтура. Бир сөз, бир ирмем дартка даба болушу мүмкүн. Эго ансыз да чоң.
Өмүр ансыз да аз, убакыт тез.
Ошону эле айтайын дегем.
@Гүльзада
Зарема Игамбердиеванын баракчасынан
#конул_элдик
Комментарии 2