Ата-бабаларыбыз “Баатыр – бир октук, бай – бир жуттук” деп, эрдик менен байлыктан көрө адамдык сапатты жогору баалашкан. Байкасак, бүгүнкү жылдыз да, миллионер да акчасынын көптүгү менен урмат- сыйга бөлөнбөйт. Кирешеси, эмгегинин пайдасы элге тийсе гана элдин алкышын алат, урмат-сыйга ээ болот.
Анын сыңарындай, адам кандай жумуш иштегени, канча айлык алганы маанилүү эмес. Маңыздуусу – үй-бүлөсүн багып, аялын, балдарын коргоп, камкор болушу. Мындай эркек үй-бүлөдө кадыр-барктуу, сыйлуу. Ал эми үй-бүлөсүндө кадыр-баркы бар эркек досторунун жана жакындарынын арасында да кадыры бийик болот.
Бул заман өзгөрсө да эч качан өзгөрбөй турган нерсе. Демек, «чыныгы эркек» болуш үчүн биринчи кезекте үй-бүлөсүнө шарт түзүп, жубайына, балдарына, ата-энесине мээримдүү болуп, кем карычын толуктап, кам көрүшү керек.
Ал эми бул чөнтөктүн калыңдыгынан байланыштуу эмес, жоопкерчиликтен келип чыккан сапат. Башкача айтканда, эркекте жоопкерчилик сапаттар болгону жакшы. Өз өмүрүнө жооптуу адам маслесин жубайына, апасына, бир туугандарына жүктөбөйт.
Экинчи
Бир нече бизнести аркалаган атактуу шейхтен бир журналист: " Аялыңыз кандай адам?" — деп сураптыр. Шейх "Мен эмне үчүн аялым жөнүндө чоочун адамга айтышым керек?" дептир.
Арадан бир нече жыл өтөт. Ар бир кыймылын аңдып жүргөн тиги журналист шейхтин ажырашып кеткенин угат. Көп жанылык жаза турган болдум деп, кудуңдап сүйүнгөн журналист шейхтин жолун тосот.
Көп журналисттердин арасынан ал да микрофонун такап, “аялыңыз кандай жан эле?” Ажырашууга эмне себеп болду?" деген суроосун берет.
Шейх бир саамга унчукпай турат да: «Биз ажыраштык. Ал эми мен үчүн бөтөн аял. Бөтөн аял тууралуу эч нерсе айта албайм» деген экен.
Мына, чыныгы эркек ушундай болуш керек. Ал башына кандай күн тууса да өз жарын эч качан жамандабайт, Үй-бүлөлүк сырды, экөөнө гана тиешелүү болгон жагдайды сыртка чыгарбайт. Аялын жамандоо – эркекке туура келчүү касиет эмес, майдачылдык. Чыныгы эркек ата-энесине, бир туугандары жөнүндө жаман сөз айтпайт жана өзгөлөрдүн да айтуусуна жол бербейт.
Үчүнчү
Бир блогер инстаграм баракчасына "Бычак кайраган эркеги жок үйдөн, тилин кайраган катын чыгат" деп жазыптыр. Ачуу чындык. Туура. Үйүндөгү бычагын да кайрап, тырмагын да боёп жүргөн аял "мен" деп көкүрөгүн кере турган болот.
Уруш-талаш ушул нерседен башталат, эркектин аброю түшөт. Ал эми чыныгы эркек үй-бүлөдө өзүнүн ролун ойнойт, көйгөйлөрдү чечет, милдеттерин аткарат.
Ал компаниянын президенти болсо да үй-бүлөсүнө келгенде боорукер жар, мээримдүү ата экенин унутпайт.
Чыныгы эркек болуу үчүн муздаткычты бешинчи кабатка чейин көтөрүүнүн кажети жок, аны көтөрүү үчүн ташуучу жалдаса да болот. Эң негизгиси эркектин колун талап кылган ишти аялына жасатпайт.
Шаа Байберс.
#чыныгыэркектинучбелгиси_элдик
Нет комментариев