— Осмонали ака! Осмонали ака! Сизди Досон ава чакырып жатат. Тез келсин деди, - Эски үйдүн чыга беришиндеги шыкырайган жалгыз лампочкадан түшкөн жарыбаган жарыкка сөлөкөтү андан да узун болуп көрүнгөн бейтааныш киши беймаал келип баарыбызды чочутту. Ал атама бирдемелерди айтып, кандай келсе, ошондой тездик менен караңгылыкка сүңгүп кетти.
Апам, иним, мен тепкичтен жылбай карап калдык. Инимдин ойнооок кези. Болгону төрт жашта. Менден төрт жаш кичүү. Мен болсо, ар нерсени аңдап, байкап калгам.
Атам алда бир нерсени түшүнбөгөн түр менен алдыбызда турду.
— Досон ава каттык касал экен. Тез келсин деп атыптыр - деди.
— Эмнеге! Тууганы же айылдын молдосу болбосоңуз? - Апам таң кала ушинтти.
— Мен да түшүнбөдүм. Төшөктө жаткан немеге барбай койгонум болбос! - деди атам.
Анан шашылган бойдон бейтааныш кишинин артынан Жаңы-Арыкты бойлой кетти..
Ал эми нечен тарыхка, нечен тагдырларга күбө болгон Жаңы-Арык эч шашылбайт. .. Жайма жай ..Күүгүүдөгү айга күмүштөй жалтыраган суунун эки жээгинин баары тал-терекке көмүлгөн. Өзү Оштун үстү Жапалактан үч суу агып өтөт. Үстүңкүсү Кас-Арык, ортоңкусу Жаңы-Арык, анан эң четкиси Кайырма. Экөөсүнө караганда ушул Жаңы-Арык бизге кымбат, бизге жакын. Алтын балалыгыбыз ушунда өттү. Жайында жылуу суусуна чөмүлсөк, кышында чана, коньки тээп, хоккей ойнодук. Кышында суусу текши тоңуп калганда, калың музду балта менен чаап, мештин үстүнө коюп эритип тамак-ашка да пайдаландык. Суусунун даамын айтпагыла! Чөптөр күчүнө киргенде жалбыз жыттанат! Пахтадан башканы экпеген Өзбекстанда жашап, жалаң хлор суу ичкен апажем анын баркын жакшы билчү бейм, качан келбесин, үйгө кирери менен "Арыктын суусунан алып келчи!" деп темир чөмүчтөн эле тамшанып ичип алат...Жай аккан менен Жаңы-Арыктын суусу тайыз эмес, майда балыгы, чоңдугу суурдай болгон андатыры да бар. Ушунча болду мындан кызыгын айтып берейин. Чукурмаалалик бир эжеге Жаңы-Арык өлбөс-өчпөс атак алып келгени азыркыга чейин эсимде. Дүкөнгө келе жатканбы, сууда агып бараткан баланы сактап калып, күпкүндүзү "Герой" аталды. Ошондон кийин ким болбосун, атынан айтпай "Жанагы герой эжечи" дечү.... Досон аванын үйү да ушул Жаңы-Арыкка жакын жайгашкан..
Эмнеси бар билбейм, апажем:
"Өлүгүңдү көрөйүн, Досон, машак тергени барганыбызда адырдын ары жагында жатса да, жыттанып турчу" деп аны жактырчу эмес.
Эми ошол кишинин үйүнө баратты атам...
Иштин чоо-жайын атамдын өзүнөн уктук...
— Баягы дамбырадай болгон Досон ава жок. Төрдөгү төшөктөн өчүп бараткан шамдай болгон эки көз гана жылтырап шыпты тиктейт. Жүрөгүм шуу деп чочуп кеттим. Үлбүрөгөн териси сөөгүнө жабышып калыптыр. Мен киргенде сезди окшойт:
— Келдиби? - деди араң оозун кыбыратып.
— Ооба, - дешкенде башын бир аз буруп, мен жакты карады.
— Осмонали...билесиң.... мен...миңбашы атаңды көрүп калдым.
— Аны билем, Досон ава!
— Билбегениңди айтайын деп чакырдым мында....
— Айта бериңиз ава, кулагым сизде!
— Айтам, айтам....Бирок кечире аласыңбы? Кептин баары ушунда!
— Кантип кечирбейм! Арадан канча убакыт өттү! Миңбашы атамдын сөөгү эбак сөпөт болду го...
- Аа түзүк... Анда угуп тур...Бул окуя ак падышанын тушунда болгон. Миңбашы жайнаган малын айдап жайлоого чыгарда, айылдагы үйдү, короо-жайды мага табыштады. Бирок.... мен ошол ишимди аткара албадым... Анын азабын мына эми тартып жатам.... Мага билсең, азыр өлүм ширин көрүнөт! Жашыңда, дениң соо кезде, аны эч ойлобойт экенсиң. айыкпас дарт жабышып, оорунун азабына чыдабай калганыңда, өлүм артык болуп калат экен! Кудайым мага ошону да ыраа көрбөй жатат!
Ушуну айтканда жүлүнү бошоп, арык денеси калчылдап, көзүнөн мөлт-мөлт жаш кетти...
Миңбашынын тузу урду... Сөзгө турбагандын кесепетин эми тартып жатам...
Эми угуп тур....
— Кулагым сизде, ава!
Оо анда миңбашы атаңдын атагындай атак, миңбашы атаңдын үйүндөй зор үй бул Жапалакта жок болчу. Бактарыны сугарып, короосун шыпырып жүрөм. Бир күнү сымаптай кылкылдаган өңү сары, көзү көк, киши келди. Мурда эч көрбөпмүн. Сүйлөсө угуп эле тургуң келет. "Жетим өскөнүңдү билип келдим сага. Калыңга малың жок болсо, бойдок өтөсүң, үкам! Миңбашынын байлыгы жуксун бизге да! Ушуну анабу дарбазанын астына көмүп коёюн" деп, бир дасормолго оролгон пул берди. Анча пулду көрбөгөн жаным, жок дей албадым...
Күзүндө миңбашы жайлоодон ооруп түштү.
Канча молдо-кожого барса да жардамы болбоду. Миңбашы сары карга үшүк алган өрүктүн гүлдөрүндөй соолуп баратты. Бир көзү ачык "койдун башына катуу дуба окулуптур, ошону тапкыла" дептир. Табылды анысы да...Кеч болуп калган эле....
Анан совет өкмөтү келди. Миңбашынын үйүн тартып алып, мектеп кылды. Сен жаш болуп аман калдың. Өзүңдүн атаң да чоң атаңдын артынан кетти. Ага да бирөө дуба окуткан экен. Элден уктук. Эмнесин айтайын, томаяктар тон кийип, чоң болду..
Баса Анжиянга ооп кеткен Бекмамат аваң айылга келдиби?
- Ооба, келген. ДЭУда жашап жатат.
- Аа түзүк. Ал аваң да анча кордук көрдү бечара!
Көп сүйлөп койдум окшойт... Миңбашы авамдарга жарык жүзүм менен барайын...
Мени кечирип кой, Осмонали! Күнөөмдү бала-чакам, небере-чөбөрөлөрүм тартпасын!
Кечирип кой, айланайын!...
— Кечирдим, ава! Барар жерибиз, ичээр суубуз бир, кечирдим, ава!
— Ап бали! Неси болсо да эл башкарган адамдардын урпагысың! Кенендигиңе рахмат, айланайын! Көп жаша!..
Атам үйдөн чыгарда Досон ава кадимкидей түзөлүп, жүзүнө нур кирет. Ушунун баарына күбө болгон атам, жакасын карманып, буту бутуна тийбей келет...Эртеси ал кишинин таң атаарда эч бир кыйналбай үзүлгөнүн эшиттик...
Алимжан Алибеков.
#кечкуугумдогукиши_элдик
Комментарии 4