Аял!
Ооба, жүрөгүң өтө назик жансың. Жакыныңдан жакшы сөз күтүп, кучагында, коргоосунда болгуң келет. Жакындарыңдын көңүлүн алуу үчүн өзүңдү унутасың. Өзүңө оор болуп атса да билдирбейсиң. Ичиңден ыйлап турсаң да жылмаясың. Жан дүйнөң чыныгы сүйүүгө чаңкап, руханий жактан тоюна албай кундөн - күнгө соолуп барасың.
Соолуп баратканыңды эч ким сезбейт же билмексен, байкамаксан болушат. Көз жаштан улам кызарып, шишип калган көздөрүңду көргүлөрү келбейт. Канчалык алсыраган сайын сенден көптү талап кылышат. Алардын жакшы сөзүнө муктаж болуп атканың үчүн кыжырданышат, жек көрүп сүйө алышпайт. Сен да башкалар сыяктуу адам экениңди жана периште эмес экениңди унутушат.
Ооба, моюн сунуп ийменген сайын, алардын текебээрдиги күч алат. "Чыдап жакшы аял болом" дегениңди баркташпайт. Эки эсе кемчилик издешет. Батыраак жаманатты кылууга шашып турушат. Сени жакшы сөз угуп калууңду каалашпайт. Кемчилигиңди айтып басынтуу менен өздөрүн күчтүү сезишет. Өздөрүн бир укмуш акылдуу сезишет. Бирок жан дүйнөңдү талкалап атканын ойлонуп да коюшпайт!
Жаша Аял!
Башкаларга өчөшүп өзүңө зыян келтиргиче, керек болсо сени басынткандарга өчөшүп жаша!
● Алар ойлогондой коркок, алсыз эмес экениңди көрүшөт.
● Колуңдан эч нерсе келбеген, акылсыз эмес экениңе ынанышат.
Аларсыз да күнүң өтөрүн көрүшөт.
Ээ билишпесе, түшүнүшпөсө, баалашпаса коюшсун. Маанилүүсү, өзүңдүн өмүрүң абдан кымбат жана баалуу экенин түшүнүп, барктап калганыңда.
Өмүр сеники. Бир гана сеники.
Мындай толкундардан "МЕН ЖАШАЙМ" деп өжөрлөнгөндө чыгып кетесиң. Бүт баары эле жаман адамдар эмес. Дүйнөдө абдан жакшы адамдар да бар.
Өзүңдү байкуш көрсөтүп, башкалар сени, түштөн кийин аяп, ыйлап койгондо эмне пайда?
Керек болсо ЖАША!
Кудайдан өмүрүңдү, ден-соолукту, коргонунууну сура. Аялдар күчтүү келишет. Канчалаган айымдар бийик ашуулардан ашып, акыры өздөрүнө эң сонун жашоону куруп алышкан.
ЖАША АЯЛ!
ӨЛҮМ МЕНЕН ЭМЕС ӨМҮРҮҢ, ЖАШООҢ МЕНЕН ЖЕҢЕСИҢ.
Игамбердиева. Зарема
#игамбердиевазарема_элдик
Комментарии 4