-- Апа баардык керектүү буюм теримиңизди даярдай бериңиз макулбу?
Кагаз иштери баары даяр болду , карыялар үйүнөн орун беришти сизге , сиз жашай турган бөлмөнү иретке келтиртип жатышат карылар үйүндөгү жетекчиликтегилер.
-- Апа анда эч нерсеңизди унутпай алып алыңыз , кыскасы даярдана бериңиз ээ , эртең эрте менен жөнөйбүз , сизди жеткирип келебиз баарыбыз , тынч өз оюңуздагыдай жашай бересиз , албетте биз бат - баттан кабар алып турабыз андан ойлонбоңуз -- деди.
Ашкана жакта жүргөн Саадат күйөөсүнүн сөздөрүн уга сала алкынып жинденип чыга калды да:
-- Э ботом, кызыксың го Аман !
Кайдагы карылар үйүнө алып барасың?
Энем эч кайда барбайт, силерди жөн - жай эле айтып жүрүшөт десе бул эмнеңер ,токтот калжыңыңды Аман ! Менин жиниме тийбегин,энемдин орду биздин төрүбүз экенин эстен чыгарба! Карылар үйүнө кайсы бетиң менен жеткирем деп жатасың ? - деп Саадат чырылдап күйөөсүнүн артынан түртүп - түртүп ашканага киргизип эшикти жаап алып күңкүлдөп урушуп жаткандай болду.
Башында алардын сөздөрүн бир аз укса да кийин ашкананын эшигин жаап алып сүйлөшкөн сөздөрүн таптакыр уккан жок эне
Сырга эне да башын жерге салып эч нерсе дебестен баласына ара - чоло карап уктоочу бөлмөсүнө кирип кетти.
~~~
Төртүнчү кабаттагы балкондон жерди карап үн катпай кечке отура бергенден тажабайт Сырга . Көзүнө тоо - таш көрүнбөсө да өзү жашаган айылын,
балалыгы өткөн жерин эстеп куса болуп тээ алыска көз чаптырып отура берет.
Баласы Аман менен келини Саадат , неберелери Акылай,
Дамир,Замир баарысы эненин көңүлүн алуу үчүн не деген жакшы аракеттерди кылышат.
Эс алдырып келүү үчүн ар дем алыш шаарга айландырып ,шаар көрсөтүп келели дешсе да барбаймын деп башын чайкап барбайт.
-- Таарынбагыла садагадарым , баргым жок , негедир маанайым жок - деп коёт,болду башка сөз жок.
Сырга өзү туулуп өскөн айылына эле өзүн жакшы көргөн жигити Байсалга турмушка чыккан.
Жолдошу да түшүнүктүү өзү менен бирге окуган теңтушу классташы болчу.
.
Өтө ынтымактуу үй-бүлө болуп эл оозунда мактоого татышып жакшы жашашты.
Балдарын да жолдошу экөөлөп бапестеп бирге чоңойтуп эл катарына бирге кошушкан.
Баралына барганда балдары да өз кесиптерин тандап ата- энелердин ак батасы менен турмуш тегирменине тартылып , ар кимиси өз алдынча жашоо куруп кеткени качан.
Үч кызы турмушка чыккан , үчөө тең балалуу - чакалуу.
Уулу да шаарда келинчеги , эки уул , бир кызы менен чогуу турат , үч бөлмөлүү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат.
Чалы экөө колдон келишинче балдарына жардам беришип мал - жандыктарын карап , биртке болсо да там аркасына бак- дарак тигип , жашылчанын түрүн эгип кыбырап жашап жүрүшкөн.
Балдары бой жеткен кезде бактагы мөмө жемиштерди өз колдору менен үзүп жешкенин көрүп жетине алышпай кубанышкан эле абышкасы экөө.
Ушул күнгө жеткенибизге шүгүр деп.
Эшик алдында агып жаткан арыктагы туптунук суу, алма,өрүк бактагы түркүн куш сайраган бакчасы баары кино тасмадай көз алдына элестеп ичи тызылдап куса болот.
Төрт жыл мурда абышкасы кокустан эле каза болуп калганда өтө кайгырып сыздап кала берген.
Бала - чака , тууган - уруктар менен топтолуп , ысы - жытын,каадасын жасап жерге беришкен ыйлап - сыктап .
Аттиң арман дүйнө ай , адам өлгөндөн кийин жок экенсиң да.
Тырмактайынан бери чогуу жашаган абышкасынан ажырап калуу оңойго турган жок , кыйла жүдөп өңүнөн азып
кыйналды.
Тани - майрам болгон жан шериги эмес беле , эмнеси болсо да кырк беш жыл бирге түтүн булатып жашаган жан шеригинен ажыраган өтө жаман экенин жон териси менен сезди чындыгында.
Жалгыздык жанга батса да абышкасы экөө өз колдору менен тургузган , балдары чоңоюп , бой жеткенде учуп чыккан куркулдайдын уясындай короодогу татынакай куттуу жумурткадай үйүндө ,
өткөн элестерди өчүрө койбой унутпастан таттуу күндөрдү эстөө менен жашап жубанып өзүн - өзү алаксытып жүргөн болчу.
Эки жыл мурун дагы ойдо жок каргашалуу окуя болду.
Болбосо минтип капастагы куштай болуп бул төртүнчү кабатта акыйып отурбаса керек эле аттиң...
Айылдагы кичинекей базарга колуна киргенин алып , өз колу менен өстүргөн , бактан алган мөмө жемиштерин6
,
картошка, пияз д.у.с майда бараттарды сатып ошого да өзүн - өзү - тыпыр топтоп уулуна,
кыздарына да каралашып берип жүргөн.
Бирин - экин бодо мал,кой ,эчкилерди карап,тоок , өрдөктөр менен алаксып тиргилик кылчуу эле.
Ооба ...
Ошол каргашалуу күнү да базарга чыгып соода кылып кеч үйгө каткан болчу.
Бир чооң шаардай болгон , элдин көзү күйгөн татынакай үй - жайынын күлү калганча күйүп жер менен жексен болуп, күлү чыгып жатканын көрүп эс учуна келбей жыгылган...
Өрт өчүрүүчү унаалардагы өрт өчүрүүчү адамдар тез эле тез жардамды чакырып шаарга жөнөтүшкөн экен.
Болбосо ошондо эле өлүп калса эмне болот эле???Каранкалгырдыкы десе.
Балдары да кийин кеч угуп ашыгып -шашылып ооруканага келишиптир имиш.
Катуу стресске кабылган үчүн инсульт алып жатып калган болчу анда.
Көпкө дарыланып ооруканадан чыгаарда баласы Аман менен келини Саадат түз эле төртүнчү кабаттагы өз үйлөрүнө алып келишкен болчу.
Бараар үйү тигинтип күлү чыгып жатса уулунун үйүнөн башка каякка бармак анан.
Акылай небере кызы менен бир бөлмөдө бирге жашайт.
-- Чоң - эне , сиз ар дайым биз менен болгонуңуз жакшы экен.
Чоң - энем бар деп мен досторума мактанып жүрөм , баарынын көзү күйүп суктанып жүрүшөт эноов- деп эркелеп мойнуна асылат кубанып , Сырга эне өзү да жүрөгү жылып өөп -өөп алат .
Неберелери чоң - энем дешип жанындай көрүшкөнү жагат. Келини Саадат да өтө соонун жубан чыкты.
Сырга энени өз энесиндей жакшы көрүп колунда барын алдына төгүп турат.
Баары бир негедир өз үйүн , короо жайын көп эстеп куса боло бергени калбады...
Бүт өмүрү өткөн айылына кеткиси келе берет .
Шаар жашоосу кыйын , күнүмдүк кетип жаткан оокат аштын эсебин ичинен чыгарып отурат.
Андан сырткары үч небереси үчөө тең жогорку окуу жайда окушат.
Алардын контрагы, жолго дагы башка нерселерге кеткен чыгымдары , жашаган батирге төлөнүүчү төлөмдөр деги койчу баары -баары барып акчага такалат эмеспи.
Баласы менен келининин тапкандары бул расходдорго араң жетип жатканына өзү күбө болуп отурбайбы.
Минтип балдарга жардам берүүнүн ордуна кайра ашка жүк , башка жүк болуп отурганына бушайман болуп ичи сыздайт.
Шаар жашоосуна да таптакыр үйрөнө албай бушайман.
Айылдагы теңтуштары Алтынчач , Айымкан , Үрүкан , Караматтарди көргүсү келет.
Эмнеси болсо да ачуу - таттуу күндөрдө бирге өскөн курбу - курдаштары да.
Үйүнүн жанында жакын жашаган Марапат менен күндө бирге чайлашып ,
сырдашаар эле , эми минтип эч нерседен кабары жок капаста жалгыз отурат.
Марапат да былтыр күздө каза болгон,аны энени аяп балдары
Аман менен Саадат айтышкан эмес.
Оорусуна кошумча болбосун өзү араң жакшы болуп калганда дешип.
Мойнун созуп караса эле айылы көрүнө кала тургандай омсоңдоп тээ алыстарга карап кусага батып отурат.
Айылга барган менен тамдан түгүл калган оокаты да жок калган , купкурук каңгыраган короого бармак беле?
Бирин экин мал жандыктарын,тоок , өрдөктөрүн баласы сатып жок кылгам деген.
Бир тууган жалгыз сиңдиси бирөө эле, болсо да ал алыскы жерде кайсыл бир башка мамлекетте жашайт.
Ал да негедир "эже"кандайсыз деп кабарлашпайт.
Сиңдисинин эки уулу бар эле , алар да эбак эле үйлүү - жайлуу болушса керек.
Алар деле "тай эжебиз" бар эле деп эстешсе болмок, жок ээй - сиңдим эстебеген балдары кайдаан - деп капа
Сиңдиси Айымдын айылга качан келип кеткени эсинде да жок.
А түгүл абышкасы
(Сырга эненин ),
Айымга жезде да, каза болгонун укса да келген эмес , эмнеге келбеди экен биле албай ыза-таарыныч ичин тызылдатып капалык менен жүргөн кези .
Эки агасы бар эле, алар да көп жыл болду каза болушканына,
анан кимге барат, кимге???...
Ушундай ойлор жүрөгүн эзип өзүнчө бушайман болуп сүйлөбөс болуп, түнт болуп бара жатканы ушундан.
Бир эки ирет баласына: -- "Балам кандай дейсиң, эгер каршы болбосоң мен карылар үйүнө эле барсамбы ээ , ал жактан өзүмдөй болгон карылар менен кобурашып отурат белем минтип жалгыз асмагыңда отурбай ээ балам, силер эрте менен кеткен кечинде араң үйгө келксинер.
Эртеден кечке соксоюп жалгыз отурам, андан көрө менден кабар алып турат элеңер да колуңар бошогондо , "курук намыс баш жарат " болбой макул де балам, ошол жакта болгонум дуруспу деп ойлоп жүрөм "- деген болчу бирде отуруп.
Баласы:--Макул керектүү кагаздарды даярдаймын,андан кийин алып барам апа , ага чейин кабатыр болбой чыдай туруңуз ээ - деген эле.
Ошондо да келини асман - айга секирип кеткен бул сөздөрдү укканда.
-- "Ботом ал эмне дегениңиз эне , биз барбыз , жалгыз сизди өзүбүз эле карап алабыз , ар нерсени ойлонуп кыжаалат боло бербеңиз , сиздин ордуңуз биздин төрдө"- деген ыйлагыдай болуп жалбарып.
Башын чайкап келининин далысынан акырын сылап эч нерсе деп жооп айткан эмес болчу анда да.
Ошондон бери бир жылдай да убакыт өткөн жок , качантан бери бул темада сөз козголбой да калган болчу.
Небере кызы энесинин көзүнүн агы менен тең айланып "чон- эне"-деп турат ар дайым.
Дамир менен Замир бир чоң -эне дешсе миң ирет чоң энелеп турушат жадырашып.
Баарына ыраазы жалгыздык ,үнсүздук жанга батты.
Карылар үйүнө баруу негизги максаты деле эмес , бирок ...
Таң аткандан кеч киргенге чейин жапжалгыз төрт дубал ичинде камалып отурганы өз жанына батты.
Макул эми карылар үйүнө да барып жашаса жашап көрөйүн эмне болсо да маңдайыма чийилип жазылганын көрөм да, башка балее болбой ошол жакта болгонум балким дурус болсо керек .
Балдарыма ашыкча жүк болбоюн.
Деген менен да арасат ойдо калды.
Кантип???
Мени карылар үйүнө жеткирип таштаганга диттери чыдайт экен балдарымдын ээ.
Кыздарым ,күйөө балдарым ,куда- кудагыйлар эмне дешээр экен - деген арасат ойлор да , намысы да кыйнады.
Бирок бул да өзүнө өзү чыгарган темирдей катуу чечим эмеспи.
Аманга эмне дээр экен деген кыязда карылар үйүнө барсам деген эле.
Ага бергенге жага берген тура .
Алып барышы алып барат дечи , өздөрү элдин бетин тик карап жүрө алышаар бекен.
Кыздарымчы ?..,
Бойго жеткен неберелеримчи ?
Кыргыз качан карыларын таштаган ?
Толгон токой суроолор жүрөгүн өйүгөн сайын көөдөнү толуп ыйлагысы келет.
Баш ийбеске арга жок эми болгонун көрөм да деп өзү менен өзү сүйлөшүп отурду.
Уулу менен келини эмне маселеге токтошту сураган да жок.
Баласы менен келини же чогуу сыртка чыгып кетишкенби эмнегедир тынч болуп эле калды үй ичи да тым - тырс.
Эрте менен эрте сааркы чай ичилип бүткөндө баласы: --Апа даяр элесизби?
Кана буюмдарыңыз- деп суроолуу карады.
-- Даяр болсоңуз жөнөй берели анда.
Неберелери да дем алыш күн үчүн алар да үйдө эле.
Баары чогуу жеткирип келебиз деп сырттагы баласынын машинасына Сырга эненин сумкаларын тыкан ирээти менен сала башташты.
Жол ката эч кимге назар бурбай ойлуу бара жатты.
Бир кезде баласын шаардан чыгып бара жатканда гана :-- Аман карылар үйү шаардын сыртында беле?- деп суроо узатты.
Үнү каргылда чыгып.
-- Апа шаардын сыртында да бар , кабатыр болбоңуз.
Сизди жеткирсем болдубу ?- деп күлүп койду.
Саадат да Акылай менен Дамир да бирин-бири карап коюп жылмайып коюшат .
Карылар үйүнө жеткирип келебиз деп чооң ишке жарашкансып булар неге кубанат деп ичинен ызалана түштү эненин көңүлү ооругандай.
Машина өзү жашаган айылдын жанынан өтүп бара жатканын көрүп өксүп кетти да, "көрбөйүн да күйбөйүн" деп башын жерге салып көзүн жумуп алды.
Бир кезде: -- Апа жеттик түшөлү эми - деп Аман айтканда башын көтөрүп көргөн көзүнө өзү ишене албай абдаарып туруп калды.
Өзүнө тааныш , өз короосунун алдында токтоп турушкан экен. Заңгыраган кыпкызыл кыштан салынган үйдү көрүп оозу ачылып айран таң кала карап туруп калды.
Өзүнүн короосун өзү тааный албай колу менен бетин басып ыйлап жиберди.
Чоң дарбазаны эки жакка ачып алып жанында жалгыз , карачечекей сиңдиси эки уулу менен кучагын жайып күтүп турат.
-- Айым,Айым садага болоюн - деп сөзүн таппай кучагын жая сиңдисине муундары титиреп талпаңдап чуркады.
Сырга апага айтпай бир жылга жетпеген убакта там салып,
баарысын бүтүрүп,
Айым сиңдиси уулдары менен Аманга акча салышып жардам кылышкан болчу.
Сырга эненин кыздары, күйөө балдары да карап турбай көптөп апаларынын , балалык кездеги өздөрү туулуп өскөн уяларынын ,
атасынан калган мурастарынын кайра тургузуп курганга жардамдашкан экен.
Көптөшүп заманбап кылып баардык шарты менен , кеми жок болуп бүткөн тамга киргизебиз ,арабызга биздин белек болсун ! Баарысы - баарысы апаны жетелеп үйгө киргизишип куттуктап жатышты.
Сырга энеге белек , табылгыс табылга,
сый- урмат болду.
Сырга эненин көз жашы он талаа болуп көргөн көзүнө дагы деле ишенбей баарысын бирден кучактап өөп, ак батасын берип солуктап ыйлап турду.
Акылай небере кызы болсо -- "Эне бул бизден белек болсун Дамир, мен, Замир болуп сабактан кийин иштеп сизге планшет алганбыз , эми биз менен интернет аркылуу да күндө байланыша бересиз ээ - деп энесинин мойнунан кучактап өөп планшетти берди.
Кечээ эле келип кем карчты бүтүрүп жүргөн Зайыр, атасы менен бирге келген Дайыр да энесине мойнунан кучактап эркелешип куттуктап өөп жатышты.
Мына өксүгөн өмүр,өксүк көнүл ордуна түштү.
Көп кабаттуу үйдө акыйып орустардын бакма мышыгындай болуп терезеден жерди карап жалдырап отурбайт эми.
Балдарына , күйөө балдарына , неберелерине,
жээндерине , жалгыз бир боору сиңдисине ыраазычылыгы чексиз !
Карыган энеге мындан артык бакыт болобу?
Мындан аркы өмүрүн кубаныч менен , сый - урматтын кучагында өткөрүүгө толук акысы бар эненин!
Сырга эненин өмүрү узун болсун !
Рахмат энени картайганда бакытка бөлөгөн балдарына,
бир боорлорго !!!
Аягы.
МАМЕТОВА ЗУУРАБҮ АЛИМБЕКОВНА САНТА
#оксугономуроксукконул_элдик
Комментарии 25
АР бир пендеге Аллахым бактылуу каарылыкты насип кылган болсун!
Аягы сонун болду
Сырга апа түгүл мен ыйладым жүрөгүм ооруп...
Бактылуу карылыкты көрсүн ылайым