Кызымын дене табы дагы көтөрүлүптүр. Улам ыйлактап, мени издеп ойгонот. Ысытмасын өлчөп, дарысын берем, жонундагы нымдаша түшкөн чүпүрөктү алмаштырам. Жатканда тамагы кычышып, жөтөлүп атканынан мага башын жөлөп таттуу уйкуга кетет.
Түн бир оокум. Терезеге тигилем. Булуттар арасынан анда-санда баш баккан жылдыздар көрүнөт. Үркөр жылдызы жымыңдайт. Ыраматылык чоң атам : “Үркөр жылдызы так төбөгө келгенде токсон түшөт. Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыкканы жаман” деп көп айтчу. Чын эле токсондун түшкөнү катуу болду. Ызгаар суук.Ай көркүнө чыга толуптур. Балалыгымда көргөн ай ошо бойдон. Ай толгондо биз угуп жүргөн “Айдагы кыз” жомогу дайыма эсиме түшөт. Чоңойсом дагы ушул жомокко ишене берем. Суу көтөргөн кыздын элесин көпкө чейин издегенимчи...
Кызымын төшөгүн оңдоп жаап, башын бийик коюп, жанына баш коюп жаттым. Быйтыйган алаканын жыттайм. Ар бир эне баласы ооруса жүрөгү тилинет. Өзүн күнөөлүү сезет. “Жакшы апа болуп жатамбы?”деген ой дайыма ичинен курттай жейт. Мөлтүрөгөн булактай тунук, али турмуштун түйшүгүн көрө элек наристенин көзүнө карап туруп тазаланасың, баарын унутасың...
Бул жылдыздуу түндү бүт ааламдын адамзаты көрөт. Бардыгы бирдей көрөт. Бирок, жылдыздуу түн көрүнгөн терезелер ичиндеги тагдырлардын бардыгы бирдей эмес. Түркүн тагдырлар... Биз өз үйүбүздүн ичиндеги картина кандай болсо, башка үйдү да ушундай элестетибиз. Бирок, андай эмес…Айрыкча балдар үйүндөгү тагдырлар. Башталбай жатып аягына чыккан балалык... Баягы күнү жолуккан Асылай жана балдар үйүндөгү айдын балдары оюма кылт эте түштү...
*** ***
Балдар ооруканасында эл жык-жыйма. Бут коёрго жер жок. Баласын көтөргөн, жетелеген ата-энелер. Көбүнчө жөтөлгөн, чүчкүргөн бөбөктөр. Күндүн жылуусунда абал мынчалык оор эмес. Эл оорукананын алдындагы бактын арасында кенен-кесири кезек күтүп отурушат. Кызымы жетелеп, төр жактагы бош отургучту көздөй бастым. Кезекке туруп, талон алдым. “Бекерчиликте бекер сөз” дегендей отургандар узун кезекти кыскартып, жанындагылары менен кобурашып отурат. Кээ бири үнсүз, өзүнүн ой-санаасы менен. Улам эшиктен жаңы киргендер топтошкон элдин жанына келип:
-Акыркы ким?, -дейт. Бирибизден бирибиз озуп:
-Талон боюнча, талон алыңыз!, -дейбиз. Кайра сөзүбүздү улайбыз. Баланын ооруп-сыркабай, ойноп-күлүп жүргөнүнө не жетсин?! Сасык тумоологон балдар жөтөлгөндөн чарчап, көздөрүн зорго ирмешет. Периштелерим ай...Жанымдагы эженин кезеги келип,баласын көтөрүп,врачка кирип кетти.
Бош орунду көздөй баскан эже:
-Жакшысыңарбы? Орун бошпу?, -деди чарчаңкы. Тура берип, аягы талыган окшойт. Кызын жетелеп алыптыр.
-Бош , эже, келиңиз, отуруңуз,- деп бир аз ары жылдым.
-Рахмат.
Эженин кызы көздөрү бакырайган татынакай кыз экен. “Баланын тилин бала түшүнөт” дегендей жанатан бери эч кимди көргүсү келбей отурган кызым жаныбызга келген кыз экөө ымдашып, күлкүлөрү чыгып, ойноп калышты. Тиги кыз дароо колундагы сөөмөйдөй болгон кооз куурчагын кызыма кармата салды.
- Аты ким экен ширин кыздын?,- дедим илбериңки кызды эркелете карап.
- Асылай, -деди , апасы жылмайып.
-Сиздин кызыңыздын аты ким?, - деди кайтып кыздын апасы. Мен айткыча эле кызым шашыла:
- Атым Аруузат,-деди. Көңүлү саал ачыла түшүптүр.
Асылай апасына карап:
-Эжеке, сумкаңыздагы куурчакты алып бериңизчи, - деп айтаары менен эже дароо айтканын аткарды. Ошентип, бир куурчагын кызыма берип, экинчисин өзү алып, экөө ойноп киришти. Өзүмчө ой чаргытам. Эжеке дейби? Бир тууган эжекесиби? Апасы болсо керек дедим эле...Кой, сурайынчы дедим.
-Эже, кызыңызбы, же сиңдиңиз болобу?...
-Кызым болот, -деп Асылайдын чачынан сылап, муңайым жылмайып отурду.
-Аа жакшы.
Сөздү улантпадым. Кезегибиз келип эже кызы менен башка бөлүмгө, мен башка дарыгерге кирип кеттик. Педиатр кызымы текшерип: “Коркунуч жок, сасык тумоонун жеңил түрү, дем алуу органдары таза” -деп дары жазып берди. Кызымы жетелеп, сыртка
чыгып, жолдун аркы бетиндеги жолдошумдун унаасын көздөй баратсам жанагы эже кызын жетелеп, жолдо турушуптур.
-Эже, унаа күтүп турасызбы?
-Жо-ок, такси чакырдым эле. Тиркемеден туура эмес дарекке түшүп калыптыр, -деп кабатырланып, кызынын колун өзүнүн колуна кошуп чөнтөгүнө салып койду.Күндүн суугу сай-сөөктү сыздатат.
- Кайда барасыз? Жүрүңүз биз таштап коёбуз, -дедим. Дал биз жанынан өтүүчү даректи айтканда сүйүнүп да кеттим.
Шашылып унаага отурдук, сырттагы ит өлгөн сууктан жылуу жерге киргенибизге жаныбыз жыргай түштү.
-Эжени таштап коёлу, бизге жакын жерде экен үйү.
-Аа, жакшы болот.Кандайсыз,эже?,-деп жолдошум эже менен учурашты.
- Жакшы болбодубу, - деди эже дагы ыраазы боло.
- Врач эмне деди, кызымы көрдүбү?,- деп жолдошум машинасын буруп, чоң жолго чыкканы камынды.
-Кудайга шүгүр, өпкөсү таза экен, жөтөлүнө дары жазып берди,-дедим.
Биздин кыздын унаага чыгаары менен алдыңкы эки орундуктун ортосуна туруп алмайы бар, ошол жерден жол карап кеткенди жактырат. Атасына быдылдап сүйлөп аткан кызымы атасы эркелетип, бетинен өөп койду.
-Ата-энеси менен өскөн бала кандай бактылуу, -деп эже муңайым үнү менен кобуранды.
А-бу деп, эшиктеги суукту айтып жатып, эже айткан дарекке бат эле келип калдык. Жолдун четине токтоп, эже кызы менен түшүп калды. Бул жолдун эки чети тең жалаң мекеме-ишканалар эле, артындагы көп кабаттуу үйлөргө киришет окшойт десем,маңдайдагы дарбазасын күзөтчү ачкан короого ичкери кирип кетишти... Дарбазада илинип турган көк тактайчага көзүм жетпейт. Айнекти түшүрүп, окусам. “Балдар үйү...”
Бул жерден дайыма өтөм. Бирок, бул балдар үйү экендигин билбептирмин. Жайында короодо ойноп жаткан балдарды, короодогу илинип турган жомоктун каармандарын көрүп, бала-бакча болсо керек деп койчумун. Ошол күндөн бери эже менен кызы оюман кетпей койду. Ары өтсөм да карайм, бери өтсөм да карайм. Ичине киргенге даай албайм. Акыры азыноолак таттууларды алып, кирмекчи болдум. Аябай толкунданам. “Кокус киргизбей койсочу?” дейм. Ойго батып келе жатып, балдар үйүнүн оозуна да келип калыптырмын. Дарбазадан ичкерини карап жатсам,мени көргөн күзөтчү:
-Кызым, ким керек эле? ,- деп мени жаңы көргөндөй карады. Жылуу сөз кандай жагымдуу. Жашоодо көп адамдарга кезигебиз,баары эсибизде калбайт. Түркүн даамдуу тамактарды жейбиз баарынын даамы эсибизде жок. Бирок, кээ бир адамдардын бир ооз жылуу сөзү,ылык мамилеси эсибизден өмүр бою кетпейт эмеспи. Маңдайымда жашы алтымыштан ашып калган, карапайым,жылдыздуу аксакал адам мени аягандай жайдары карек кадайт.
- Диляра эжеге жолугайын дедим эле,мүмкүнбү? Босогодо туруп калганымды байкаган күзөтчү.
- Кире бер, жоолуксаң болот, азыр бошосун. Ичинде кайрымдуулук кылып, балдарга белектерди алып келген кишилер бар, чыгайын деп калды. Күтө тур ,кызым .
-Макул.
Бир аз сүрдөй баштадым.Жарым сааттан кийин ичкериден бир топ адамдар менен кошо чыккан эжени көрөрүм менен сүйүнүп кеттим. Мени көрүп эле:
-Тынчылыкпы , кайсы шамал айдады, сиңдим?- деди күлүп-жайнап.
-Тынчылык эле эже, балдарга бир аз таттуу-тарапа алып келдим эле, -дедим. Балдар музыка бөлмөсүндө ырдап жатыптыр.
"Ай чыкты карачы,
Айдан биз жаралдык.
Ай нуру төгүлгөн,
Алтындай балалык"
- деп таза, тыкан кийинген, чачына түстүү бантик тагынып, гүлдүү көйнөгүнүн этегин кармап алган Асылай менен бир топ кичинекей балдар чогуу ырдап жатыптыр. Музыкант агай пианинонун клавишаларын басып, башын ийкеп, кез-кезде аларга кошулуп ырдап көңүлдүү.
Чынында бул периштелер адамзаттан эмес айдан жаралгандай. Булардын балалыгына ай гана жарык берет. Бирок, тилекке каршы ырда айтылгандай булардыкы "алтын балалык” эмес... Андан ары бардыгы музыканын коштоосунда бийге түшүштү.Бийлеп бүткөндөн кийин жаңы эле кайрымдуулук кылып келгендердин оюнчуктарын,таттууларын бөлүп берип жаткан тарбиячыга:
- Апа, мага кызыл машинаны бериңизчи!
- Апа, мага мынабы топту!,- дешип баштыктагы түркүн-түстүү оюнчуктарды көрүп, кубанычтары койнуна батпайт.Кээ бирлери ордунда секирип-секирип, кол чаап көңүлдөрү бир куунак.
Жылтырак баштыкта оролгон оюнчугун ача албай жаткан бала музыкант агайга:
-Ата, ачып бериңизчи, - деп кайрылды. Таң калдым. Агай дагы ар биринин оюнчуктарын,таттууларын шашпай, эрикпей ачып берип эркелеткен мамилеси жүрөгүмдү жылытты...Бул периштелердин жүзүндөгү жылмаюну көргөндө, биз эч нерсени байкабашыбыз мүмкүн. Бирок, ар биринин карегинде катылган сырдуу дүйнө бар...
Асылай бул мекемеге киндиги кесилген күнү эле келген...
*** ***
Төрөт үйү. Көбүнүн бактысына себепкер болгон куттуу жер. Тогуз ай бою күткөн периштеңди колуңа алып, дүйнөдөгү эң улуу энелик сезимин сездирчү, бала жыттанган, бакыт жыттанган жер. Бирок...
Айнурдун толгоосу кармап келгенине эки күн болду. Сай- сөөгү сыздап, жаны жанчылып,көзүнөн от чачырап толгоосу бир күчтүү келет да, кайра жоголуп кетет. Жанында апасы кошо жүрөт. Жанында жүргөнү эле болбосо,кызына боор тартканы, аяганы көрүнбөйт. Палатада келиндер чыгып кеткен маалда кызына баягы сөзүн кайра баштайт.
- Уктуңбу! Бул баладан баш тартасың! Ушуга жеткирбей эле бул баладан кутулуш керек болчу! Укпай койбодуңбу “аборт кыл” дегенде, -деп апасы эки жагын каранып,кайра сөзүн улантты. “Сенин боюңда бар экенине карабай иттей уруп, анысы аз келгенсип сени үйдөн кууп чыгып, жаңы катын киргизип алганын тез эле унтуп калдыңбы!?Ушул оорукчан баланы багасыңбы? Же өзүңүн жаныңы багасыңбы? Бул жетимиңи чоңойтконго менин алым жок! Төрөөрүң менен баладан баш тартасың!”,деп бир айтканын миң кайталап баштайт. Айнур оор үшкүрүнүп,башын жерден көтөрбөйт. Кантсин бечара. Күйөөсүнүн кызыл камчылыгынан жакшы күн көрбөдү. Жакшы сөз дагы укпады. Акырына чейин көзүн жумуп, тилин тишине катып, тагдырга моюн сунуп жашай берет эле, бирок, боюнда бар кезинде да күйөөсүнүн зөөкүрлүгү токтободу. Кудай түйүлдүктү жараткан күндөн тартып ал балага ырыскыны энеси аркылуу тартуулайт эмеспи. Ошол учурларда Айнурдун көргөн азап-тозогу курсактагы наристеге да таасир этип, кош бойлуулуктун жетинчи айында УЗИ ге түшкөндө, узист аппараты менен узак текшерип: “ Баланын башында шишик бар, эмнеге алдын алып текшерилген эмессиз?” – деген сөзүн чала-бучук укканда эмне айтаарын билбей дендароо боло түшкөн.
Дагы толгоо башталат. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда алышып жатып көз жарат. Төрөттү кабыл алган ак халатчандар бир убакта өздөрүнчө күбүрөшүп, бала менен алек болуп калат. Көрсө, бала оор абалда, ыйлабай, көгөрүп төрөлгөн экен. Баланы ороп-чулгап Айнурдун көкүрөгүнө жаткыраар замат, апасынын көзү баланын башындагы жаңгактай болгон шишикке түшөт. Өзүнө келе албай, сүйлөөргө алы келбей, көзүнөн куюлган жашты аарчыганга чамасы жетпей Айнур шыпты тиктеп жатып калат.
“Баладан баш тартабыз” дегенди укканда дарыгерлердин көздөрү чакчайып,жакаларын кармашат. Тиешелүү адистер келип, кеп-сөзгө келтирип, Айнурдун апасын оюнан кайтаралы дегенинен майнап чыкпайт. Айнур көз жашын төгүп туруп, “баламдан баш тарттым” деген кагазга кол коюп берет...
- Жок дегенде фамилияңызды бергенге уруксат бериңиз,- дешкенде, апасынын жинденип, колдорун туш келди шилтегилеп жатканын көрүп, айласы куруган Айнур өксүп-өксүп ыйлайт.
“Жок бербейбиз! Атыбыздан айланып кетсин! Тез алып кеткиле баланы!!” Тез алып кеткиле баланы!!”деген апасынын ачуу үнү кулагына кадалып, эки колу менен кулагын жапкан Айнур жерге тизелеп калды. Наристеге төрөт үйүнөн “Асылай” деген ысым ыйгарылып, балдар үйүнө чыгат. Эки жашка толгондо балдар үйүнүн жетекчиси өзү Туркияга алып барып, операция жасатат. Кудайдын кудурети менен Асылай куландан соо айыгып, кайтып келет. Бирок, эненин ууз сүтүн эмип, жүзүн көрбөсө дагы энесин дайыма күтөт, кээде буулугуп көзүнө жаш айланып эч нерсеге көңүлү келбей калган күндөр болот. Асылай сыяктуу бул жердеги балдардын көпчүлүгү ата-эне мээримин көрбөгөндүктөн айланасындагы бардык аялзатты апам деп, мээрим төккөн кишилерди атам деп ойлоп алышканычы, эхх...
Ушул эле мекеменин жанында бала бакча жайгашкан. Андагы балдар түш ооп, терезеден ата-энесин күтүп, жол карап башташат. Айнектен ата-энесин көргөндө сүйүнүп, ата-энесинин кучагына шашышат. Бирок, бул балдар үйүндөгү балдар терезе карап күтүүдөн чарчашкан, алар эч кимди күтүшпөйт...
*** ***
Эшик алдынан эже менен коштошуп чыгып баратып дарбазанын түбүндө отурган баягы кароолчу аксакалды көрдүм.
-Ээ-ээ, кызым катык нанды сууга малып жесе дагы бала өз үйүндө, ата-энеси менен чогуу өскөнгө жетпейт, - деп башын чайкап койду... Көзүмө толуп чыккан жашты көрсөтпөйүн десем да, балдар үйүнүн босогосунда туруп, көрбөгөнү калбаган карынын жүрөгү баарын сезип- туйду окшойт...Сыртта кар сампарлап жаап жатыптыр. Жер бетине бир карыш жаап салган карды кечип баратам. Бетиме тийген, моюнума кирген кар бүртүкчөлөрүн сезбейм, денем алоолонот. Кулагыма балдардын баёо,жан сыздаткан “Ай нуру төгүлгөн алтындай балалык” деген ыры жаңырат...
Айжана Убайдиллаева
"Матисаков мектеби"
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук
университеттин журналистика институтунун алдындагы "Матисаков мектебинин" мүчөсү
#айдынбалдары_элдик
Комментарии 3