Оо, кандай гана чындыкка дал келген салыштыруу. Көп учурда боорукер, ак-көңүл адамдардын кайгысы көп болот деген сөздөрдү угуп келебиз.
Кызык, эмне үчүн?
Эмне үчүн алар эң жакшы сапаттары менен азап чегишет, ыйлашат? Жакшылык жасай берсең Кудайдан кайтат деп сооронушат. Бирок Кудайдан кайткыча адам өзүндө жок болуп бараткандай.
ДАРАКТЫН ЖУМШАГЫН КУРТ ЖЕЙТ
Курт, даракты жегенден мурун анын жумшак жерин издейт. Жумшак жерин тапмайынча издей берет. Куртка ДАРАКТЫН катуу жери такыр жакпайт Эмне үчүн? Анткени тиши өтпөйт. Катуу жерде КУРТ өз каалаганын кыла албайт.
Жумшак даракты жеп атканын көргөн башка курттар да келип, жей башташат. Жумшак даракты жеген абдан ыңгайлуу болгон үчүн, ошол ДАРАКТЫ жеп бүтмөйүнчө кетишпейт. Жеген сайын тоюнуп, семирип, рахат алышат.
Акыры, жумшак дарак туруштук бере албай өңүнөн кетип, карайып, жагымсыз жыттар чыгып чирий баштайт.
Эх, ушундай жумшак даракты адамдын жумшак мүнөзүнө салыштырдыбы?
АДАМДЫН ЖУМШАГЫН АДАМ ЖЕЙТ
Дал ушул Курт сыяктуу мерез, таш боор адамдар да өздөрү пайдалангысы келген адамдардын жумшак жерин издешет. Кайсыл жерден баштап, ошол адамды өзүнүн бийлигине өткөрүп алуунун жолун көздөшөт.
Кызык! Адамдын жумшак жери кайсы болду экен?
Адамдыкы чектен ашкан....
● боорукердиги,
● ак көңүлдүүлүгү,
● ишенчээктиги,
● кечиримдүүлүгү,
● берешендиги.
Булардын баары эң сонун сапаттар. Бирок негедир Кээ бир адамдарды азапка салып коёт.
Эмне үчүн?
Чектен ашып боорукер, ак көңүл болгон үчүн бул жакшы сапаттардын пайдасы эмес зыяны көп тие баштайт. Курт сыяктуу адамдар жумшак жериңизди билип алышып, акырындап сизди сындырып, жүрөгүңүздү оорута башташат.
Алар үчүн сиздин көңүлүңүздү оорутуу оңой эле.
● Анткени сиз өтө жумшаксыз.
● Өз укугуңузду коргобойсуз.
●Сиз жаралана беришиңиз керек. Башкалардын көңүлү оорубаш керек дейсиз.
● Бекем дарак болуу үчүн сизди жеген адамдар менен тирешүүдөн качып "жок" деп айтпайсыз.
●"Мен дагы чыдап туруп берем" деп куртка окшогон адамдарга зор ишеним берип койгонсуз.
● Курттарга алсыз жерлериңиздин бүт баарын тааныштар койгонсуз. Алар үчүн сизди кайрадан пайдалануу оңой экенине ынандырып койдуңуз.
Ошентип жумшак дарак сыяктуу сиздин да ички дүйнөңүз карайып, өзүнө керектүү азык ала албай, сөөктөрүңүз алсырап, муундарыңыз бошоп, көңүлүңүз муздап, ооруңуз күч ала берет. Мүмкүн "мага баары бир" деген абалга түшүп калдыңыз.
БИРОК...
Дарак бул дарак. Ал чындап эле адам сыяктуу ойлонуп, кыймылга келе албайт. Ал өсүмдүк. Өсүмдүктө адамдыкындай бийлик жок. Куртка жем болгон дарак өзүнө эч кандай жардам бере албаса, адам өзүнө жардам бере алат. Мына ушул жерде чоң айырмасы бар.
Бул деген, мындан ары курттарга жем болбой, адам бул абалдан чыгып кете алат деген ишеним бар.
Куртка жем болбоо үчүн, курттун тиши өтпөгөн бекем дарак болуу керек. Жумшак, алсырап калган жерлерди бекемдөө. Ашыкча эле боорукер, ак көңүл болбоо.
КУДАЙДАН ӨТҮП БООРУКЕР БОЛБО...
Кудайым бизге жакшы сапаттардын, башкалардын жаман мүнөзүн ойготуп, аларга салым кошуу үчүн берген эмес.
● Жамандарга чыдап жүрө берсеңиз, алар эки эсе жаман болушат.
●Туура эмес иштерге көз жума берсеңиз эки эсе жаман иштерди жасай беришет.
● Жалкоого жардам бере берсеңиз, эки эсе жалкоо болот.
Биздин чектен ашкан ак көңүл болгонубуз эки тарапка тең пайдасын алып келбейт. Анда, укугуңду тебелетип, өз бааңды сезбей, жашоону жек көрүп калган абалга чейин жеткен жакшы адам болуунун не кереги бар?
Ар бир адам чектелүү өмүрдүн бактылуу мүнөттөрүн көрүү үчүн төрөлгөн жок беле?
Бирок, жакшы сапаттарыбызды жакшы жыйынтык бере турган, чектен ашырбай колдоно билсек анда...
● курттардын тиши өтпөйт турган,
●бекем,
●кайраттуу,
● адамдардан коркпогон,
● жумшак жерибизди жедирбеген,
● укугубузду тебелетпеген,
● бош болбостон "жок" деп жооп бере ала турган адам болобуз.
Жумшак даракка мүмкүн болбогон нерсе жумшак мүнөздүү адамга мүмкүн. Боорукер, кечиримдүү, ак көңүл бол! Мерез, таш бор, өзүмчүл болбо! Бирок чектен ашырба! Эң алгач өзүндө бар бол!
Игамбердиева. Зарема
#игамбердиевазарема_элдик
Нет комментариев