Тойдун эртеси толуп-ташып сүйүнгөн эркектерди “кызыл китепке” киргизиш керек өзү. Андайлар өтө эле аз. Мага окшогондордун “кийиз китеби” аялдарынын колунда. Күнүгө бир беттен барактап, суроо-жооп... суроо-жооп. Же алардын суроосу түгөнбөйт, биз жооп бергенден тажабайбыз. Айрыкча тойдун эртеси пленге түшкөндөй бечарасың. Баш көтөрүү кыйын. Ошо... кечээ той болгон. Эми сурак бере баштадым.
- Жанагы сага ач кенедей жабышкан семиз катындын таржымалын айт!.. Ким ал, сага?.. – деп маңдайымда отурат аялым.
- Ээ, билбейм, Абдирайимге окшотуп алыптыр мени...
- Минеге башкалардын эрлери Абдирайимге окшобойт дагы, сен эле Абдирайимге окшоп каласың...
- Каяктан билейин!..
- Соп-сонун эле билесиң. Абдирайим деп таанышкансың да, куйругуңду шыйпаңдатып. О-оу... ушу сен деген жер тыңшар Маамытсың го...
- Адамга адам окшош болот да, таза кызык экенсиң. Мас болуп калыптыр, бечара келин. Жездемдин тоюна келген конок болсо... Той деген ошонусу менен той да...
- Опей, окшошконго жарашкан болуп десең. “Балыкчы балыкчыны алыстан таанып” жатпайбы... Бол, айт, ким ал?!
- Билбейм, жүз граммдан ичтик тарадык. Билип туруп эле эзе бересиңби... Дүрбүңү салып отурдуң го, снайпериң менен мээлеп...
- Эрден чыгып сага окшогон тырбыкка мурду бүтүп жүргөндөрдүн бири окшойт. Бир күн Абдирайим болуп койбойт белең...
- Мени билесиң, комсомолдун тарбиясын көргөн баламын. Андай моралдык жактан ыплас иштерди мага айтпа.
- Ой-бой... мына балакай Кычан Жакыпов... Угуп кой, Кычан Жакыпов кечээ чөнтөгүңдө 7 миң сом акча бар болчу. Бир тыйыны калбаптыр. Сорос болуп кеткен окшойсуң... Кана тап, акчаны кимге бердиң?..
- Кошумча коштук го, акыры...
- Кошумчаң бөлөк... Башты оорутпа... Жездемдин акесине мине убада кылдың?
- Мине убада кылыпмын?
- “Уулуңузду үйлөсөңүз бир тай кошом” депсиң го...
- Анын минеси бар экен?..
- Бүттү сенин лимитиң түгөндү...
- Кандайча?
- Анткени, акеңдин тоюна тай кошо албайбыз... Айылга барып келиш үчүн жол кире керек... А сен акчаны обу жок чачып атасың...
- Токто... токто... эжелериңин балдарын турмушка узаттып бүттүң да... “Эшегиң ылайдан өтүп калган” экен. Эми сеники-меники болуп калдыбы...
- Мине кыл дейсиң анан. Болгон акчаны түгөп-чачып атсаң... Бирөөлөргө Абдирайим болуп көрүнүп атсаң...
- Болду эми токтот... Бирөөнүн жоош баласына тийип алып, өз билгениңди кыла бересиңби...
- Жоош имиш... Аны мага айтпа... Сымаптай кылтылдап турганыңы элдин баары билет. Айт, акчаны кимге бердиң?..
Ушинтип алым-сабак айтышып атабыз. Кудай жалгап таң атпай бирөө телефон чалып калбаспы. Телефонду алсам, министр экен. Аялымы “Оозуңу жап!..” дедим. “Салоомалейкум, Амир Темирович, а бу таң атпай...” дедим үнүмдү салабаттуу чыгарып. “Алеки салам. Баягы жолдомо маселеси чечилди. Балдарыңы Турцияга жөнөтө берсең болот...” деди. “Кайсыл жолдомо?” дейм түшүнбөй. “Ой, кечинде түн жарымда телефон чалып, катуу маселе койдуң го. Ошо замат эле балдарга тапшырма берип, даярдатып койгом. Баягыны жөн эле кой эми, аны ырбатыштын мине кереги бар...” деди күнөлүү адамдай. Мине маселени айттым акылым айран. Министрге ыраазычылыгымды билдирип, унчукпай отуруп калдым.
- Иест!.. - деген аялымдын кубанычынан улам өзүмө келе түштүм.
- Көрдүңбү, ичкиликтин пайдасы деп коет муну... – дедим ишенимдүү.
- Оо-на-на-йын, абыш-кам... Ме-нин, а-быш-кам!.. Кой, эртерээк эжеме сүйүнчүлөйүн...
- Токто!.. Кечинде мен мас абалда чалыптырмын. Министр өзү азыр сообу ошону билишибиз керек... Жолдомо колго тийсинчи... энеңин ичинде жөн жаткансыңбы...
- Макул... макул абышка... Министр чалып атса... акемин тоюна деле оңой эле барат окшойбуз. Жол кире деле табылат да. Кандай дейсиң? Ии... эми айылга ылайыктуу көйнөк алыш керек экен да... – деп дагы бир нерсенин башын кылтыйтты дагы. – Абдирайимим менин, Абдирайимим, - деп чопулдатып өпкүлөп жатты.
Аялымдын сүйүнүчүнө чек жок. Ушул аялдан артык бактылуу жан барбы, айткылачы. Кааласа тепкилейт, кааласа өпкүлөйт. Мунапыска илешип, азаттыкка чыккан адамдай кере-кере дем алып жатам анан.
13.09.2022ж
Шекербек Калыков.
#той3_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9