Бүгүн жумуштап Дордойго бардым.Андан чыгып,Ак-Батанын маршруткасына отурдум.Ичинде бакылдаган бир киши бар экен.
-Кыргыз болгула,мама,папа дедирбей,балдарыңарга ата,апа деп айттыргыла.Кыргызча сүйлөткүлө,кыргызча үйрөткүлө.Орусчанын кереги жок.Арабча кийинүүнүн да кереги жок,оронбогула,жаш кезиңерден сакал койбогула.Мен Кара-Кулжаданмын,жашым алтымышта.Туура кабыл алгыла,жаман көрбөгүлө.Кыргыз болуп туулгандан кийин,кыргызча эле жашайлы.Мен дайыма ушуну айтып келем...деп сүйлөп келатты.Мен кубанып,угуп келаттым.Кулагыма жагымдуу угулат.Байкасам,баары эле муюп,башын ийкеп келатышты.Тиги киши мас эмес,сопсоо.Тынбай,акыл насаат айтып келди.
-Оозуңду жаапчы,акылыңды үйүңдө айт.Надоело.Оозуң жабылабы сенин,-деген үн кулакты жарды.Баарыбыз кайрылып,үндүн ээсин издедик.Жарыбагыр,17-18жаштардагы кыз экен.
-Ай ,кызым,чыдап кой,жаман сөз айткан жок, сөгүнгөн жок.Унчукпай,жетер жериңе жетип ал,деди бир эже
-Оозун жапсын,тажатты
--Кызым,мен жаман сөз айтканым жок, кыргыз бол дегендин кай жери жакпай калды,дейт берки киши
-Ооба,мен жыргап угуп келаттым эле,деп мен чыктым
Кой-айды уга турган кыз эмес.
-Алкаш,недоделаный,дей салса болобу.Бери жакта туруп жаман болуп кеттим.Кыздын артында отурган бир келин алиги кызды желкеге чукуду
-Кандай тартиби жок немесиң,оозуңду жап.Уят эмеспи,улуу киши да...Тиги кыз тура калды да,кайрылып туруп,келинди бир койду.Келин да жөн келбей,тиги кызды өпкөгө койду.Экөө тытышып эле жатып калышты.Биз чурулдашып,токтото албай убарабыз.Акыл насаат айтып келаткан кишинин оозунан келмеси түштү.Көзүн алайтып,отуруп калды.Шофер машинасын токтотту.Долу кыз жулкунуп,ай талаада түшүп калды.Жөн түшүп кетпей,баарыбызды сөгүп,бети-башын күйгөн теридей тырыштырып,ортоңку манжасын көрсөткөн бойдон кетти...
Бир азга тунжурай калдык.Ар ким өз ою менен алек болду окшойт.Көз ирмемде болуп өткөн окуяны сиңире албай калдык.
Бир аздан кийин бир эже
-Ушундай уул-кыздан кудай сактасын.Ар бирибиз балдарыбызга айта жүрөлү.Тартипсиз болбо,улууну сыйла дейли.Ооба деп баарыбыз башыбызды ийкедик...Баарынан да акыл айткан байкеге боорум ооруду.Жаңжалга өзүн күнөөлүү сезип,кечирим сурап жүрөт.
-Капа болбоңуз,кой аксагы менен миң,ал да кыргыздын бир кумалагы.Тарбиядан өксү калган экен.Сиз насаатыңызды айта жүрүңүз.Бир адамга жакпаса,жыйырмабызга жакты.Сизге окшогон адамдар бизге аба менен суудай керек болуп турган маал,деп,көңүлүн көтөрдүм.
Айгүл Усупова
#ыймансыздык_элдик
Нет комментариев