Караңгылык чөккөн тар камеранын эки карыш терезесинен түшкөн айдын нуру үлбүрөп, дубал боорун билинер-билинбес агыштайт. “Ууру!” деп тиштерин кычыратып, жинденди Кыяс. “Жаштыгымды шамдай өчүрүп, тартып алганың аз келгенсип, айдын нурун дагы ыраа көрбөйсүң. Кудай алсын сени, ууру, ууру!” Кыяс ызаасына тумчугуп тыбырчылап, муун-жүнү бошоп, бактысыздыгын ушул төрт чарчы түрмө дубалынан чыгарып, колдору канталаганча муштап-муштап алат. Анын күндө өзөгүнө өрт коюп, арман-көксөөсүн, жабык сырын уккан ушул муздак дубал…
Ал балдарды тарбиялоо колониясына түшкөнүнө эки жарым жылдын жүзү болду. Түрмө босогосун аттаганда ал он жети жашта эле. Кусалык, сагынуу, өкүнүү сезимдери Кыясты албарстыдай басып, муунтуп жаткан учурларда аны алаксыткан жалгыз нерсе артта калган жашоосун ой элегинен өткөрүү. Бул сапар оюна каргашалуу кошунасы илинди. Болот Кыястан бир топ улуу, тагыраагы, ал жыйырма беште болчу. Ар жуманын базар күндөрү Кыяска келип, азгырып балык улоого алып кетчү. Балык кайрымакка илингиче өзүнүн башынан өткөн окуяларын көбүртүп-жабыртып айтып берээр эле. Эгер балык кармап алган болсо аны илмектен чыгарып, туйлап-тумчукканын ырахаттануу менен кумары канып, карап турчу. Кыяс ошондогу жанталашкан балыктын кейпин кийип, бир күнү кайрымакка өзү илинип калары оюна да келбесе керек…
Кыяс ою менен алышып жатып, көзү илинип кетти. Сааттын жебеси алтыны какканда адаттагыдай “подьем!” деген ачуу үндөн уйкусу умачтай ачылган камерадагы жети бала дароо шаша-буша кийинишип, жууркан-төшөгүн тегиз жыйып, чөнтөк-башын текшертишкен соң сыртка чыгып бир катарга тизилип турушат. Чачтары тегиз алынган, каштары бирдей түйүлгөн, кийимдери окшош тигилген, буттары бирдей тизилген, кудум ширенкенин талдарындай окшош өспүрүмдөр. Балдардын бактысы байланган абакта бир гана от күйөт, бул алардын кайгыга баткан көздөрү! Таңкы көнүгүүлөрдү бүткөндөн кийин баары бирдей ашкананы көздөй жөнөшөт. Кыяс капастагы алгачкы күндөрү аябай кыйналган. Жаңы бышкан тамак куюлган ысык калай ийдиштерге көнө албай жүрдү. Күндө жеген тамак-ашы кымындай да өзгөрбөйт. Бүгүн таруу ботко, эртен да таруу ботко. Апасынын тамагына зар болот. Эмнегедир Кыяс тамактанаардын алдында көзүн жумуп, бир-туугандарын, ата-энесин элестетип алат. Кыястын апасы узун бойлуу, сөөктүү, созулган айым. Атасы курсактуу, өзүнө тың, шамдагай адам. Кыяс мүнөзү жагынан апасына окшош, бирок атасынын баласы. Соттун акыркы чечими угузулганда атасы Кыяска кыйкырган жок, жанына келген да жок, бир үзүм сөз сүйлөгөндү да ашыкча деди окшойт, жөн гана үмүтү үзүлгөн, үлбүрөгөн көздөрү менен Кыясты жекире караган. Ошол бойдон абакта жатканына эки жарым жыл өтсө дагы баласын көргөнү бир басып келген жок, баягы эле эзилген энеси. Анан санаага белчесинен баткан сүйүктүүсү, Карлыгачы келип турат. Карлыгач Кыяс менен тең, бирок, анын параллель классында окуйт. Орто бойлуу, кара каш, жүзүнүн сүйкүмүн ашырып турган бирин-сирин сепкилдери бар, жакшы окуган кыз. Экөөнүн сүйүү баяны “мен сени жакшы көрөм” деген кичине каттан башталган, ал азыр арманы бир тутам барактан турган, көз жаштын сыясы менен жазылган жүздөгөн каттарга айланды. Карлыгач кадырлуу, бай үй-бүлөнүн кызы. Үйүндөгүлөрүнүн каршылыгына карабай Кыясты зарыгып күтүп жүрөт. Албетте, ал бечаранын дагы таянаары жалгыз-Карлыгач.
Кечки тамактануудан чыгып балдар, өз камераларына кирип кетишет. Бир балага төрт чарчы метр туура келген чакан бөлмөнүн дубалдары Кыясты кысып, өзү батса дагы жүрөгү батпай туйлай берет. Оюнда “Биз силерди жазалабайбыз, биз жөн гана тарбиялайбыз” деген колония башчысынын сөздөрү сөөмөй кезеп тургандай. Чындыгында Кыяс жазалоого дагы, тарбыялоого дагы муктаж эмес. Ал окуу жактан аракетчил, айылдагы алкыштуу бала. Аны алдыга сүйрөгөн, артка дагы түрткөн жалгыз сапаты жаңыны, көптү билүүгө ашыкканы эле. Бул сапатынын зыяны Болот кошуна болуп келгенден тартып тие баштады. Болот Токмок шаарында чоңойгон, тогузду араң бүтүп, энесинин аркасы менен борбор калаада жайгашкан Агротехникалык колледжге тапшырып, аны дагы аягына чыгарбай таштап, Москва шаарына мигрант болуп барат. Ал жерден дагы түз иштебей, будуң-чаң кылып депортацияга кабылат. Мекенине кайрылып келгенден кийин калаадан жумуш таппай айылдагы таятасынын малын багып калган. Кыяс ичинде кири жок, элпек бала экенин таятасынан көп уккан Болот аны такай чакырып, жонуна жумуш илип, күрүлдөгөн үнү менен кап-каяктагы жалган фантазияларын чындык менен чырмап айта берчү. Анын сөзүнө ишенген Кыяс Болотту байкесиндей көрүп имерилди. Экөөнүн казаны бирге кайнап жүргөн күндөрдүн биринде, Болот түн ортосунда Кыяс жаткан бөлмөнүн терезесин каккылайт, Кыяс уйкулуу көзүн ушалап сыртка чыгат.
-Тынчылыкпы, Болот?! Түн жарымда эмне болду, бүгүн жолугабыз деп сүйлөшпөдүк эле го?
-Энеңдурайын ит болдум! Угуп тур, жанаарак балдар чогулуп турушуптур, жакын барсам астыман Сагын чыкты, ал сенден бир жаш эле улуу го. Айбан десе, салам айтсам алик албайт, чүкөдөй болгон ошол чыпалак бала учурашпаса калганы мени менен кайдан учурашат эле? Шылдың болдум! Аябай жинденип жатам, бир тарбиялап койбосом болбойт бул айбанды! Бол, кеттик!
-Жок, Болот, мен укташым керек, эртең менен окууга эрте турам, атам да байкап калса капа болот,-деди Кыяс.
-Ой, энең, сенден бир жолу бир нерсе сурасам тим эле каадаланасың го! Сенин понтуң болгондо мен дароо атып чыгам. Мага келгенде укташ керек болуп калат тура, э?!
Кыяс өзүн ыңгайсыз сезип кетти, кичине ойлонду дагы:
-Макул! Кеттик! Бирок батыраак келели. Өзү эмне деп сүйлөйүн деп жатасың Сагынга?
-Мен сүйлөбөйм, менин мылтыгым сүйлөйт!,-деп талдын артына жашырып койгон мылтыгын алып чыкты. Кыяс чочуп кетти:
-Болот, кой байкеси, андай тамашаңды кой! Бул оюнчук эмес! Жо-ок мен бара албайм!
-Эй, коркпочу! Бул мылтыктын огу жок. Жөн гана коркутуп коём. Сен жанымда эле тур, сүйлөбөй деле койсоң болот.
Таятасынын мылтыгын уурдап чыккан Болот Кыясты ээрчитип көчө бойлоп жөнөштү. Балдардын баары эбак эле тарап кетишиптир, Сагындын үйү дал ошол көчөнүн аягында эле. Аны терезесин каккылап, чакырып чыгышты. Болот аны сүйлөтө койбой:
-Ии, Сагын, аябай эле бой көтөрүп калыпсың го?! Кимге таянып жатасың?!,-деди ызырына.
-Сага эмне керек, Болот? Убактым жок батыраак, по делу сүйлөчү!
-Биринчиден, мага сиз деп кайрыл, балакай. Экинчиден, сага паханың алик алганды үйрөткөн эмес беле?
-Ата-энемди кошпой сүйлө, Болот!
-Кошсом эмне болот экен?,-деп Болот дароо артындагы мылтыгын алып чыгып, Сагынга такады.
-Болот, эсиңе кел! Ичип да алыпсың. Андан көрө барып укта!,-деп Сагын көзүн ирмеп дагы койгон жок. Сагындын көзүнөн, сөзүнөн коркууну күткөн Болот, анын беймарал турганына кыжырланып, жини жибинен үзүлдү.
-Эй, сен мени тамашалап жатат деп ойлоп жатасыңбы? Чоңдорду сыйлаганды сага үйрөтөм! Балекет болсоң да азыр атып салам, эй!,-деп туталана берди. Кыяс кырдаалдын курчуп баратканын байкады, бирок, мылтыктын ичинде ок жок экенине ынанганы үчүн жай сүйлөдү:
-Болду, Болот, кеттик! Эртең дагы күн бар, эртең чечели. Жүрү!
-Жо-ок! Бул маңкурттун өз оозунан кечиримди суратмайын кетпейм! Бо-ол, эй, Сагын, кечирим сурап кал азыр! Башың кетет болбосо!
Сагын анысын тоготпой колун шилтеп, бурулуп артты карай кадам таштады. Болоттун ачуусу эми шакардай кайнап чыкты.
-Эй, токтоо! Токтоо дейм! Сөзүм бүткөн жок, айбан!
Сагын артына кылчайбай кетип бараткан. Беш кадам баскандан кийин “тарс” деген үн чыкты, айылдын иттери үрүп ызы-чуу түшүп калды…
Сагындын жанын кыйган Болот Кыясты түрмөгө кошо ала кетти. Болот он жылга соттолду, ал эми Кыястын кол изи мылтыкта жок болгондуктан, жаш өспүрүмгө болгон жеңилдетүүнүн аркасы менен үч жылга балдарды тарбиялоо колониясына кетти…
***
Түрмөнүн азабын тарткан жылдар дагы артта калды… Кыяс боштондукка чыкты. Алакандай айыл болсо да адамдары ар кандай болот эмеспи, бири көзүнө карап күлмүңдөп, арттынан карап күбүрөсө, кээ бирлери “кел, балам чай ичип кет” деп коюшуп, өз балдарын ага жолоткусу келишпейт. Ал эми маркум Сагындын санаалаштары аны жексур катары көрөт! Кыястын үй-бүлөсүндө дагы өзгөрүүлөр көп экен. Байке, эжекелери окуусун аяктап, өздөрү менен өздөрү болуп туш-тушка тарап кетишкен, инилери чоңоюп, аны чоочун көрүшөт, ата-энесин алмаштырып койгондой алар да катаал тартып кетишкен. Өмүр өтө бериптир, өсө бериптир, өзгөрө бериптир, жалгыз Кыяс өз ордунда кала бериптир!
Абактагы арман жашоо бир муштум болсо, боштондуктагы чекеленип жашоо экинчи муштум болуп, тагдырдын соккусун жеген Кыястын муңун-зарын бөлүшкөн жападан жалгыз адамы бул Карлыгач эле! Абактан чыканына бир айга чукулдап калды. Бир күнү классташтар Жакшылыктын үйүнө, туулган күнгө чогулушту. Баары дуулдашып, бир бөлмөдө бийлеп жүргөндө Карлыгач менен Кыяс коңшу бөлмөдө, терезе түбүндө кобурашып отурушту.
-Карлыгач.. сүйүктүүм, сен такыр өзгөрбөпсүң, ошондой эле супсулуу бойдонсуң!
-А сен өзгөрүпсүң,-деп күлдү Карлыгач… -Мен, мурунку шайыр, тамашакөй баланы көрбөй турам…
-Мм, кызык экен. Кимди көрүп турасың?.. Айылдын аягындагы Аваз байкениби?,-экөө тең күлүп калышты.
-Уялбайсыңбы, Кыяс, көзү көрбөгөн адам менен дагы тамашалайбы? Баса, Кыяс сен мектепти бүткөндөн кийин МВД академиясына тапшырам дечүсүң? Ал жагын кандай?
-Ал ойлорумду мурун эле көмүп койгом! Азыр айылда калып эле бир нерсе кылып кыбырайм го…
-Атам трактор айдаган бирөө жетпейт деп жаткан, мүмкүн, сен аракет кылып көрөсүң? Сен бир кармаган нерсени дароо үйрөнүп кетчү элең.
-Жок! Карлыгач. Мен эч качан атаңдын астына барып жумуш сурабайм!,-деп Кыястын өңү өзгөрүлүп караңгы терезени тиктеп калды. Карлыгач өзүн күнөлүү сезди. Кичине тыныгуудан кийин:
-Макул, Кыяс, экинчи сөз кылбайм! Бирок.. көздөрүң дайыма капалуу, кантип жардам бере алам сага?
-Чынын айтайынбы?
-Айт..!
-Сен, сен менин сүйүктүү жарым болсоң, мен бу дүйнөдөгү эң бактылуу адам болмокмун! Мага турмушка чыгасыңбы, Карлыгач?!. Карлыгач ылдый карап, башын Кыястын көкүрөгүнө жөлөдү. Кыястын көздөрү жалындап турду…
***
Күздүн салкын күндөрүнүн биринде досум абактан чыкты деп жерге-сууга батпай кубанып жүргөн классташ баласы Жакшылык ойдо жок жерден эле “Кыястын бир башын эки кылып, үйлөнтөлү. Көңүлү да ачылбай түнт жүрөт. Карлыгач экөө кол кармашса жаңы турмуш алаксытып, элге аралашып, өткөнүн да бат унутат эле” деп теңтуштар чогулган жерде маселени кабыргасынан койду. Отургандар дуу колдоп кетишти.
-Карлыгач да канчадан бери күтүп жүрөт, жок дебесе керек…,-деди Эрнис.
-Экөө бизге чейин эле сөздү бүтүрүп коюшкан чыгар..,-деди Айдар, ойдо жок жерден чыккан сунушка кош колун көтөрүп, эртең эле той болчудай кудуңдап алган.
-Эрте күндү кеч кылбай ушул ишембиде эле Карлыгачты Кыястые ата-энесинин үйүнө “ала качты кылып” киргизели, кандай дейсиңер?!,-деген Турсунбектин айтканы курдаштарына жакты.
Ишемби күнү Кыяс менен Карлыгачтын макулдугун алган теңтуштары жерге-сууга батпай күүгүм талаш айыл четиндеги Кыястын үйүнө топтолушуп, баягы эле жүргөн-турганы чапчаң, кепке-сөзгө чыйрак Жакшылыкты алдыга салышты. Үйдө Кыястын ата-энеси кенже уулу болуп кобурашып отурган. Жакшылык салам айтып кирип, жаңылык сөзүн эмнеден баштаарын билбей аптыга түштү.
-Кел, кел Жакшылык! Төргө чык!,-деди Кыястын атасы ордунан козголумуш болуп. Жакшылык чыдай албай жарылып кетчүдөй болуп сөздү баштады:
-Аяш ата, сүйүнчү! Аяш апа, ак жоолугуңузду сандыктан алып чыгыңыз! Келин келди! Келиндүү болдуңар! Анын шаңдуу чыккан үнүн сырттагылар, Карлыгач да, Кыяс дагы угуп турду. Кыястын атасы чочуп кетип, башындагы топусун ала койду. Эмне кыларын билбей байбичесин жал-жал карап, ачуусу мурду учуна келип, кумсарды.
-Кайдагы келинди айтасың, Жакшылык?! Кыяс кечээ эле түрмөдөн чыкты! Мунун айынан мал-салыбыздын баарын саттык, жегенге нан таппай жүрөбүз, элдин жүзүн түзүк карай албай жатканда бул эмне дегениң?!. Эмнени баштап жатасыңар?! Ту-ү, чыгып кет үйдөн! Досуңа айт, көзүмө көрүнбөсүн! Карасаң, кыйратып койгонсуп, келин алып келдик деп дагы…
Сыртта турган Кыяс атасынын сөзүнөн кийин ээрдин кесе тиштеди. Бут алдынан жер көчтү. Өзүн араң кармады. Бул сокку жүрөгүн мыжыгып, жанында турган Карлыгачын карады. Ал колун Кыястын колунан тартып алып, турган жеринде шолоктоп ыйлап жиберди.
-Мени кечирип койчу, Карлыгач, мен атамдан мындайды күтпөдүм эле.,-деп Кыяс ээриндери титиреп ушуну зорго айтты. Азыр эле толкундоонун кучагында турган кызынын жүзү жашка жуулуп, Кыяска тике карады.
-Мен түшүндүм! Менин оордум жок экен бул үйдө! Кыяс, билесиңби, ата-энемди айтпай эле коёюн, бүт дүйнө экөөбүзгө каршы болуп турганда мен эч нерсенин көзүнө карабай сени күттүм эле! Таянаарым сен элең!.. Азыр менин ар-намысым тебеленди. Токтотолу! Артыман келчү болбо! Мен кеттим!,-деп Карлыгач тургандардын эч кимисине карабай көчөнүн баш жагын көздөй жүгүргөн бойдон кетти…
***
Бул окуя айылга желдей тарады. Кеп кылбаган адам калбады. Эл болгондон кийин айткандары ар кыл. Бири “экөөнү баш коштуруп койсо, өздөрү менен өздөрү түтүн булатып кетишет беле” десе, экинчиси “түрмөнү көргөн неме оңолмок беле, дагы бирдин ичинен чыкмак, атасы туура кылыптыр” дегендер да болду. Бирөөнүн азабын бирөө түшүнмөк беле, чындап келгенде тагдыры ташка тийген Кыяска эле кыйын болду. Карлыгач болсо көп өтпөй ата-энеси тапкан Токтогулдук балага турмушка чыгып кетти. Күндөр өтө берет экен, ошол окуядан кийин Кыяс каттуу өзгөрдү. Өзү жаткан бөлмөсүнөн чыкпай да калды. Чыкса да тышта көп жүрбөйт, курбу-курдаштарынан дагы алыстады. Көргөн-бакканы терезеден сыртка телмирмей, ой учугун үзө албай күн кечкиртет. Сырттан бирөө-жарым чакырса чыкпайт, кирсе карабайт, сүйлөсө укпайт, айтор, тирүүнүн өлүгүндөй жүрүп калды. Уулунун тагдырына бөгөт койгонун эч моюндагысы келбей көгөргөн атасынын “бу түрмөдө эле жүрө берсе болмок экен!” деген уккандын жүрөгүн үшүткөн сөзү оозунан чыгып кетти… Жаман сөз жерде жатпайт деп коёт эмеспи, ал Кыястын кулагына жеттиби, же ички туюму менен сездиби, эртеси бөлмөсүнөн сүйрөлүп чыгып, чайга отурган атасы-энеси, кичүү инисинин маңдайына ач арбактай басып келди.
-Бул жака отур,-деп өзүнө-өзү керебет четинен орун көрсөтүп койду. Баары ага чочугандай суроолуу карашты. Иниси тура калып агасынын арык денесин кучактап калды, бирок, Кыяс ага маани берген жок, түрү башкача эле. Көздөрүнүн ичи күйүп турган чоктой кып-кызыл, соолуган гүлдөй купкуу тарткан жүзү менен ата-энесин сүйлөбөй бир топко карап турду да, бир маалда бүт денеси калчылдап, болгон кубаты менен каткыра баштады. Атасы ордунан бүргөдөй секирип турду, бирок, уулуна жакындай албады. Апасы айласы кетип ыйлап жиберди.
-Уулум, уулум, сага эмне болду?!! Эсиңе келчи, биз апаң, иниң болуп жаныңда турабыз! Эсиңе келчи!!. Кыястын буулугуп, үйдү башына кийген каткырыгы токтобой атасынын сөзүн басып кетип жатты…
Анара Мурзабекова
"Матисаков мектеби"
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук
университеттин журналистика институтунун алдындагы "Матисаков мектебинин" мүчөсү.
#таянарымсенэлен_элдик
Комментарии 19