*** Атам энемдин айтуусуна караганда дурус эле адам көрүнөт. Анан эмне үчүн энем экөөбүздү таштап, башка аял алып кеткенине таңмын. Же энем начар болсочу. Сулуу десе сулуу. Ушул тапта да атамды жаман көрбөйт окшойт, пикири түздүгүнө караганда.
Айтор, атам мен үчүн табышмак. Кийинки күндөрү көп ойлончу болдум атам жөнүндө. Же эс тарта баштагандыкыбы, билбейм. Өз алдымча ар кандай элестетем. Ата жытына куса болом. Бир көрүүнү самайм. Сүрөтүнө караганда узун бойлуу, толугунан келген сулууча, жайдары мүнөз экендиги билинип турат. Ата жытына кусаланып, көргүм келсе, бир чети бизди таштап кеткендиги үчүн ичимен жектейм. Айтор, санаам санга, оюм онго бөлүнүп, башым маң.
Сабактан жаңы келсем, энем кирди сырттан. «Жумуш убагында беймаал келчү эмес эле, бир нерсени унутуп кеткен го» деп ойлодум өзүмчө.
- Балам, - деди ал. Үнү демейдегиден башкача, кысылгандай, - чечинбей коё тур. Азыр Жамалбек байкең шаарга барат экен. Атаңды көрсөм дечү элең ала барам деди. Барып кел, шаардын майрамын көр.
Мен ыңгайсыз абалда калдым. Эч нерсе дей алганым жок. Дегенде эмнени айтмак элем. Ээленип жүргөн өзүм. Өмүрүмдө көрө элек шаар майрамын көрүп келсем жаманбы? Айтор мага оңдой берди болду минтип. Жөнөш гана керек.
*****
Жамалбек байкем үйдү бат эле тапты. Ошондогу менин абалымды айтпа. Демим кыстыгат, аба жетпей жаткансып. Башыма түркүн суроолор келет, биринен сала бири суурулуп. «Мени көргөндө атам эмне дээр экен? А аялын эмне дейм? Жеңе деймби? Кокус ал мени жактырбасачы?»
Төртүнчү кабатка чыгып, Жамалбек байкем каалганын кнопкасын басты. Эшикти ким ачаар экен деп жүрөгүм дүк-дүк. Дене боюм бир аз калтырап чыкты. Тиштенип жатып араң токтоттум.
- Бул ким? - Бурк эткен аялдын үнү чыкты. Бир аз кетенчиктей бердим. Жамалбек байкем жооп кайтарды. Анан барып эшик жай ачылды. Көзүмө чачы төбөсүнө түйүлгөн, кашы, оозу боёлгон, жалтырак халат жамынган сулууча аял көрүндү. «Дал өзү!» деген ой кылт этти. Жамалбек байкемди тааныйт окшойт экөө учурашып, ал-жайды сурап калышты. Үйгө кирип, орундуктарга отурдук. Үй ичи тыкан. Жалтыраган мебелдер тегерете коюлган, жерге килем төшөлүп, аярдап баспаса булганып калчудай. Айтор карап эле тургуң келет.
- Байке бир жакка кеткенби? - деди Жамалбек үй ичин тегерете карап алып.
- Азыр эле чыгып кеткен. Дүкөнгө жибергем, нан-панга...
Мага көңүл бөлгөн деле жок. Жамалбек байкемдин баласы деген ойдо болсо керек. Телевизорду бурап коюп, өзү креслого көчүк басты. Ошол тапта эшик шыңгырады.
- Папаң келди көрүнөт, бар, ачып койчу,- деди энеси жанатан бери диванда мага таңыркай карап, бир нерсе менен алпурушуп ойноп отурган балага. Ал шак туруп, жүгүрүп кетти.
Жүрөгүм туйлай түштү. «Тааныр бекен? Тааныса эмне дээр экен?» Денемди майда калтырак басып, жүрөгүм булкуп согуп жатты.
- Папа, үйгө кишилер келди. - Жанагы эшик ачкан баланын үнү.
- Каяктан келишиптир?— Сырттан келген адам буйдалбастан түз эле биз олтурган бөлмө жакка келатты. Менин бетим чымырап чыкты эми. Эмне кыларымды билбей кайсалайм.
- Салоом алейкум! — Жамалбек байкем ордунан шак туруп, утурлай эки колун сунду. Мен да ордуман тура калыпмын. Мага колун сунуп келатып, өңү өзгөрүлө түштү. Сыягы тааныды көрүнөт.
- Кыязсыңбы?... - Үнү калтаарый угулду мага.
- Ала кел депсиз, - деди Жамалбек байкем андан көзүн албай мени нукуп.
- Уулум! Кагылайыным!
- Ата! - Атамдын жайылган зор кучагына денемди таштап жибердим. Көзүмөн буурчактап аккан жаш жерге таамп жатты. Эрдимди катуу-катуу тиштегилесем да болбой жаш чууруй берди. Эреркеп кеткен окшойм.
* * *
Бир жумача болду атамдын үйүндөмүн. Жамалбек байкем мени жеткирген күнү эле кайра кеткен. Атам мага канчалык үзүлүп-түшүп, карындаш, инилерим (үч бала, бир кызы бар экен атамдын) мени канчалык түркүн оюндар менен алаксытпасын, негедир өзүмдү эркин сезе албайм. Эмнегедир бир нерседен корунгансыйм. Өзүм да түшүнбөйм ага. Атам да аялынын көзүнчө мага анчалык батына албайт. Аялы деле жаркылдап, жайнап тургансыйт, антсе да атам мени анын көзүнчө эркелете албаганына таң калам. Сөздү дагы талдап сүйлөйт сабака жооп берип жаткан балача. Атамды жекиргенин деле көргөнүм жок аялынын. Айтор, жашоо турмуштары дурус эле болсо керек, менин байкашымча. Бирок кийинки күндөрү эмнегедир үйгө кетүүнү самадым. Апамды сагындым го.
Күңкүлдөгөн үндөн ойгонуп кеттим. Алардын жаткан бөлмөсүнүн эшиги ачык болгондуктан, сүйлөшкөн сөздөрү даана угулду.
- Көп үйүр алдыра бербе. Болду эми, келгенин койсун. Ошончолук эле эзилип баратсаң, өзүң эмне барбайсың?.. Мүмкүн тил табышаарсың тиги аялың менен кайрадан, - деп үнү кекээрдүү чыгып бир топко унчукпай калды. Мен жөнүндө сөз болуп жатканын дароо билдим. Кулагым чурулдап, башымды кан тээп, дүүлүгүп чыктым. Эми экөөнүн сөздөрү мага үзүл-кесил угулуп жатты.
- Бизге эмне зыяны? Боор тартып келип жатат да. Балдар да аны жакшы көрүп... - Атамдын үнү алсыз, калтаарыңкы чыкты. Көңүлүм айнып баратты.
- Ээн-эркин, атасыз өскөн неме балдарды бузат. Айтканым ошол. Болбойт экенсиң, аның менен кошо кет. Биердеги балдарың да атасыз өссүн тигиниңе окшоп... - Ушуну менен сөзгө нокот коюлса керек, унчукпай калды. Атам үн кайрыган жок.
Таң атканча уктай алсамчы. Азыр эле туруп алып, безип кетким келди үйдү көздөй. Апамды сыга-сыга кучактап, өпкүм келди. Апамдын алдына олтуруп алып ыйлагым келди. Эх, келбей эле койсом болмок экен да... Жаздыкты кучактап алып, өпкө-өпкөмө тийбей солкулдай бердим...
- Үйгө кетем, - дедим эртең менен турганда атама. Атам бир топко үн катпады.
- Барсаң бар, өзүң бил, апаң да күтүп аткандыр, - деди бир топтон соң. Башка лям деп үн каткан жок.
Атам мени автовокзалдан узатты. Автобустун ичине кирип, ордума олтургузду. Бир нерсени айталбай жаткандыгын сездим көз карашынан. Ары-бери, эки жакты карамыш болуп, өзүн алаксытат. Бир оокумда каргылданган муңдуу үнү чыкты:
- Кыяз, сен чоңоюп калыпсың. Апаңа кол кабыш кыл. Ал аябай жакшы киши... - Анан сөзүнүн аягына чыга албай кучактап бетимен өпкөндө көзүнөн жаш буурчактай чубуруп, жаак ылдый куюла баштады. Ал көпкө чейин солуктап тура берди менден эрдин албай. Мен да жашып кеттим. Экөөбүздүн көз жашыбыз бирге кошулуп, жерге тамып жатты. Ага боорум ооруп, аяп кеттим. Акырын жаагын сыладым. Атам жүзүн буруп кетти менден. Мен да ошенттим. Аңгыча автобус от алып, атам жерге түшүп, мен узап кеткиче кол булгап турду. Мен да булгаладым колумду.
Үйгө ката автобуста апамды, атамды, анан атамдын аялын алмак-салмак көз алдыма элестетип келдим. Үчөө үч башка, эч качан бирине бири кошулбаган, бирин бири тааныбаган адамдарга окшоп жатты. Анан менин оюма апам менен атамдын ортосундагы чатак эмне экендиги түшүп, эмне үчүн экөө эки жакка бөлүнүп кеткендигине жооп таппай жаттым. Эми бул суроо башыма биротоло уялап алды. Мен бул жөнүндө апамдан такыр сурабаптырмын. Үйгө жетээр менен апаман анын себебин сурап көрбөсөм. Балким жашырбай айтып берээр. Болбосо «аны эмне кылмак элең?» деп тыйып коёр. Бирок апам антпейт. Эмнеси болсо да ушул сырды бир сурап көрөйүн. А тиги атамдын азыркы аялы «балдар жаман жорук үйрөнүшөт» деп менден бекер эле чочулап жатат. Ал мени түшүнбөй айтты окшойт. Мен кайра алардын жакшы болууларын көздөйм.
Мен ал аялды ичимен жаман деле көргөн жокмун, жаман көрбөйм. Ал экөөбүз бейтаанышпыз да. Бейтаанышты да жаман көрчү беле.
Атамды деле жаман көрбөйм. Ким атасын жаман көрсүн... Бирок бардыгынан апамды жакшы көрөм мен. Андыктан менин башымда уйгу-туйгу болуп бараткан сырды сурасам айтып берет.
Автобус гүүлдөгөн бойдон айылды аралай келип, токтоду. Мен автобустан түшүп, үйдү көздөй жүгүрдүм. Апам там артында турган экен, мени көрөр менен кучак жайып, делбектеп келатты...
Догдурбек ӨМҮРЖАН
(“Кечүү” аңгемелер жыйнагынан).
#ата_элдик
Комментарии 6