Бир эле коомдо жашап жаткан ,бирок эки башка көз караштагы адамды көрдүм.Мектепке карата бири душмандай,бири аялуу,сый мамиле кылган ата-эне,тагыраагы апалар
Менин классымда бир окуучум бар эле,такыр үн чыгарбай,балдар менен да ойнобой,тентектик да кылбай жүрүп, төртүнчү классты аяктап кеткен.Мындай окуучу ар бир класста кездешет.Канчалык жекече мамилеге өтүп,өзүмө тартайын десең да,кетенчиктейт да турат.Окуганды билет,анын окуганын угуш үчүн классты тынчтандырып,турган турпатың менен бир чоң кулакка айланышың керек.Ошондо да бирин угуп,бирин укпайсың.Жадыбалды жатка билет,бирок,аны пайдаланып,туюнтмаларды иштей албайт.Болгон дарамети ошол.Сапсары болгон, сүйкүмдүү бала.Адатта,балдар класстагы мындай балдарды кемсинтип,басынтып коюшат.Мен ага жол бербедим.Ал балам ар жооп берген сайын жар салам, мактап,сылап,сыйпап,сүйүнүп калам.Ал да көзүн күлмүңдөтүп,кубанып калат.Таптаза жүрөт,тынч отурат,аракети күчтүү,кечээкиден бүгүн мыкты дей берем.Сүрөттү мыкты тартат,анысын да баса белгилейм.Чейректе башкасы үч болсо да,сүрөттөн дайым беш чыгат.Дос күткөн жок,класстын баары менен бирдей мамиледе болду.Байкасам, өзүнчө бир үлбүрөгөн жан дүйнөсү бар,кыялданып отура берет.
Ушул баламдын апасы бар,жаш келин,25-26 жаштын тегерегинде.Эмгекчил келин.Бир айылда жашагандыктан,ким эмне кылып жан багат, баары алаканынга салгандай көрүнүп турат эмеспи.Жазында,жайында кызылча, жүгөрү чабыкка чыгат,күзүндө аларды оорууга,жыйноого чыгат,акча табат,жаны тынбайт.Бүлдүркөндүн сезонунда чакасын колуна илип,бүлдүркөн терип,сатат.Ара-чолодо ар кимдин үйүн актап, сырдап,нан таап жешет.Күйөөсү да иштейт.
Ошол келин баласы биринчи класска кирип,жаңы окуу жылы башталгандан кийин ,эки-үч күн өткөндө колуңа пакетин көтөрүп,класска кирди.Батына албай,биртике турду,жылмайып коёт, ыңгайсыз абалда болду..
-Келегой,Жылдыз
-Келдим,эжей.Менин балам кантип атат,өзү да слабый.Даярдоо классын эптеп эле бүткөнбүз...
Баласы жөнүндө бир аз сүйлөшүп турдук.Кетээрге камынды.
-Эжей,бул сизге,баятан бери кармалап отурган пакетин сунат.
-Кичинекей белегим
-Жылдыз, убара болбо.Балаңды белексиз эле окутам,Мен айлык алып жатам.
-Жок,эже,атайын арнап келдим.Сиздин эмгегиңизге ыракмат.Менин ,,жаман,, баламды окутуп атасыз,чай ичип коюңуз,арзыбаган эле белек...деп, болбой таштап кетти.Белегин алып жатып бир кызыктай болдум.Анын талаадагы бардык жумушту кылган,эмгекчил,туурулган колдорун көрүп, аядым.Бир чети сунган колун суутуп,өзү деле ыңгайсыз болуп жатып,араң берген белегин кайтара албадым.Ыракматымды айтып,кала бердим.Пакетте,таттуулар,суусундук салынган экен.
Ошол келин ар жыл сайын,окуу жылынын башында келип,белегин берип турду.Төрт жыл бою.
-Жылдыз,мен сенден белек үмүт этпейт элем.Өзүң айылдагы болгон оор жумушту жасайсың.Ушуну жөн эле койсоң болмок...Айтканыма болбойт
-Эжей,мектепте балдарга билим берип жатасыз.Сиздин эмгегиңизге кичинекей ыраазычылык эле билдиргеним,колумду кайтарбаңыз...
Жаңы мектепке кирдик.Жууп,тазалоого ата-энелерден жардам сурайбыз.Эң биринчи эле Жылдыз келет.
-Эжей,эмне жардам керек болсо,айта бериңиз,мен сөзсүз келем ...
Столдордун жакшы сакталышы үчүн клеенка жабабыз дейм.Дагы деле Жылдыз биринчи келет.
Класстан тышкаркы кече өтө турган болсом да,сулуу кийимин кийип,суйкайган Жылдыз биринчи келип,илчүлөрүмдү илишип,балдардын костюмдарын кийгизишип,жанымда жүрөт.
Кыскасы,мектеп дегенде жанын төшөйт.
Бүгүн автобуста бир бакылдаган аял отурду. Кошуна айылдан.Мектепке көз карашы абдан начар экен.Кечээ мектепте чогулуш болсо керек.Автобуска кошо түшкөн аялдарды урушуп эле кирди
-Баарыңар отурасыңар,ооз ачпай.Мени коштоп койсоңор эмне болот эле.Эмнеге балдар пол жуугуч керек.Техничка деген бар,алардын айлыгы жети жарым миң болгон, көбөйгөн.Эмнеге алар жуубайт(анын ою боюнча бул чоң акча экен)
-Алар башталгыч класстардын кабинеттерин жуушат.Чоң класстар өздөрү эле жуушат да,алар чоң,алы келет
-Эмнеге өздөрү жууш керек.Колдору үшүйт,суу муздак...
-Суусу жылуу,колдорун деле сууга салбайт.Ошондой швабра бардык класста бар.Сабын бураса,суусу сыгылат,сууга колун салышпайт
-Жок,негизи балдар жуубаш керек
-Мугалимдердин айлыгы көбөйдү,олчойгон айлык алышат...деп,бир кезде мугалимдердин айлыгына асылды.
Айтор,эч кимге сөз берген жок.Жашы деле өтүп калыптыр.Баласы эмес,небере окутат окшойт.Муштумдай алтын сөйкөсүн силкилдетип, ачууланып келди.Бир нерсе дейин десем,бетимди жулуп ала турган.Унчукпадым.
Айланайындар,Японияда,Кытайда техничка деген жок.Окуучулар баарын өздөрү жууп,тазалайт.Андан тышкары,эмгекке тарбиялоо деген бар го.Бир айда бир жолу пол жууп койсо, колуна жугуп калабы?Мектепти,мугалимди сыйлабаган коом өнүкпөйт.
Ушул эки аялды салыштырып,Жылдызга аябай ыраазы болдум.Өркөнүң өссүн,Жылдыз.Сага окшогон ,мектепти сыйлаган,билимди сыйлаган ата-энелер көп болсун.
Айгүл Усупова
#ойтолгоо_элдик
Комментарии 4