Токсондун түшкөнү, Чилденин чыкканы жаман.
Кыргыздар ушинтип коюшат. Азыр Токсон түшүп жатат. Быйыл Токсон бир жумадан узагыраак кеч түштү. Туура түшкөндө 29-ноябрдан 11- декабрга чейин созулат.Токсон түшкөндө эки жумадай кычыраган катуу суук болот. Ошондуктан “Токсондун түшкөнү, Чилденин чыкканы жаман “ деген сөз калган. Кыргызда Токсондун түшкөнүнө карап жаздын, ал түгүл жылдын кандай болорун болжошкон.Токсон айрым жылдарда бир жума эрте түшсө, айрым жылдарда бир жумага кеч түшмөйү да болот. “Токсон эрте түшсө, жаз эрте келет, кечигип түшсө, кеч келет” дешкен. Токсон түшкөндө кычыраган суук болбой , кар жаабай кургак болсо жаз суук болуп, жыл кургакчыл болот дешкен.
Быйыл Кудай буюрса Токсон кеч түшкөнү менен кар жакшы жаап жатат. Эки жумадан ашык созулуучу кычыраган суук ошондуктан болууда. Күз жаанчыл болду. Кыргыз жыл сүрүүсүнө карасак, жаз апрель таяп кеч келип, суук болот. Токсондун кеч түшүшүн кыргыздар оомалуу төкмөлүү деп да коюшкан. Аны мындай түшүндүрүшкөн. Оңуна оодарылса, кыш бир калыпта суук болуп, ал марттын ортосун ооп барып жылымчыктайт. Солуна оодарылса, февраль айында күн жылымчыктап, жаз келген түс көрсөтүп, кайра март, апрелде суугуна алып оюн көрсөтөт дешкен. Келе жаткан жылда Токсон кары кандай болорун көрө жатаарбыз. Белгилерине карасак келерки жыл июнь-июль айларынан кийин жылдагыга караганда кургакчылыраак болушу мүмкүн. Жараткан Кудай колдоп жыл жакшы болсун дейли!
Чолпонбек Абыкеев.
#токсондунтушкону_элдик
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев