Чогуу ойногон досторум китеп, китеп баштык, кийим - кечек алдырышып, жаңы окуу жылына шайма - шай болуп алышыптыр. А менде алардын бири да жок. Атам мурдун тердетип күндө арак сасып келет.
- Ата, окуу ачылганы калды!,- десем: - Маянам тиерине аз калды. Чыдай тур!- деп жооткотуп коёт. Классташ балдардын: " Он күндөн соң окуу башталат:- дегендерин өз кулагым менен угуп, айлам кетет. Апам эле аман болгондо гана, атаганат! Анын каза болгонуна эки жыл болуп баратат.Ал кишини эстеген сайын көздөн жаш" мөлт " эте түшөт. Андай учурда эч кимге көрүнбөгөнгө тырышам. Көрүп калышса: " Көзүң аккыр! Апаңды ушундайыңдан жегенсиң !- дешери анык. Эми минтип окуу ачылайын деп калса да мени ойлогон жан жок. Түнү менен ардемени ойлоном. Төшөнчүмө башымды чүмкөп, өпкөлөп ыйлап, бугумдуу чыгарам.
Ушундай күндөрдүн биринде башыма бир ой келди.
Августтун жылуу бир күнүндө таң заардан турдум да, Бөрүтокойго жол тарттым. Анын жөнү мындай. Кайсы жылы экени эсимде жок, агам Абылдан: " Тыйын чычкандарда тыйын болобу?- деп сурасам: "- Ооба Кабылтай, анын чөнтөгү шыгыраган тыйынга толтура болот "- деп ишендире айткан жайы бар. Аны укканда бүйүрүм кызып, кыялга баткам. Агамдын ал жообу унутула турган эмес.
Чыйыр жолдо жалгыз баратам . Менден чочулай учуп, конгон ала канат сагызгандар шакылыктаса итиркейим келе таш менен уруп калам.Анымы тоотуп коймок түгүл, бир аз арылап эле кайрадан безенет." Ак сүйлө, ак сүйлөсөң так сүйлө!"- деп тап беримиш болом. Сереңдеген боз коёнго да жолуктум. Жеңилдигин айт. Эки - үч секирип эле жок болуп кетти. Жөжөлөрүн эрчиткен кекиликтин жорголугу ай! Кармап ала тургандай эле аралыкта. Артынан канча кубалаган менен пайда жок. Жер сыйпалаган боюнча отуруп каласың.
Ошентип жүрүп көздөгөн жериме күн шашкеде араң жеттим. Токой канчалык сүрдүү көрүнсө да коркподум. Тээ бийикте айланган эки- үч бүркүт, бактан бакка учуп конгон канаттуулар эш болду сыягы. Кыбырап жүрүп сууга жакын жерде жапырылып жаткан көп бүлдүркөнгө туш болдум. Биринен бири шактуу, биринен бири таттуу сезилген бул мөлтүр тамчыдай болгон мөмөгө айда бир тойдум дейсиң, түш ооп бара жатканда гана келген максатымды эстеп, сапарымды андан ары уланттым. Бар максатым тыйын чычкан табуу эмес беле? Жарым саатка жакын жүргөндөн соң аны да тапкансыдым. Алча бутагында экен уясы . Менин жакындап калганымды сезген эки тыйын чычкан качып чыкты. Кайда кеткенин көрбөй да калдым. Оозунан алдырган бөрүдөй болуп бир топко турдум да уясын чукулай баштадым. Уя жалбырактардан кураштырылып жасалса да ичи тыбыт жүн, майда, жумшак кебез сыяктуу нерселер менен жасалыптыр. Аны көрүп бүтүп , тыйын чычкандарды издөөгө өттүм. Көп деле убараланбадым. Жакын эле жерден тыйын чычкандын куйругун байкай койдум. Кайыңдын жалбырактарына жашынган экен. Кайыңга чыга баштадым. Мен жылсам ал да жылат. Токтосом токтоп калат. Жан дегениңдин шириндиги ай! Куйругун чамгарактатып, карагаттай көзүн мөлтүрөтөт. Өңү кочкул күрөң тартып,ич тарабы агыш бул макулуктун сулуулугуна таңыркап карайм. Мына, жакындап да калдым. Бир аз чоюлсам эле колум жетчүдөй. Дагы бир аз көтөрүлө жылдым да, секиргенге үлгүртөй шап кармадым. Ал кайрыла калып колумду тиштегенде, көзүмөн чаар чымын учуп, бир бакырып алдым. Чычкан колдон чыгып кетти. Мен болсо тең салмагымды жоготуп, кулап бараттым . Жерге катуу тийгенде өпкө, жүрөгүмдүн кушурулуп аба жетпей баратканын бир билем, калганы эсимде жок...
... Көзүмдү ачсам күн батып баратыптыр. Башым зыңылдайт. Аман экемин. Бети, башымды сыйпаласам, кан катып калгандай. Жакшысы колу - бутум аман экен. Үйдү көздөй илкип жөнөдүм. Ылдам баса албадым. Тез эле каш карайып, түн өз өкүмүн жүргүзө баштады. Башымдын оорусунан уламбы, коркуу сезими болбоду. Айдын шооласы тоо ылдый жылып келатты.
Жол арбыбай жатты. Бир убакта " Кабы- ы - л!"- деген үн угулгандай болду. Атамдын үнү!...
- Ат- а- а! Ат - а- а!- деп кыйкырып жаттым мен да.Бирок, өз үнүм өзүмө угулбады. Атам мени уктубу, укпадыбы, билбейм, башым тегеренип, жер айлан - көчөк болуп баратты...
Эртеси райондук ооруканада эсиме келдим. Башым таңылуу. Атам жанымда экен.
- Оорубай элеби?- деди ал үйрүлө түшүп.
- Ооба,- дедим араң шыбырап.
- Бөрүтокойго эмнеге бардың эле?
- Тыйын чычканга.
- Аны эмне кылмаксың?
- Чөнтөгүндөгү тыйындарын алып китеп баштык, китеп, дебдер, кийим сатып алмакмын. Колумдан чыгып кетпедиби!?- дедим.
Атам ойго чөгө түштү. Анан ары карай бурулуп кетти. Көз жашын мага көрсөтпөй сүрткөндөй болду да:
- Мени кечир, уулум!- деди үшкүрө сүйлөп. Мындан кийин арак ичсем ата дебе, макулбу?!
Башымды ийкедим.
...Алты күндөн соң ооруканадан чыктым. Атам мен каалагандардын бардыгын сатып берди. Кубанычым койнума батпайт.. Үйгө, досторума тез эле жетсем дейм. Биз отурган машина өтө жай жылгансыйт. Жол да узарып кеткендей...
Жашоонун таттуулугу ай! Тыйын чычкандын да жашоого укуктуу экенин ойлоп койдум. Өз уясында өмүр улантышын тиледим.
Мамытбек Боругулов
#тыйынчычкан_элдик
Комментарии 2