Шо энди 60 жылдык тантана өттү. “Чаар” дептер колдо. Тойдун пайда-зыянына эсептеп отурам. Коноктордун тилеги жакшы болду дечи, бирок, кемпирим экөөбүздүн тилегибиз болбой калчудай. Түшкөн акча тойго алган кредитти жапса болду дегенбиз да. Иш чатак окшойт...
- Өй, кампир, Муташ үкаң бир эчки коштубу... – дедим барактан көзүмдү албай.
- Кошсо, кошкондур да... – дейт кайдыгер.
- Улагы барбы?.. – дейм демите сурап.
- Каяктагы улак, ушунусуна деле шүгүр десең... Үкам эптеп тиричилигин өткөрүп жүрөт го...
- Өй, минеге шүгүр дейм... Анын үй тоюна торпок жетелетип бардың го!.. Үкөңү мактасың Ажо отдыхает... – деп дептерди ары барактайм. “Тай” деген жазууну көрүп, жүрөгүм солк эте түштү. “Ким кошту экен?” деп кызыга карасам, Парпи авамын аты жазылып турат.
- Өй, кампир, Парпи авам атасына аш берген да, туурубу?.. Анан минеге мага тай кошту экен?.. - дедим ой түбүнө жете албай.
Кемпирим тойго түшкөн чөпүрөк-чапырактарды иреттеп, өзү менен өзү убара. Калпактын өзү эле бир кап болду окшойт. “Классташтар” деген жазууга көзүм түшүп:
- Достор мингизген атты ээсине жеткирип бердиңерби... – дедим эми эсиме келгендей.
- Качан эле жеткирип берген... Аны сенин корооңо байлап коймок беле... – деп орой үн катты кемпирим. Ушу азыр ортодон бир нерсе чыкчуудай, үйдөгү аба ырайы бузулуп, бороон-чапкындын илеби согуп турду.
- Канча какшадым!.. – болжогондой эле кемпирим жарылды. – Үйдөн эле той өткөрөлү десем болбойсуң!.. Сен Сапаралиге теңелип мине кыласың!.. Анын баласы түрмөдө жатса да, үйү эмес, айылды багып жатпайбы!.. Кайсыл арыңа ресторанга той өткөрөсүң!..– деп буркан-шаркан түшө баштады.
- Үйгө той өткөрсөң, Алимбай тагаң мышык-чычканынан бери ээрчитип келип алмак... Ансыз деле аштын көбүн сенин тагаңын балдары жеп кетти... – дедим нааразы боло.
- Сенин туугандарың эле созулуп отуруптур да... Муну кара!... – кемпирим от алып кетти. – Миң сомдон көтөрүп келишип, кашыганан бери койбой түйүп кетишиптир го... Мына балаң, 20 миң сом таппай чуркап жүрөт!.. – деди опурула.
- 20 миңди мине кылат экен?.. – дейм акылым жетпей.
- Ресторанга болгон карызды төлөбөйбү?.. – деген кемпирим алаканын жаят.
- Төлөйбүз!.. – дедим бош келбей.
- Абийриңди кудаң жаап кетти... – деген кемпирим алдындагы түйүнчөктү ачып: - Мына, карачы кандай сарпай алып келишти... – деп четинен чыгара баштады. – Миң доллар кошту, мындай акча сенин түшүңө дагы кирбейт... – дегенде, кудамын жаркын маанайы көз алдыма тартылып, эртеден берки ташпишти унутуп, каным суюла түшкөндөй болду. Аялымын дагы жүзүнөн нур чайып бир башкача болгонун байкап, мардаям.
- Сага момындай костюм-шым алып келиптир, кийип көрчү... – алдыма ыргытып койду.
Костюму чак келгени менен шымы бир аз чоңураактай. Кемпирим:
- Ие ботом, шымы кантет, башка го!.. – деп колуман жулуп алды.
- Келе бер, кийип көрөйүн... – дейм кызыгуум артып.
- Жок, болбойт, сага чоң экен...
- Кудам моданы билген киши... Мени стильный кийинип жүрсүн десе керек да... Бол, бер кийип көрөйүн...
- Жок, бул сага чоң...
- Эй катын, сенде ийне-жип деген болобу?.. Чоң болсо эки жагынан кичирейтип кой да... Ушу дагы ишпи сага!.. Бишкекке барсам, “Оо, мен алып берген костюм-шымды кийип жүргөн экен” деп кудам сүйүнөт эле да... Аны көрүп мен сүйүнмөкмүн... Мен сүйүнгөндө өзүң билесиң, сен дагы сүйүнмөксүн...
- Мен минеге сүйүнөм?..
- Сураганыңы аберет элем да... Келе шымды бер... – дейм шашылып.
- Жок эй, сенин чөөнүн көчүгүндөй немеңи кара, муну кара... – дейт аялым жолумду тороп.
- Мен сага чөө көрүнүп атамынбы!.. – дедим жиним келип.
- Сени эмес, көчүгүңү айтып жатам!..
- Ошо, көчүгүм мен да...
- Боптур эми, Ванн Дамм эмессиңби... – деп кыткылыктайт тооба.
- Мага окшогон далысы кыскаларды Жеки Чан деп коёт, ким менен жашап жүргөнүңдү билбейт экенсиң... – деп кыды-пыды деше кеттик.
Аңгычаң аялымдын телефону шыңгырап калды. “Жөн отур, кудагыйың чалып жатат...” деген аялым мага акырын шыбырады. “Тойду өткөрүп алдыңарбы?” деп ал-акыбалды сурайт тура” деген ой ичимди жылытып, маашырлана кемпиримди тиктеп отурдум. Кудам чыны жүда-аа пакиза, тыкан киши. Мен ушу кишиге суктанып бүтө албайм да. Бир аз сүйлөшкөн соң, күлкүсүнөн какаган кемпирим, тогуз томолонуп, ыкшыйт десең. Баңгиден беш-бетер. Шымды тиктеп алып, боору эзилгенче күлдү. “Тойдун карызынын азабынан кемпирим ушунтип калабы?” деп чочуганымды айтпа.
- Ой, бул шым... – деп эле кулайт, күлкүсү тыйылбай. Дендароо болдум. Бир аздан кийин өзүнө келип: - Бул шым кудагыйыңдыкы экен... – деп жолборстун жамбашы батчудай немени жая көрсөтүп: - Адашып келип калыптыр... – деди.
А мен таберик сарпайынан ажыраган адамдай, мостоюп отурдум...
Шекербек Калыков, 02.10.24ж
#шым_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8