Сиз менин Ошка номериме 3000сом которуп койсоңуз, мен сизге самсанын акчасын кошуп 5000сом, жолкиреңизге отдельно 200с наличка берем дейт. Макул деп, тигиге 3000с которуп коюп, урган бойдон самсаканага барат. Самсаканага барса, дароо самсаны колуна карматат, ысык жеткириң ака, муздап калбасын деп. Самсаны алып, урган боюнча больницага барат. Барып чалса номер өчүк. Кайра-кайра чалат, албайт. Алданганын түшүнүп, самсаны көтөрүп алып кайра самсаканага келет. Самсакананын кассири ишенбей, өзү чалат, өчүк.)
Экөө бир чара самсаны ортого коюп алып, бири-бирин караган боюнча элеңдеп туруп калышат.)
Көрсө, самсаканадагы кассирге "ака, мен больницада жаттым эле, азыр паланча деген таксист барат, 2000сомдук самсы берип коюңузчу, сиз менин Ошка номериме 3000с салып койсоңуз, мен сизге таксисттен 5000сом наличка берип жиберем" деп, тигиден да 3000сом котортуп алган экен.))
Таксист менен самсачы ээрчишип алып Ошканын офисине келишет.))
Болгон окуяны төкпөй чачпай жарым саат арызданышат.) Жүргүзүлгөн төлөмдөрдү биз көзөмөл кыла албайбыз жана жооп бере албайбыз деген гана жоопту алышат.
Ошентип, экөө баштарын мыкчыган бойдон кала беришет.
Кайра эле ошол аферисттерге бир койдун этин алдаткан касапчынын окуясы кийинки санда.)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7