Караңгы кирсе да,жарыкты жандырбай отура берди.Ордунан турууга аракет да кылган жок.Тагдырын жек көрүп отурду.Маликке жолуктурган күндү жектеп отурду.Кыялдарынын кыйраганына,алты жылдан берки эмгегинин сапырылганына үзүктөй пайдасын көрбөй,дем алышсыз иштегенине,жашоосуна наалат айтты.Бакырып,үнүн чыгарып да ыйлай албады.Муунуп,үнсүз ыйлады.Көз жашын эркине койду.Тизесин кучактаган бойдон катты да калды.Сүйүүсү жек көрүүгө айланды.Малик жанында болсо,тытып жегиси келди.Жанагы хан сарайга жетсе,күлүн көккө сапырып,тыптыйпыл өрттөгүсү келди....Бирде туруп,,Сага чала,сага чала болот,Асыл.Ушунчалык маңыроо болосуңбу?
Бирде туруп ,,Миллион,миллион кредит,миллион,, деп күбүрөнөт.
Жамиланын акчасын бергени эсине түшсө,,Жамила,кызым,кечир...кечир акылсыз апаңды,,деп,шыбырап, кызы жанында тургансып,кызынан кечирим сурайт.
Таңдайы ката суусады,туруп,илкий басып,ашканага жөнөдү.Шкафтан чыны алганы жатып,бир жылдан бери ,,багы ачылбай,, турган жарты бөтөлкө аракка көзү түштү.Бир жыл мурун,Маликтин туулган күнүндө чогуу иштегендери келип,жарымы ичилип,жарымы ошол бойдон турган.Бир чыны куюп,суу ичкендей ичип койду.Мурда арак ичип жүрбөсө да,ачуурканган жок.Ичи өрттөнүп,жалындап турду,ошол жалынды арак менен өчүргүсү келгендей,удаасынан дагы жарым чыныны шар жутту.Ошону менен бөлмөсүнө барып жатып алды.Таң эртеден наар албаган жаны эс-мас абалда уйкуга кетти.
Эртеси жаны өзүнүкү эмес болуп ойгонду.Башы ооруп,жумушка да барган жок.Чалып,ал-абалын айтканга моюну жар бербеди.Төшөгүнөн тургусу келбей, шаардын ары, бери карай, жумуштарына шашкан адамдарына аралашкысы келбей, көзүн жумуп жата берди.Көзүн жумуп жата берсе эле миллион,жарым миллиондор өзүнөн өзү жоюлуп,жок болуп кетчүдөй.Жамиланын акчасын кантип айтам,кантип...миллионду кантип төлөйм.
Түшкө жакын ордунан козголуп,бети-колун жууп,ашканага кирди.Кечээки бөтөлкө ордунда турат.Жамиланын деле тамак ичкени байкалбайт.Кечинде, Асыл уктаганда келип,жатып, эртең менен жумушуна кеткен окшойт,ашканага деле кирбесе керек.Мурда оюнун баарын Малик ээлеп турчу.Малик келер маалы болду,жыйналайын,тамагын дайындайын,Малик ичсин,Малик жесин деп,Малик мээсине чейин орноп алгандай болчу.Эми,анын ордун Маликке болгон жек ко́рүү жана төлөй турган миллиондор басты.Ойлонуп,ой түбүнө жетпей, бөтөлкөдөгү калган аракты ичти да,отуруп калды.Денеси жибип,беттери албырып,жан дүйнөсүн кыйнаган ойдон биртике болсо да арылгысы келип турду.
Эшиктин коңгуроосу чырылдап,ачса батирдин ээси экен.
-Эртеден бери чалсам, албайсың.Кечээ эле батир акысын беришиң керек эле.Өзүм басып келдим.
-Кечириңиз.Мен...азыр...сумкасын издеп таап,батир акысын берди.
-Кийинкисин кечиктирбе
Биртике тамак аштык тыйын артканы болбосо,болгон акчаны батир акыга берди.Жакында кредит төгөөрүн эстегенде,турган ордунда тегеренип кетти...
Кой,азык-түлүк алып келейин деп, сумкасын колуңа алып, дүкөнгө жөнөдү.Нан, шекер,картошка ,май жана бир бөтөлкө арак алды...Бир ою арактын арты жаман экенин билип турса да,бир ою чечилбеген проблемаларды аз да болсо унутуу үчүн ал деп,азгырып жатты.
Жамила экөө кечки тамакты бирге ичишти.
-Апа,жумушка эмне үчүн барбадыңыз.
-Ооруп турам
-Жакшы болуп калдыңызбы,кайсы жериңиз ооруп жатат..деп Жамил үйрүлүп түштү.
-Жакшымын...жакшымын..деп барып Асылдын үнү каргылданып,көзүнө жаш тегеренди.Жамила ордунан туруп,апасын кучактады.Мурдуна арактын жыты келди, унчукпады.Аракты оозуңа албаган апасынан арактын жыты келгени аны ойго салып койду.Маликтин келбей калышы менен байланыштырып койду.Сурайын деп,оозун таптап барып токтоду.
Ошону менен Асыл ар кайсы шылтоону айтып,жумушка барганын койду.Барганда деле кыйратып жумуш иштерине көзү жетпейт.Акырындап,ачуусун басамын деген ой менен аракка берилип баштаганын өзү сезбеди.Арак ичкенде гана өзүн жеп жаткан ойлордон кутулат,тынч уктайт.Муну Жамила да сезип ,апасы менен ачык сүйлөшүүнүн оңтоюн таппай жүрдү
Кредитти төлөй турган күнү келди.Банктан кайра-кайра эскертип,чалуулар келип жатты.Жамиладан акча сурап турууну чечти.Кечинде,тамак үстүндө сөз баштады
-Жами, ушул жолку кредитти төлөп бересиңби,кызына суроолуу тигилди.
-Макул.Бирок,айлыгым бүрсүгүнү тиет.Ага чейин менин чогулган акчаларымдан бере бериңиз.
-Жами..мен...мен жерге кирейин.Кечир акылсыз апаңды.Ыйлап жиберди
-Ой,апа,кичине бирдеме болсо эле ыйлай бересизби
-Кичине эмес,кызым,кичине эмес.Менин чоң күнөөм бар....
-Апа,ачык айтыңызчы.Кийинки күндөрү башкача болуп баратасыз.Же,Малик байкенин келбей калганы сизге оор тийип жатабы.Баса,ал качан келет.
-Ал эми келбейт....ал...үйлөнүп алыптыр
-Эмне?Кандайча, апа?
Асыл калтыраган колу менен телефонун чукулап,баягы сүрөттөрдү таап чыкты,кызына сунду.Жамила сүрөттөрдү көрүп,суроолуу көз караш менен апасына карады.Асыл ийинин куушуруп,алаканын жайып
-Ушундай экен.Анын мынчалык акмак экенин билбептирмин.Сындырып кетти,сындырып.Тебелеп,тепсеп,кайра тургус кылып кетти.Ичиндегисинин баарын айтып,ыйлап жатты.Жамила да апасын кучактап,кошо ыйлады.Бир далайга отурушту.
-Апа,эми кредитти биз төлөйбүзбү
-Менин атыма алынган,мен төлөшүм керек.
-Тигиге чалбайсызбы,төлөсүн да
-Кызым,анын телефону көптөн бери өчүк.Аргасыздык Жамиланын да колу бутун буугандай абалда калды.Ачуусу менен Маликти жаман сөздөр менен сөгүп,тилдеп алды.
-Анда,менин чогулткан акчамды төгөлү.Баягы,биякка жаңы келгенде акча салып,таякеме беш торпок алдырбадыңыз беле,ошону саттыралы,алар деле көбөйгөндүр.Таежемдерден да жардам сурайлы,ошентип төлөп,кутулуп коёлу.Болбосо,канча жыл кредит менен жашашыбыз керек болот.Өзүбүз үчүн качан жашайбыз?Жамила өзүнүн тапкан акылына кубанып,колун ары,бери шилтеп,сүйлөп жатты
Асыл аргасыз дагы ыйлады
-Жами,сенин акчаларың жок болуп кеткен.
-Кандайча,апа, эмне деп атасыз
-Акмак апаң тигинин сөзүнө ишенип,мына ушул колдорум менен ,өз колдорум менен сенин акчаңды тиги желмогузга бербедимби,ага кудайымдай ишенбедимби...Курган жаным,кайсы каргашалуу күнү ага жолуктум экен.Түбүмө жетти,түбүмө.Асыл калтыраган колдорун жек көрө карап туруп ыйлап жатты
-Апа...кантип ушуну кылдыңыз.Жок дегенде ошол акчага тийбей койбойт белеңиз.Ай,кудайым ай.Эми Жамила агынан жарылды.Маликти жерден алып көргө салды,каргады,шиледи, буркурап ыйлады.
-Же өз атамдан жакшылык көрбөсөм,эми мунун кылганы бул.Деги мен эмнеге мындай жаралып калдым экен.Тагдыр эмне үчүн мынчалык таш боор.Мени менен теңдер окуп,студент болуп жүрүшөт.Мен болсо бешиктен белим чыкпай жатып,жетим өз киндигин өзү кесет болуп,бармактайымдан жумушка кирдим.Аягы эмне болду?Акча таптым,ал да буюрбады.Бирин бири сооротуп,көпкө отурушту
Бир чечимге келе албай,экөө бөлмөлөрүнө кетишти.Ооналактап,кирпик ирмебей таң атырышты.
(Уландысы бар)
Айгүл Усупова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 29