Токойдо, жолборс менен карга сүйлөшүп калышат экен. Жолборс айтат:
-Мен эң күчтүү жаныбармын, боштондукта жашап, баардыгын өзүмө баш ийдиремин. Карга анын сөзүнө макул болбойт:
-Сен кандай күчтүү болсоң да, мага окшоп асманда калкып уча албайсың. Чыныгы боштондук меники дейт. Бири-бирине түшүнгүлөрү келбей, экөө эки жакты көздөй бет алат. Бир күнү мергенчилер тузак коюп, жолборсту кармап кетишет. Боштондугунан да күчүнөн да айрылганын түшүнөт жолборс. Капаста жашап калат, арадан көп өтпөй, тузакка карга дагы түшөт, экөө оңой эле бийлигинен ажырагандарын түшүнүшөт.
Бир күнү мергендер карганын капасын жакшы жаппай коюшат. Карга андан пайдаланып учуп чыгат. Клеткадагы жолборсту ойлоп, кайтып келип ключтү табат. Жолборс, досум мен сени бошоткону келдим деп кыйкырат. Ключтү туткан жолборс, карга чындап эле сен менден акылдуу, боорукер экенсиң дейт.
- Жок досум, мен сенден жакшы эмесмин, сен да менден жакшы эмессиң. Болгону башыбызга оомат келсе көөп кетпей жашайлы, бизден алсызга жардам берүүнү унутпайлы, өзүң көрдүң бүгүн падыша болсок, эртең мусаапырга айланып калуубуз оңой эле экенин, десе. Жолборс жылмая, туура дептир, эртеңибизди билбей туруп, бүгүнкүгө төш какпашыбыз керек экен...
Автор: #Елизабет
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3