2-бөлүм
Бир жылда кредиттен кутулуп,дагы бир жыл акча топтоп алып,мекенге кайтмай болушту.Асыл күйөөсүнүн колуна үч күн мурда сатып алган саатын тагып берди.
-Туулган күнүңдө Бишкекте болуп калат экенсиң,алдын ала куттуктай берейин, деп,Маликтин бетинен сүйдү.Мүчөлүү жылың эмеспи,кызыл нерсе белек кылышым керек эле.Кызыл болбосо да,күрөң кайыш боосу менен алдым.
-Чоң ыракмат, берекем.Асыл,катарлаш отуруп,башын Маликтин ийинине жөлөдү.Оюна койсо,жанынан жарым карыш чыгаргысы жок,ушул калыпта ,ордунан козголбой,мемиреп отура бергиси келет.Эки айга кетерин эстесе,кошо кеткиси келет.Айла жок, жумуштан калбашы керек.Урушта туруш жок,үйдү бүтүрүүрөлү керек
Тамдын иши жүрүп жатты.Малик күндө видеозвонок менен эшик,терезелрдин орнотулганын,дубалдардын шыбалып жатканын,евросун,туш кагаздардын чапталып жатканын көрсөтөт.Шыбын бир күндө бүтүрүп кетишти деп кубанып алган.Полун паркет кылалы,ага чейин жылуулук системасын койдуралы ...
Иштин жүрүшүп жатканы,Маликтин күндөгү чалуулары Асылга шык берет.Ак сарайдай болуп бүткөн тамын ,анын ичинде өзү каалагандай мебель менен жасалгалап,кожойке болуп жүргөнүн,балалуу үй базар болуп,үй ичи опур-топур,балдардын күлкүсү угулганын элестетип,ошол күнгө тез эле жетип баргысы келет.
Адаттагыдай,Маликтен чалуу келди.
-Кандайсың,берекем....Эмнегедир Маликтин кабагы салыңкы
-Жакшы.Өзүң кандайсың.Ден соолугуң жакшыбы? Асыл удаалата суроо узатты
-Ден соолук жакшы.Жамила кандай,иштеп атасыңарбы?
-Шүгүр,иштеп жүрөбүз.Бизде баары мурдагыдай,жумуш-үй.Өзүңөрдө эмне жаңылык?
-Берекем,мындай да... Малик бир нерсени айта албай жаткансып,башын кашылады.Анын бул адаты Асылга маалым болчу.Ар дайым бир нерсени айта албай,түйшөлгөндө ,ыңгайсыз абалда болгондо ,башын дал ушундай кашылап калмайы бар.
-Айта берсеңчи,эмне болду?Деги тынччылыкпы?
-Тынччылык эле...Курулуш материалдары абдан кымбаттаптыр.Жылуулук системасын,меши менен орноткондо эле эч нерсе калбай кала турган болду.Дагы акча керек болуп турат.
-Калганын кийинкиге калтырып,келе берсеңчи?
-Жок дегенде тегерегин тосуп,дарбаза орнотуп койбосок,ээси жок үйгө үй-жайы жок тентимиштер үйүрү-тобу менен кирип алабы деп коркуп жатпаймынбы,эмгектин баары талаага кетеби деп
-Аның деле туура дечи.Бирок,азыр менде андай акча жок да.Өзүң билесиң,алган кредиттин биринчи айын төлөдүм,экинчи айын жакында төлөйм.Батир акы,тамак ашка анча-мынча калганы болбосо,ашык эч нерсе жок да
-Берекем,мен баарын билем.Үйдү бүтүрүп коюп,барганымда,кредитти өзүм төлөйм.Менин айлыгымдын суммасы бир эмес,эки кредитке жеткидей экенин жакшы билесиң да.Ага чейин чыдай тур,берекем.Мен анда бул жактагы тааныштардан карызга акча алып турайын.Биротоло бүтүрүп салалы,ара жолго калтырбай,кайтып келгенибизде баары даяр болгудай кылып....Ошону менен сөз бүттү.
Эртеси кечинде Малик кайра чалды.Ал жай сурашкан соң,кайрадан акча маселеси жөнүндө кеп башталды
-Акча сурасам,эч кимден чыкпады.Мейли,анда ,Питерге кете берет окшойм,кийинкиге калтырып деп, бүгүн тегерек четти бир карап кеткенге барсам,үч мас жатат,биздин тамдын көлөкөсүндө.Жулкулдатып,тургузуп,кубалап жибердим.Тегеректе бөтөлкө,таштандылар жатат.Азыр жай мезгили,сыртта жатышыптыр,кыш келсе,булар тамдын ичине кирип алса керек.
-Апей,эми эмне кылыш керек?Сен айткандай ,дубалын бийик кылып,дарбаза койбосок болбойт го.
-Ооба,ошентпесек болбойт
Асыл тунжурай калды.Эми кайдан акча табыш керек?Жамийланын акчасын берип турсамбы...Жамила келгенден берки акчасын чогултуп жүрчү.Ал биринчи айлыгын алганда,таттуу-тамек,кийим-кечек кылып,эки баштыкты көтөрүп,шадыраңдап,кирип келген.Асыл менен Маликке да бирден көйнөк белекке берди,менин биринчи айлыгымдан ооз тийип койгула деп.Экөө ыракматын айтып,белегин кабыл алып,таттуулар менен чай ичишкен.Эртеси,кечки чайга отурушканда Малик:
-Жамила,кечээки белегиң үчүн чоң ыракмат.Биз абдан кубандык.Бирок,мындан кийин мындай кылбай жүр.Акчаңды чогулт.Албетте,кийим кечек, керектүү нерселериңди сатып алышың керек дечи,калганын чогулта берсең,чоң суммадагы акча болуп калат.Кийин,Бишкектен бир комната сатып алсаң болот же бир бизнес баштасаң,сонун капитал болуп бербейби....деп,акыл насаатын айткан жери бар.Ошону менен Жамила тапкан акчасынын азыраагын алып калып,калганын апасына каттырып,чогултуп жүрөт.
Ошол акчалар оюна келди Асылдын.Жамила батир акы төлөбөйт,тамак-аш сатып албайт,андыктан,көп эле сумма чогулуп калган.
-Жамила менен сүйлөшүп,анын акчасын сурайын,берсе,салып жиберейин
-Акылдуум менин,ошону ырас эстеттиң,ал акча менин оюма да келген эмес.Анда,мындай кылбайлыбы.Сен акчаны мага которуп жибер.Мен бир айдан кийин барам да,кредитти да,Жамийланын да акчасын ордуна коём.Билгизбей эле ордуна коёлу.
Эртеси Асыл Жамиланын беш жүз миңин Маликке которуп жиберди.Тезирээк дарбаза,дубалын бүтүп,тезирээк бул жакка келип калсынчы деп ойлоду.
(Уландысы бар)
Айгүл Усупова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 45