Асылган оору күйөөсүн алып тынды,отуз жашында кызын кучактап,жесир калды.Ыйлады,боздоду,чыркырады.Өлгөндүн артынан эч ким өлбөйт экен.Жан бөлөк болгон соң,жашоо улана берет тура.Жарым эстей жашоо кече берди.Эмне кылып жатканын өзү деле байкабайт.Колу көнүп калган ишти өзүнөн өзү эле кыла берет,кыймылдай берет.Өзү эле токтоо жан эле,ого бетер унчукпас болуп кетти.Бир гана алаксыганы-кызы.Күйөөсүнүн ашына чейин отурду.Аштан кийин Асылды төркүнү алып кетти.Оор жылдар эле,жумуш жок,соодага шыгы жок.Шыгы болгон күндө да,сооданы баштап кетер акча жок.Жарым жылдай төркүнүндө жүрдү да,эл көргөндү көрөрмүн деп,элди туурап,Питерге кетти.Бөтөн жерге көнгүчө,документти тактагыча,жумуш тапкыча абдан кыйналды.Бардык кыйынчылыктын бүтөр күнү болот экен,акыры батир да тапты,жумуш да тапты.
Адегенде жумушчулардын ашканасына идиш жуугуч болуп орношту.Ашкана жүздөн ашык адам иштеген курулуш фирмасына тиешелүү.Жумушуна бат эле көнүп кетти.Идиш жууйт,бошой калса картошка,пияз аарчып,ашпоздорго жардам берет.Жумушчулардын көбү мигранттар.Асыл өңдүү-түстүү келин болгондуктан ,ага көңүл бурган эркектер көп болду.Бирине да жибибеди.Жүрөгү таштай катып калган сымал.
Бири-бирине коёндой окшош күндөр өтө берди.Жумуш-үй,үй-жумуш.Күндө кечинде кызы,ата-энеси менен видеозвонок аркылуу сүйлөшүп,алардын үнүн угуп,жүзүн көрүп,ички бугу бөксөрө түшөт.
Бир күнү жумуштан келе жатканында,өзү жашаган үйдүн тушунан бир кыргыз жигит күлүмсүрөй басып келип:
-Саламатсызбы,карындаш.Телефонуңуздан чалып алсам болобу?Менин телефонумдун заряды отуруп калды
Асыл унчукпай телефонун берди.Жигит телефондо сүйлөшүп,кайтарып берди да
-Ушул тегеректе жашайсызбы?
-Ооба,ушул үйдө.Жигит жарк эте жылмайып:
-Мен маңдайдагы үйдө жашайм.Кошуна болот экенбиз.Атым Малик.
Демейде эркек сүйлөсө дүлөй кишидей басып кетчү Асыл бул жолу шар кетти.
-Асыл
-Чогуу жашаган балдар менен бир жакка бармакпыз.Он бешинчи кабатка чыккым келбей,аларды ылдый түшө бергиле дейин десем,телефонум өчүп калды,анан сизге жолугуп калдым.Чоң ыракмат.
-Эчтеке эмес.Пайдам тийгенине кубанычтамын.
Коштошуп,Асыл үйүн көздөй басты.Малик артынан узата карап,кала берди.Эртеси Асыл жумуштан кайтканында Малик күтүп туруптур.Жылуу учурашты.
-Жөн гана сизди көргүм келди.Таза абада сүйлөшүп отура турбайлыбы.
-Мейли....Экөө жол жээгиндеги отургучта бир топко отурушту.Маликтин түштүктөн экендигин,үч жылдан бери Питерде эшик-терезе чыгаруучу чакан ишканада иштээрин, биринчи турмушунан жолу болбой,ажырашып,бир уулун аялы алып кеткенин билди.Өзү жөнүндө да айтып берди.Кандай күндө болбосун, адам жылуулук издейт эмеспи.Ошол жылуулукту Маликтен тапкансыды.Дем алыш күндөрүн бирге өткөрүшөт.Киного барышат,кафеге отурушат же жөн гана сейил бакта басып жүрүшөт.Арадан жарым жыл өтүп,экөө бирге түтүн булата башташты.Биринин оюн бири айттырбай билип,бирин бири толуктап турган түгөй болушту.Асыл жумуштан эрте келсе,тамак ашын жайнатып,Маликти тосуп алат.Малик эрте келсе,ал дагы тим жатпай,аш басып,чайын кайнатып, күтүп алат.Асылдын бактысы тоодой,ананчы,бири биринин оорун колдон алышып,сыйлашып турганга не жетсин.
Малик Асылды таанышы аркылуу жакын жердеги соода борборуна кассага отургузуп койду.Эми бир сааттап жолдо жүрбөй,он мүнөт басса ,жумушуна кирип барат.Оюндагыдай жумушка кирип,айлыгы да кыйла жогору экен,көңүлү өсүп,Асыл кулпуруп чыга келди.Малик аны достору менен тааныштырып,аяшыңар болот деп жүрдү.Анча мынча катыштарын чакырып,нике кыйдырып,тамак берип,беттерин ачып алышты.Экөөнүн пландары толтура.Келечекте Маликтин Бишкектин чок ортосундагы пайдубалы түптөлгөн үйүн эки кабат кылып бүтүрүп,жакшы машина жана дагы кичине бизнес баштап алгыдай акча топтоп алышса,бул жерде бир мүнөт да токтобой,Кыргызстанга кайтышат.Эмне бизнес дегенде экөө өз оюн ортого салат.Малик кийим кечек бутигин ачабыз десе,
-Азыр элдин баары кытай сайттарынан кийинип калган,бутиктердин ,ал тургай Дордойдун да соодасы жүрбөй калды,андан көрө тамак-аш сата турган дүкөн ачуу керек деп,Асыл өз оюн айтты.
-Анекдоттогу сарттай болдук го,аман бололучу,бара көрөбүз,деп күлүп калышат.
Ал ортодо Асылдын кызы Жамила да мектепти аяктап,апасынын жанына келе турган болду.Убакыт учкан куш тура,атасынан калганда он эки жаштан эле,эми он жетиге чыкты.Малик билетин алып берди.Аэропорттон Асыл экөө тосуп келишти.Алгачкы күндөрү Малик менен Жамила бири биринен коомайлангансып жүргөнү менен,он күнчөлүк убакытта көнүшүп кетишти.Жамиланын документтерин бүтүрүп,аны да Асыл иштеген соода борборуна товар тизүүчү кылып,ишке киргизишти.Асыл кызы Жамила менен сагынычы тарап,бир жерге иштегенине сүйүнүп жүрдү.Мурда ,,кызым кантти экен,эмне кылып жатты экен,, деп сарсанаа боло берчү,эми ,кызы маңдайында,санаасы тынч.
Күндөр өтө берди,бир жылы Малик отпуска алып, жумушчуларды жалдап,үйдүн дубалын тургузуп,чатырын жаап келди.Асыл экөө батир акы,кийим кечек,тамак аштан тышкары акчаларды чогултуп жүрүшкөн,мына минтип, чоң ишке жарап берди.Санаалары бөксөрө түштү.
-Эми ичин жасоо,шыбагы,евросу,эшик терезеси,дарбаза коюу, эшиктин алдына брусчатка төшөө,шыбы,полу....дагы көп акча керек.
-Аман болсок,иштеп турсак баары болот,дейт Асель
Дагы үч жыл иштешти,акча чогултушту.Малик отпуск алып,үйдүн калган ишин аяктап келмей болду
-Асыл,берекем,дагы бир миллиондой
акча болгондо,баары бүтөт го дейм.Кредит алайын,биротоло колдон чыгарып,үйдү бүтүрөйүн.Кайра келгенде айлыгымдан төлөп,кутулуп коём.Жакын жер болсо бир жөн,алыс жерге ары бери жүрө беришиң бир азап экен.
-Мейлиң,иштеп турабыз,кутулаарбыз.
Эртеси,Малик банкка барып,жол жобосун сураштырмай болду....
Кечинде шылкыйып келди,мен бойдок кезде алган кредитимдин историясы чыгып калды,акыркы төлөмдү дээрлик бир ай кечиктирип койгом, берилбейт экен .Экөө үндөбөй отуруп калышты
-Балким,сен алып берерсиң,бирок,өзүм төлөйм....Асыл кредит ала турган болду.Документтерин бүтүрүшүп,бир жуманын ичинде миллион да колго тийди. Эртең кетем деген күнү Асыл экөө кафеде отурушту,сөздөрү бүтпөйт. (Уландысы бар)
Айгүл Усупова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 23