Үй буюмдарына карата.
Төшөктү аягынан бүктөбөйт.
Төшөк салып жатканда аны аягынан эмес, башынан бүктөп салуу керек. Эгер жер төшөк чоң болуп, бүктөөгө туура келсе, бүктөлгөн жагын босого тарапка каратпайт. Андай кылса ырыскы, береке бул үйгө кирбей калат деген ишеним болгон.
Ата-эненин төшөгүн тебелебейт.
Балдары ата-энесинин төшөгүн тебелеп-тепсегени тарбиясыздыктын белгиси. Келин-кесек да кайнене-кайнатасына төшөк салып жатканда аны тебелеп же аттаса уят болот. Ошондой эле жаздыкты да тебелеген же ага отурган туура эмес.
Сырт кийимчен жатпайт.
Шейшеп салынган төшөккө сырт кийим менен, тагыраагы, бүкүлү жатуу адамдын өзүнө деле ыңгайсыз. Чечинип уктасаң, жакшы да эс аласың.
Төшөктү эптеп салбайт.
Үйгө мейман келсе башын жалпак, төшөгүн жука, шейшеби жок же кир шейшепти салып берсе, конокту сыйлабастык болуп саналат. Андыктан мейманга биринчи кезекте алдын калың, башын бийик кылып төшөк салып берүү кажет.
Төшөктү кыйшайтып, иретсиз жыйбайт. "Төшөктү кандай жыйса, күйөөсү ошондой болот" деп селки бой жеткенде энеси-жеңелери ага төшөктү тыкыйтып жыйганды да сөзсүз үйрөтүшкөн.
Жаңы келинге төшөктү жесир же төрөбөгөн аял салбайт.
Жаш жубайлар үйлөнгөн соң алардын нике түнүнө төшөктү сөзсүз очор-бачарлуу, төрөп түшкөн, көп балалуу, турмушта өз ордун тапкан жеңелерине салдыртышкан. Мындай ырымды илгеркилер "жаңы келин да ошолордун жолун жолдосун" деген тилек менен жасашкан. Айтмакчы, төшөк салып бүткөн соң жаш баланы ага оонатып-оонатып да койгон.
Жыйнабай калтырбайт.
Тураарың менен төшөктү бала-бакыра тебелеп-тепсей электе жыйып салган жакшы. Ал эми төшөк керебетте же диванда болсо сөзсүз анын үстүн жабуу зарыл.
Жөн жай төшөк салбайт.
Эл ичинде адам жатпай салынып турган төшөктүн тилеги жаман деген ишеним болгондуктан жөнү жок төшөк салынган эмес.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5