1-бөлүм
Сейил бактын ичин аралап басып жүргөн Кыял, сыдырым жел ыргагына термелген бийик теректерди арбалып карайт. Жашылдандырылган сейил бактын көркүнө- көрк кошкон кызыл- тазыл кооз гүлдөрдүн аңкыган жыпар жытын искеп, көк шиберди аралап басып жүрдү. Түйшөлткөн сансыз оюна чөмүлүп келатып, өзүн утурлай басып келаткан курбусун көргөндө сүйүнүп кетет. Күйүгүп, тердеп-кургап келаткан курбусун жалооруп тосуп алган Кыял:
--Иий Сайрашым, кичине ашыкча салмагыңдан арылсаң жакшы болмок эле... Кел кичине демиңди басып, эс алып отура тур!- деп бош турган отургучтун бирине басып барып отурушат.
--Өөх иий ай, бир чакырымдай аралыкты басып өткөнгө эле, кышылдап күйүгүп калдым десең... - деп шорголоп аккан терин бет аарчысы менен аарчып:
--Ой канчалык аракет кылсам деле, баары бир арыктай албай койдум... Мунун да себеби бар да Кыял. Адамды ой, санаа деген жеп коёт экен. Ошонун кесепетинен адам арыктап, же мендей болуп толуп кетет тура... Иий Кыял, деги кайсы бирин айтайын... - деп кейип- кепчип, үй- бүлөсүндөгү опурталдуу көйгөйлөрүн нааразыланып айтып берип:
--Ой жанагы жаңы келген келиним дагы, канымды кайнатып кыжырыма тийчү болду десең... Чыныга челкилдетип чай куюп берип, жада калса чай куйганды да билбейт... Бир нерсе десең эле тултуюп, бултулуңдап калган жаман адаты бар экен... Аяшың болсо кабагым-кашым деп, камырап да койбойт. Тейтеңдеп аларга болушуп, кайра мени тыйганына күйүп кетем десең... Кечкурун экөөбүз дагы кер-мур айтышып, урушуп кеткенбиз. Түнү бою сар-санаа болуп кейигеним аз келгенсип, аяшың коңуругун кош тартып курулдап уктатпай койду. Түнү бою кирпик какпай таң атырдым. Бүгүн мээм чулкулдап, башым калдайып ооруп калыптыр... - деп башын кармалап, жаш балача даттанган Сайрашка Кыялдын күлкүсү келип:
--Иий Сайраш, Сайраш... Мүнөзүң мөндүрлүү жаандай болуп, кыялың чорт. Туруп-туруп эле чагылгандай чарт-чурт эте түшөсүң. Бирок ак көңүлүң кармай турган болсо, сенден өткөн боорукер берешен адамды таппайсың! Бирок акыркы учурда сиркең суу көтөрбөй, ар дайым кейип- кепчип нааразылана берчү болдуң... Түгөнгүс арманыңды угуп отуруп, кээде өзүмдүн жашоом менен салыштыра кетем. Сайраш, эмнегедир мен үчүн жашооң түгөл, телегейиң тегиз бактылуудай сезилесиң! Болгону сен колуңда турган бакытыңдын баркын билбейсиң, баалабайсың... - деген Кыялга Сайраш "койсоңчу, кандайча?"- деп түшүнбөй, суроолу карайт. Кыял болсо сөзүн улап:
--Чакыртканыңан, жакында эле үйүңө келип кеттим го? Үйүңдүн босогосун аттаарым менен, быйтыйган таттуу неберелериң алдыман бойтоңдошуп тосуп чыгышты. Үйүңдүн ичи күлкү-шаңга бөлөнүп, чыныгы бактылуулук жашоо кайнап тургандай туюлду. Келин-кезегиң болсо буту-бутуна тийбей, кызмат кылып жүрүшөт. Төрдө аяшым гезит окуп отурган экен. Сен болсо маңдайында балпайып түймөчүңдү түйүп, адатыңча эле бапылдап отурасың. Мындай көрүнүш сен үчүн жаңылык деле эмес. Эч кызыгы жок, күндөгү көнүмүш көрүнүштүн бири дечи. Бирок сырттан көз- чаптырып тыянак чыгарган адам үчүн, анык бак-дөөлөттүн ордосунда жүргөндөй туюлат экен Сайраш! Канчалык урушуп- талашып нааразыланганың менен, айтканыңа кулак түрүп, күйгөн жакын адамың бар! Коңурукту кош тартса да ооруңду жерден, жеңилиңди колдон алган опол тоодой тирегиң, ишенер кожоң бар! Балдарың кашыңда, жаман деген чалың жаныңда! Мендей болуп жалгыз эмессиң да? Бул өзү эле чоң бакыт эмей анан эмне, туурабы Сайраш? - деп Кыял Сайрашты тигилип карайт. Сайраш башын ийкеп:
--Ооба Кыял, айтканыңда калет жок дечи... Эми турган- турпатым, болгон мүнөзүм ушундай болсо эмне кылайын... Менин жан дүйнөмө кирип чыкпагандан кийин, ички дүйнөмдө эмне болуп жатканын толук билип түшүнө албайсың да Кыял. Акыркы убактарда, чын эле чарчап жүрөм... Ошондуктан мүнөзүм өзгөрүлүп, ачуум чукул болуп калды... Эч ким көрбөгөн укпаган, эч ким кулак-мээмди жеп тынчымды албаган жака, качып кетким келип жүрөт. Жан дүйнөм, кулак-мурун кескен жымжырттыкты эңсеп жүрөт десең... Бирок өзүңдөн качып кутула албайт экенсиң да... - деп оор үшкүрүнгөн Сайрашты улутунуп караган Кыял:
--Ооба, өзүңдөн качып кутула албайсың, туура айтасың Сайраш... Бирок мындай ахыбалдын түйүнүн чечкенге аракет кылып, издениш керек. Эми сага кандай жеткиликтүү түшүндүрсөм экен... Баамдап байкап талдай келсең, жүрөгүнүн түпкүрүндө көпчүлүк жалгызсырайт экен. Канчалык сансыз адамдын курчоосунда болсоң да жан сезим жабыркагандан кийин, жалгыздыкка умтулат экенсиң... Мисалы мендей жалгыз бой болсун же сендей бүлөлүү болобу, бай, кедей, атак-даңктуу айтоор ким болбосун айырмасы жок, бирдей жалгыздыка умтулушат. Эмне үчүн дебейсиңби? Анткени сен айткандай эле, жан дүйнөсүндө тынчтыгы жоктугунан. Мунун себептери өтө көп. Кечирбестик, таарыныч, өкүнүч, көралбастык, ачкөздүк, текеберлик жана башка. Бул себептер жашоого канааттанбастыкты алып келип, адамды ар дайым нааразылантып наалыта берет турбайбы... Билинбей жан дүйнө жабыркайт да, мендей болуп ачуу жалгыздыктын муздак кучагына боюн таштайт. Же сендей болуп, жалгыздыка умтулат. Анан эле жер кыртышынын астындагы белгисиз бойдон ачылбай калган тунук булак сымалданып, биз дагы жолун таап ачыла албай жүрүп, жалгыздык менен бир бүтүнгө айланып жок болуп кетебиз... Качандыр бир кезде жалгыздыка умтулуп моюн сунган жаным, азыр тумчугуп жалгыздыктын ичиркенткен муздак кучагынан, суурулуп чыга албай жүрөм... - деп мукактанып, өксүп ыйлап жиберчүдөй болгон Кыялды Сайраш кучактап:
--Иий курбум, кейибечи... Бир буйруган күнү сенин да багың ачылып калгысы бардыр! Сенде акыл десе акыл, өң десе өң бар Кыял. Өз жашыңан да жаш көрүнөсүң. Жакшылыктын эрте - кечи болбойт, баардык жакшылыктар али алдыда!- дегенине Кыял муңдуу бажырайган көздөрү менен жылмайып карап:
--Койсоңчу Сайраш, каяктан жашмын... Сенден бир аз кичүүрөк болгонум эле болбосо, мен дагы кырктын кырынан ортолоп калбадымбы. Анын үстүнө "жакшыдан бак, жамандан дак" калат дегендей, жаратым тартылып айыкканы менен, жан дүйнөмдү дендароо кылган армандуу муңдун тагы калды... Мурунку жолдошум чиедей балдарыма карабай, каратып туруп башкага үйлөнүп алган чыккынчылыгы, жан дүйнөмдү жабыркатты... "Өмүр бою жалгыз өтөм" деп, жалгыздыка кекенип бел байладым. Бирок мындай чечим кадамым менен, кимге эмнени далилдегим келгенин, азыр өзүм түшүнбөйм. Жалындаган жаштыктын курчтугу менен, жалгыздыктын ачуулугу анча сезилген эмес экен. "Бир гана балдарым үчүн жашайм" деген максатым, жан үрөөгө озунтуп, алга сүрөдү. Балапандарым жылуу уясынан канат кагып учуп чыгышып, улуу балам үй-бүлө күтүп, өз алдынча оокат кылып кетти. Кичүү уулум чет мамлекетте окуусун улантып, кесиби боюнча эмгектенип тажрыйба топтоп жүрөт. Дасыккан адис болгондон кийин кайтып келип, сүйүктүү мекенинин өнүгүп-өсүүсүнө, "салым кошом" деген максатын көздөп жүрөт берекем. Ошентип, үйүмдө каңгырап жалгыз калдым... Жок дегенде кобурашып отурганга, караан болсо да жакшы экен да. Жанга баткан жалгыздык менен бетме-бет калдым. Ээх Сайраш, шашыла тургандай, күткөн адамым жок... Жалаңдаган төрт дубалымдын ичинде, карайлап жалгыз жүрө берем... Жаздыгым нымшыганча, түнү бою буркурап ыйлап таң атырам... Жан дүйнөмдү эңшерилте аймалаган жалгыздыктан кутулуунун амалын издеп, канча жылдан бери ушул сейил бакка келип жүрөм. Жүрөгүмдү уйгу-туйгу кылып түйшөлткөн арманымды, термелген теректерге ыйлап айтып берип, бугумду чыгарып алам. Бейкапар сейилдеп жүргөн адамдары суктанып карап, тунжуратып түйшөлткөн оюман алаксыйм. Таза абадан жутуп ары-бери сейилдеп басып, кадыресе мээм сергий түшөт... Мына Сайраш, чыныгы жалгыздыктын анык көйгөйлүү жүзү... Ошондуктан алтыным Сайраш, жеке жашооңо нааразылана бербечи. Өзүңдү бактысызмын деп эсептеп, жалгыздыка умтулбачы! Сен бактылуусуң Сайраш! Жалгыздыкка умтулбастан, бакытыңа умтулчу!- деп Кыялдын тамагы буулуп, мукактанып унчукпай отуруп калат. Ойго чөмүлүп кунт коюп угуп отурган Сайраш:
--Чынын айтсам, буга чейин мынчалык ачылып сүйлөгөнүңдү уга элек элем. Ар дайым чыкыйып кийинип чекчейип жүрсөң, "башы оорубаган түйшүгү жок, жыргал жашоодо жашайт" деп ойлочумун. Өзүңө, жашооңо суктанып, кызыга берчү экем. Анткени жашооң мага чыныгы бактылуу жашоодой сезилчү. Эми көзүм ачылып түшүндүм, көрсө жанылышкан турбаймынбы. Көрсө, жан дүйнөңдүн түпкүрүнөн оргуштап кайнап, сыртка атылып чыга албай жүргөн арманың толтура турбайбы... - деп таң калганын жашыра албаган Сайраш, башын чайкап кейип сүйлөйт.
--Ооба Сайраш, ичимдеги арыз- муңумду, эч кимге билгизбегенге аракет кылам! Куурап бараткан дарактай болуп, акыр-аягы соолуп жок болуп кетсем керек ээ Сайраш... - деп Кыял Сайрашты кучактап алып, өпкө-өпкөсүнө батпай буркурап ыйлап жиберет.
--Иий Кыял, жүрөгүм сыздап кетти, койчу берекем ыйлабачы... Буйруса баары жакшы болот...- деп Сайраш да бышактап, көзүнө жаш алат. Ошол учурда кетип бараткан бир киши жерде жаткан гезитти көрүп:
--Кыздар, гезитиңер жерге түшүп калыптыр!- деп эңкейип жерден алып:
--Чоң кыздар, мынакей гезитиңер! - деп сунат. Ыйлап отурушкан эки курбу бир үндөн:
--Яа, эмне дейт? Каяктагы "чоң кыздар" экен! - дешкенде, сунган колу сууп, өзүн кызыктай сезип туруп калган кишиге Сайраш туталанып:
--Капырай, мазактагансып "чоң кыздар" дейсиз го ыя ботом? Эмне, көзүңүзгө кыз көрүнүп турабызбы? - деп бир тийет. Кыял Сайрашты чыканагы менен түртүп:
--Чынында эле көптөн бери, "чоң кыздар" деп бизге эч ким кайрыла элек эле. Балким ошондуктан кулагыбызга өөн угулуп, дароо терс кабыл алдык өңдөнөт... Ооба, бул менин гезитим. "Окуйм" деп ала келип, жерге түшүп калганын байкабай калган турбаймынбы... - деп гезитин алып:
--Көңүлүңүзгө албаңыз, чоң рахмат сизге!- деген Кыялдын, мөлтүлдөп шорголоп аккан көз жашын байкап калган киши:
--Эч нерсе эмес, сизге да рахмат. Жардам кереги жокпу, баары жайында элеби?- деп сураганына, Кыял:
--Көзүмө кыл кирип кетип, ошого жашып жатам. Баары жайында, кабатыр болбоңуз!- деп көз жашын бет аарчысы менен аарчып, күлүмсүрөмүш болуп коёт. Көз жашына сууланган Кыялдын имерилген узун кирпиктерин кызыгып карайт. Татынакай көздөрүнөн көзүн айрый албай тигилип карап туруп калып, кайра эсине келгенсип:
--Макул анда кыздар, саламатта калыңыздар! - деп башын ийип, басып кетет.
Анда Сайраш тура калып, алиги кишиникине окшоштуруп үнүн жоон чыгарып:
-- "Са-ла-мат-та калыңыздар кыздар"- деп башын ийип:
--Кыял, сен болсо "көзүмө кыл кирип кетип..." деп кылыктанып болбойсуң!- деп көзү- башын сүзүп сүйлөгөн Сайрашты карап отурган Кыял, каткырып күлүп жиберет.
--Ой Сайраш, Сайраш, артист эле болуп калсаң кана? Тиги кишини окшоштуруп туурап койдуң го?-деп күлгөнүнө Сайраш да күлүп:
--Ананчы чоң кыз, болушунча келтиребиз да! Кыял, бирок алиги кишинин "чоң кыздар" деп кайрылганы, майдай жакты. Бирок бул асмандан түшө калгансып, кайдан- жайдан пайда боло калды? Канткенде да бизди шолоктотпой, кичине маанайыбызды көтөрүп койду ээ чоң кыз?- деп каткырып күлүп:
--Ай чоң кыз, бүгүн сизди өзүмдүн бакыт ордомо, коноко келип кетүүңүздү өтүнүп суранам! Каршы болбосоңуз, бул жактан чыгып, түз эле биздикине жөнөйлү!- деп "балериналардай" чоюлуп ийилгенине:
--Чакыруунузду кабыл алдым чоң кыз!- деп өзү да ийилип, күлүп калат.
--"Ээх чиркин, кыялымда мен дале аппарык, супсулуу жаш эле бойдонмун да!- деген Сайрашка Кыял:
--Жапжаш, аппарык сулуу кыялкечим, кеттикпи?- деп колтуктап, экөө каткырып күлүшүп, Сайраштын үйүн көздөй бет алып кетип баратышты.
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9