Москва шаары,таң сүрө баштаган кез эле, менин бөлмөдө жашаган жаш келиндин солкулдап ыйлап жатканын угуп калдым. Ордуман туруп барып, чоо жайын сурайын деп ойлондум да, эрди катын урушат ,
эси кеткен болушат деген макалды эстедим да бир саамга үнсүз жаттым.
Таң да атып, эл жумушту көздөй камына баштады. Жаш келин да ордунан туруп жумушуна камынып, чыгып кетти.
Келинчеги кетери менен ойгонгон Дайыр, мага карап,(каармандардын аттары белгилүү себептерден улам, өзөртүлдү) Зарина жумушка кетип калдыбы? - деп менден сурады.
-- Ооба кетти окшойт деп жооп бердим,
-- Эже Заринага чалып бериңизчи, менин телефонумду алып кеткен окшойт деп калды.
Заринага чалсам телефону өчүк экен,
аңгыча эле Дайыр мага карап эже телефонумду таптым үйдө экен деп айтты.
Бир убакта келинчеги Заринага чалып эмне телефонуду албайсың чалсам деп кыйкырып үйгө кайт! -деп буйрук берди.
Келинчеги жумушуна кетип калды, кечке үйдө жаткан жигитке апасы чалып, келинчегиң мени туулган күнүм менен куттуктаган жок,
катыныңды башынан тарбиялап бекем карма ал бул деген сөздөрү бөлмөнү жаңырта угулуп жатты.
Апасы менен сүйлөшүп болгон соң, Дайырдын эжеси чалды да ,ии катының апамды туулган күнү менен куттуктап койбойбу энең өгөй болсо да бир жөн деген сөздөрдү айтып инисинин аялына болгон ачуусун күчөтүп коюп телефонун өчүрдү.
Ооба кайненесинин туулган күнү, күнү Кыргызстанда күн көтөрүлүп калган кезде Москва шаарында жаңыдан Таң атып эл жумушка жөнөгөн гана учур болот экендигин кыргызстандагылар эске албаса керек .
Бирок келин жумушка кетсе дагы,
кайненесини өздүк майрамына которуп коюуга, жолдошуна акча калтырып кеткен экен.
Мен да жумушка кеттим, байкуш келинге боорум ооруп, жолдошуна да жиним келип атып жумушум аяктап кеч да кирди.
Зарина узакта иштегендиктен менден кечириреек келди.
Мен ашканада балдарым менен тамактанып отурсам эле, Зарина бөлмөгө кирери менен эле күйөөсү сабап кирди.
Артынан кирип барып эле карасам келинчегинин оозу мурдунан кан кетип жерде жатыптыр. Анан ошол акыбалын апасына көрсөтүү үчүн Москва шаарында, түнкү он эки жарым болгон болсо, ал эми Кыргызстанда саат эки жарым болуп калган кезде, энесине мактангансып мына уруп тарбиялап атам дегенсип телефон чалып сүйлөш апам менен,- дейт го... Күндүз аркы беркини айтып уулун келинине карама каршы кылган эне сыр бербей ууй ал эмне кылганың Эртең сүйлөшөбүз деп телефонду өчүрүп койду.
Аябай жиним келип Дайырга кыйкырып уруша баштадым,
келинчегиң кош бойлуу болсо, жумуштан чарчап келсе эмнеге кол көтөрөсүң бирөөнүн кызын өлтүрүп аласың ушуну менен канчанчы жолу урушуң эми ура турган болсоң участковый чакырып салып беремин деп урушуп салдым.
Кыздын энеси да Москва шаарында болгондуктан кызы, эже апамы чакырып бериңизчи деп жалдырап жатты.
Ошол күндөн эки күн өткөн соң, Дайыр келинчеги экөөнө Кыргызстанга кетүүгө билет алды. Тилекке каршы келинчеги апасына күйөөсүнүн жашган күндөн баштап кордук көрсөткөнүн жашырып келген болсо, ошол күнү болгонун айтып бериптир Кыздын энеси кызын кыргызстанга жөнөтпөй койду. "Менин кызымды уруп майып кылып колума салып беришет да, буларга дени карды соо кызмат кылган келин керек да деп кызымды жөнөтпөйм.."- деп койду.
алган билети күйүп, бала жалгыз Кыргызстанга кайтып кетти. Бирок чындыгында меникинде беш ай жашаган болсо анын ичинде далай эле таяк жеп жүргөн эле бечара кыз.
Мына айланайын кайын энелер! кайын эжелер!
бир күндүк туулган күндүн урматы үчүн,
балаңардын миң күндүк жашоосуна балта чаап отурасыздар,
Эми муну менен эмнени айткым келет!
Ошондуктан суранаарым бардык нерсени сабырдуулук менен терең ойлонуп уул келиниңиздердин бактысына балта чаппасаңыздар сураныч.
Айланайын кайын энелер, эжелер жакшыларым менин
ЭГЕР МЕН ТУУРА ЭМЕС БОЛСОМ КЕЧИРИМ СУРАЙМЫН!
БИРОК БАРДЫК КАЙНЕНЕ КАЙНЕЖЕЛЕР ЭМЕС!
СӨЗ ЭЭСИН ТАБАТ ДЕГЕН ОЙДОМУН.
БАР БОЛУҢУЗДАР ЖАКШЫЛАРЫМ МЕНИН!
БЕЙПИЛ ТҮН.
УРМАТЫМ МЕНЕН МЕН!!!
Автор; Гүлү Керимбаева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 27