7-бөлүм
Зарылдын тайкы тагдыры көпчүлүктү терең ойлонтуп, ойго салат. Кимдир бирөө үчүн сабак болсо, көпчүлүктүн боору ооруп көпкө чейин унутулбай, эл арасында кызуу талкуу жүрөт. Эң кызыгы, жоро-жолдош тууган- туушкан, кошуна- колоңдору Зарыл үчүн кейип-кепчип санын чаап, айтып түгөтө албай бушайман болушат. Зарыл алсыздыкка алдырып чөгө баштагандан тартып, өмүрүнүн акырына чейин ар бир кадамынан кабардар болушту. Бирок Зарыл татаал жолду кезип кыйналып жүргөндө, "кейимиш" эткендердин бири да кол сунуп, аяп кеп- кеңешин айткан эмес. Атүгүл таанымаксан болуп айланып качып, биринин да жыгы билинбей изи сууган. Ал эми Зарылдын жашоосу түгөл кезинде балга жабышкан аарыдай ызылдашып, айланчыктап жанынан чыгышчу эмес. Бөтөндү кой, бир тууган бир боору, канынан жаралган балдарынан бери биринин да жүрөгү "болк" деп койбогону, алибетте өкүнүчтүү... Демек, бир гана Муңайым эмес көпчүлүк мерезби? Демек, бир гана Муңайым дүнүйөкор эмес акча, бийлик, кызмат десе жата калгандардын саны арбынбы? Ооба, "өзү күнөөлүү, тагдыры экен, муну жашоо деп коёт, ар кимдин жашоосу өзүндө..." деген сыяктуу "кейимиштердин" жообу даяр тургандыр. Бирок кайдыгерлик кадамын сар эсепке албай, мерездик менен сапарлаш экенин мойнуна албагандык... Муңайымдай душмандан, сыр билгизбей тымызын аңдыган душман он эсе коркунучтуу болот. Демек Муңайымдан мурда "кейигендердин" кадамы, анык мерездиктин туу чокусу эмеспи?
Зарылдын жакын дос баласы да кейип- кепчип:
"Жакшынакай солкулдаган жигиттин түбүнө, ичкилик жетти! Каап..."- деп оор үшкүрүнүп улутунса: "Тобоо! Жакшынакай ынтымактуу үлгүлүү үй-бүлөнүн быт-чытын чыгарып, өрттөп туруп гүлүн асманга сапырып жиберди го келини? Угушубузга караганда кудагыйы буга чейин да, далай тагдырды талкалаган экен. Тобоо, акча десе жата калып жанын бере турган, нак дүнүйөкорлор турбайбы! Көпчүлүк күбө болгондой, жанталашып жыйган дүнүйөсүн эч ким кошо ала жатпайт экен. Бул жалган дүйнөдөн адамга бир кепин эле буйрубаса, өзү менен кошо чырпыктын учун да алып кете албайт тура. Убал-сооптон коркпогон абийирсиз келини дүнүйө үчүн, канча адамды курмандыка чалды? - деп кошуна- колоңдору кеп кылып, Элесбек, Айжаркын Зарыл үчүн боору ооруп кейишет. Муңайымды бура бастырбай сөз менен сындырып, жек көрүп туш-тараптан кысымга ала башташат. Баарынан да Муңайымдын балдарына кыйын болот. Ээндеп элеңдеп ээрчишип басып, элден корунуп жаа бою качып калышкан эле. Ошондо балдары элден чыгып, элге батпай калуу кандай болоорун жакшы түшүнүшөт. Тагдыры намысына чөк түшүрүп, балдарын сестендирип эсине келтиргендей болот. Элдин куугунтугу балдардын келечегине өрнөктүү сабак нурун чачып байымдатса, өкүнүч артка кылчайтып ата- тегинен кабар алдырат. Бирок көкүрөктө калган өкүнүч сезими, өмүр бою жүрөгүн келемиштей кемирип өтөөрүн, балдары ал учурда али жакшы түшүнүшө элек эле. Муңайым акыры Зарылдын үйүн сатып, жер которуп көчүп кетүүгө мажбур болот. Кайын журтун жаманатты кылып жалганга кандай чылаган болсо, эми өзүнүн "жаманаты" бетине чиркөө болуп, далай ыңгайсыздыктарды жаратат. Ошондо да Муңайым моюн бербей: "Байлык, мансап ийгиликке жетүү жолу, ушундай эле болмок!"- деген жаңылыш түшүнүгү менен тескерисинче элге көрүнүп, өчөшүп жашаганга озунат. Өпкөсүн далына байланып өзүн укмуш сезген Муңайым, колунда бар байлыгынын андан да көбүрөөк болуусун эңсеп, өмүр бою дүнүйөнүн артынан кубалап жашайт. Балдарынын алдында энелик милдет жоопкерчилиги жөнүндө ойлонбой, муштумдай кичинекей жүрөктөр жараланып чоңоюп келатканын этибарга албайт. Муңайымдын түшүнүгү боюнча, баардык нерсени акчага сатып алса болот эле. Жада калса акчанын күчү менен балдарын "сыйлатып, урматтатып" алам деп ойлойт. Убакыт зымырап учуп өткөн сайын Муңайым: "Бул жашоодо, өмүр менен убакыт гана сатылбайт экен. Жалындаган жаштыкты артка кайрып алыш үчүн, булут минип чапкыласаң да кайрый алчудай эмессиң... Ээх чиркин, эгерде убакытты да сатып алууга мүмкүн болсо, кандай сонун болмок! Анда түбөлүк жаштык үчүн болгон байлыгымдын баарын сарптап коротсом да, "убакытты сатып алаар элем..."- деп армандап калчу болот. Ошентип арадан билинбей дагы бир топ жыл өтөт.
Муңайым бала- бакчанын маңдайында өсүп турган калың бактын далдаасынан, келин-уулун акмалап карап турган эле. Чыдамы кетип улам бакча жакты зарыгып карап: "Тойтоңдогон балапанымды боорума кысып, кучактап өпкүлөп алсам кана аттиң... Небереме жакын жолотпой, уулум экөөбүздүн ортобузга от жаккан шүмшүк келиним да! Жаш курагымда жолуккан болсо, эки чайнап бир жутат элем!- деп кекенип алат. Бир убакта келин-уулу, тойтоңдогон небересин жетелеп басып келатышканын көргөндө сүйүнүп кетип: "Ананайыным! Чарк айланып кетем го жөжөмдөн!"-деп көзүнө жаш тегеренип, небересинен көзүн албай акыйып карайт. Зарылга окшошкон кара каш кара көз небереси, ата-энесине эркелеп кыткылыктап күлгөн сайын Муңайымдын
жүрөгү эзилип: "Кагылып кетейин каралдым! Сени көргөнгө зар болуп куурадым го балапаным..." - деп чыдамы кетип, бактын далдаасынан суурулуп чыгып чуркап барып, небересин кучактап өпкүлөп алгысы келет. Келин-уулу Муңайымды байкабай жанынан өтүп баратышып, уулу тойтоңдогон баласын көтөрүп, келинчегин кучактап басат. Анда Муңайым жактырбай көзүн сүзүп: "Ики, кантет? Тим эле чүрөк сөрөйү качып кетчүдөн беш бетер, жабышып кучактап алганын кантесиң?- деп уулун кызганып, ачуусу келип туталанат. Балдарынын артынан узатып карап туруп, эмнегедир балдары бактылуудай сезилет. Ошондо өмүрүндө биринчи жолу жүрөгү "тысс" деп сайгылашып: "Уулумду кайра үйгө кайтып келсин деп, колуна бир тыйын карматпай жазаладым эле. Бирок уулум кайтып келмек тургай, кайра акчасы жок эле менсиз бактылуудай го? Кантип чөнтөгүндө кокон тыйыны жок болуп туруп бактылуу боло алат, түшүнүксүз? Ушундай болушу мүмкүнбү? Негизи, "бакыт" деген эмне өзү?"- деп ойлонуп келатып, небересин эстеп кетет. "Небере деген балаңдан өтүп, өзгөчө таттуу болот экен го чиркин! Өмүрү эч кимге баш ийип моюн сунбаган жаным, небереме сары майдай эзилчү болдум. Ушу кичинекей сары ооз балапаным өзүмдү кагылтып, жүрөгүмдү багындырып алды го берекем!"- деп ууртанан жылмайып алат.
Келин-уулу башында Муңайым менен чогуу жашашчу. Мисирейип келинине кыр көргөзүп, экөөнүн ымаласы башынан эле келишпей калган. Келини да жемин жедирбеген, такылдаган тың келин болуп чыгат. Башында келини, Муңайым менен тил табышканга жакшы эле аракет кылат. Бирок акыл менен тил табыша албаган ыркка жөндөмсүз кайненеси, келининин көңүлүн калтырып койгон эле. Көнгөн адатын карматып койнунан котур ташын кылтыйткан Муңайым, келинине өчөшүп ажыраштырганга чейин барат. Ошондон кийин кайненеси жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн имиштердин чындыгына ынанып, биротоло кайненесинен түңүлө баштаган эле. Муңайым менен билек түрүп салгылашып кармашкысы келбей, бүлөсү менен ынтымакта тынч жашагысы келет. Үй- бүлөсүн сактап калыш үчүн Муңайымдан болушунча оолак болуп, өзүнчө бөлүнүп жашагандан башка жолду көрбөйт.
Уулду болушкандан кийин келини оюн ортого салып, жолдошу менен акылдашат. Апасы агаларынын да жеке жашоосуна кийлигише берип, бири же ары же бери эмес чайналып жүрсө, бир агасы ажырашып кеткени жөнүндө ойлонуп, келинчегинин сунушуна макул болот. Ошентип келин-уулу бөлүнүп көчүп кетишкенден кийин жеңилип калгандай болуп, келинин көрөйүн деген көзү жок болчу. Муңайым кекенип келин-уулунун артынан сая түшүп, далай жолу эки экиден чабыштырып бузганга аракет кылат. Энесин жакшы билип калган балдары акыры ортого түшүп, сыйдан кеткен апасы эч кимисине жологус болуп калган эле.
Муңайым бала- бакчадан келип үйүнө кирип келатып, оозгу бөлмөдөгү чоң күзгүгө каранып турган. Бырыш түшө баштаган бетин сылап: "Иий ай, чачыма да ак түшө баштаптыр го?"- деп дубалда илинип турган сүрөтү менен салыштырып: "Мен да бир кезде карыйм деп, ойлобоптурмун. Ээх, жаштык, жаштык, сулуулук... Убакыт эч кимди аябайт экен да!Убагында, жутуп жиберчүдөй болгон чүрөк эмес белем. Келишкен келбетим менен, канчалаган мен-мендеген жигиттердин жүрөгүнө чок салдым! Канчасын ыйлатып, канчасынын жүрөгүн багынттым. Бирок... Бирок эмнегедир багым ачылган жок... Же мен бир гана байлыктын артынан кууп жүрүп, бакытка өзүм умтулган эмесминби? Же, бакыт жөнүндө такыр түшүнүгүм жокпу? Өмүр бою, бакыт бир гана байлыкта деп ойлоптурмун. Байыдым. Байлыкка киринип, жылтырак жултуракка оронуп чулгандым. Жер кыдырдым, эл көрдүм. Эмнени гана ичип жеген жокмун! Чүпүрөккө кызыккан жаным, денеме кандай гана кымбат баалуу көйнөктөр кийилген жок. Бирок өзүмдү такыр бактылуу сезе албадым. Ооба, мен да бакыт издеп, балким бакыт "сүйүүдөдүр" деп сүйүп да көрдүм. Бирок, жалаң менден ашып түшүп дүнүйөнү сүйгөндөр кезикти. Бири менен да өзүмдү бактылуу сезе алган жокмун... Же байлыкты сүйгөн жүрөкө бакыт, сүйүү дегендер жакын жолобойбу? Чыныгы бакыт кандай болоорун бирөө жарым башында эле айтып түшүндүргөндө, балким жашоом башка нукка бурулмак беле? Ооба, акча байлык, дүнүйөнү өмүр бою сүйдүм! Азыр деле сүйөм... Бул сүйүүмдүн себеби бар. Көп балалуу колунда жок, битиреген жакыр бүлөдө чоңойдум... Ошо себептен көздөгөн максатым бир гана байлык, акча болду. Бир гана өзүмө, келишкен келбетиме таяндым. Бир гана жыргалчылыгымды, өзүмдү ойлодум. Ээх апа, апа... Эмне үчүн бакыт жөнүндө түшүндүрүп айтпадыңыз экен? Бирок өзүңүз бактысыз болсоңуз, анан мага каяктан айтмак элеңиз... Караңызчы апа, азыр сиз каалагандай баймын! Алтын аяктан суу ичип, заңгыраган алтын уям бар! Бирок өмүр бою жалгыз болдум апа... Көрсө жалгыздык, турмуштун чоң жазасынын бири өңдөнөт..."- деп мукактанып, күзгүдөн өзүн муңайып караган сөлөкөтү менен сүйлөшүп турганда, сырттан улуу баласы кирип келет. Апасына көнгөн адатынча "борк" этип:
--Эй апа, мага акча керек. Бол батыраак, сыртта мени балдар күтүп турушат!- деп күпүлдөгөндө, оозунан ичимдиктин жыты "буррр" дей түшөт. Анда Муңайым ачууланып:
--Кантсе да энеңмин го ботом? Акыркы убакта, сыркоолоп жүргөнүмдү жакшы билесиң! Көңүл үчүн калп да болсо биринчи ден-соолугумду сурап, учурашып койсоң боло чечек? Эки күн мурун эле коколоп, акча алып кетпедиң беле? Менден алган акчаны, жалаң ичкиликке коротосуң. Ошону үчүн сага акча бере албайм. Ушинтип жүрүп атаңды тартып, аракеч болуп тентип кетесиң го?- деп уулун акырайып карайт. Анда уулунун көзү чанагынан чыгып кете жаздап:
--Эмне? Түүй ата, апа... Атам жөнүндө сөз козгогондон кичине уялсаң боло? Атамды аракеч кылып тентитип өлтүргөн сенсиң! Ден- соолугуңду сурабайт экем. Эгер билсең мен да сендеймин, мага да баары бир! Көп башты оорутпай, акча бер деп жатам! - деп апасын жөөлөп өтүп, жини менен үй ичин чачып, тинтип кирет. Муңайымдын акча катылган шкафтын жанынан жылбай турганын байкап калып, жанына аттап- буттап жулунуп жетип келип, "кой-ай" дегенине болбой титиреңдеп:
-- Ээ турчу мындай! - деп ээленип, шкафтын ичин аңтара баштайт. Акчасын таап алгандан кийин Муңайым уулуна асылып, чырылдап акчасын талашып экөө жулмалашып кетишет. Алсыз апасын ачуусу менен боорунан түртүп жибергенде, апасы дубалга "күп" этип жабышып жерге жатып калат. Кабагым-кашым дебеген уулу боюн аттап өтүп баратканда, Муңайым ачуусу менен наалат айтып, айтпаганды айта баштайт. Жулунуп чыгып бараткан баласы "тык" токтоп калып, апасын бурулуп карайт да:
-- Хммммм. Демек акча үчүн бизди да каргап-шилеп, өмүрүбүздү тобокелге салгандан артка кайтпайм дечи апа? Кызык, жүрүөгүң жалаң "акча, акча, акча" деп гана соксо керек ээ апа? Алдыгы дартыңан "мерт" кетсең акчаң сен үчүн ыйлап, сени чуркап көмөт болду бекен? Же дүнүйөңдү "о" дүйнөгө кошо ала кетесиңби?- деп "чыйт" түкүрүп каткырып күлүп:
--Алып кете албайсың, баары калат. Атамдын дүнүйөсүн убагында кандай талап-тоноп тартып алсаң, эми өзүңө окшошкон биз турабыз. Биз да сенин өлгөнүңө сүйүнүп, болгон мал-мүлк дүнүйөңдү тебелеп- тепсеп, тарпыйбыз! Кайтаар дүйнө деген бар, ошондой апа!- деп бурулуп чыгып баратканда апасы ыйламсырап:
--Уулум, тапкан- ташыгымдын баары силерге калат. Эмне үчүн мени мынчалык жек көрөсүңөр? Кантсе да силерди багып өстүрүп чоңойттум го...- деп ыйлап жиберет. Анда уулу кайра жанына басып келип:
--Эмне эле бакканыңды милдет кылып, "мен, мен, мен" деп менменсирей бересиң? Жаныңды жеп калп айтып, атамды бизге тепкилетип кууп чыгып өлтүрүп тынып бактыңбы ыя? Эгер билсең, жүрөгүбүздү жаралап, алигиче чейин атабыздын убалы уктатпай келет... Тыңгылыктуу тарбия бере алдыңбы? Энедей болуп энелик мээримиңди төгүп, акыл-насаатыңды айтып бапестеп багып чоңойттуңбу? Анда эле көңүлгө канат бүтүп аргымактай күүлөнүп, мыкты эр-азамат болуп чоңойбойт белек. Апа, сени эч кимибиз жек көрбөйбүз, болгону сендей апабыз менен намыстанабыз... Каякка барбасак да, кимден укпасак да, Элесбек чоң атам менен Айжаркын чоң апамды жакшы адамдар болчу деп макташат. Ал эми сен жөнүндө бир үндөн караниет, карөзгөй, карамүртөз, кедерги жана башка, айтоор баары кара, кара, кара! - деп муштуму менен дубалды ургулап өксүп ыйлап жиберип, унчукпай туруп калат. Бир убакта үнү каргылданып:
--Апа... Атам түшүмө кирген сайын, билесизби кандай ахыбалда болом? Атама кол көтөрүп кууп чыккан күндү эстеп, жүрөгүм тилинип сыздай берем... Жүрөгүм ыйлап, өзүмдү күнөөлү сезем... Жеке мен эле эмес, бир туугандарым да өзүн күнөөлү сезишип, баарыбыздын жүрөгүбүз жараланган... Атам өлгөндөн кийин элдин баары бизди сөөмөйү менен көргөзүп, көчөгө чыга албай калганыбыз эсиңиздеби? Ошондо намысыбызга тийип арыбызды тепкилешкени менен сени тартпагандай кылып, бир паста эл бизди тарбиялап койду! Сенчи? Сага баары бир болчу! Сага азыр деле баары бир... - деп чөнтөгүнөн алган акчасын кайра алып чыгып:
--Бирок арам акчаңды жулуп кетсем, анда менин сенден эмне айырмам бар? Жоок апа, жоооок... Мен сени тарткым келбейт!- деп башын чайкап артка кетенчиктеп басып:
--Атамдай да болгум келбейт... Атамдай алсыз болуп сынбайм! Сен айткандай, атамдай аракеч болуп көчөдө тентип калбаш үчүн, ичкенимди токтотуп оңолом! Бир туугандарымдын башын бириктирип, ысымы өчкөн Зарыл атамдын атын чыгарабыз! Жети атамдын татыктуу урпагы болгонго аракет кылабыз апа. Бирок менин жашоомдо, мындан ары сенин ордуң жок. Чын-чынына келгенде, сизди сенсирегенге акым жок болчу. Бирок сиз бизди өзүңүз ушундай теңтайлаштырып, тарбиялап чоңойтконсуз... Мен дүнүйөгө кызыкпайм, сиздей дүнүйөкор болуп калыштан корком. Бизге сиздин акчаңыздын бир тыйынын да кереги жок! Бизге эне керек болчу... Акчаны ак эмгек мээнетим менен иштеп таап, адамча жашайм! Сиз да терең ойлонуңуз апа? Өмүр бою акча деп жүрүп элден чыгып калдыңыз, эми биз да сизден качып калдык! Байлыгыңызды мыкчып, заңгыраган тамыңызда жалгыз калдыңыз, азыр сиз утуштасызбы? Ушуну менен сизге кайра кайрылып келбейм апа. Менден кетсе кечириңиз, мен да сизди кечирдим. Мынакей акчаңыз, ордуна коюп койдум. Эми мени биротоло жашооңуздан чийип салсаңыз болот, кош калыңыз!- деп акчасын ордуна коюп, артын карабай сыртка чыгып кетет. Нес болгон Муңайым "уулууууууум" деп артынан бакырып- өкүрүп ыйлап кала берет. Бир убакта акчасын сапырып чачып жиберип: "Утулдум, алибетте утулдум да... Ме сага, ме, сага, мына сага!"- деп жини менен жерде чачылып жаткан акчасын бирден майдалап тытып, асманга ыргытып каткырып күлө баштайт. Кайра түйүлгөн муштуму менен башын муштагылап, "аааааааааааа" деп чаңырып алып, эс учун жоготуп жерге кулайт.
Муңайымдын акыры учурда ахыбалы начарлап, ооруп жүргөн эле. Доктурга кайрылып, дарты менен алпурушуп дарыланганы менен, күндөн-күнгө ахыбалы начарлай бергенден начарлай берет. Башында акчасына таянып, "айыгып жакшы болуп кетем" деп үмүттөнүп жүрсө, дарты күч алган сайын акыры, айыга албастыгына өзүнүн деле көзү жетип калган. Жанын сыздаткан дарты кыйнап, түнү бою чабалактап уңулдап ыйлап чыкчу болот. Бир күнү каны катып суусаганынан жарылган эринин жалап: "Суу, суу ичким келип чаңкап кеттим, суу..." - деп кыңкыстап ыйлайт. Эптеп туруп суу ичейин десе, төшөктөн такыр тура албай коёт. Пардоосу желбиреп ачык турган терезеге мойнун созуп, түнкү муздак таза абадан жанталашып энтигип жутат. Кере- кере дем алып кичине сергий түшкөндөн кийин: "Акыры бир тамчы сууга зар болуп калаар белем?"- деп
мукактанып, шолоктоп ыйлайт. Муңайымдын сыркоолоп ооруп жүргөнү, бир туугандары, балдары, тааныштарынын баарына эле жакшы маалим болчу. Бирок эч кимиси бир басып келип, Муңайымдын ал-ахыбалын сураганга жарабайт. Шагыраган сиңдилери да "эшек суудан өткүчө эле" болуп, алчусун алып колдонушкандан кийин, Муңайым менен иши жок болуп калышкан. Ошентип Муңайым жанын сыздаткан дарты менен алпурушуп, жалгыз калат. Күн-түн дебей онтолоп жаны кыйналган Муңайым, дарыны күчү менен кыска убакытка болсо да кээде, кичине көзү илинип кеткендей болчу. Бирок ичин куйкалап сай-сөөгүн какшатып сыздаткан дарты, бат эле желкеден алып уйкусунан ойготчу. Оорутканына чыдабай туйлаган Муңайым, үй ичин жаңыртып чыңырып ыйлап жиберер эле. Дартынын азабын тартканы аз келгенсип, улам бир тиши лукулдатып оорутканы жанын жей баштайт. Тиши этинен качып биринин артынан бири шагырап түшүп отуруп, акыры оозунда бир да тиши калбай калган эле. Баарынан да чачы куюлуп жыдып түшө баштаганына Муңайымдын үрөйү учуп: "Ээ айланайын, бул эмне деген шумдук? Дартым жанымды кемирип жегени аз келгенсип, тиш чачыман бери күбүлүп түшүп калды го? Бул эмне? Чап кенедей жабышып, жанымды ийлеп мыжыккан дартым, жазамбы? Эмне мен кылган жаман иштеримди мойнума менен тартып, керт башым менен жооп берип жаткан учурумбу? Бул дүйнөдө эч нерсе жоопсуз калбайт тура көрсө... Акыры ар бир кадамыңа, айтоор болгон кылыгың үчүн жооп берчү күн да келет турбайбы... Ушундай азаптуу күндөрдү башыман кечиреримди алдын ала билгенимде, таманым чок баскандай жаман адаттан тызылдап качып, безеленип жакшы адам болуп жашаганга далбастабайт белем аттиң..".- деп чулкулдатып ооруткан башын муштагылап, буркурап ыйлайт. Жанын сыздаткан дартынын туткунунда калган Муңайым, өзүнүн кетирген кемчилик каталарын чекесинен түшүнө баштайт.
Акыркы убакта Муңайым короосуна чыкканга дармети келбей, үйүнөн чыкпай калган. Анткени, башы айланып жер көчкөнүнөн далай жолу эс-учун жоготуп жыгылып, канча убакыт жатып калганын өзү деле билбей калчу болот. Үйүнүн ичинде жыгылып-кооп, бакырып-өкүрүп ыйлап жөрмөлөп жүрүп, акыры башын көтөрө албай төшөктө жатып калат. Кулак- мурун кескендей жымжырт болгон үйүндө, али тирүү адам бар экенин Муңайымдын кыңкыстап онтологон алсыз үнү эле, далилдеп тургансыйт. Бир күнү көзү илинип кетип, түшүнө Зарыл кирет. Таарынгансып карап турган Зарылга колун созуп, кечирим сурап ыйлап чуркап баратыптыр. Ойгонуп кетсе, жүрөгү тоодой көөп калган экен. Зарылга багыштап бир да жолу Куран окуп койбогонун эстеп: "Убагында жеткен мерез адам болгон экенмин тобоо... Кыска өмүрүмдү текке кетирип, өмүрү өлбөстөй болуп жашаптырмын го чиркин? Мендей абийирсиз мерез адамды, жер эне кантип көтөрүп жүрдү болду экен? Эмне үчүн, эмне үчүн бир да жолу терең ойлонуп койгон эмесмин... Карачы, азыр баардык кылык- жоруктарыма жооп берип жатам. Ооба, баары таразаланып, жанды жеген жалгыздыгым менен жанымды эңшерген дартым, бул менин жазам... Сыздаткан адамдардын убалы уктатпай, тоодой күнөөмдүн жазасын тартып атам... - деп буркурап ыйлайт. Көзү илинсе эле, Зарылды түш көрчү болот. Ойгонгонгондо тунарган көзү жылтылдап: "Кандай ниети түз, жүрөгү таза жакшы адам болгон экенсиң Зарыл. Жанымды кыйнаган дартыман да мурда, жалгыздыктан жинди болуп кетпей, сен түшүмө кирген сайын элесиңди караан тутчу болдум Зарыл. Ээх Зарылым, Зарылым, убагында баркыңды билбегенимди карачы? Тунук ак сүйүүңдү тебелеп-тепсеген, мага убал-сооп жок ээ Зарыл? Сенин сүйүүңө бөпөлөнүп, бакыт кушу башыман тегеренип кайкып учуп жүргөнүн түшүнө албай, дүнүйөгө кызыгып сокур болуптурмун... Сен сүйүүгө мас болсоң, мен дүнүйөгө башым айланып экөөбүз тең сокур болдук! Ошондо сен мени кандай сүйсөң, мен дүнүйөнү миллион эсе көбүрөөк сүйдүм Зарыл. Ошо сүйүүм, эми минтип түбүмө жетип отурат! Кара ниет кедергилигим менен казган орумдун капасына, акыры өзүм түштүм. Көрсө бакыт байлыкта эмес тура, асылым! Бакытым балдарым сен экениңди, эмне үчүн убагында түшүнө албадым экен? Азыр ушу түшүнүгүм менен баары артка кайрыла турган болсо, жыртык шымчан кедей болсоң да, шүгүр деп жашамак экем берекем! Жосуну жок кылык-жоруктарымды кантип жүрөгүңө батырып, чыдап жүрдүң экен ардагым?- деп Муңайым баардык кылык-жоруктары, дегеле бүтүндөй жашоосу жай тартылган тасмадай, көз алдынан чууруп өтөт. Өзү сырттан карап көрүүчү болуп отургансып өзүн-өзү тилдеп урушуп, буркурап ыйлайт. Баарын түшүнөт, бирок өкүнгөндөн башка аргасы жок эле. Өзү көпкө узабасын сезген Муңайым, балдарын, неберелерин "акыркы жолу бир көрүп калсам" деп, күн-түн дебей көктү карап жалбарып ыйлап тиленчү болот.
Калыс үйүнө шашып келатып, көптөн бери көрүшө элек дос баласына капысынан көчөдөн жолугуп калат. Жаңы эле шаардан айылга келген экен, экөө жылуу учурашып кобурашып сүйлөшүп турганда дос баласы:
--Тобоо...-деп жакасын карманып:
--Бөлөң жөнүндө уктуңбу? Таба эмес тобоо дечи досум... - деп башын чайкап сураган досуна Калыс чочулагансып:
--Ооба, акыркы убакта илдетке чалдыгып, ооруп жүрөт деп уккам, эмне болду?- дегенине:
--Мындан бир нече апта мурун, бөлөң жашаган жерге коноко барып калдым. Муңайымдын илдетке чалдыгып, карышкырдай улуп коколой-башы менен жалгыз калганын, кошунасынан уктум. Кантсе да айылдаш эмеспизби. Ал жайын сурап коёюн деп кетип баратып, үй жагына кайрылдым. Үйүнө жакындаган сайын ичинен өңгүрөп бакырып ыйлаган үндөн айбыгып, кире албай тургам. Бир убакта ач арбактай болуп, башы тасырайган Муңайым үйүнөн жөрмөлөп чыкты. Жез кемпирге окшошкон Муңайымды көргөндө жүрөгүм оозума кептелип, жанына басып барганга даай албай койдум. Баягы чакчалаңдаган мистекан жок, сөөгү оркоюп көрүнүп, аппарык. Эрте картайып, түрү суук болуп калыптыр. Ахыбалы оор экени, алыстан эле байкалды. Жакамды кармап, жолукпай кете бердим. Муңайымдын тарткан азабын, душманыма да каалабайт элем. Азыр угушума караганда үй ичи тынч, өлүү тирүүсү белгисиз экен... - дегенине Калыс таң калып:
--Койчу, чын элеби?Кошуна-колоңдорунан жок дегенде бири да басып барып коюшпаптырбы?- деп таңыркап сураганына досу:
--Муңайым элге дүң болуп, анын кандай адам экенин элдин баарына жакшы маалим болуп калган да. Ошону үчүн эч ким жакын жологусу келбесе керек... Болбосо "жакшы кошуна, түгөнбөгөн казына дегендей" өзү жакшы болсо, кошуна деген бир туугандан да артык болуп калат эмеспи... Жалгыз тамчы сел болбойт досум, элден чыгып калган ошондой болот... - деп жооп берет. Калыс башын чайкап:
--Миң жаман болсун, ар ким өзү үчүн жооптуу. Чоо-жай жагдайды көрүп билип туруп кайыл болгон кошуналарынын, анда Муңайымдан эмне айырмасы бар? - деп ачууланып:
--Ой айланайын, деги заман эмне эле болуп баратат яа? Жок, заман ошол эле бойдон, эл өзгөрүлдү. Азыр карасаң көпчүлүк Муңайымдан кем калышпаган кайрымсыз, мерез, кайдыгер болуп калышкан. Пейил кетти досум, адамдан пейил кетти... Бул эмне, акыр замандын белгисиби?- деп мукактанып:
--Муңайымдын дайнын айтып билдирип койгонуңа рахмат! Анда мен кеч болуп кала электе, калаага жөнөйүн!- деп кетип бараткан Калысты таң калып карап:
-- Койчу тамашаңды! Муңайымдын энеси канча жолу силерди боздотту эле, эмне унутуп калдыңбы? Силерди кемсинтип, үйүнө жакын жолотчу эмес эле го Муңайым? Эмне болсо ошо болсун, аныкына барып эмне кыласың?Буга чейин башкаларды кандай сыздатса, эми азабын тартсын!- деп кыжыры кайнаган досуна:
--Эртеңки күнү сен экөөбүздү, эмне күтүп турганын билбейбиз, туурабы? "Күлгөнгө күлө жетем" дегендей, бүгүн бирөөнү табаласаң, эртеңки күнү өзүң анын таз кейпин кийип калышың ыктымал. Кек сактабаш керек досум, кечиримдүү болуш керек! Каалайсыңбы каалабайсыңбы, турмуш өзү эле ушинтип баарын таразалап, ар кимди өз ордуна коюп коёт. Ошону үчүн эч кимге таразачы, сынчы болууга акыбыз жок! Пейилди, пейилди оңойлу досум! Азыр мен Муңайымга тууган катарында эмес, адам катары, тек гана адамдык парзымды аткарганы баратам!- деп үйүн көздөй жөнөйт. Үйүнө шашып келип, келинчегине чоо-жайын айтып түшүндүрөт. Тууган- туушканга кабарлап, чогулуп дайын болуп туруусун табыштайт да, өзү шаарга жөнөп кетет.
Калыс жолдо катар "жетишип калсам" экен деп, тынчсызданып келаткан эле. Шаарга келгенден кийин Муңайымдын үйүнө жетип келип, эшигин тартып көрөт. Ичинен илинбей ачык турган экен, Калыстын жүрөгү дүкүлдөп ичкери кирет. Заңгыраган үйдүн бөлмөлөрү көптүгүнөн улам бир эшигин ачып: "Муңайым барсыңбы? Каяктасың Муңайым?"- деп үн катканда, бир бөлмөдөн алсыз кыңкыстаган үн угулат. "Өөөх, тирүү экен" деп сүйүнгөн боюнча Муңайым жаткан бөлмөгө кирип келип, кебетесин көргөндө жүрөгү оозуна кептелип: "Ай байкушум ай байкушум, жазаңды катуу тартып жаткан экенсиң..."- деп жүрөгү сайгылашып, ыйлагысы келип келет. Кан-сөлү качып купкуу болгон Муңайымдын, жукарган терисинен сөөгү оркоюп көрүнөт. Муңайымдан бир гана жалтылдаган көзү эле калбаса, дарты күйгүзүп жеп кеткендей. Эрте карып такыр таанылгыс болуп өзгөргөн Муңайымдын, жаны болуп көрбөгөндөй катуу кыйналганын жүрөгү менен туят. Ошондо Калыстын көзү чамгарактап, мууну калчылдай түшүп: "Жазанын азабы... Бул жарык дүйнөдө тарткан азабы ушунча болсо, акыретте жооп берер күндү элестете албайм..."- деп ичинен келме келтирет. Кичине болсо да маанайын көтөрөйүн деген ниетте күлүмсүрөмүш болуп:
--Ой бөлөм, кандайсың жакшысыңбы? Бөлөм менен учураша кетейин деп келсем, уйкучу бөлөм дале төшөктөн турбай, уктап жаткан экен! Көрүшө элегибизге бир топ жыл болуп кетти го ээ Муңайым? Жыл өткөн сайын картайып келатабыз, сен болсо дале жапшаш, супсулуу бойдонсуң го яа бөлөм? Ой бизди уялтпай, кичине картайып койсоң боло? - деп тамашаламыш болуп, көз кычыгынан пайда боло калган чолок жашын билгизбей сүртөт. Муңайымдын эрининде билинер билинбес жылмаюнун көлөкөсү түшүп, Калысты көргөнүнө жетине албай сүйүнгөнүнөн, буркурап ыйлап жиберет. Боору ооруганынан канчалык кабыргасы кайышып, ичинен сызып турса да билгизбегенге аракет кылып:
--Иий бөлөм, эбак эле чоңойгонуңду билбей, дале ыйлаак бойдонсуңбу? Ыйлаба, буйруса баары жакшы болот!- деп жанында турган сүлгүсүн муздак сууга суулап келе калып, бети- башын сүртөт. Кичине эсине келип сергий түшкөн Муңайымды жылмайып карап:
--Мына эми апакай сулуу кыз болуп калбадыңбы! Ушундай эле сулуу бөлөм бар дейм да! Иии баса Муңайым, көптөн бери ысык тамак иче элек болсоң керек? Айылдын тамагын сагындыңбы? Анда ала келген эт-ашыман тамак кыла коёюн. Тамактанып алгандан кийин шашпай, жайбаракат сүйлөшөбүз ээ Муңайым?- деп, шамдагайланып, арыдан-бери тамак бышыра салат. Көптөн бери оозуна наар ала элек Муңайымдын башынан жөлөп, кашыктап тамактандырат. Жаны кыйналып алсыраган Муңайым онтолоса да, шорпонун ар бир кашыгын даамдап тамшанып ичет. Тамактанып бүткөндөн кийин Калысты ыраазы болуп карап:
--Ыраазымын сага Калыс. Ушунча адамдын арасынан, сенден "мээрим табам" деп ойлонбоптурмун. Төшөктөн тура албай жатып калгандан бери, тамак иче элек элем. Ушу күнгө чейин суу эле ичип жүрдүм. Теңселип баса албай калбадымбы... Эптеп жөрмөлөп сойлоп жатып араң ашканага жетсем суу ичем, жетпесем жок... Ушунча дүнүйөм туруп, бир сындырым нан менен бир тамчы сууга зар болуп калдым... Ушунча айдан бери адамдын караанына зар болуп, жалгызсырадым. Бирок эч кимге таарынбайм, анткени баары тең пейилиме жараша болду. Азыркы каатту жагдайым, пейилимен тапкандагым да... Эми тандоом башынан ушундай болуп ушуга өзүм кадам таштаптырмын, демек баарына өзүм күнөөлүмүн...- деп энтигип сүйлөп:
--Калыс, апам экөөбүздү кечирип койгулачы. Убагында кандай акмак болгонубузду, эми жакшы түшүндүм... Бул жалганда жазам ушунча оор болду, апамдын жаны кандай кыйналып жатканын элестете да албайм... Азыркы жанымдын кыйналганы, тартаар азабымдын башталышы гана болсо керек... Ушинтип жооп берер күнүм жөнүндө башында эле ойлонгондо, балким жазадан коркуп мынчалык карөзгөй жаман адам болбойт белек... Болоор иш болду, баарын кеч түшүндүм... Эми артка жол жок, эч нерсени өзгөртө албайм. Кылган жамандыгыма керт башым менен жооп берип, жазамдын азабын түбөлүк тартам го... Төшөктөн тура алсам, алдыңа чөгөлөп кечирим сурайт элем... Апам экөөбүздү кечирип койгулачы асылдарым... -деп көз жашын көлдөтүп, буркурап ыйлап кечирим сурайт. Калыстын көзүнө жаш тегеренип:
-- Кечирдим Муңайым, баарыбыз силерди кечирдик. Бул жөнүндө ойлонуп, эч камсанаба...- дегенине Муңайым:
--Чоң рахмат сага Калыс! Балдарым... Байкуш балдарымды да кыйнадым... Балдарымдын да жүрөгүн жаралап, акылымдын кыскалыгынан жаркын келечегине балта чаап адаштыргандай болдум... Балдарым мени өмүрү кечиришпейт го... Көзүм өтүп кетсе өзүмө окшошкон карга-кузгунга чокутуп жем кылбай, балдарыма баш-көз болуп калчы Калыс, суранам сенден? Балдарым азыр эки ара жолдо туура багыт таңдай албай, азартүмөн болуп адашып журүшөт. Мээримге муктаждыгы артып, уюткулуу кеп-кеңешке чаңкап жүргөн чагы. Менин мөөр басып так калтырып кеткен жаман таасиримен адаштырып, туура түз жолго жарык чачкан билиги болчу Калыс? - деп алсыз үнү менен мукактанып, Калысты үмүттүү жалдырап карайт. Калыс "макул" дегенсип башын ийкеп:
--Жакшылыктан үмүтүңдү үзбө Муңайым, буйруса баары жакшы болот!Анда эмесе бөлөм сен кайгырбай, биртике эс алып жатып тур. Мен бир жумушум менен бир жака барып келе коёюн, буйруса бат эле келип калам!-дегенде Муңайым ыйламсырап:
--Жалгыздык жаныма батты Калыс, жанымда кичине отура турчу?- дегенине Калыс Муңайымдын эки жагын кымтылап жаап:
--Эч кабатыр болбо чоң кыз! Сени көпкө күттүрбөй, тез эле келип калам!- деп күлүмсүрөп, сыртты көздөй жөнөйт.
Калыс Муңайымдын балдары менен жолукканы кетип бараткан эле. Сураштырып отуруп, Муңайымдын улуу баласынын үйүн таап барып, баласына жолугуп жагдайды айтып түшүндүрөт. Баласы бир туугандары менен байланышып, баары чогулуп келгенден кийин Калыс сөз баштап, балдарына кайрылат:
--Апаңардын ахыбалы начар экен, барып көрүп келдим... Балдар, силерди жакшы түшүнүп турам. Бирок тээ качандыр бир кезде кетирген кемчилик катаңарды, кайрадан жаңылышып экинчи ирет кайталап жаткан жоксуңарбы? - деп сураганда, балдар ийин куушуруп Калысты суроолу карашат. Анда Калыс кабагын чытып:
--Атаңардын аянычтуу тагдыры жүрөгүңөрдү жаралап, өзүңөрдү кечире албай алигиче чейин өкүнүп жүргөн чыгаарсыңар... Апаңардын туура эмес кадамынан, силер балалык кылып жаңылдыңар. Эмичи? Эми жүрөгүңөргө тынчтык бербеген өкүнүч сезим оргуштап отуруп, чоң өнөкөткө айланган. Апаңарды кечире албай кектеп, жек көрөсүңөр. Өнөкөтүңөр барган сайын муштумдай жүрөгүңөрдү муз кылып тоңутуп, апаңардан ашып түшкөн мерез, кайрымсыз болуп бараткаңарды аңдабайсыңар... Өзүмчүл жеке кертилигиңердин алкагында бир гана кечирбестик жек көрүү менен чектелип, бүтүндөй жашооңорго доо кетирип жарака салып жатканыңарды эмне үчүн түшүнбөйсүңөр? Азыр апаңардын жаны сыздап кыйналып жатса, бир кайрылып басып барбай койдуңар. Кийинкиңерчи, келечегиңер кандай болмокчу? Намысыңарчы? Ооба, Муңайым жашоосунда көптөгөн кечирилгис каталарды кетирди... Бирок апаңардын кетирген кемчилик- каталарына, силер жоопту эмессиңер. Ошону менен бирге сындап таразалап, өкүм чыгарганга да акыңар жок балдарым! Ар ким өзү үчүн жооптуу. Апаңар жакшыбы жаманбы, баары бир энеңер. Бул жашоодо жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт экен, ошону үчүн апаңарды кечирип койгула балдарым. Азыр Муңайым өз жазасынын алоолонгон отуна куйкаланып, жаны кыйналып жаткан учуру... Силер да бул сыноодон өзүңөр үчүн сабак алып, кийин тагдырыңардан төбөгө муш жебегидей болгула! Кайтаар дүйнөнүн аныгына күбө болуп, ынангандай болдуңар. Убакыт эч кимди аябайт, жаштык да түбөлүктүү эмес. Көз- ачып жумгуча эле, эртеңки күнү силер да картаясыңар. Ошону үчүн эмитеден акыл калчап, терең ойлонуп иш кылууңар абзел. Каман күркүрөгөн караңгылык туңгуюктан суурулуп чыгып, бул сыноолорго туруштук бере алгыдай кайраттуу, бекем болушуңар керек балдарым! Бала- чагыңарда көргөн адилетсиздике мокобой, жакшылыктан үмүт үзбөгүлө. Адамзаттын жашоосунда, ата- эненин орду бийик болушу керек. Бирок тилекке каршы ата- энеңер силерге, туура таалим тарбия бере алышкан жок. Демек, жаркын келечегиңерге арканды узун таштап, өзүңөрдү-өзүңөр тарбиялап оңолуп түзөлүүгө, убакыт келип жетти! Эң биринчи кезекте жүрөктү!- деп Калыс жүрөк тушун кагып көргөзүп:
--Таарыныч, кек, өкүнүч сыяктуу акыр- чикирден, жүрөктү тазалаш керек! Улам артка кылчайтып артка таркан илдет дарттан акыл-эсти сакайтып, тунук аң- сезимдин саламаттыгына кам көрүү шарт. Адам жан дүйнөсү менен алпурушуп, өзүн тарбиялоо оңой болбойт. Бирок аракет кылса ийрийип адашкан адам да оңолуп, түз жолго түшөт. Бул да эбегейсиз чоң мээнетти талап кылат. Эмгекчилдик, мээнеткеч аракетчилдик, падышанын падышасы болот балдарым! Жетелеп отуруп, акыры алтын аяктан суу ичирет. Ошондуктан жүрөктөгү чиеленген түйүндүн чийинин чечип, сыноолорго мокобой, кечиримдүү болгула! Мына ошондо гана жашоого көз- карашыңар тереңдеп, тарбияланып оңоло баштайсыңар! Жан дүйнөңө мээрим нурун чачып, "жарк" этип уктап жаткан ыйманыңар ойгонот. Ыйман ойгонсо, тарып бараткан пейил да оңолот! Жаркырап тийген күндөй жакшылык нурун чачыратып, баскан изиңерден чөп чыгыт. Маселен, апаңар үчүн оңолуп түзөлүүгө кеч болуп калды. Силергечи? Силер үчүн али кеч эмес жашсыңар, баары алдыда! Апаңардын кемчилик каталарын кайталабай, оңолуп түзөлүүгө мүмкүнчүлүгүнөр бар! Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай таза, бактылуу жаркын келечекке чечкиндүү кадам таштагыла балдар! Кеңпейил адамкерчилик сыпатыңардан жазбай, мээримдүү, кечиримдүү, кайрымдуу, айкөл болгула! Жамандыкты жакшылык менен жеңе билген, кылды карк жарган калыс болгула! Чоң-ата, чоң- апаңарды көрүп калгам, силер мыкты инсандардын тукумунансыңар! Ошондуктан ар- намысты бийик туткан, көзгө толоор мыкты эр-азаматтын бири болосуңар деген ишеничим чоң! Силерде, менде баарыбызда тең жүрөк деген бар. Эң ириде адамбыз, адамзатпыз! Демек, "адам" деген атты бийик туткан инсандардан бололу балдарым!- деп балдардын жүлүнүнө чейин жеткире байымдап айтканга аракет кылат. Калыстын сөзүн бөлбөй кебине кулак кагып, ар бир сөзүн кунт коюп муюп угуп отурушкан балдарына үмүттүү карап:
--Муңайым кантсе да эне да. Жаны кыйналып өзү араң жатса да силерди ойлоп, силер үчүн сары-санаа болуп жатат. Энесине жакшылык кылган бала, эч убакта жамандык көрбөйт балдарым! Балалык парзыңарды аткарып, апаңарды акыркы сапарга ыраазы кылып узаткандай болгула... - деп сөзүн аяктап, жооп күткөнсүп балдарын карайт. Буга чейин балдарга, акыл айткан адам деле болгон эмес эле. Ошондуктан балдар Калыстын сөзүнө таасирленип, көзүнө жаш кылгырып терең ойлонуп отурушкан. Кыраакы Калыс балдардын оюн көз-карашынан айттырбай түшүнөт да: "Демек баары мен ойлогондой кеч болуп кала элек экен! Балдардын деринде бар зирек эле балдар экен, демек балдардын келечеги бар. Болгону, тарбия жагынан аксап, ички жан дүйнөсү бөксөрүп турганы болбосо, кеп-кеңеш туура багытка чаңкап турушкан экен! Мээримге, мээримге муктаждыгы көздөрүнөн эле көрүнүп турбайбы? Байкуш балдар апасынын туура эмес кадамынан урунуп- беринип, булар да чабылып желип, чайналып калган тура... Байкуштарда эмне күнөө? Эң маанилүүсү Муңайымдын дүнүйөкорчулук илдети, балдарына жукпаптыр! Балдар энесин тартпай, Элесбек чоң атасындай жөнөкөйлүгү, Айжаркын чоң апасындай мээримдүү жароокер мүнөзүнүн сүйкүмдүү көлөкөсү жылт эткенин, байкай алдым! Демек баары жаман эмес! "Оңолом, түзөлөм, өсөм" деген балдарга жөлөк-таяк болуп жакшылыкка үндөө, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн агалык, адамдык милдет парзым!- деп ичинен ыраазы болуп:
--Анда эмесе балдарым, апаңарды көпкө күттүрбөй жөнөйлү!- деп ордунан козголуп, кетүүгө камданат. Балдары да ушуну эле күтүп турушкансып жапырт тура калышып, бала- бакыра бүлөсү менен апасыныкына шашылып жөнөп калышат.
Муңайым көз жашын кылгырытып, балдары үчүн жалбарып тилек кылып жаткан. Бир убакта дарбазасынын эшиги "кыйч" деп ачылгандай болот. "Жалгыз өлсө чуу чыкпайт болуп үзүлүп кете берсем, өлгөнүм билинбей деле калмак экен... Дагы Калыс келип калып, кичине жүрөгүм тынчып калбадыбы!"- деп, бөлөсү келаткан экен деп ойлойт. Аңгыча, сырттан топурашып кирип келатышкан адамдардын кадамдары угулганда Муңайым "селт" этип: "Кулагыма угулуп жатабы, же..." деп жүрөгү "болк" этип кулак төшөйт.
--Чоң апааааа! - деп сырттан неберелери чурулдашып чуркап кирип келатышканын көргөн көзүнө ишенбей, жүрөгү жарылып кете жаздап буркурап ыйлап жиберет. Бойтоңдошкон кичинекей неберелери "апакелеп" кучактап өпкүлөгөн сайын жүрөгү элжиреп, калтыраган алсыз колу менен чачы- башынан сылап өпкүлөйт. Улам бир небересин тоё жыттап, көктү карап: "Шүгүр, шүгүр айланайын Жаратканым! Миң мертебе шүгүрчүлүк айтам, ыраазымын сага!"- деп көз жашын кылгырытып, неберелерине үзүлүп- түшүп жетине албай кубанат. Ошол учурда сырттан кирип келишкен келин- уулдары апасынын ахыбалын көрүшкөндө нес болушуп:
--Апа, апаке, байкушум апакем... Биздей кайрымсыз, мерез балдарыңызды кечириңиз апа... Апаааа...- деп балдары мукактанып ыйлап жиберишет. Муңайым да эреркеп ыйлап жиберип:
--Кагылып кетейин каралдыларым! Ананайын берекем, асылым балдарым! Ушундай ахыбалда калганыма өзүм күнөөлүмүн, пейилимен таптым... Мындай азапты жон терим менен сезип башыман өткөрмөйүнчө, көзүм ачылып эч нерсени түшүнбөйт болчумун... Ошондуктан силерде күнөө жок чүрпөлөрүм, өзүңөрдү күнөөлүү сезчү болгбогула! Кайра менин жаза баскан кадамдарым силерге сабак болуп, чыйралып бекем болгула балдарым! Баардык жаман балээлер өзүм менен кетсинчи! Зарыл атаңардын кыялын орундатып, бактылуу өмүр сүргөнгө далалаттангыла балдарым! Арсыз, акылы кыска апаңарды кечирип койгулачы балдарым!- деп буркурап ыйлап, алакан жайып тилек кылып ак батасын берет.
--Апаке, алтыным апаке, биз сизди кечирдик! Сиз да бизди кечирип коюңуз апаке... - деп балдары чөгөлөп колунан өөп, кечирим сурап ыйлашат. Ошентип ыйлап-сыкташып, бири-биринен кечирим сурашкан эне-баланы ыйламсырап карап турган Калыс да "шүгүр шүгүр, шүгүр айланайын Жаратканым" деп, жүрөгү жеңилдей түшөт. Бир туугандардын ынтымактуу биримдигинин жылуу илеби нурун чачыратып, ырыскы, кут, береке биринин артынан бири үйүнө жадырап баш бага баштагансыйт. Неберелеринин кыткылыктап күлгөн күлкүлөрү үй ичин жаңыртып, үңүл тарткан үй ичи жарык болуп жаркырай түшөт. Муңайымдын жүрөгү балкып бакытка бөлөнүп: "Чоң рахмат сага бөлөм, ыраазымын сага!"-деп көз жашка толо болгон көздөрүн жайнатып, Калысты күлүмсүрөп карайт. Бирде балдарын бирде неберелерин өпкүлөп, бирде күлсө бирде ыйлап жүрөгү элжиреген Муңайым, чыныгы бакыт эмне экенин ошондо гана жакшы түшүнөт. Бирок тилекке каршы саат чыкылдап, Муңайымдын бул жарык дүйнөдө конок болуу мөөнөтү аяктап бараткан эле.
Ошол түнү Муңайымдын кыйналган жаны жай алып, көшүлүп уктап кетет. Зарылды түш көрүп, бул жолкусунда Зарыл жол карап өзүн күтүп тургансыйт. Экөө биринчи жолу жолуккан кезиндегидей, жаш курагы экен. Узун бойлуу, кең далылуу сымбаттуу Зарыл бажырайган коймолжун көзүн балбылдатып, Мүнайымды күлүмсүрөп карайт. Кымча белине жарашыктуу узун ак көйнөгүн кийген татынакай Муңайымдын да, суйкайган жапжаш чагы экен. Сагыныч кусалык сезими жүрөгүнөн атылып чыкчудай болуп, Зарылдын жылуу карылуу кучагына боюн таштагысы келет. Бирок даай албай сүйкүмдүү көзүнөн көзүн ала качып, өзүн күнөөкөр сезип башын жерге салат. Кайрылган узун кирпигинен ысык көз жашы ылдый шорголоп агып "тып, тып" деп тыпылдап тамчылап, үн-сөзсүз жүрөгү менен кечирим сурайт. Тунук аруу сезимин көз-карашы менен үнсүз айтып турган Зарыл, "кечирдим" дегенсип, карылуу колун сунат. Бул жолку таштаган кадамы акыркы кадам экенин түшүнгөн Муңайым, Зарылды жылмайып караган боюнча Зарылга кадам таштайт. Сунган колун кармаары менен Муңайымдын жүрөгү алып учуп, катуу бир булкуп алат. Дубалда илинип турган токтоосуз чыкылдап жүргөн саатынын жебеси "тык" токтоп, чыкылдабай калат.
Улам кирип-чыгып сак болуп отурган бөлөсүнүн жүрөгү "зырп" деп сайгылаша түшкөнүнөн, дароо Муңайымдын бөлмөсүн көздөй шашып жөнөйт. Жанына басып келип караса, Муңайым жылмайган калыбында барса келбес сапарга узап кеткен экен. Жүрөк тушун мыкчып кармап туруп калып, Муңайымдын бактылуудай күлүмсүрөп узаганын таң калып карайт. Качандыр бир кездеги Зейне жеңесинин да Муңайымдай жылмайып узаганын эстеп: "Зейне жеңе менен Муңайымдын айырмасы, асман менен жердей. Бири мерездик менен кайрымсыздыктын курмандыгы болсо, бири мерездик менен кайрымсыздыктын туу чокусунда талпынып канат кагып, дүнүйөкорлуктун курманы болду... Бирок, бирок экөө тең мелтиреген боюнча, бактылуудай сапарга узашканын карасаң? Ээх жашоо, жашоо! Ээх тагдыр... Мына ошентип жердей катуу, темирдей бекем, отко салсаң күйбөгөн сууга салсаң чөкпөгөн, дүнүйөнү жанынан артык сүйгөн, атак- даңк десе өлүп- тирилген, болуп көрбөгөндөй дүнүйөкор мерез адам дүйнөдөн кайтты! "Керек десе дүйнөнү багынтам!" деп билек түрүп, "сансыз кадам таштап нечендеген жолду басып өтүп, кылымдан-кылым карытам деген таш боор Муңайымдын да, доору бүттү. Ээх Муңайым, Муңайым... Өзүңдү бүркүт сезгиче, кыска өмүрлүү алсыз пенде эле экениңди түшүнсөң гана... Аска зоодой бийиктиги асман тиреп, чырмалып үймөлөктөшкөн мерездиктин бир кичинекей кертилген ташы, бүгүн кулады. Бирок ал үймөлөк тамырын кенен жайып, дагы канчалаганы курмандыкка чалынаар экен аттиң... Эмнегедир Муңайымга боорум ачып турат... Кантсе да бул да ЖАРАТКАНЫМДЫН алсыз пендеси эле болчу да... Эми эмне дейбиз Муңайым, сурагың жеңилинен болсун. Кош Муңайым, кайыр кош... - деп көз жашы шорголоп агып, мелтиреп жылмайып жаткан Муңайымды жалооруп карап турду.
БИР КАДАМ...
Соңку бөлүм
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15