Предыдущая публикация
Жакшы сөз жарым ырыс дегени,
Башты ийип чын дилден көңүл бөлөлү.
Жакшы сөзгө душман , дагы ийилген,
Ак жылмайып , чын дилден жооп берели .
Кандай жакшы күндө айтып ак тилек,
Жакындардан салам жолдоо берилет.
Таң эртелеп ,антип -минтип болгуча
Телевондон баарлашуу да келет.
Баарыңгарга менден деген саламды,
Мен да жолдойм менден болгон кабарды.
Жолун ачкан телевондук уюлдун,
Ал адамга алкыш гана айталы.
Кандай жакшы үйдөн чыпай олтуруп,
Жакындардан жакшылык сөз күндө угулуп
Кудай буйруп сар - санабыз бей- капар,
Кабарлашып купулдарды толтуруп.
Айтылып тур ак таңдагы ак тилек,
Бул да болсо илимпоздон ийгилик.
Ааламыбыз тынчтык нурга малынып,
Жүрөктөрдү ак тилектер жибитип.
У.К.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8