4-бөлүм
Көздөгөн максаты орундалып мүдөөсүнө жеткен Муңайым ичинен кымыңдап, ансайын Зарылга бүжүңдөп ыкталып баратты. Зарылдын толкунданган жүрөгү алеп-жалеп болуп алып учуп, таманы жер сезбегенсийт. Ошентип экөө кубанып келатышып үйүнө жакындап келип калгандан кийин гана, Зарыл кичине эсине келгендей болот. "Азыр Муңайымды жетелеп кирип барсам, ата-энем кандай кабыл алышат болду экен?" деп ойлонуп "тык" токтоп калат да: "Жоок, азыр үйгө кирип баргандан айбыгып турам... Кандай кылсам экен? Же, Асанга барып акылдашып көрсөмбү? Чын эле биринчи Асанга жолуга кетейинчи" деп, жолунан кайрылат. Анда Муңайымдын жүрөгү "шуу" дей түшүп: "Баары ойдогудай жакшы болуп келатканда, азыр эмне болуп кетти? Бир заматта Зарылдын өңү кубарып, өзгөрүлө түштү го... Же чечимин өзгөртүп, үйлөнгөндөн баш тартканы турабы?" деп ыйлагысы келип кетет. Муңайымдын кыйпычылыктап, тынчсыздана түшкөнүн сезген Зарыл:
--Азыр биринчи дос балама жолуга кетеличи. Сен да кайгырып, толкунданып турсаң керек? Буйруса баары жакшы болот, эч кабатырланба!-деп Муңайымды кучактап өөп коёт.
--Үйүнүн алдында унаасы токтоп турат, демек Асан үйүндө эле экен. Сен бир аз күтө турчу ээ Муңайым, мен азыр бат эле келем!- деп Зарыл бат-баттан басып барып, досунун дарбазасын такылдатат. Көпкө күттүрбөстөн бат эле дарбазанын эшиги ачылып, ичинен узун бойлуу кара тору жигит суурулуп чыгып:
--Ой сен каяктан? Жүрү үйгө кирбейсиңби?- деп кол алышып учурашканда, Зарыл шашкалактап:
--Рахмат Асан, үй жака шашып бараттым эле... - деп Муңайым жакты кылчактап карайт. Зарылдын жөн келбегенин түшүнгөн кыраакы досу:
--Алиги кыз сени менен кошо келгенби? Кокусунан достор кеп кылып жүргөн Муңайым деген кыз, ушу кыз эмеспи?- деп кабагын чытып сураганда Зарыл кызарып:
--Досум, күтүлбөгөн бир маселе пайда болуп калды. Ошо жөнүндө сени менен акылдашайын деп келгем...- деп кыскача чоо-жайын айтып берет. Анда Асан башын чайкап:
--Түшүнүктүү... Каап досум, кичине шашып коюптурсуң да. Бирок жоопкерчилик деген да бар, ошон үчүн ойлонуп иш кылсаң болмок экен! Ата-энең менен акылдашпай туруп, кызды түз эле үйүңө алып келе бергениң чатак болуптур. Кыздын тартынбай келе бергени да, эмнегедир чоң күмөн жаратып турат? Же турмушка чыгалбай, араң жүргөн немеби?- деп, жолдун боюнда күтүп турган Муңайымды жактырбай шекшип карап:
--Кийин бармагыңды тиштеп өкүнүп калбасаң эле болду, абайласаң болмок экен... Кандай болгон күндө да, болоор иш болуптур. Анда мындай кылалы досум. Биз кайтып келгенчекти, тигиниң менин үйүмдө күтүп турсун. Ал эми экөөбүз үйүңө барып, ата- энеңе чоо-жайын айтып түшүндүрөлү...- деген досунун оюн туура көрүп, макул болот. Муңайымды Асандын үйүнө калтырып, экөө Зарылдын үйүнө жөнөшөт.
Ошол учурда Айжаркын Мөлмөлүмдүн бешигин терметип, кыңылдап ырдап отурган. Зарылдын суранычы боюнча, үйүнө биринчи Асан кирет. Апасы менен жылуу учурашып ал- жайды сурашкандан кийин, Асан окуянын четин чыгарып айтат. Кубанаарын же ыйлаарын билбей нес болгон Айжаркын, оозун кыбыратып:
--Ай ушу жүрөгүм сезип жүрдү эле... Акыры ушундай болмок экен да... - деп жүрөк тушун кармап, унчукпай отуруп калат. Коңшу бөлмөдө гезит окуп отурган атасы басып келип:
--Ушундай да болмок беле? Тээ илгертеден бери келаткан, каада- салт үрп-адатыбыз бар! Салт санжырабыз бай келген калкпыз! Анан эле уулум өзгөчөлөнүп, өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илгени эмнеси? Жаңылыгын сенден сүйүнчүлөп айттырбай, алдыбызга өзү келбейби? Ал жубарымбек каякта жүрөт?-деп атасы ачууланып сураганда:
--Ата, кечирип койгулачы...- деп, Зарыл оозгу бөлмөдөн баш багып, кызарып кирип келет. Жерди карап унчукпай турган Зарылды апасы кейип карап:
--Ооба балам, атаң туура айтат... Баардык нерсе, орду-орду менен болгону жакшы болмок... Жашоо, турмуш сага оюнчук эмес да балам? Ар бир таштаган кадамыңан из калат. Кадамың түз болбосо адашып, жашооңду талкалап алышың толук мүмкүн... Шашкан шайтандын иши болот, эмне анчалык шашылдың уулум? Жаштыктын кызуу демине азгырылбай кичине терең ойлонуп, бир кадам артка таштарсың уулум? Кийин кеч болуп калганда, өкүнүп калбагандай бол...- деп дагы көптөгөн накыл кептерин ортого салып айтышат. Бирок Зарыл ата-энесинин акыл- насаат кеп-кеңешине кулак түрмөк түгүл, ак эткенден так этпей, өзүнүкүн бербей көгөрүп туруп алат. Уулунун үйлөнүүсүнө ата-энеси да караманча каршы чыгышат. Айласы кетип кыздарын чакыртышып, баары биргелешип Зарылды оюнан кайттыра албай, убара болушат. "Муңаймсыз жашай албайм, аны сүйөм! Ал азыр кош бойлуу, силердин небереңерди көтөрүп жүрөт! Мен баламдан эч убакта баш тартпайм! Болду жетишет, үйлөнөм дедимби, демек үйлөнөм!"- деп Зарыл көгөрүп, такыр сөзгө келбей коёт. Уулунун оюнан кайтпасына көзү жеткен ата-эне, кыйылып жатып аргасыздан макул болушат.
--Анда, өзү келген келинди, көпкө күттүрбөйлү... Жок дегенде жоолук салгандын ырым- жырым жөрөлгөсүн кылалы. Көзгө басаар жалгыз уулумдун үйлөнүү-үлпөтү, каада нугунда өтөт деп кыялданып жүрдүм элем. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, тилекке каршы мен ойлогондой болбой калды... - деп чолок жашын бет аарчысы менен сүртүп, кичүү кызына кайрылат:
--Кызым, Чачыкей эжеңди чакырып келе кал! Чачыкейдей нарктуу, ыймандуу келиндин коштоосунда, келин үйгө кирсин... Жүрөгүм сезгендей болуп жөн отурбай, көшөгө тигип камдап койгонум абийир болуптур. Анда мен чачыгымды алып чыгып, майда- чүйдөсүн даярдай коёюн! - деп тууган- урук кошуна - колоңдоруна айттырат. Бирин- сириндеп жетип келген ынтымактуу кошуналары, Айжаркынды колдон буттан алып, биргелешип тойдун камын көрө башташат. Шайыр келиндер дасторкон жайып, чаралап боорсокко камыр жууруй салышат. Короодогу очокко казан асылып, самоорду буркулдатып кайнаткан Зарылдын жоро-жолдоштору да айттырбай, кол кабыш кылып кызмат кылып жүрүштү. Ары-бери ызылдап чуркап ойноп жүргөн кичинекей балдар бир убакта: "жеңем келатат" деп чурулдашып калышканынан: "Ай, келин келатыптыр, болгула дейм!" -деп Чачыкейдин коштоосунда кирип келаткан Муңайымдын алдынан таттуу момпосуйларын тилек кылып чачып, тосуп алышат. Кичинекей балдар ушуну эле күтүп турушкансып, чачылган момпосуйларды талашып теришип, айлана-чөйрө күлкү- шаңга бөлөнөт. Муңайымды жарданып карашкан кошуналары: "Ай-иий ай, тим эле тамагынан ай көрүнгөн ай жамалы келишкен, чүрөк келин экен! - дешип, туш-тараптан күбүр-шыбыр болуп, суктанып карашат. Алдынан толкунданып тосуп чыккан Айжаркын алакан жайып, ак батасын берип апапак жоолугун башына салат. Жанында турган Чачыкей: "Ай келин, алдыгинтип кайненеңди тикирейип тике караганың эмнең ботом? Башыңа жоолук салынгандан кийин, кайненеңе ийилип жүгүнүп койбойсуңбу? - деп акырын элге угузбай шыбырайт. Ошондо гана Муңайым жерди карап уялымыш болуп, Айжаркынга ийилип жүгүнөт. Муңайымдын жүгүнгөнүнө Айжаркын жибий түшүп:
--Кудай жалгасын, Кудай тилегиңди берсин. Өмүрүң узун болуп, балпайган байбиче бол айланайын. Алдыңарды бала басып, аркаңарды мал бассын! - деп Муңайымдын чекесинен өөп, ичинен "багыңар ачылып бактылуу болсоңор эле болду!" деп тиленип алат. Жүрөктү элжиреткен каалоо- тилектер айтылып, сары майдан даам таттырышат. Муңайымды колунан жетелеп киришип, көшөгөнүн ичине олтургузушат. Болуп жаткан көрүнүшкө кызыгып карашкан кичинекей кыз - балдар Муңайымды "жеңекелешип", айланчыктап жанынан чыкпай калышат. Келин көрүп келгендердин саны үзүлбөй, ошентип той да башталып калат. Тууган урук жек- жааты менен кеңешип, атуу баштуу аксакал карыялар Зарылга кошулуп, кулдук уруп астына түшкөнү Муңайымдын үйүнө жөнөшөт. Узак жол жүрүп келип сураштырып отуруп, жашаган үйүн араң дегенде таап келишет. Ичинен илинген дарбазасын бир топ убакытка чейин такылдатып турушуп, бир убакта:
--Дарбазамды сындырып, талкалап жиберчүдөй болгон колуң сыңгырлар, ким бул эй?- деп Муңайымдын агасы кыйкырып сүйлөнүп басып келип, жулунуп эшигин ачып, кудаларды акшыйып карайт. Үрөйү учуп көзүн алайткан кудалары:
--Кулдугубуз бар! - деп кол куушуруп ийилишкенде, агасы "чыйт" түкүрүп ырсалаңдап:
--Түн катып адамдын уйкусун бузганныңар аз келгенсип, эми "кулдугум бар" деп былжырашканы эмнеси яа апа?-деп үйүнөн чыгып келаткан каарду кемпирге кайрылат. Кызыктай болгон кудалар апасына да "кулдугубуз бар" дешип, Элесбек кызынын жазып берген тил катын сунат. Колунан жөн албай титиреңдеп жулуп алып, терезенин жарыгынан катты үңүлүп окуйт. Чоо- жайды айттырбай түшүнгөн апасы мыйыгынан жылмайып, дарбазанын сыртында жалдырап күтүп турушкан кудаларына кайрылып:
--Ай караган текедей болуп, эмне жалдырап туруп калдыңар? Оозуңарды ачпай, үйгө кирбейсиңерби!- деп жагымсыз үнү менен чаңкылдайт. Төбө чачы тик турган кудалары бири-бирин таң калып карашып, алдыга түшүп кеңкейип басып бараткан кудагыйынын артынан унчукпай үйүнө киришет. Мындайды өмүрү көрбөгөн аксакалдар башын чайкап, бирок сыр беришпейт. Ала келгенин ортого чыгарып, бош дасторкон бетин үн катпай тегеректеп отуруп калышат. Бирин-сириндеп чууруп келе баштаган уул-кыздарынын туруш-турпатына да таң калышат. Бири-бирине кылган орой мамилесине, келин-кезегин көз- көрүнө кагып-силкип чукчуңдашканын көрүп отурушкан кудалар, чыга качкысы келип араң чыдап отурушкан эле. Кабагына кар жаап каарданып отурган Муңайымдын апасы, алдыда боло турган той-топур, алыш- бериш маселесин кабыргасынан коюп сөз баштайт. Анда кудалардын улуу аксакалы нааразыланып:
--Те байыртадан бери, үйгө баш баккан жөнөкөй жолоочуга да сый мамиле кылышчу экен. Биздин жагдайда болсо жок дегенде ал-жайды сурашып амандашып, жакындан таанышып дегендей...- деп айтып келатканда Муңайымдын апасы сөзүн "чорт" бөлүп:
--Конок койдон жоош болот. Үй ээсине акыл үйрөтүп төрүн бийлеген да жакшы эмес! Ошондуктан сөздүн төркүнүнө өтөлү! - деп сүт акы, калың жөнүндө сөз козгоп, калыңдын баасын он эселеп өзү эле бычып коёт. Элесбектин агасынын ачуусу келип, "жарылайын" деп араң турган жаны, камырабай оозун керип сүйлөп отурган Муңайымдын апасын акшыйып карайт. Жактырбаган көз- карашын байкап калган апасы кебелбей өзүн да жерип карап:
-- Мен силерди эмне, "кулдук уруп келгиле" деп, сакалыңардан сүйрөп келдимби? Ал, чамага жараша иш кылыш керек! Алмончоктой кызымды бүлөө кылып алып жаткандан кийин, кунун да төлөш керек да ботом! Колуңарда жок бир байкуш болсоңор, анда келин алып убара болбой эле койбойсуңарбы? Мени менен "аккыялашып" отуруунун эч кажети жок, айтканыман кайтпайм!- деп аксакалды дароо беттен алып, сүйлөтпөй оозун жабат. Бир жагынан намыстанганынан "сураганын бере калсын" деген ойдо, атайын Элесбектин намысына тийип сүйлөгөндөгүсү болчу. Туталанып туйлап жиберген агасынын жеңинен тарткан Элесбек:
--Кудагый, сиз айткандай тилемчи эмеспиз. Чириген бай болбосок да, оокат- жайыбыз тың, шүгүрчүлүк! Зарыл жалгыз уулубуз болгондон кийин, балабыздын бакыты үчүн колдон келген аракетибизди кылабыз да! Бул жерден эң биринчи кезекте, эки баланын бакытын тилешибиз керек! Калган дүнүйө маселеси кеп эмес, чечилет... - деп тартынбаган чоң алкымдуу кудагыйын кейип карайт. "Аракет кылбай каякка бармак элең, айлаң жок кыласың да!" - деп Муңайымдын апасы ичинен кымыңдай түшөт. Элесбек болсо келин баласынын апасына куюп койгондой окшоштугун байкап: "Балээ басып, келин бала энесин тарткан болсочу? Айжаркын айткандай эле, эми баарыбыздын шорубуз катпаса болду... Ай уулум ай уулум... Мындай дэңгээли төмөн, битин сыгып канын жалаган битиреген ач көздөргө, кайдан жүрүп туш келип калдың экен... Энесин көрүп кызы өстү да, ошондуктан кызы деле энесинен алыс узаган жок болуш керек? Каап, уулум, каап..."- деп ичинен кейип отуруп, маңдайында илинип турган сүрөткө көзү түшөт. Сүрөттөгү сүйкүмдүү келиндин көздөрү муңдуу көрүнөт. Эмнегедир сүрөттү улам-улам карай берип, муңдуу көздөрү арманын жаңыртып чаңырып айткысы келгендей туюлуп кетип, жүрөгү "зырп" дей түшөт. Ордунан туруп барып сүрөттү жакындан карап:
--Кечиресиз кудагый... Сүрөттөгү келин кызыңарбы же келиниңерби? - деп сураганына Муңайымдын апасынын өңү өзгөрүлө түшүп:
--Ал шордуу, жээнимдин Зейне деген келинчеги болчу, эмне болду? Жанында отурган менин апам болот. Апамдан эстелик болуп калган, көзгө басаар жалгыз ушул эле сүрөтү калыптыр. Ошону үчүн алдыгы сүрөттү ыргытып жибергенге колум барбай койду. Болбосо желмогуз Зейненин сүрөтүн кастарлабай, эбак эле ыргытып жибермекмин да! - деп жооп берет. Дубалга сүйөнүп отурган өспүрүм бала "шак" тура калып:
--Жаман суук тилиңерди жалаңдатып, өлгөн апама тийишкениңер жандан өттү! Апам желмогуздай болбой эле, жакшынакай эле болуп турат! - деп мукактанып:
--Апамдын түбүнө жетип башын жутуп алганыңар аз келгенсип, атамдын да канын кашыктап ичип жүрүп, акыры анын да жанын соруп тындыңар! Бизди сыздатып томолой жетим кылган, так силер желмогузсуңар! Эми бирден биздин да башыбызды жутканы турсаңар керек, ээ желмогуздар! Эмки кезек кимде? Мен баарыңарды тең жек көрөм! Экинчи өлгөн апама сөз тийгизүүчү болбогула, уктуңарбы!- деп бакырып ыйлаган боюнча, эшике чуркап чыгып кетет. Жетим баланын айткан сөздөрү атылган октой болуп, Элесбектин жүрөгүн канжалата тешип өткөндөй болот. Алеки заматта кулагы чуулдап, көзү караңгылай түшөт. "Суу, муздак суу берип койгулачы..."- деп көйнөгүнүн өйдөңкү топчусун чечип, келини сунган чөйчөктөгү сууну кулкулдатып жутуп жиберет. Дале өзүнө келе албай:
--Аба жетпей, демим кысылып кетти... Эшике чыгып таза аба жутуп келейинчи, балким сергип калаармын...- деп эшике чыгат. Айлуу түндүн муздак таза абасы Элесбекти эсине келтиргендей болуп, сергийт түшөт. Асмандагы жымыңдаган жылдыздарды карап, кере-кере дем алып турган. Ошол учурда баланын уңулдап ыйлаган үнү угулуп, Элесбек кулак түрүп туруп калат. "Бул жанагы жетим бала эмеспи?"- деп, үн чыккан тарапты көздөй бет алат. Короонун баш жагындагы сарайдын ичинде, көмкөрөсүнөн түшүп ыйлап жаткан баланы көрүп, жанына басып келет. "Кагылайын ыйлабачы... Болду берекем ыйлаба... Азыр мен сага дарегимди жазып калтырып кетем- деп төш чөнтөгүнөн жука дептерчесин алып чыгып, бир барагын айрыйт.
--Балам, ширеке чагып жарык кылып турсаң. Болбосо, көзгө сайса көрүнгүс караңгыдан жакшы көрбөй жатам- деп балага ширеңкесин карматат. Бала энтигип ширенкени чагып күйгүзөт. Ошондо Элесбек баланын бети башы канжалап, алдыңкы эрди жарылып кеткенин көрөт. Элесбектин жүрөгү сайгылашып:
--Ээ кокуйгүн, сени мынчалык ким урду? - деп чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып: "Йе айланайын, жаш баланы да ушунча урабы?"- деп ачууланып, баланын чекесинен өөп, башынан сылайт. Ошол учурда сарай жака бирөө басып келаткандай, шырпылдаган добуш чыгат. Бала коркуп кетип эки жагын элеңдеп карап:
--Булар азыр мени дагы жанчып сабашат... Кордукка чыдабай баратам, баарына тойдум! Жашагым келбей, өлүп алгым келип жүрөт...- деп Элесбектин колун мыкчып кармап:
--Силер булардын туткунуна түшчү болбогула, ата!Болбосо булар чап кенедей жабышып алып, мите курттай каныңарды соруп салат! Менин ата- энемдин түбүнө жеткендей, силердин да түбүңөргө жете элегинде, булардан артыңарды карабай качып кутулгула! - деп, тура калып, качып жөнөйт. Нес болуп туруп калган Элесбектин далысына бирөө колун койгондо, коркуп кетип бакырып жибере жаздайт. Артын бурулуп караса, Муңайымдын маданиятсыз орой иниси ыкшып күлүп:
--Оо куда, бул жакта эмне кылып жүрөсүз? Жанагы арам чечекти көргөн жоксузбу? - деп сураганда:
--Жок! Мен эч кимди көргөн жокмун! Бул жакта аба жутуп тургамын! - деп өзүнө жараша орой жооп берип, басып кетет.
Ошентип Элесбектер кеткенче шашып, кайра жолго чыгышат. Жолдо келатып агасы:
--Ой тобоо, тобоо! Тобоо кылдым, мындай адамдардан Кудай сактасын!- деп башка сөз оозуна келбей, үйүнө жеткенчекти жакасын кармап келет. Ал эми Элесбектин эсинен жетим бала чыкпай, баланын айткан ар бир сөзү кайталанып кулагына жаңырып угулгансыйт. Сүрөттөгү Зейненин муңдуу көздөрү көз алдына тартылып, мурда таанып билбесе да боору ооруп кетип баратты. Кудагыйынын кебете- кешпир туруш- турпатын эстеген сайын зээни кейип: "Аттиң ай аттиң, балам жаңылышкан экен... - деп санын чапкылап, жүрөгү сыздап ыйлап келатты...
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
Уландысы кийинки чыгарылышта.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7