3-бөлүм
-Ананайыным, жытыңан жыттап тойбойм го чиркин! Кичинекей жөжөм, балапаным, берекем! го!- деп Зарылдын апасы алты айлык небересине үзүлүп- түшүп, эркелетип отурду. Коңшу бөлмөдө отурган Элесбек кызын жоктоп, алоолонгон күйүт отуна жүрөгү куйкаланып турган. Кызына куюп койгондой окшош небересин эркелетип отурган Айжаркынды, ичинен сызып карайт. Көз жашына ээ боло албай кетип, муштумун кырча тиштеп өксүп ыйлап жиберет. Көз жашына сууланган бет аарчысы менен көз жашын сүртүп, Айжаркынга ыйлаганын билгизбей жанына басып келет. Жүүнү бошоп мууну калчылдап турса да өзүн колго алганга аракет кылып, небересин колуна алып "алдейлеп" көтөрүп:
--Ай мончогум Мөлмөлүм! Алдыңа кетейин берекем! Буйруса апаңдай ажарлуу, жароокер кыз болуп чоңоёсуң ээ наристем! Өмүрлүү, бактылуу-таалайлуу кыздардан болуп чоңойсоң экен каралдым! - деп мукактанып эркелеткенине, Айжаркын оор үшкүрүнүп:
-- Ооба атасы, туура айтасың... Көрсө кыз бала эркек бала дебей, экөөнө тең бирдей бак тилеш керек экен. Чырактай кызыбызга бак айткан эмес тура... Кара мүртөз чоң муштум күйө баланын кесепетинен, наристеси энесинен ажырап, каң какшап кан жутуп карайлап калбадыкпы катыгүн... Олдо байкуш кызым ай, жаны кыйналган боюнча эле, жарык дүйнө менен кош айтышып учуп кете бербедиби... Ай күнүнө жетип калган кызымды, уруп тепкилегенге катип дити барды экен? Байкуш кызым дагы баарына чыдап, бизди "сары санаа болбосун" деп билгизбей жүрө берген тура... Кеч болуп калгандан кийин гана, баары ачыкталып билинип отурбайбы... Болбосо... - деп Айжаркын буркурап ыйлап жиберет. Анда Элесбек Айжаркынды жалооруп карап:
--Айжаркын, биз алсыз пенде эле элебиз, колубуздан эч нерсе келбейт. Башыбызды миң мыкчып зар какшап ыйлаганыбыз менен эч нерсени өзгөртө албайбыз, болоор иш болду... Экөөбүз тең күйүткө алдырбай, бекем болгонго аракет кылалы... Анткени биз балдарга керекпиз. Ымыркай неберебизди багып өстүрүп чоңойтуш үчүн, экөөбүз күлүү- күчтүү болушбуз керек! Ошондуктан кайратыбызды кайрап, белибизди бекем бууйлу... - деп, Элесбектин көз жашы, жаагынан ылдый шорголоп агат. Айжаркын башын ийкеп оор үшкүрүнүп:
--Ооба, туура айтасың... Тагдырга баш ийгенден башка аргабыз жок экен да... - деп мелтиреп бир чекитти теше тиктеген калыбында, жүрөгү сыздап унчукпай туруп калат. Кайра бир нерсени эстегендей болуп Элесбеке кайрылат:
--Ийе Элесбек? Зарлап тапкан жалгыз уулубуздун жаркын келечеги үчүн, акыркы учурда кабатыр болуп жүрөм... Тиги Насыйкаттын Айдайы менен Зарылды тааныштыргандан бери, кичине санаам тынчып калган. Балким, Айдай "келин балабыз болуп калгысы бардыр" деп, жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй жүрдүм эле. Бирок тилекке каршы, баары биз ойлогондой болчудай эмес... Өзүң билгендей, Айдай жакшы жердин кызы эмеспи. Ата теги да жакшы, мыкты инсандар! Айдайга жакшы таалим тарбия беришкен экен, Айдайды көргөн сайын ичим жылып, ыраазы боло берчүмүн. Өзү да дээринен кичипейилдүү, адамкерчиликтүү келген зирек кыз эмеспи. Чоң атасы менен чоң апасы да жүрөгү таза, ыймандуу момун адамдар эмес беле. Айдай ошолорду тартса керек! Тай жагы да кем калышпаган, жакшы адамдар. Бизге ыймандуу келин, уулума жакшы бүлө болуп бермек. Менин угушума караганда, уулубуз Айдайды чангандай. Башка бир кыз менен сүйлөшүп жүргөнү жөнүндө, кулагым чалып калып жүрөт. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей болуп, уйкум тынч эмес... Угулган имиштердин канчалык деңгээлде, анык- чындыгы барын билбейм. Уулуңду кепке тартсам, "азырынча үйлөнөйүн деген оюм жок апа" деп, кыскача жооп берип койду. Ай ким билет ай ким билет...Деги жолунан адашып, турмушунан жаңылып калбаса эле болду... Өмүрлүк жары начар чыгып калып, өмүр бою жаны кыйналып өтпөгөй эле. "Жаман аял үй бузат" болуп келин начар чыга турган болсо, анда эле иштин бүткөнү дей бер Элесбек... Өмүр бою жаныңды карч уруп тапкан-ташыгың, алеки заматта асманга самандай сапырылат. Керек десе бир туугандардын ынтымагы ойроңдоп, туш-тарапка чачырап кетиши ыктымал. Мындай келиндердин азабынан канчалаган уулдар ичкиликке берилип, канчалаган жакшы бүлөлөр кыйраганын угуп эле жүрөбүз го Элесбек? "Энесин көрүп кызын ал" - дегендей, алдын ала ата-теги жөнүндө сураштырып билсек, ашыкча болбос эле. Сөз эшитип, уулуң менен сүйлөшүп көрсөң жакшы болмок...- деп суранган Айжаркынга Элесбек башын ийкеп:
--Макул байбичем, сүйлөшүп көрөйүн - деп шыбырап жооп берип, мемиреп уктап калган Мөлмөлүмдү акырын бешигине жаткырат.
Муңайым Зарыл менен таанышкан күндөн тартып, окуусуна да анчалык көңүл бурбай, эси- дарты Зарыл эле болуп калган. Байкатпай Зарылдын тамырын тартып көрөт. Жогорку окуу жайды бүтүргөн билимдүү бала экенин, орду-орду менен сүйлөгөн сөзүнөн эле байкайт. Жакшы жерде иштээрин укканда, ичинен кымыңдай түшөт. Токтоо, оор басырыктуу мүнөзү майдай жагып, ичинде кири жок жакшы бала экенин Муңайым башынан эле байкаган эле. Зарылдын үй- бүлөсү жөнүндө да ар кимден сураштырат. Бардар тың бүлөдөн экенин билгенден кийин, көктөн издегени жерден табылгандай болуп, төбөсү көккө жетип сүйүнөт. Зарыл Муңайымды да жактырып калганын байкайт. Бирок бул тек гана жактыруу сезим болгондуктан, Муңайым үчүн бул аздык кылат. Зарылды колунан чыгарып жибербеш үчүн, Муңайымга Зарылдын сүйүп калуусу өтө маанилүү болчу.
Ошентип Муңайым миң түркүн кубулуп Зарылдын ичи- койнуна кирип митайымданып жүргөн кезде, апасы айылдан келип калат. Муңайым Зарыл жөнүндө апасына төкпөй-чачпай айтып берет. Анда апасы ордунан так секирип тура калып:
--Баракелде кызым, жарайсың! Ушундай азамат кызым бар дейм да! Изденген адам сөзсүз жолун табат, эми андан аркысы сенин колуңда! Кайырмагыңа илинип торуңа түшкөн алтын балыкты, эми колуңан чыгарып жиберберчү болбо! Зарыл сенин бакубат келечегиңдин ачкычы кызым. Андан дагы багыңа жараша, бүлөнүн жалгыз уулу болуп калганын карабайсыңбы? Болгон мал-мүлк дүнүйөсүн, кийин өзүң ээлеп каласың! Эжелери да жакшы жерде, кызматта иштешет экен. Алардын аркасынан майлуу-сүттүү жерге орношуп алсаң болду, ханга да салам бербей жашайсың! Бирок алар кийин ата-энесинен калган дүнүйөсүн сенде талашып, тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан азыртадан, коргоно турган чебиңди кура беришиң керек!- дегенде апасын түшүнбөй калган Муңайым:
--Апа, ал эмне болгон чеп экен? Сизди жакшы түшүнбөй калдым?- деп сураганына апасынын каардуу жүзүнө, куулуктун көлөкөсү ойноктоп:
--Килтейген шаардын таш-талканын чыгарып, эмне бузат? - деп сураганына Муңайым кабагын чытып:
--Чабуул жазап курал- жарак колдонула турган болсо, алибетте тыптыйпыл болуп урап кыйрайт да!- дегенде апасынын канталаган көзү күйүп-жанып:
--Бул жеткен акылсыздардын кадамы! Бул жерден сергек акыл менен муздак ченем жеңишке алып келет! Шашылып пайдасыз убактылуу жеңишке умтулганча, өлчөнүп ченелген карыштын майда кадамы менен, майнаптуу чоң жеңишке жеткен жакшы эмеспи!- дегенде Муңайым апасын чечкиндүү карап:
--Канткенде мен да ошондой чоң жеңишке жетише алам апа?- дегенде апасы жанына отура калып:
--Эң маанилүүсү, сезимге алдырба! Биринчи ирет Зарылдын жан дүйнөсүнө "балп" деп жанган жарык шамы бол! Чаңкаганда тунук булагы, арзуусун бурганактатып тамшанткан азыгы бол! Кубулуп бирде таң чолпонго айлансаң, кайра кайкып учкан жан дүйнөсүнүн кушу бол! Кагылсаң да эптеп булардын уясына баш багып алсаң, акырындык менен көздөгөн максатыңды ишке ашыра баштайсың! Азырынча жээкте турган алтын кайыгына, эптеп батып алсаң эле болду. Анан акырындап бир туугандарды бири- бири менен кайраштырып, кийин жалындап от боло турган чокко аз-аздан чырпык ыргытып, тутандыра бермексиң! Барган сайын ынтымак ордосунун куюлган бекем кышы жарылып, талкаланып урай бермек. Тутандырган чогуң кийин сөзсүз алоолонгон чоң отко айланмак. Алоолонгон от түп-тамырынан бери бир заматта, куйкалап күйгүзүп жибермек. Качандыр бир кезде болгон бүлөнү кара коюн түтүн каптап, өрттөнгөн ордодон гүлү гана калмак! Куюндаган ойноок шамал орошондоп, гүлүн төрт тарапка сапырып өз ишин кылмак. Адамдын өзүнө-өзү чыккынчылык кылган бир алсыз сапаты бар. Бул чубалжыган таарыныч кайрыктарын азыктандырып турган кечирбестик. Мындай учурда "кечирбестик" адамдын жан дүйнөсүңдөгү болгон сезимин, акыл эсинен бери тунжуратып мокотуп коёт. Булардын кышы ураган сайын, сенин чебиңдин пайдубалы түптөлө берет. Булар этегин жыйып эсине келгенчекти коргоно турган чебиң даяр болуп, сага кызмат кылат кызым! Мына ошондо гана толугу менен алардын дүнүйөсүнө ээлик кылып каласың!- деген апасынын ар бир сөзүн эсине бекем түйөт. Апасы менен баарлашып сүйлөшүп отуруп, "Зарылды чын эле жактырып жакшы көрүп калгам. Күндөн күнгө арзуум күчөп, алсыз болуп бараткан экемин. Эки сезимдин бирин тандоом керектигин, башында эле түшүнгөм. Алибетте, акыл-эс мээмдин муздак сергектигин тандайм! Озунуп умтулган максатыма биринчи чечкиндүү кадамым ташталды. Чоң оюн казанымды отко асып, болуп көрбөгөндөй миң түркүн кубулма амалымды боркулдатып кайнатам. Жалгандан кошуп Зарылды дендароо кылып, даам таттырбасам элеби! Ичи-койнуна соймолоп кирип, кан-тамырынан бери аралап чыгам. Акыл-эсинен тандырып тунжуратып, акыры жүрөгүн биротоло багындырам! -деп, Муңайым кекенип, эптеп Зарылга турмушка чыгуунун амалын издей баштайт.
Муңайым Зарыл менен жолуккан сайын, жүз пайызга бөлөкчө Муңайым болуп кубулуп турчу. Башында Зарыл Муңайымды жактырып жүрсө, барган сайын арзуусу ташкындап, Муңайымды сүйүп калганын сезет. Татынакай сүйкүмдүү келбети басса-турса көз алдына тартылып, Муңайм оюнан чыкпайт. Кичине убакытка көрүшпөй калышса эле сагынып, куса боло берчү болот. Бир күнү жумушунда иш-кагаздары менен алек болуп отуруп, Муңайымдын күлүмсүрөгөн татынакай көздөрүн элестетип кетет. "Сүйүү күчү кандай керемет ээ чиркин!- деп кыялданган Зарыл: "Муңайымдай кызды жолуктурганыма, тагдырыма ыраазымын! Сүйүү кереметине бөлөнүп, бакыттын туу чокусунда балкып жүргөн мендей бактылуу адам, бул жарык дүйнөдө бар болду бекен? Муңайымда өң десе, жутуп жиберчүдөй болгон чырайлуу өңү бар! Өзүчү? Өзү, акыл- эстүү боорукер, кыз! Илбериңки назиктигичи? Тим эле шамалга да үйлөткүң келбей калкалап, алаканыңа салып бөпөлөп баккың келет. Баарынан да жароокер боорукерлиги жагат!Учуп жүргөн чымынга да өмүрү зыяны тийбесе керек!Ушунчалык пейили кенен! Оюна койсоң кичинекей муштумдай болгон мээримдүү назик жүрөгүнө, дүйнө жүзүндөгү болгон баардык адамдарды батырып алмак экен! Берешен, марттыгычы? Сырткы чырайы менен ички жан дүйнөсүнүн сулуулугу, чирелишип төп келгеничи чиркин! Муңайымдын жүрөгүнүн тазалыгы жан дүйнөмдү алып учуп, жанымды кагылтып карч урдуруп жиберет го чиркин! Баарынан да ыймандуулугуна баа берем! Жеке эле мени эмес, ата-энем бир туугандарымдыдан бери сыйлап, баарыбызды бактылуу кылчудай! Карегимен чарк айланып, көзүмдү эле карап турат го чиркин! Мага мындан артык дагы эмне керек?"- деп ордунан тура калып: "Ооба, мага Муңайымдан башка эч кимдин кереги жок! Мен мындан аары Муңайымсыз жашай албайм! Ошондуктан бүгүн, жок азыр барып, Муңайымдын колун сурайм! - деп илинип турган күрмөсүн кийип сыртка шашып чыгып баратканда, чогуу иштешкен жакын досу бөлүмүнө кирип келет. Экөө амандашып жылуу учурашкандан кийин дос баласы:
--Зарыл, экөөбүз бала- чагыбыздан бери жакшы доспуз. Студенттик таттуу күндөрдү да бирге башыбыздан кечирип, бир окуу жайды чогуу окуп бүтүрдүк. Эми минтип бир жерде, сенин кол астыңда чогуу иштешип жүрөбүз! Ошондуктан кулк-мүнөздөн тартып, жашоого болгон көз- карашка чейин бири- бирибизге жакшы маалим. Жеке жашооңдогу жаңылыктарыңан кабарым бар. Ошол себептен сени менен сүйлөшөйүн деп келип калдым эле...- деп Зарылды өкүнүчтүү карап:
--Зарыл. Аяшыңдын бөлөсү, сүйлөшкөн кызың менен бир окуу жайда окушат экен. - дегенде Зарыл досун таң калып карап:
--Муңайым мененби? Жакшы болуптур да, анын эмнеси жаман?- деп сураганына досу:
--Зарыл, Муңайым сен ойлогондой жөнөкөй кыз эмес экен.Бул кыз эң начар үй-бүлөдөн...- деп сөз баштап, Муңайым жөнүндө уккан билгенин төкпөй -чачпай айтып берет. Ишенер-ишенбесин билбей нес болуп отуруп калган Зарылды, далын таптап чыгып баратып:
--Зарыл, биринчи жолу Муңайым жөнүндө укканда, менин да төбө чачым тик турган! Сени сыйлайм, жашооңдун бузулушун каалабайм! Ошону үчүн билгенимди сага айтып коюууну туура көрдүм. Бул сенин жашооң, калганын өзүң билесиң...- деп сыртка чыгып кетет. Бирок Зарыл эмнегедир досуна ишенгиси келбейт. "Муңайымга ашык болгондор толтура эле болуш керек? Балким досум да Муңайымдын чырайына ашык болуп калгандыр? Мындай сулуу кызды мага ыраа көрбөй, көралбастык кылып жаткан жокпу?" деп эки анжы ойдо болуп, анча маани бербейт. Муңайым экөө жолугушкан сайын Муңайымды далай жолу сынап көрөт. Бирок Муңайымдан эч бир кынтык таба албай, досу "жөнү жок бузганга аракет кылган экен" деп ойлоп жүргөндө, башкалардан да досу айткан имиштерди угат. Муңайымга үйлөнүүгө бел байлап калган Зарыл ойлонуп, "Канчалык Муңайым менен бирге болуп ага магниттей тартылып турсам да, оюм түптөлүп көзүм жеткиче үйлөнүүгө азырынча шашылбай турайынчы..."-деп чечет. Муңайм Зарылдын жүрөгүн багындырып алганын жакшы билчү. Бир учурда Зарыл бышып жетилип, мына-мына колун сурай тургандай болуп калганда, ортодон кара мышык аралап өтүп кеткенин Муңайым айттырбай түшүнөт. Бирок Муңайым актанып же тескерисинче такып сурап отурганга убактысын коротуп, мамилесин солгундаткысы келбейт. Эки тоо көрүшпөсө да эки адам сөзсүз көрүшөөрүн, жаап- жашырган былыгы билинип калаарын жакшы билчү. Ошондуктан Муңайм акыл-эсин тунжуратып, болушунча Зарылды өзүнө жакындатканга аракет кылат. Зарыл чоң оюндун курмандыгына чегерилгенин жакшы түшүнө албай, сүйүүгө мас болуп дендароо болуп жүрө берет.
Муңайым акыркы экзамендерин тапшыргандан кийин, көп өтпөй эле дипломун колуна алат. Жатаканада жашаган курсташтары четинен бөлмөсүн тапшырып, үйлөрүнө кете баштаган эле. Ансыз деле бөлмө боюнча жүрөкзаада болуп жүргөн Муңайымга, бир күнү жатакананын коменданты жолугуп калып: "Бөлмөнү тапшырып бошотуп бер" - деп бир нече күнгө мөөнөт берет. "Макул" деп жооп берип: " Зарыл деген неме сүйрөлүп үйлөнүүгө шашылбайт го? Тез аранын ичинде бир айласын таппасам болбой калды..."- деп өзүнчө туталанып келатып, жүрөгү айланып кетет. Окшуп сыртты көздөй чуркап жөнөгөндө, жатаканада иштеген келин алдынан чыгып:
--Ай Муңайым, эмне ооруп жүрөсүңбү?- деп сурайт. Анда Муңайым:
--Жок эже. Бир эки жумадан бери ушинтип көңүлүм айланып, окшуй берчү болдум... Бирок эч жерим ооруган деле жок. Балким ашказаным ооруп жүрөбү?- деп жооп бергенине келин сырдуу карап:
--Таттуу же кычкыл нерселерди жегиң келбей элеби?- деп сураганына Муңайым:
--Ооба эже. Өзгөчө бир нече аптадан бери бир туруп таттуу жегим келсе, бир туруп ачуу кычкыл нерселерди жегим келип кетет. Тамака табитим укмуш ачылды, минтип отурсам толуп кетчүдөймүн...- дегенине келин жылмайып:
--Ошондой дечи? Анда сага келип жүргөн жигитиңди куттуктап, ага сүйүнчүлөй берсең болот!- дегенине Муңайым түшүнбөй карап туруп калат. Келин болсо каткырып күлүп:
--Түшүнгөн жоксуңбу?Сен кош бойлуу болуп калсаң керек! Аныгын билиш үчүн доктурга кайрыл- деп жооп берет. Оозу ачылып нес болуп туруп калган Муңайым ичин сылап "чын элеби?" деп, сүйүнгөнүнөн турган жеринен так секирип, чимирилип айланып жиберет. Муңайымга келиндин күлкүсү келип:
--Кантесиң чунак кыз?Куттуктайм!- деп күлүп басып кетет. Муңайым болсо бөлмөсүнө чуркап келип: "Аа Зарыл, мына ушинтип эле акыры капканыма өзүң түшмөксүң! Эми менден эч кайда качып кутула албайсың!- деп ичин сылап: "Көрсө, Зарыл мүдөөмө жете турган көпүрө эле болгон турбайбы! Кыялыма жол ача турган, ичимдеги балам тура!- деп сүйүнүп, шашпай кыңылдап кийимдерин чогулта баштайт. Бурчта чаң басып турган чоң "чемоданын" энтигип көтөрүп келип, кийимдерин салыштырат. Улам терезеден жол жакты кылчактап карай берип, бир убакта Зарылдын келатканын көрөт. Дароо "чемоданын" көтөрүп, сыртты көздөй жөнөйт. Жатакананын кире беришинде отурган вахтер:
--Ай Муңайым, чемоданыңды көтөрүп алып каякка баратасың? Эмне, кетип баратасыңбы? Эреже боюнча бөлмөнү өткөрүп берип, ачкычын тапшырып кетишиң керек да? -дегенине Муңайым жылмайып:
--Жок, эч жака кетпей элемин. Бир зарыл ишим чыгып калды. Чемоданды бирөөгө жеткирип берип, кайра бат эле келем! -деп калп айтып, шашып чыгып кетет. Муңайым жатаканадан чыгып, Зарылбекти көрмөксөнгө салып басып кете берет. Артынан жетип келген Зарыл:
--Чоң "чемоданыңды" көтөрүп алып, каякка жөнөдүң?- деп кучактап бетинен өбөт.
--Шашып кетип баратып, келатканыңды байкабай калган турбаймынбы... Бирок келип калганың жакшы болду. Болбосо, ушу боюнча экөөбүз эми такыр "көрүшпөй калабызбы" деп кейип бараттым эле. Окуумду аяктап бүтүрүп, дипломумду колума алдым.
Эми талбай иштеп, коомго пайдабызды тийгизишибиз керек!Анын үстүнө өзүм жалкоолукту жаман көрөм. Ошону үчүн шаарда бош жүрө бербей, кесибим боюнча айылга барып иштейин деп чечтим. Азыр айылыма кетип баратам!- деп Зарылды жылмайып карап:
--Зарыл, мени узатып убара болбой эле кой, өзүм эле кетем. Ушул жерден эле коштошолу. Зарыл, мен сени эч качан унутпайм! Сендей жакшы адамды жолуктурганыма, тагдырыма миң мертебе ыраазымын!- деп мукактанып, Зарылды ыйламсырап карайт. Ошол учурда Зарыл да Муңайымды кетиргиси келбей, ичи ачышып турган эле. Бирок эмнегедир токтоткусу да келбей: "Буйрук болгон болсо, кайдан болсо да издешип табышып алабыз. Бир чечимге келиш үчүн, балким экөөбүз да сезимдерибизди сынап көрсөкпү? Бирок Муңайымсыз өткөн күндөрүм супсак, кызыксыз болуп калса керек...-деп ойлонуп турганда Муңайым:
--Зарыл ишенесиңби, мен азыр өзүмдү абдан бактылуу сезип турам! Мындай чоң бакытыма бир гана сен себепкерсиң! Ошону үчүн сага өмүр бою ыраазы болуп өтөм! Жүрөгүмдү толкунданткан бир купуя сырым бар! Бирок бул сырым сыр бойдон калсын деп, ошону үчүн сага айтпай кетип бараткам... Анда эмесе ардагым, коштошолу!- деп басып бараткан Муңайымды Зарыл колунан кармап:
--Токтосоң Муңайым, шашпачы. Сени такыр түшүнгөн жокмун, ал эмне болгон сыр?- деп кабагын чытып сурайт. Анда Муңайым ыйламсырап:
--Айтпай эле кете бергеним туура болмок... Сени капа кылып аламбы деп, чочулап турам. Балким сырым сен үчүн анчалык деле маанилүү болбой калсачы? Же тескерисинче сага катуу тийип калсачы?Мен сенин бактылуу болушуңду эле каалайм! Ошондуктан сени ыңгайсыз абалда калтырып, тоскоол болгум келбейт. Бирок жашырып койсом акыйкат болбой калат го... Анткени чындыкты билүүгө акың бар!- деп башын жерге салып:
--Зарыл, Зарыл мен кош бойлуумун. Жакында сен ата болосуң! Бирок эч кабатырланба, баламды эч нерседен кем кылбай, өзүм эле багып чоңойтом! Сага абдан ыраазымын Зарыл! Анткени сага болгон тунук, таза махабатымдын далили, наристем! Анда эмесе кош кал жаным, мен жолдон калбай кете берейин!- деп бурулуп басып кетет. Мындай күтүлбөгөн жаңылык кулагына жаңырып угулуп, нес болуп туруп калат. "Уулду боломбу, чын элеби?" -деп эсине келип караса, Муңайым бир топ алыс узап кеткен экен: "Муңайым, токтосоң!" - деп артынан чуркап келип, дароо колуна көтөрүп алып: "Демек, демек экөөбүз балалуу болот экенбиз да! Алтыным, жаным, мен сени сүйөөөөм!" -деп каткырып күлүп, Муңайымды айлантып тегерете баштайт. Кайра аярлап колунан түшүрүп:
--Ээх алтыным! Бул деген сонун жаңылык да! Эми мен сени эч жака жибербейм!- деп Зарыл Муңайымдын алдына чөгөлөп отура калып, ичин сылап өпкүлөйт. Сүйүнгөнүнөн колундагы чемоданын алып, жетелеген боюнча түз эле үйүн көздөй жөнөйт.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
Уландысы кийинки чыгарылышта.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7