1-бөлүм
Муңайымдын шаардан келгенин уккан Зейне кубанып: "Иий, ырас жакшы болгон турбайбы. Муңайым келгенчекти "жетишип калайын" деп далбастап, бир нече түндөн бери токуп жүргөн жемпиримди, ырас түндө токуп бүтүргөнүм жакшы болгон тура! Кой анда белегин тапшырып, куттуктап келе калайын!- деп Зейне белегин көтөрүп, кайнежесинин үйүнө чуркап келет. Шашып кирип келген Зейне Муңайымдын бөлмөсүнө баш багып:
--Кандайсың берекем, жолдон кыйналбай жакшы келип алдыңбы? Окуу жайга ийгиликтүү тапшырганыңды укканда, чын дилимден жетине албай абдан кубандым! Азаматсың, куттуктайм алтыным! Бул калың жылуу жемпирди, атайын сага арнап токудум эле!- деп колундагы белегин жылмайып сунат. Мисирейген Муңайым Зейненин белегин алмак түгүл учурашып койбостон:
--Ий кыйратыптырсың! Сендей жүдөмүштүн мындан башка, колунан эмне келмек эле? Адамдын итиркейин келтирбей, турчу мындай!- деп титиреңдеп, Зейнени жөөлөп сыртка чыгып кетет. Колундагы белегин сунган боюнча томсоруп туруп калган Зейне ыйламсырап: "Ыңаалап ыйласа алдейлеп, сыркоолоп калса түнү бою кирпик какпай, ымыркайынан бөпөлөп бактым элем. Жалгыз Муңайымды эле эмес, бир туугандарын да бактым. Бирок кийин боор тартмак түгүл биринен да чекем жылый тургандай, жөнөкөй жылуу сөз уга албадым... Балдары кайнежемди тартып мерез, кайрымсыз болуп чоңоюп келатышат. Апасынын тарбиясынанбы же балдардын дээринде жоктуктанбы, айтоор өзгөнү адам ордуна көрүшпөй менменсиреген оор мүнөзү, жүрөгүмдү далай жолу сыздатты го чиркин..."-деп үшкүрүнүп: "Акыркы учурда ахыбалым жакшы эмес... Анын үстүнө көр оокаттан колум бошобой, деле бир жаным тынбайт эмеспи. Чарчап- чаалыгып сыркоолоп турганыма карабастан, жемпирди бир нече түн бою кирпик какпай токудум элем. Эми минтип... Мейличи эми, Муңайым али жашоону түшүнө элек жаш кыз эмеспи. Таарынып, теңелбей эле коёюнчу, балким кийин түшүнөр..."-деп кылгырган көз жашын бет аарчысы менен аарчып, белегин керебетинин үстүнө коюп коёт. Муңайымдын бөлмөсүнөн чыгып келатканда, кайнежеси алдынан чыгып калып:
--Ай келин, шимшиңдеп Муңайымдын бөлмөсүндө эмне кылып жүрөсүң? Эмне, кылаарга ишиң жокпу? Ийне жеген иттей болгон, итирейген кебетең менен кара жерге киргир!- деп адатынча заардуу тилин жалаңдатып, Зейненин чучугуна чейин жеткире жерип уруша баштайт. Кайнежесинин заардуу тилинен жүрөгү заарканып калган Зейне, жалтактап башын жерге салып:
--Эжеке, Муңайымды куттуктап коёюн деп эле... -дегиче болбой кайнежеси атырылып:
--Тейтеңдеп баш көтөрүп, тили узарып калган го мунун!- деп шакылдатып, жаакка чаап жиберет. Зейненин көзү алачакмактап мурду канап кеткенинен шолоктоп ыйлаган боюнча, эшике чуркап чыгат. Дарбазасынын сыртында турган жолдошу, уңулдап ыйлап чыга калган Зейнени көргөндө ызырынып:
--Дагы эмне болуп кетти эми? Баскан изиңен чөп чыкпай, деле бир жөн жүрбөй калдың го! - деп жанына басып келатканда артынан кайнежеси чыга калып:
--Ай жээним, алдыгының адам менен салгылашып, тибиреп тили узарып калыптыр го? Эне ордуна эне болуп кичинеңерден багып чоңойтконум эч нерсеге арзыбай, эми минтип чакчалаңдаган келин сөйрөйдүн кордугун көрөт белем? Оюна койсоң итатайымды чыгарып, сазайынымды берчүдөй! Кичине какыс-кукус кылып, эмдеп-домдоп койбосоң болбойт. Болбосо башыбызга чыгып, чай кайнатчудай!- дегенде жолдошу Зейнени башка-көзгө койгулап, чырылдатып тепкилеген боюнча үйүнө сүйрөп жөнөйт.
Мындай күндөрү Зейне ботодой-боздоп ыйлап: "Кайненемдин көзү тирүү болгондо балким, мынчалык азап тартып кордук көрбөйт белем..."- деп ичинен сызып алаар эле. Анткени кошуна- колоңдору кайненесинин жароокер, жакшы адам болгонун айтышып: "Кайненең менен кайнежең экөө бир тууган эже-сиңди болушканы менен, экөөнүн айырмасы асман менен жердей болчу. Байкуш кайненең тооруган дартынан азап чегип жүрүп, балдары кичинесинде эле каза болуп калбадыбы. Сиңдисинин көзү өткөндөн кийин кайнежең короо- жайына ээлик кылып, балдарына баш-көз болуп калган. Балдарды эшеңдетип иштетип кордогондон башка, кыйратып деле баккан жок. Кайненеңдин көзү тирүү болгондо, кайнежеңе мынчалык кор болмок эмессиң, каап..."- деп кейип, кеп кылып калышаар эле. Кайнежеси менен бир көчөдө бет-маңдайлаш кошуна турушкандыктан аныкына да чуркап кызмат кылып, Зейненин деле бир жаны тынчу эмес. Жолдошу көп балалуу бүлөнүн улуусу болчу. Ошондуктан Зейне жаңы келин болуп келген күндөн тартып, эки чоң бүлөнүн түйшүгү толугу менен мойнуна жүктөлгөн эле. Кайнежеси үйүнө улам кирип-чыгып, болгон нерсесин ийне-жибине чейин тыкыр сар-эсепке салып битиреген дүнүйөкорлугуна, Зейне башында абдан таң калат. Кылдан кыйкым издеп жактырбай аңдып эле турган кайнежеси жеке жашоосуна да кийлигишип, жолдошун бурап тукуруп койгон жаман адаты бар болчу. Эмнегедир жолдошунун кичинекей кезинен жүрөк үшүн алып койгонгобу, бири да кайнежесинин айтканынан чыкпай, ою менен болуп турушчу. Ошондуктан оомо жолдошу чоо- жайдын чын-төгүнүн териштирип отурбастан таяжесинин тилине кирип, Зейнени көгала койдой союп, тепкилеп уруп жатып калчу. Соккудан жаны сыздаган Зейне далай жолу безеленип: "Баарына тойдум, чарчадым, тажадым! Ушу куураган кайнежемди, желкемдин чуңкуру көрсүн!"-деп баарына кайыл болуп, ажырашып башы оогон жака басып кеткиси келет. Бирок балдарын ойлоп, чечкиндүү кадам таштоого даай албай коёт. "Макул, эптеп чыгынып ажырашып кеттим дейин. Жолдошум жакшыбы жаманбы, кантсе да балдарымдын атасы эмеспи. Байкуш балдарда эмне күнөө? Балдарымды атасыз калтырганга, укугум барбы? Кептин кыябы, балдарым менен каякка барып, кимдикине батам? Жалгыз болсом да бир жөн эле, балдарым менен бир туугандарым деле батырышпаса керек... Күйөөдөн чыккан жубан атка конуп, сөз болоорум да турган иш. Баарынан да ата- энем менен бир туугандарымды жер каратып, эл-журтка уят кылам да?- деп намыстанып, кайнежесинин кордугуна чыдап жашап жүрө берет. Бир жагынан, кайнежесине кор болуп чоңойгон жолдошун кыя албай: "Канчалык колу тийип көңүлүмө муздак суу сепсе да, эмнегедир жолдошуман көңүлүм калбай, ага боорум ооруй берет. Ал байкуш деле ата- эненин мээримине муктаж болуп, мээрим көрбөй чоңойду да. Кайнежем жашообузга кийлигишпегенде жолдошум экөөбүз ынтымактуу, жакшы эле жашамак экенбиз. Болбосо, жолдошум анчалык деле жаман адам эмес. Ээх, эне ордуна көргөн таежеси эле киши өңдүү болгондо жолдошум кол көтөрмөк тургай, чекемен да чертип коймок эмес экен. Баарын ашмалтай кылып былгыткан, кайнежем болуп жатпайбы... "- деп Зейне эки анжы ойдо болуп, далай жолу түйшөлүп сыздап ыйлайт. Ошентип мерез кайнежесинин оту менен кирип гүлү менен чыгып, өмүр бою кайнежесинен кордук көрүп өмүр сүрөт.
Той-топур чакырылышка бараарда кайнежеси баштыгын Зейнеге көтөртүп, ээрчитип жанында кошо ала жүрчү. Жайылган дасторкондун четинде, босого жакта бүжүрөп отурган Зейнеден ыңгайсызданган үй ээлери:
--Ой эже сиз коноксуз да ботом, төргө өтпөйсүзбү!- дешкенине кайнежеси каарданып:
--Шүк, келинди жайына койгула! Көзүмдүн тирүүсүндө келин аттуу эч убакта төрдө, жанымда катарлаш отурбашы керек! Келиндин орду төрдө эмес, босогодо!- деп үнүн өкүмдүү чыгарып, одураңдап эч кимди сүйлөтпөй койчу. Ошондуктан Зейне элүүгө чыгайын деп калса да кай жака барбасын, дайыма бүрүшүп босого жакта отурар эле. Андай учурда Зуурага боору ооруган келин- кесектер шыбырашып:
--Ай-ий ай, Зейненин какчаңдаган кайнежесиндей начар адамдан, Кудай өзү сактасын... Дагы ушунча кордугуна "кыңк" этпей чыдаган, Зейне кыйын неме экен! Байкуштун жоош мүнөзүнөн пайдаланып билгениндей калчап жүрүп, акыр-аягы Зейненин түбүнө жетип тынбаса болду... Адамга кымындай жакшылыгы жок ушундай начар адамды, жер эне кантип чыдап көтөрүп жүрөт болду экен, тобоо...- деп жакасын карманып калышчу. Ооба, Зейненин мүнөзү жумшак, жоош болчу. Бир жагынан Зейне баш көтөрө турган болсо анда эле шору катып, кайнежесинин балээсине калмак да. Ошондуктан тилин тишинине катып ден- соолук өмүрүн тобокелге салса да, бир гана балдары үчүн баарына чыдап жашап жүргөн эле.
Бирок тагдыры ыроологон азаптуу жашоосу изсиз өтпөй залакасын тийгизип, дарты күндөн-күнгө күч алып, ден-соолугу начарлагандан-начарлай берет. Өзгөчө Муңайымга жемпирин токуп жүргөн түндөрү, жаны кыйналып жүргөн эле. Доктурга барып кайрылайын десе, көр оокаттан колу бошобойт. Арыз- муңун айтып, кайрыла турган адамы да жок эле. Ал эми көйгөйү тууралуу кайнежесинини кулагы чалып кала турган болсо "окуштанып, митайымданбачы жексур!" деп кууруп- жеп зээнин кейите турганы, турган иш болчу. Анткени кайнежеси Зейнени чарчап-чаалыкканды билбеген, темирдей көрчү. Ошондуктан жанын сыздаткан дарты менен өз алдынча алпурушуп, айласыздан чыдагандан башка аргасы жок эле. Акыркы күндөрү түнкүсүн дартынан чабалактап, жаны кыйналып кирпик какпай чыкчы болот. Жанында жаткан жолдошунун камырабай көрмөксөн, билмексенге салганына каңырыгы түтөп: "Көңүлкош кайдыгер жандын мээрими жок, мерез жүрөгүнө даба жок экен да чиркин... Ээх тагдыр, тагдыр... Азап тартып жаным сыздаш үчүн гана, бу жарык дүйнөгө жаралгандаймын... Тагдырым эмне үчүн мени мынчалык шорго малды экен? Жүрөгүм тилинип ботодой- боздоп чырылдап сыздагандан башка, эч бир жакшылык көргөн жокмун... Ушинтип жүрүп бир күнү үзүлүп кетсем, балдарымдын көргөн күнү эмне болот? Эми чүрпөлөрүм да азап тартып, мерездиктин курманы болушабы..."- деп далай жолу сыздап, өксүп ыйлап таң атырат.
Бир күнү таң атпай уюн бадага кошуп келатып, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп лакылдап, мууну калчылдай түшөт. Аба жетпегенсип деми кысылганынан жүрөк тушун мыкчып кармап, темселип басып келип дарбазасына сүйөнүп туруп калат. Ошол маалда үйүнөн чыга калган кайнежеси:
--Ай жүдөмүш, оозуңду ачып эмне жалдырап турасың? Сүйрөлбөй тезирээк келип, мал жанды жайгарбайсыңбы? Киргоок деген да үйүлүп, толуп кетти! Ай кумгулак, угуп атасыңбы? Деги сенин айдатмалыгың качан калат яа? Эмне, баарын сөзсүз эле көзүңдү чукуп айтып туруш керекпи сага? - деп көчөнү жаңырта кыйкырып, үйүнө кирип кетет. "Макул, макул эже келатам..."- деп таман алдынан жер көчкөнсүп көзү караңгылап, кайнежесинин үйүнө араң басып келет. Жаны кыйналып сыркоолоп турганына карабай келердин кечке тырмалаңдап, ошол күнү адатынча жаны тынбайт. Кечкурун тандырга нанын жаап бышырып бүткөндөн кийин энтигип: "Турган жеримен кулап жыгылып жатып кала элегимде, үйүмө барып биртике эс алып жата турайынчы..."-деп көл-шал болуп тердеп, үйүнө араң басып келет. Кире бериште турган чакадагы мелт- калт болгон сууну тамшанып карап: "Бүгүн кечке каным катып, эмнегедир өзгөчө чаңкадым..."- деп суудан чөмүчкө сузуп алып, тамшанып шимирип ичет. "Өөөөх жаным..."- деп оор үшкүрүнүп: "Иий баса, бүгүн туулган күнүм эмес беле... Коёндой окшошкон азаптуу күндөрүм чууруп өтүп, ошентип мен байкуш бүгүн элүүгө толдум! "- деп көз жашына ээ боло албай, буркурап ыйлап жиберет. Бутунан башына чейин денеси ымыр-чымыр болуп чымыраганынан, кооптонуп: "Балдарым, бир гана балдарым бактылуу болушса экен ананайындарым!"-деп тили булдуруктап, дубалды сыйпалап темселип басып барып, конок бөлмөсүнө кирет. "Кичине бутумду сунуп кыйшайып жата турайынчы..."-деп жер төшөгүнө сулап жатаары менен оорлошкон денеси жеңилдей түшкөнсүйт. Көзүн жумса, жаңы эле там-туң баскан кези, көз алдына тартылат. Анда Зейне ууртунан жылмайып: "Иий, алиги тойтойгон кичинекей наристе, менминби?"- деп ойлонгуча эле кулачын жайган апасы пайда болуп: "Тай-тай-тай, келогой берекем!" -деп мээримин төгүп эркелеткени, кулагына жаңырып угулгансыйт. Ансайын Зейне кыткылыктап күлүп "апакелеп" апасын карай кол созуп баратканын, жай тартылган тасмадан көргөндөй болот. Буркурап ыйлап жиберип көзүн ачса, апасынын жылмайып карап турган элеси көзүнө көрүп: "Апоу, алтыным апакем, сизди аябай сагындым! Көзүңүз өткөндөн бери бул жарык дүйнөдө, жетимсиреп жалгыз калгандай болдум... Ээх алтыным апакем, мага бак айтпаптыр... Эң бактысыз шордуу болуп жаралган экенмин, жаным кыйналганынан чарчадым апа...-" -деп өксүп ыйлайт. Жалооруп караган апасы эркелеткенсип жылмайып карап, өзүнө чакыргансып кол булгалайт. Зейне да кубангансып апасын көздөй колун созо берип, бир убакта колу "шалак" дей түшөт. Ошентип Зейне жылмайган боюнча, барса келбес сапарга узап кетет.
Ошол учурда, жолдошу ишинен кайтып үйүнө кирип келатып: "Зейне, оуу Зейне үйдөсүңбү?"- деп чакырганына жооп болбогонунан бир жамандыкты сезгенсип, жүрөгү"шуу" дей түшөт. "Зейнеш, ой Зейнеш!"- деп улам бир бөлмөнүн эшигин ачып карап, акыры конок бөлмөгө баш багат. Жерде сулк жаткан Зейненин жансыз денесин көргөндө, апкаарып туруп калып: "Жок, жоок, мындай болушу мүмкүн эмес..."- деп жанына чуркап келет. Жаны жай алып, бактылуудай жылмайып үзүлүп кете берген Зейненин жансыз денесин кучактап алып: "Садагаң кетейин Зейнем, балдарыңды таштап үзүлүп кете бердиңби? Ушунчалык өмүр жашың кыска беле, берекем! Эми биз сенсиз канттик Зейне?Олдо байкушум ай-йе, бул жалган дүйнөдө деле бир жакшылык көрбөстөн, акыры шум ажалга жетеленип кете берипсиң... Жалаңдаган чөкөтаандарга талатып жем кылган мен акмакты, кечирип койчу жаным... Сени бактылуу кыла алган жокмун, кордодум... Эми акыры минтип жесил калып, зар какшап сыздап калаар белем Зейнешим?- деп башын мыкчып чаңырып ыйлаганы, тегерек-четтеги кошуна-колоңдоруна чейин жаңырып угулат. Үрөйү учкан кошуналары "эмне болуп кетти" деп чочулашып, бирин- сириндеп үйүнө чууруп келе башташат. Ошол учурда Зейне бышырган ысык нанды каймакка малып, Муңайым апасы экөө бейкапар рахаттанып чай ичип отурушкан эле. Ойноп жүргөн небереси сырттан кирип келип: --Чоң апа, жеңем...- деп мукактанып туруп калганынан:
--Яа кокуй, эмне дейт ботом? -деп тура калып, шашылып жээнинин үйүн көздөй жөнөйт. Келсе үй ичи элге толуп калган экен, "жол бергиле" деп Зейне жаткан бөлмөгө кирип келип, нес болуп туруп калат. Жерде жылмайып сулап жаткан Зейнени таң калып карап: "Тобоо, алеки заматта өңүнө чыгып, жашара түшкөнбү? Өмүр бою түйшүгү жок жыргап жашагансып, тим эле бактылуудай мелтиреп кете бериптир го чиркин... Буга чейин Зейненин ажарлуу, татынакай келишкен келбетин байкабаптырмын? - деп басып келип, чөгөлөп отура калып бакырып ыйлап жиберет. Чачынан аяр сылап:
--Кагылайын Зейнекем, мени кечирегөр... -деп айтып келатканда, канталаган көзүн алайткан жээни:
--Тарт колуңду жез тумшук! Зейненин түбүнө сен жеттиң, эми дагы канчабыздын башыбызды жутуп тынаар экенсиң? Бузуку сөзүңө кирген, мен акмакмын да! Мындан ары үйүмө, балдарыма жакын жолочу болбогун! Сени апамдын сиңдиси деп энемдей көрсөм, көрсө уулуу жыланды койнума сойлоткон экенмин да! Жогол дейм жез кемпир, чыгып кет үйүмдөн!- деп туталанып, жер чапчып бакырап ыйлайт. Жээнинин элдин көзүнчө кагып- силкип уят кылганына, эмнегедир теригип, таарынбайт. Анткени ошол учурда, өзүнүн ичи да тызылдап ачышып турган эле. Өмүрүндө деле бир кенебеген мерез жүрөгүн өкүнүч оту куйкалап күйгүзүп, кыңкыстап жүрөк тушун мыкчып кармап:
"Аттиң-ай аттиң, шору кайнаган шордуум ай... Каап, карачы кечиккен түшүнүктү? Болбосо, эки ортодо, бир эле кадам болгон экен да! Бир, бир эле кичинекей арыш, көп нерсени чечип коймок экен..."- деп башын чайкап ыйлаганда жоолугу башынан ылдый шыпырылып түшүп, чачы саксайып жайылып калат. Чын эле жез кемпирге окшошуп түрү суук көрүнгөнүнөн кошуналары жанынан оолактап, көз кыйыгы менен жаман көрүп карашат. Термелген калыбынан жазбаган Муңайымдын апасы бир жерди теше тиктеген калыбында: "Бир кадам, бир кадам эле болчу экен..." -деп кайталап айта бергенин түшүнбөгөн кошуналары: "Кызык, ал эмне болгон кадам болду экен?"- деп күбүр-шыбыр болуп, ийнин куушуруп карашат. Акыр-аягы жаны жай алып, мемиреп уктап жаткандай болгон жылмайган Зейнени жалооруп карашкан кошуналары:
--Ооба, ооба барыбыз бул жалган дүйнөдө конокпуз... Өмүр ушунчалык кыска экен, бүгүн барбыз, эртең жокпуз... Каап, эч бир жанга зыяны жок, абдан жакшы момун адам эле...- деп, көпчүлүктүн көзүнө жаш тегеренип турду. Бир убакта бир кыраакы карыя сакалын сылап: --Адамды көзүнүн тирүүсүндө сыйлап барктай албагандан кийин, эми түштөн кийин жер чапчып, зар какшап ыйлагандан эмне пайда? Ооба, бир кичинекей кадам көп нерсени чечмек. Бирок ошондо ташталбаган кадам, кийин ташталаарына көзүм жетпей турат. Анткени акыр-чикирге толуп калган жан дүйнөнүн өзгөрүлүүсү, тилекке каршы кыйын болот... Каап, алибетте өтө өкүнүчтүү..."- деп оор үшкүрүп, үй ээсине угуза айтат.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
2.02.2023 жылы жазылган.
Уландысы, кийинки чыгарылышта.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7