11-БОЛУМ
Арууке үнүн оңдоп сөз баштады.
-Жан... атыңыз да өзүңүз да сулуу экенсиз.
-Рахмат сиз да көз кубантар сулуу экенсиз 😊
-Байкасам экөөбүз тең куракта окшойбуз ээ
-Ооба...курбу элебиз
-Бир нерсе сурасам көңүлүн оорубайбы Жан
-Жок сурай бер
-Улан...Улан менен дагы деле сүйлөшөсүңөрбү
-Жоок эмнеге ?
-Ал мага үйлөнгөндөн бери байкаганым токой тараптагы отургучка барат. Билишимче ал жер силер танышкан жер экен.
- Аа)) билбесем өзү ушул тууралуу сүйлөшөйүн дегем
-Эмнени жөнүндө
-Улан менен мамилеңер кандай
-Жакшы десек да болот. Байкуш мени капа кылбайын деп көңүлүмө карап турат
-Аа жакшы. Мен жакында энемди ээрчип кетем. Кетер алдынан Улан менен сүйлөшөйүн дегем уруксат берсең
-Макул сүйлөшүп көр. Энем дегениң баякы энеби сени баккан.
-Жоок. Бөрү энем.
-Бөрү энем😳 кандайча бөрү да энең барбы
Жан жылмая
-Ооба бөрү энем. Сен ал тууралуу уга элексиңби
-Жоок
Жан бөрү эне тууралу, өзүнүн бул айылга келиши тууралуу төкпөй чачпай айтып берди. Арууке таң кала угуп отурду. Арадан 2 сааттай өтүп Жан үйүнө кетмек болду. Арууке аны узата чыгып Улан менен сүйлөшө бер болбосо мен үйүмө кетем.
-Жок ай эч кайда кетпейсиң
-Уландын мага көңүлү жок,кыйнап жашамак белем
-Сен жашай бер мен кетем
Арада тынчтык орноп ,бир аздан кийин экөө коштошту .
Жан үйүнө барып ары ойлонуп бери ойлонуп оюнун аягына жете албай жаты. Эртеси бөрү эне да келди. Жан Аруукенин үйүндө болгондун баарын айты бөрү эне аягына чейин угуп Улан менен сүйлөш андан соң апаңдын алдына кетебиз.
Жан ойлоно туруп калып макулдугун берди. Арадан бир апта өттү. Жан бар күчүн жыйып Улан менен жолуккан отургучка барды. Барса Улан бар экен. Жандын келгенин көрүп ордунан туруп кетмекчи болот. Жан үнүн ийкемдүү кылып :
- Улан сүйлөшүп алайлык деди
Артын караган Улан:
-Эмнени биздин сөзүбүз бүткөн деп ыза аралаш үн катты
-Сөзүбүз бүттү туура. Мен сен менен акыркы жолу сүйлөшөм,макул болбосоң мен кыйнабайм
-Эмнеге акыркы жолу деп Жанга суроолуу тигилди
-Жан мукактана эртең алыс жолго чыгам. Башка кайтпайм бул жерлерге.
-Каяка ошондо
-Алыс жака да. Мен сени менен Арууке жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле
Улан унчукпай туруп калды.
Жан сөзүн улай:
-Арууке акылдуу жар экен барктап ал. Мен сага турмушка чыксам Аруукечелик боло албайт элем. Сени түшүнүп сыйлап турат экен кадырлап алгының . Улан бир топ унчукпай туруп
-Макул сен айткандай болот.
-Ооба макул кош бол өзүңдү Аруукени абайла.
Эки тарап тең үн сөзсүз эки жакка кетти. Таң ата Жан жаңы жашоого бет алды.
Уландысы бар
Калыржан кызы Бияна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3