📌 Өзгөнүн катасын айтуу оңой, өзүбүздүн катачылыгыбызды моюнга алуу кыйын.
📌 Башкаларды сындаган оңой, өзүбүздү жакшы жака буруу кыйын.
📌 Көңүл калтырыш оңой, ал эми кечирим суроо кыйын.
📌 Ойлонбой сүйлөгөн оңой, тилибизди убагында токтотуп калуу кыйын.
📌 Ар күнү кечинде кыялга баткан оңой, кыялды иш жүзүнө ашыруу кыйын.
📌 Жеңишти көрсөткөн оңой, жеңилгенди көтөрүү кыйын.
📌 Буттан чалынып туруп кетүү оңой,тилден чалынып туруп кетүү кыйын.
📌 Өмүр сүргөн оңой, анын чыныгы баркын билүү кыйын.
📌 ”Жакшы болоюн”,-деп ойлонгон оңой, бирок ишке ашыруу кыйын.
📌 Үй-бүлөөлү болуу оңой, өмүр бою бирге ынтымакта болуу кыйын.
📌 Диндар болуу оңой, өмүр бою дин менен жашоо кыйын.
📌 Динди сүйлөш оңой, бирок илим алуу кыйын.
📌 Бирөөнү сүйүп калуу оңой, өмүр бою сүйүп өтүү кыйын.
📌 Дайыма маңдайы жарык күлүп жашоо оңой, бирок капалыктан бир нерсе өзгөрүп кетчүдөй болуп,жылмайуу кээ бир адамдар үчүн кыйын.
📌 Колунда барларга жагалданып коноктоо оңой, колунда жокторду коноктоо кыйын.
📌 "Эл эмне дейт"-деп жашоо оңой, "Аллах эмне дейт"-деп,жашоо кыйын.
📌 Аллахдан каалаганыңды суроо оңой, бирок Аллах каалагандай жашоо кыйын.
📌 Жана азыркы заманга байланыштуусу, чечинген оңой,кийинүү кыйын болду го.
Албетте буларды ишке ашыруу кээ бирлер үчүн оңой, бирок көп адамдар үчүн кыйын!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
Жасалма кирпик, иширилген ээрин болбосо.