Соңку 7-бөлүм
Кудурет кайра ишканасы жака кайрылып келип, экинчи кабатка көтөрүлөт. Өзүнүн иш- бөлмөсүнүн жарыгы өчүп турганын көрүп, ылдыйда уйкусураган кароолчудан сурайт. Кароолчу пол жуугуч кыздын бөлүмдөрдүн ачкычын тапшырып берип жаңы эле үйүнө кеткенин айтаары менен, эшике чуркап чыгат. Бирок караңгы көчөдө эч ким көрүнбөгөнүнөн: "Каап, өзү да жаш кыз экен. Билбестик менен байкуш кызды күттүрүп койгонумду карасаң... Эми үйүнө аман-эсен жетип алса эле болду..." - деп күбүрөнүп алып, унаасын айдап өзү да үйүн көздөй жөнөп калат.
Ошентип Кудурет окуусун ийгиликтүү аяктап дипломун алгандан кийин, адистигине жараша бир мекемеге катардагы жөнөкөй жумушчу болуп орношот. Ал жактан да тажрыйба топтоп, жеке ишканасындагы жумушун да таштабай, эки жака тең бирдей жетишкенге аракет кылат. Буга чейин өзү менен базарда чогуу иштешкен балдарын да эсинен чыгарбай: "Ал жигиттер чындыгында эле жакшы балдар! Ушу балдарга кантип жардам берсем экен?"- деп ойлоно берчү болот. Убакыты болуп калган учурда балдарга тие кетип, барган сайын балдардын эптеп бир окуу жайга тапшырып билим алууларын сунуштап айтканына балдары:
-- Ой койсоңчу Кудурет болбогон кепти айтпай... Окууга тапшырып окуй тургандай, азырынча мүмкүнчүлүк шартыбыз жок... Анын үстүнө окуйт элек деп, кара жанды кантип бакмакчыбыз? - деп кол шилтешкенине Кудурет:
--Балдар, анан өмүр бою ушинтип эле араба сүйрөп жүрө бермекчисиңерби? Бир орунда турбай кичине аракет кылып издениш керек да! Анча болду, эмне окуу менен ишиңерди бир алып кетсеңер болбойбу? Мен деле убагында иштеп да окуп жүрдүм го? Мына азыр да күндүзү мекемеде, кечкисин жана дем алыш күндөрү жеке ишканада иштейм. Жогорку окуу жайда окуп билим алууга 5, 6 жыл, орто окуу жайда окууга 3 жылдай убакытыңар кетмек. Окуу ирети же түшкө чейин, же түштөн кийин болгондуктан, баары бир ортодо бош убакытыңар бар болуп жатпайбы. Дем алыш күндөрү деле базарга келип иштей берсеңер болот да... Күндө окууга барып окуй албайм десеңер, ар бир жогорку окуу жайдын сырткы бөлүмдөрү бар болот. Кичине 5, 6 жыл жалкоолонбой чымырканып чыдап аракет кылып койсоңор, ошол алган билимиңер кийин силерге канат болуп, жегенге наныңарды таап берет. Жашоого болгон көз караш ой - жүгүртүүнү өзгөртүп, бир жерде тапталып тура бербестен, изденип алдыга умтулуш керек! Адам негизи дайыма изденип жаркын келечегине аракет кылса, сөзсүз берекеси болот!- деген сыяктуу сөздөрүн келген сайын балдардын кулагына кумдай куюп айта берип, үгүттөөсү акыры жакшы жыйынтык бергендей болот. Чын эле балдар четинен ар кайсы окуу жайларга тапшырып, билим алып окуй башташат. Арасындагы муктаждыктан кыйналып жүргөн балдарды болсо, Максаттын ишканасына орноштуруп, айтоор балдарга колунан келген жардамын аябай берет. Жоломанды да унутта калтырбай, мүмкүнчүлүгү болуп калаары менен досуна барып жолугуп келгени чамынып, жөнөп калаар эле. Бир күнү Максат экөө иш- канадагы жагдайлар жөнүндө сүйлөшүп отурушуп:
--Иий баса Кудурет, ушул Жоломан тууралу айтайын деген элем. Табылды байкемдин россияга кеткенчекти жашап жүргөн үйү азыр бош турат. Шаардын чет жакасында болгону менен абасы таза, короо- жайы да кенен болгондуктан, Табылды байкем саттырбай койгон эле. Каралбай эскилиги жеткен там болгону менен, ал тамды оңдоп түзөп, Жоломанга шартын ылайыкташтырып жазап берип, Жоломанды айылдан шаарга алып келип алсак жакшы болмок деп ойлойм. Кичине балдар менен да аралышып, өзүнө да дем болот эле да. Же болбосо анын азыр жашоого кызыгы жок болуп, ындыны өчө түшсө керек ээ?...- деп Максаттын айтканын Кудрет да колдоп:
--Ооба Максат, туура айтасың. Мен Жоломандыкына барганда, чөгө түшкөнүн канчалык билгизбегенге аракет кылганы менен, жашоого үмүтүн үзүп, өзүнө, чекит коюп койгондой... Оюң туура! Анда ошо тамды калыбына келтиргенге аракет кылалы! - деп Кудурет менен Максат аракеттерин кылышып, ойлогон ойлорун ишке ашырышат. Жоломанды айылдан алып келишип үйдүн жанына унаасын токтотуп жатканда, Жоломан айлана - тегеретесине көз чаптырып:
--Балдар, үй жакшы жерде салынган экен ээ? Мага жакты! - деп айтып, көңүлү көтөрүлө түшкөн Жоломанды Максат жылмайып карап, унаасынын жүк салуучу жагында салынган коляскасын алып түшүргөнү жөнөп калат. Кудурет болсо Жоломандын "кой" дегенине болбой, үйдүн ичине колуна көтөрүп кирет. Артынан коляскасын сүйрөп келип калган Максат Жоломанды коляскасына отургузганга жардам берип жатып:
--Жоломан, эми сен бул үйдө кожоюндук кыла бер.Конушуң куттуу болсун! Эгерде үй - бүлө күтүп үйлөнүп кала турган болсоң, анда Табылды байкем бул үйдү сага белек кылып беремин деп айтты. Ошондуктан биз сенден жакшы жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтөбүз! - дегенде Жоломан көздөрүнө жаш тегеренип:
--Алтындай болгон досторум, чоң рахмат силерге!- деп көз жаштарын аарчып жатып жылмайып, муңайымдуу карап:
--Ээх досторум... Мүмкүнчүлүгүм чектелген майып болуп, эки бутум баспай гана жатпайбы... Болбосо...- деп муңайымдуу сүйлөгөн Жоломанды Кудурет ийнине колун коюп, бекем кармап:
--Жоломан! Досум! Буга чейин башыңдан кандай гана кыйынчылыктар өткөн жок? Дайыма бекем болуп кайра алдыга озунуп, аракет кылчу элең го... Жоломан! Өзүңдүн кыялданып жүргөн кыялдарыңды унуттуңбу? Өзүңдүн кыялдарыңдан алсыздык кылып, баш тарттыңбы? Өзүңдүн кичинекей уяңды куруп, бактылуу болууга татыксызмын деп, өзүңө чекит коюп койдуңбу?! - деп үнүн өкүмдүү чыгарып сүйлөгөн Кудуреттин сөздөрүн уккан Жоломан ойлонуп калып:
--Туура айтасың... -деп үнүн акырын чыгарып айтып жатып, кайра жүзүндө жылмайуу пайда болуп Кудуретти карап:
--Иий Кудурет, сага сүйлөшүп жүргөн кызым жөнүндө айтып берип калчу элемин го, эсиңдеби? Ошол кыз алигиче турмушка чыкпай жүрөт десең. Канча жылдан бээри атайын көңүлүн калтырып "келбе" десем дагы болбой келип калат. Ага карата атайын кылган орой мамилелемди да көтөрө билгендей болду... Көрсө ал байкушум мени чын жүрөгү менен жакшы көрөт экен да... Болбосо, жүрөгүндө сүйүү жок болсо, түшүнүү менен мамиле кылып ушунча жылдан бээри үмүтүн үзбөй күтүп отурбастан эчак эле артын бир кылчайып да карап койбостон, башка бирөөнү таап алып, бирөөнү жандап кетип калмак да?! Чындыгында эле, ушундай болгон ахыбалыма да карабастан мени таза, тунук сүйүүсү менен сүйгөн сүйгөнүм бар болуп, силердей досчулукка бекем болгон жүрөктөрү таза чыныгы досторум жанымда тургандан кийин, армандай бергеним деле туура эмес го... Мындай жашоодо сейрек кездешкен кымбат нарктар ар кимде эле боло бербесе керек! Макул досторум, анда белди бекем бууп чыйралам! Өзүм дагы болушунча аракет кылам, сөз беремин! - деп чечкиндүү сүйлөгөн Жоломандын жалжылдап бакырайган көздөрүнүн оту күйүп жандана түшкөнүнө Кудурет да кубана түшүп, ичинен: "буйруса сени бутуңа тургузганга болгон күч аракетибизди жумшайбыз досум!" деп ичинен ойлонуп турганында, Жоломан Кудуретти карап:
--Кудурет, өзүң качан үйлөнөсүң? Кара далы кыздардай болуп назданып жүрө бересиңби? Сенин дагы убакытың өтүп жатпайбы? - деп сураганына Кудурет:
--Ишенесиңби Жоломан, такыр кол бошобойт... Азыр өзгөчө жумушумдан көтөрүлүп бөлүм башчы болуп дайындалганымдан бээри, ашыкча бир мүнөт дагы убакытым жок. Анын үстүнө Максат экөөбүз дагы биргеликте иш алып барып иштеп, экинчи жумушум бар болгондуктан бош убакыт болмок турсун, эч нерсеге жетишпей калып жатамын! Бирок, талбай иштеш керек, баарына шүгүрчүлүк - дегенине Жоломан:
--Жок дегенде сүйлөшкөн кызың барбы? Убакыт билинбей эле өтө берет экен да... Өзүңдүн жеке жашооңо дагы көңүл буруп, убакыт тапканга аракет кылбасаң мындай болбойт го... Максатты карачы, азамат! Ишканасын да жетектеп иштеп, үй - бүлө, бала - чакасын да жакшы карап, баарына тең бирдей жетишкенге аракет кылат экен! - деп айтып жатканда, Кудуреттин ата - энеси дагы акыркы күндөрү "качан үйлөнүп неберебиздин жытын жыттайбыз?" деп көп айтышчу болуп алгандарын эстей түшөт. Анан ошол учурда эмнегедир баягы пол жуугуч кыз эсине кылт эте түшүп, Максаттан сураштырып калат. Максат болсо Кудуретти сырдуу бир карап алып:
--Ооба, ал кыз бизде дагы эле иштеп жүрөт. Ал дагы жогорку окуу жайды жаңы эле окуп бүтүрдү. Студент болгон үчүн кечкисин же эртең менен таң атпай келип пол жууп, бир топ жылдан бээри бизде иштеп жүрөт. Жүрүш - турушу жакшы болгон өзү адептүү, мүнөзү жумшак келген тың кыз. Биз ишкананы жаңы ачып иштетип баштаганда, апасы эсеп-кысап бөлүмдү жетектеп, бир топ жылдар бою бизде иштеген. Кийин ден - соолугуна байланыштуу болуп иштей албай калып, кызы иштеп калды. Менин угушума караганда, апасы жалгыз бой эне болуп балдарын жалгыз өзү тарбиялап өстүргөн экен. Жаш кезинде турмушу кыйын болсо керек, байкуш эже эрте эле оорукчан болуп калды! Бирок, ал эже абдан жакшы эже! Балдарына да мыкты тарбия берип өстүргөн! Кызы Жаркынай дагы апасын тарткан болуш керек! - деп Максаттын айтып бергендерин Кудурет кунт коюп угуп отуруп, саатын карап:
--Жоломан, анда сен шашпай жайгаша бер ээ? Убакыт болуп калды, биз дагы жөнөйлү. Ананыраак менин эже - карындаштарым келип, тамак - аш, майда-чүйдө жагын тыңдап берип кетишет. Биз дагы кечирээк кире кетебиз! - деп айтып, Максат экөө жөнөп калышат. Бир күнү Кудурет шашып кирип келе жатса, алдынан чыга калган кыз:
--Саламатсызбы Кудурет Кадырович! - деп учурашкан кызды караса, мандайында баягы пол жууп иштеп жүргөн Жаркынай турган болот. Колунда кулачтап көтөрүп бара жаткан кагаздарын көрүп карап, берген саламын алик алып учурашып баса бергенинде, кызды көргөнүнө жүрөгү кубана түшкөнүн сезет. Жумуштарын бүтүрүп алып унаасына отуруп алып кетип бара жатып, аялдамада турган Жаркынайды көрүп токтоп, унаасынан түшүп келип:
--Жаркынай, каршы болбосоңуз унаа менен жеткирип коёюн... - дегенине:
--Чоң рахмат сизге Кудурет Кадырович! Сизди убара кылып отурбай, үйүмө автобус менен эле жетип алганым дурус болот го?...- деп кыздын да тартына түшкөнүн сезген Кудурет:
--Эч нерсе эмес... Кичине бош убакытым бар эле, убарачылык деле жаратпайт... Сизди жеткирип барсам, абдан кубанычта болмокмун...- деп Кудуреттин өзүн жылмайып карап суранганына Жаркынай макул болуп, басып барып унаасына отурат. Жолдо катар экөө сүйлөшүп жакыныраак таанышып келе жатып, Максат Жаркынайды кесибине ылайык ишкананын кызматкери кылып алып, жакынкы убакыттан бээри жаңы иш-ордунда эмгектене баштаганын айтып кубанат. Бул жаңылыкты уккан Кудурет кетип бара жатып гүл сатыла турган бир жерден токтоп, дүкөндүн ичине кирип кетет. Кайра бир убакта кыпкызыл болгон роза гүлдөрдүн кооз жасалгасы менен бир чоң букетти колуна кармап чыгып келе жаткан Кудретти көргөн Жаркынай, ичинен: "ушул кыпкызыл болгон гүлдөрдү, жигиттин гүлү болгон Кудуреттей жигиттин колунан кандай бактылуу кыз алат болду экен ээ? Кудурет, жетекчим Максаттай болгон эң мыкты эр - азаматтарды таанып билгеним, ушундай татыктуу, жакшы инсандардын арасында кыбырап иштеп жүргөнүм өзү эле мен үчүн чоң сыймык, бакыт да! Ээх, ишканада иштеген кыздардын көпчүлүгү Кудуретке ашык болушуп, бир көз - ирмемге болсо дагы жанынан басып өткөндөрүнө эле ыраазы болушуп, Кудуреттин артынан канчасы жетпей чуркап жүрөт... Кудуретке ашык болгондордун арасында мен да бармын... Бирок мен башкалардай болуп артынан чуркап, эч убакта сезимимди айтып, билдирбеймин. Намысым жол бербейт! Жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылган сыр бойдон эле кала берет да..." деп өзүнчө ойлонуп отурганда, Кудурет Жаркынай отурган арткы орундуктун эшигин ачып, өзүн жылмайып карап туруп калат. Эч нерсени түшүнбөй калган Жаркынай эмнегедир эки жагын элеңдеп карап алып, анан сөөмөйү менен өзүн көзөп көргөзүп: "менби? магабы?" дегендей караган суроолуу көздөрүнө Кудурет башын ийкеп жылмайып карагандан кийин унаадан түшүп келип, маңдайында карап туруп калат.
--Жаркынай, жакшы жаңылыгың бар экен, азаматсың! Сени чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! - деп сунган гүлүн көргөн Жаркынайдын жүрөгү толкундана түшкөндүктөн денеси ымыр - чымыр боло түшүп, колдору да калтырай түшөт. Бажырайган кыпкызыл болгон роза гүлдөрдү өзүнчө эле бактылуу болуп тигилип карап, колуна алып, аңкып жыттанган жыпар жытынан көздөрүн жума калып искеп жыттап алып:
--Абдан кубанычтамын Кудурет Кадырович! Чоң рахмат сизге! - деп гүлдөрүн кучактап кармап, унаага отуруп жаткан Жаркынайга Кудурет:
--Жаркынай, эгерде каршы болбосоң мени атымдан эле айтсаң, сураныч. Баарлашканыбызга экөөбүзгө тең ыңгайлуу болмок. Мен жөнөкөй эле кишимин да? - дегенине Жаркынай макул болуп башын ийкеп коюп, гүлдөрдөн көзүн албай кубанып келе жаткан кызды унаанын алды жагындагы күзгүдөн карап, өзү дагы эмнегедир жүрөгү толкунданып кубанып келе жатты. Үйүнө жеткирип келип өзү менен коштошуп алып унаасынан түшүп кеткен кызды бурулуп кетип бара жатып караса, Жаркынайдын өзү берген гүлүн бирде асманга көкөлөтүп көтөрүп айланып - тегеренсе, бирде букетти кучактап жыттап кубанып кетип бара жатканын артынан жылмайып узатып карап, Кудурет жолун улады. Ошол күндөн тартып Кудурет менен Жаркынай жолугуп, сүйлөшүп жүрүштү. Кудурет да сүйгөнүн жолуктуруп, таттуу, тунук, аруу сезимдердин бактылуулугуна малкып, өзүн чыныгы бактылуу адамдардай сезип, жашоосуна ыраазы болуп жүрдү. Кичине убакыт көрүшпөй калышса эле жүрөктөрү сагыныч, кусалык сезимдерге толо түшкөндөй болушуп бири - бирине магниттей тартылышып жүрүшүп, бир күнү Кудурет Жаркынайдын колун сурап, өзүнө турмушка чыгуусун сунуштайт. Жүрөгү сүйүү сезимдерге толо болгон Жаркынай да макул болуп, экөө тең үйлөнүү - үлпөт тоюнун камын көрө башташат.
***Кудурет менен Максат да талбай кылган иш - аракеттеринин акыбети кайтып, көңүлдөрү топуктуу болгондой болуп иштери жакшы жүрүшүп жаткан. Кудурет болсо кесиби боюнча иштеген мекемеде өзүнүн ишин мыкты билген аракетчил, мээнетчилдиги менен эл оозуна алына баштайт. Бөлүм башчыдан мекеменин жетекчисинин орун басары болуп иштеп жүрүп, кийин узак жылдар бою мекеменин жетекчиси болуп иштеп, кылган кызматына баш - оту менен кирип чынчыл, адилеттүү иштеп жүрүп, кийин бир чоң кызматка дайындалат. Кудурет дайындалган иш ордуна биринчи күнү чыкканында, айдоочусун ата - энесин үйүнөн алып келгени жеберет. Ата-энеси да жетине албай уулу менен сыймыктанышып, уулу мындан аары өз элине, жерине кызмат кылып эмгетене турган имараттын ичине: "быссымылда" деп айтып кирип келе жатышып, атасынын жүрөгү толкундана түшөт. Жардамчылары тосуп алып уулунун иш - бөлмөсүнө жол көргөзүп келе жатышканда, кире бериште уулуна кирип жолугушуу үчүн өз кезектерин күтүп отурган калың кезекти көрөт. Алардын арасында өзүнүн "эски тааныштары" да белек - бекчектерин көтөрүп алышып, койкоңдоп отурушканын көрүп, ичинен: "ээх, качсаң дагы силерден эч качан кутула албайт экенбиз го..." деп кейий түшөт. Алар да өзүн көрө салышып эч нерсе болбогондой болуп отурган орундуктарынан так секирип тура калышып, колдорун куушурушуп ийилип салам бергендерине төбө чачы тик туруп калса дагы сыр билгизбестен суз гана саламдарын алик алып, ичкери кирип кетет. Жаркыраган чоң болгон иш - бөлүмүнүн төрүндө турган чоң креслодо чыкыйып отурган уулун көрүп кубанып, ичинен миң мертебе шүгүрүн айтат. Орундуктарда уулун тегеректеп отурушкан балдардын көпчүлүгү атасына тааныш эле. Баягы өзү ооруканада катуу болуп ооруп жатып калып, уулу болсо айласы кетип мигрант болуп россияга иштегени кеткенде, базарда араба тартып уулу менен чогуу иштешкен балдары да ооруканага келишип, атасынын ал - жайын сурашып, колдорунан келген тыйын-тыпырларын чогултуп беришип, уулу жокто жакшы каралашышкан эле. Эми минтип уулу менен таштаган кадамдары, максаттары бир болуп баштары биригип, уулунун курчоосунда болочокто жалаң жакшы инсандар болоордугуна жүрөгү кубанып турду. Кирип келген ата-энени көрүшкөн балдар ордуларынан жапырт тура калышып амандашып учурашышып, уулу ата - энесин кулачын жайып тосуп алып кучактап өөп, төргө отургузат. Ата - энеси дагы кызмат орду менен уулун, балдарды кызуу куттукташып алкап, ак батасын беришип жетине албай абдан кубанышат. Бир убакта атасы ойлонуп отуруп калып, кайра башын көтөрүп, балдардын баарын бир сыйра карап алып:
--Балдарым! Жокчулук кандай болоордугун өзүңөр абдан жакшы билип, жон териңер менен сезип калдыңар... Бирок, кыйынчылыктарга туруштук берип, жеңе билдиңер! Эми силердин алдыңарда жокчулуктан он эсе кыйыныраак, оорураак келген барчылыктын сыноосу күтүп турат... Бул жерден барчылыктын, бийликтин азгыруулары чоң болот... Адамдын оюна бүлүк салып, адамды түп - тамырынан бери өзгөртүп, ортодогу ынтымактын дагы ыркын кетирип ырбатып коюушу толук мүмкүн... Көрө албастык, ичи тардык, атаандаштык курчуп, коштолгон кошоматчылык, эки жүздүүлүк чабуул жасайт... Мындай учурда ак - кара, жаман - жакшыны айырмалап таанып билүү дагы кыйын болуп, баш айланып отуруп акыр аягы кайрымсыздык, мерездик, өзүмчүлдүк, текеберчиликке алып келет... Эгерде туруштук бере албай бириндеп чачыла тушсөңөр, анда чөөлөрдүн таландысында каласыңар... Душманды алыстан издебеш керек... Жана дагы көздүн жоосун алган акча - байлыкка бир кызыгып даамын татып алсаңар, анда өмүр бою дүнүйөнүн артынан кууп, дүнүйөнүн кулу болосуңар... Акчага тойдум деген адам болбосо керек... Канчалык болуп турса дагы, ошончолук дагы, дагы, дагы деп тойбой отуруп, чыныгы бакыттын даамын да тата албай, кыска өмүрдү кандай жашап басып өткөнүңөрдү билбей да каласыңар... Акча... Акча деген колдун кири... Бүгүн бар, эртең жок... Балдарым! Эгерде силер туулуп өскөн жериңерге, өз мекениңерге болгон сүйүүңөр күчтүү болсо, анда журөгүңөрдөгү өртүңөр мындай азгырууларга жол бербейт! Мекенибиздин өнүгүп өсүшүнө өз салымыңарды кошуп, эл кызматында болууну аркалап, эл баккан инсандардан болобуз деген максат жүрөгүңөрдүн түпкүрүнөн орун алса, анда бул сыноону дагы жеңе билесиңер! Баарыңар дайым биргелешип бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ар - намысыңарды бийик тутуп, көздөгөн, ойлогон максатыңар бир болуп турса, ынтымак бар жерге душман дагы айбыгып, жолой албайт! - деп чын жүрөгүнөн айткан кеп - кеңеш, акыл - насаат сөздөрүн балдар муюп угуп отурушканда, Кудурет атасын карап:
--Ооба атаке, айткан кымбат кеп - кеңеш сөздөрүңүздө калет жок! Биз дагы таза коом түзүүнүн аракетинде болуп, чоң жаңылануунун алдында турабыз! Таза коом болуш үчүн ар кимибиз өзүбүздөн баштап, өзүбүз тазаланып таза болсок, ошондо гана жаңылануулар башталып, өнүгүү - өсүү жолуна түшөбүз! Ар бир жарандын укугун бийик коюп, адамдык баалуулуктарды сыйлап жоопкерчиликтүү болсок, буйруса жаркын келечек кенен болот деген ишеничим чоң! - деп айтып жатканда сырттан тердеп - кургап балдактарын таянып кирип келип калган Жоломан:
--Оууу, ой баарыңар эле кычырап ак көйнөк кийип, галстук тагынып болбойсуңар анан? Көчөдөн кетип бара жатып алдыман чыга калсаңар, мен силерди тааныбай калмак экенмин да? Өзүңөр деле күзгүгө каранганыңарда, өзүңөрдү өзүңөр тааныбай калып: "бул ким?"деп сурап алып жаткан жоксуңарбы ыя? Силерди көрүп, көзүң уялат экен. Ой мен кечигип калып, эмнеден кур калдым анан? - деп тамашалап сүйлөгөн Жоломандын сөздөрүнө балдар күлүп жиберишет. Төрдө отурушкан Кудуреттин ата - энесин кечирээк көрүп калып уялып кеткен Жоломан, саламдашып учурашып жатып башын жерге салып:
--Сиздерди байкабай калыптырмын, кечириңиздер... - деп башын жерге салып туруп калган Жоломанды Кудуреттин апасы
--Эч нерсе эмес балам. Кайра сен жаркылдап кирип келип, маанайыбызды ого бетер көтөрүп койбодуңбу! Бутуңа туруп басып калганыңа биз дагы абдан кубанып жүрөбүз! Дартыңдан биротоло айыгып, өмүрлүү боло ананайын! - деп башынан сылап эркелетип, чекесинен өөп коёт. Кудурет да жанына басып келип Жоломандын ийиндеринен кучактап:
--Достор! Жакында мен дагы, андан кийин Жоломан досум дагы үйлөнөлү деп жатабыз! Биз акылдашып туруп, ашыкча чыгымсыз эле тойлорубузду айылдан өткөрөлү деп чечтик! - деп айткан жаңылыгын угушкан балдар да кубанышып, экөөнү кызуу куттуктап калышат.
***Бир күнү Кудурет үйүнө кирип келе жатып ата - энесинин "кой-ай" дешкен үндөрүн жана дагы бирөөнүн өңгүрөп ыйлаган үнүн угуп, шашылып үйүнө кирет. Ашкана жакта Гүлсүндүн бутун учкаштырып алып отурганын көрүп, нес болуп карап туруп калат. Үндөр чыгып жаткан бөлмөгө кирсе, Амалбай жаш балача өңгүрөп ыйламыш болуп, бирде апасынын, бирде атасынын артынан жөрмөлөп ээрчип этектерине жабышып:
--Айланайын Кадыке досум! Сенден тегеренип жанымды карч уруп кетемин го жан досум! Келесоо, акмак Амалбай досуңду бир кечирип койчу, бай болгур... Эмне кыл десең баарын кылганга даярмын, Кадыке! Сен мени кечиришиң үчүн кааласаң таманыңды да өпкөнгө даярмын! Баскан изиңен айланайын Кадыкем! - деп ата - энесин бура бастырбай чап -кенедей жабышып, өңгүрөп ыйлап жөрмөлөп жүргөн Амалбайды Кудурет башын чайкап карап:
--Болду, жетишет! Токтотуңуз! Ролуңузду эң жогорку деңгээлде мыкты аткардыңыз, Браво! - деп алаканын чаап турган Кудуретти Амалбай үңүлүп бир карап алып, унчукпай мөңкүрөп отуруп калат. Жоругунан эч майнап чыкпасын түшүнгөндөн кийин ордунан туруп, эшикти көздөй акырын жылып жөнөйт. Гүлсүн да ордунан туруп жанына басып келип:
--Сени үйлөнгөнү жатат деп уктум, ошол чынбы? Эгер мен сени жакшы көрөм, "мага кайрылып кел" десем, кайрылып келет белең? Кантсе дагы бала - чагыбыздан бээри бирге чоңоюп, ал сулууңдан баары бир мен жогору турсам керек? - деп кеңкейип айтып сураганына Кудурет:
--Ортодон канча жыл өтсө дагы баары бир мээңе акыл - эс кирбептир... Дээриңде жоктуктан түшүнүк да болбой, көрсө, "силердейлердин" өзгөрүүсү кыйын болот тура.. Сен менин сүйгөнүмдүн тырмагына да тең келе албайсың! Айырмаңар да асман менен жердей! Өзүң убагында "тең-теңи менен болуш керек' деп айтканыңдай, мен сенин теңиң эмесмин да! Ошондуктан эч нерсе кайра артка кайрылып келбейт, андай болушу мүмкүн да эмес! - деп айтып жатып чөнтөгүнөн бир 500 сомдукту алып чыгып, көйнөгүнүн чөнтөгүнө салып:
--Убагында менден жийиркенип "көйнөк сатып ал" деп берген акчаңды кайтарып бердим! Мындан аары бул жакка келчү жолду унуткула! Кош! - деп Кудурет супсак мамиле кылып эшигин ачып, жол көрсөткөнүндө:
--Ыя десең? Адам болуп калган турбайсыңбы, кантели эми?! Сага жетиш, теңелүү кыйын да...- деп өзүн бутунан башына чейин бир сыйра акырайып карап, оозунда чайнап жаткан сагызынан шарик кылып чыгарып үйлөп, аны "тарс" - деп жарып, сагызын балчактап чайнаган боюнча үйүнөн чыгып кетет.
***Кудуреттин тою болуп өтүүчү күн да келип жетип, чакырылган коноктор да биринин артынан бири келип жатышкан эле. Айылдагы үйүнүн бакчасынын өйдө жагындагы кооз болгон мейкин талааны аралашып басып жүрүшкөн Юра, Жоломанга карап:
--Кандай гана кереметтүү ажайган кооздук! Мен каякта гана болгон жокмун, бирок силердин жериңердеги жаратылышка суктанып, сүйүп калдым десем, жаңылышпастырмын! Абаңардын тазалыгы, шылдырап аккан сууңардын даамдуулугучу! Элинер да өтө жөнөкөй, боорукер келген айкөл, меймандос эл экен! Ээх чиркин, ушундай жерде туулуп өскөн болсом, арманым жок болмок экен! - деп той болоордун алдында Кыргызстанга эртерээк учуп келип, Кудурет менен эки жакка барып сый көрүп калган Юра, Жоломанга жүрөгүн элжиретип суктандыргандарын айтып түгөтө албай турду. Бир убакта тамшана түшүп:
--Жоломан, казы - карта чучугуңар да абдан даамдуу экен го чиркин! Даамы таңдайымда калды го! Кудуреттин апасы бышырган нанды каймак менен тамшанып жеп, самоордо кайнаган чайдан иче берип деле тойбой койдум! Баары тең ушунчалык даамдуу десең! - деп тамшанып сүйлөнгөн Юраны Жоломан жылмайып карап коюп, угуп бара жатты. Бакча жакта Кудуреттин атасы менен Табылдынын атасы экөө бир нерселер жөнүндө кызуу сүйлөшүп турушканын көрүшкөн балдары аларды жылмайып карап коюшуп, Табылдынын Кудрет менен Максаттын алдыга койгон максаттарына берген кеп - кеңештерин кунт коюп муюп угуп отурушту. Кудуреттин дос балдары да тойдо буту - буттарына тийбей чуркап кол кабыш кылышып, өздөрүнчө эле кудуңдап сүйүнүп жүрүштү. Кудуреттин апасы болсо көшөгөнүн ичинде башына ак жоолугун салынып отурган келинин жанына келип, жетине албай:
--Курсагың ачып кеткен жокпу кызым? Кыйналган жоксуңбу? Бир нерсе керек болуп калса айтып тур. Ананайыным! Уулум экөөңөр бактылуу болуп, кармашкан колуңар бекем болсун! - деп келинине кирип -чыккан сайын батасын берип тилек кылып, келинин бирде эркелетип чекесинен өпсө, бирде өзүн бекем кучактап алып, бетинен өөп коюп жатты. Ан сайын Жаркындын дагы жүрөгү ого бетер элжиреп, ичинен: "Алтындарым! Асылдарым! Алтындай болгон алтын апакеме, атакеме ыймандуу келин болуп, Кудуретимдин татыктуу жары болгонго, болгон аракетимди жумшаймын! Өмүр бою баарыңарга сый - урматымды көргөзүп аздектеп, башымдан ак жоолугумду түшүрбөй ардактап, кызматымды арттыра кылып жүрүп өтөмүн! Бутум аттаган ак босогомду агартып көгөртүп, гүлдөтүп кубаныч, бактылуулукка бөлөгөнгө аракет кыламын! Мен бактылуумун! Маңдайыма жазылган чоң бакытыма кудурети күчтүү ЖАРАТКАН КУДАЙ ТААЛАМА чексиз ыраазымын! ЖАРАТКАНЫМА миң - мертебе ШҮГҮРҮМДҮ айтамын! КУДАЙ ТААЛАМ бакытымды кут кылсын! - деп Жаркынай бирде көздөрүн жумуп алып тилек кылып суранса, бирде жүрөгү толкунданып бактылуулуктан көздөрүнө кубаныч жаштары тегерене түшүп, жашоосуна ыраазы болуп отурду.
Соңку бөлүм.❤️
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19
АВТОРГО ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙГИЛИК КААЛАЙМ,КАЛЕМИН КУРЧУЙ БЕРСИН