10-БОЛУМ
Бөрү эне барган жолунан кайра артка кайтты. Жан Уланды кызганып да сагынып да жатты. Улан болсо жаш, жаңы келинчегине көңүлү чаппай,бирок күнөөсү жок байкуш да деп каттуу да айтпайт. Арууке Уланды түшүнүп турду. Ичинен: "Уланга деле оңой эмес да,жанында бирөө, жүрөгүндө башка бирөө. Эки ара жолдо турат. Балким Жан башка бирөөгө турмушка чыкса биро толо түңүлөр ага чейин сабыр кылайын. Мүмкүн болсо Жан менен өзүм сүйлөшсөм,бирок Жан мени жаман көрсө керек эмнеси болсо да сүйгөн жарына турмушка чыкпадымбы. Учуру келсе ал кыз менен да жолугушуу буюргандыр"- деп ойлоп коёт.
Жан эки көзү төрт боло апасына кеткен энесин күттү. Бөрү эне болсо жолдо эс албастан тез-тез басып келе жатты. Улан менен Жан айылдаш. Бир күнү айыл келин ,кыздары жыйын кылышмак болду. Жаңы келген келиндер кыздарды тааныбайт,кыздар жаңы келиндерди тааныбайт бири бирибиз менен таанышалы дешти. Жыйын айылдын ортосунда жайгашкан Уландын үйүндө болот деп чечилди. Жан бул кабарды угуп барсамбы же барбасамбы деп эки ара ойдо турду. Энем келсе барбаймын келбесе барам. Бөрү эне айылга жете келди. Келиши менен дароо Жан жашаган үйгө бет алды. Эки колунда суу толгон чакаларды көтөргөн Жан энесин көрө коюп чуркап жөнөдү.
-Эноуу энем менин деп ыйлап жиберди
Кызынын ыйлаганын көргөн эне жан жүрөгү сыздап:
-Эмне болду садагам айтчы эмне болду деп жалбарып турду
-Эноуу мен бөрү болгум келет,мен адамдар жашоосунан баш алып кетким келет эноуу 😭
-Ийи садагам өзүңдү бас мага баарын башынан түшүндүр анан экөөбүз чогу кеңешебиз
-Макул эне макул деп жүзүндөгү ыйды жеңи менен арчып алыс эмес жердеги отургучка отуруп болуп өткөндүн баарын айтты.
-Байкушум десе. Сен акылдуу кызсың. Бир баланы деп бөрүгө айланба бул акылсыздын иши болот. Мен сага жакшы жаңылык менен келдим.
-Баятан ыйлаган Жан ыйын тып токтотуп кандай жаңылык эне ?
-Апан тирүү экен. Сенин иниң сиңдилериң бар....
-Атамчы...атам бар бекен ?
-Ооба атаңда тирүү экен .
Апаң Жан бизге келе бекен деди эле сен кандай чечим чыгарасың
-Билбесем эне... Апам чындап эле мени кабыл алабы. Ал дагы Уланга окшоп таштап кетпейби?
-Тентегим десе Улан деген бөтөн адам,ал эми апаң болсо сени төрөгөн адам. Кайсы эле апа өз жанынан жаралган баласынан баш тартмак эле.
-Билбесем эноуу мен ойлоп көрсөм болобу
-Ооба ойлонуп көр,сени эч ким мындай кыл мындай бол дебейт баарын өзүң чечесин.
-Эноуу? Бир нерсе айтсам...дедим эле
-Эмне экен айтчы
-Эртең Уландардын үйүндө кыз келиндер чогулушат экен мен эмне кылсам
-Эмне кылгын келип жатат өзүңдөн сурап көрчү
-Барып Аруукени көргүм келет,бирок Уланды кызганып ойго келгис жоосунсуз жорук кылып койсомчу
-Барып көр,ачууң келип баштаса баса бересиң
-Макул эне барам анда
Бөрү эне өзү байырлаган жайына кетти. Жан үйүнө кирди. Бир топ ойлонду: "Апама барсамбы же калып эле калсамбы. Эртең Уланды көрсөм дагы сүйлөшүп көрсөмбү,бирок көрсөм деле эмне демек элем ээх чарчадым"-деп үшкүрүнүп алды. Күн батып таң атты. Эрте менен баары өз жумушу менен алек, түшкө жуук кыз келиндер чогула башташты. Баары үйгө кирип жай алып отуруп калышты. Бири бири менен таанышып ортодо шаң күлкү орун алды. Ортодогу күлкүнү Жан бузду. Эшик такылдап Жан кире келди. Келиндер да кыздарда таң калып карап турушту.
-Мен кечиктим ойшойт ээ.😊
Топ кыздардын арасында бирөө:
-Жоок эми башталды кел кошул
-Макул деп кол булгаган кыздан жанына отура кетти.
-Кыз Жанга тиги тигинин келинчеги болот деп четинен тааныштыра баштады. Жан болсо кунт коюп угуп Уландын аялы кимиси болду экен. Баары менен тааныштырды бир эле адам калды. Баякы кыз жылмая:
-Үйдүн ээси Уландын келинчеги Арууке деп эшик тараптан келе жаткан келинге колун ошол тарапка сунуп көрсөтү . Жанды майда калтырак баса:
-Аа жакшы, жүзүнөн нуру төгүлгөн келинчек экен. Ылайым бактылуу болушсун.
Арууке кыздардын жанына келип аппак тишин көрсөтүп күлүп-Арууке 😁
-Жан 😊
-Аай ий атыңыз өзгөчө го ээ , өзүңүз да сулуу экенсиз
-Рахмат, сизда абдан сулуу экенсиз.
Бири бири менен кенен барлашкысы келди бирок үй толо кыз келиндер да. Улан кыздар чогулат дегенин угуп тоого кетип калган. Жан келсе жүзүн карай албайм деп. Кеч бата бир экиден үйлөрүнө жөнөштү. Жан мен жардам берип анан кетем деп калып калды. Кенен үй Жан менен Арууке жалгыз калды. Экөө тең сөздү эмнеден баштарын билбей турду.
Уландысы бар
Калыжан кызы Бияна
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Сиздердин китеп окуп терең алуунуздарга,азда болсо салым кошуп атабыз деп ишенебиз,биздин эмгегибизди баалап класс басып койсоңуздар башка адамдаргада себепкер болосуздар деп ишенебиз...бар болуңуздар окурмандар!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8