8-БОЛУМ
Улан да Жанда ичтен сызып тагдырына капа болуп жүрүштү. Ажырашкан күндөн баштап бей тааныштай болушуп көрсө да салам алик алышпай калышты. Экөөнүн ичинен өткөндү бир экөө билет бир Аллах билет. Жан өзүн алаксыта "Багыма башкасы жазылыптыр Аллахым жакшысын берейин десе керек",-деп коёт. Бөрү эне өзү айткандай кеч кире айыл ичин аралап жөнөдү. Айыл адамдары үйлөрүнө кирип мамыр жумур отурушуп калышкан. Бөрү эне түз эле Айкүндүн үйүнүн астына барды. Бүлбүлдөп шам жанып туруптур. Буну көргөн эне байкуш кубана кетти. Кантип эле Айкүн тирүү бекен же башка адам бекен деп терезеден көз чаптырды. Үй ичинде очокто от, турат ,дасторкон жайылып 4адам айлана отуруптур, ортодо шам чырак. Бөрү адамдардын жүзүн көрөйүн деп канча аракет кылса да көрө албады. Мейли эми эртең көргөнгө аракет кылам. Жаш өткөн сайын көздүн курчу кетип калат тура. Караңгы түндүн ачык асманында жылдыз эрчип баса артка кайты.
Жамбыл Уланды үйлөндүрүп коюну пландап жатты. Айылдарды аралап Уланга ылайык кыз караштарды. Жамбылдын айдан издегени жерден табылып айылдан алыс эмес жерде бир кызга көңүлү түштү. Барып сураштырса орто үй бүлө экен,кыз ишке тың, ай чырайлуу, аш оокатка колу ойнок гүл экен. Уланга бир болсо ушул кыз болот деп аялын эрчитип куда түшүп барды. Ал үй бүлө да макулдугун беришти. Улан менен Арууке жолугушуп ата- энебиз эмне дешсе көнөбүз деп коюшту.
Бөрү эне күндүз кыр ташка чыгып дагы айылды карады. Адамдар көр тирилик менен алышып жатышат. Эсептелүү 10 чакты бала айыл чаңыта ары бери чуркап жүрүшөт. Бөрүнүн көңүлү кош бойлуу келинге түштү. Жакшылап көрөйүн деп айыл четине барып дагы карады. Көргөн көзүнө ишенбей турду.
Чындап эле Айкүн экен деп таңданды.
Уландысы бар
Калыжан кызы Бияна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1