Аял дүйнөсүн багындыруучу чыныгы эркек кеңири Аалам болушу абзел. Койнуна тоо, талаа, сууларды батырган кең дүйнө болушу шарт! Аялдын миң бир түрдүү өзгөргөн кыялдарын ак булуттай үлпүлдөтө айдап, көлдөй көлкүгөн табиятын ысык деми, кубаттуу илеби менен толкутуп, шамалы, тентек жели менен акырын тынчытып, кыртышына сыйгызып, жээги менен кучактап, өөп, эркелетип турушу керек!
Аялды акчасы, бийлиги, байлыгы менен эмес, акылы, билими, кылган иши менен багындырып, кара күчү, муштуму, заар тили менен эмес, айбаты, сүрү, каш - кабагы менен сыйлаттырып, тапкан - ташыганы, бакканы, тапканы менен эмес, айкөлдүгү, кайраты, сабырдуулугу менен багындырып, даремети менен сүйдүрө билиши керек! Ошондо сонун айкалыш болот! Көл толкуп, күнү - түнү асман алдында көкүрөгүн жайып, бүткүл дидарын, сулуулугун, кереметин бергендей, аял да мыкты эркектин жанында күнгө чагылышкан көлдөй көөлгүп, ак жал толкундары менен ааламыңды ажайып кылат, түндү да жылдыздарга айкалыштыра кооздогондой эркектин күч - кубатын ашырып, бүтүндөй бир бийиктикке айлантат!
Ааламдын көркү - чалкыган Мухитте! Кылкылдаган океандарсыз, акактай тунук көлдөрсүз, мелмилдеген өзөндөрсүз, түпкүрү терең дарыяларсыз Жер планетасынын өзү жок болот.
Ысык менен муздактын, күн менен түндүн, ак менен каранын айкалышуу процесси да дал ушинтип уланып, жаратылышка жан кирет! Ааламдын чеги - эркек менен аялдын чеги бузулбасын! Адамдыктын дагы...
***
Аял - суу! Көбү арык казып, нук менен жетелеп, короосуна буруп кеткиси бар, ошол суу толуп - ташып отуруп, бир күнү таш агызган сел болоруң, максаттуу пайдалана албаган күйөөсүн кошо көмөлөтө агызарын көп мырзалар аңдабайт...
***
Аялды азыркы эркектер тамыры менен казып алып, идишине отургузуп, керек болсо гүлдөгөн гүлүн үзүп, чөнтөгүнө салып алгысы бар, гүлгө суу куюп, түбүн жумшартып, азыктандырып, Күн алдына алып чыкса гана өсөт!
Аял кишини:
- кайсы бир коомдон тышкаркы эреже, Диний ишенимдер менен башкарууга;
- ден соолугуна кам көрүүнү, көрктөнүүсүнө, сулуулануусуна, көңүлүн өстүрүп, жакшынакай жүрүүсүнө адаттан тыш киришип, аралашууга;
- илим - билимден алыстатуу, жан дүйнөсүнүн өсүүсүн, калыптанышын чектөөгө;
- эс алуусун, көңүлү көкөлөшүн, кубанычын, күлкүсүн тыюуга;
- канаттарын кыркуу, үмүттөрүн өчүрүү, кыялдарын чектөөгө токтоосуз түрдө бөгөт коюуга милдеттүүбүз. Болбосо биз келечектин өсүүсүн токтотуп, табияттын мыйзамына каршы иш жасаган болобуз! Себеби аялдык табияты жапа чеккен, адамдык өсүүсү токтогон аял эч качан толук кандуу баланы төрөп, өстүрө албайт!!!
Даңктуу мырзалар аз экендиги өкүндүрөт... дөңгөлөк илип, уруп, сабап, сүйрөп, өрттөп... асып... оозу - мурдун тилип, укугун чектеп, адам катарынан чыгарып….
Аялдар кордук көргөн дүйнөдө оорулуу наристелер, кызтекелер, бачабаздар төрөлөрү чындык экенин коом өзү көрсөтүп жатат. Үй - бүлөлүк трагедиянын башаты аял, эркек маселесинен чыгат, апасынын көргөн кордугун, жеген таягын түйүлдүк кезинде сезген уул эркектин табиятын жектеп төрөлүп, эркек башы менен боёнуп, кызча болуп кетет, а кыз болсо назик кыз болгусу келбей, эркектей болуп, чачын кыркып, өмүр бою шым кийип, жүрүшү эркек сымал өзгөрөт, багынгысы келбейт, мушташат, керек болсо сабайт эркекти... анан жогорудагы чиеленген тагдыр тамашасын билбей, маселени чечпей туруп, жаштарды адеп, ахлакка үндөп коёбуз дагы...
Андыктан ата - энелер эркек бала менен кызды өз табиятында тарбиялоо, коомубузга курсактан запкы көрбөй, моралдык - психикалык басмырлоодон жапа чекпеген муунду төрөп - өстүрүп, толук кандуу адам болушуна өзүбүздүн эркек - аял мамилелерибизди оңдоо менен гана барарыбызды унутпасак…
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1