5-бөлүм.
--Кудурет, жүрү биз менен бирге түштөнүп, тамактанып албайсыңбы? - дешип чогуу иштешкен балдардын чакырышкандарына Кудурет:
--Балдар, тамактанганы өзүңөр эле бара бергилечи... Табитим тартпай турат... - деп суз жооп берип коюп, колундагы кармап турган балкасын такылдатып кылып жаткан ишин ойлуу уланта берет. Бир убакта ылдый жактан жетекчисинин өзүнүн атын айтып чакырган үнүн угуп басып барып караса, жетекчиси Юра колун булгалап жаңсап өзүн чакырып жатканын көрүп, оорукана жакка кетип бара жатканын түшүнүп, шашылып жөнөп калат. Юра Жоломан дарыланып жаткан ооруканага колу бошураак болуп калаары менен Кудуретти кошо унаасына салып алып барып, кабар алып тураар эле. Кокустук кырсыктан жабыркаган Жоломандын ахыбалы өтө оор болчу... Кудурет Жоломанга келген сайын жүрөгү эзилип, Жоломандын бинт менен таңылган башы, денеси, буттарын кейип карап, эч кыймылсыз эси учу жок жаткан Жоломандын жаныда колун кармап алып башын жерге салып, өпкө - өпкөсүнө батпай ийиндерин солкулдатып армандап ыйлап көпкө чейин отураар эле... Бирде Жоломандын мурдунан чыгып турган дем алдыруучу жабдыктын түтүкчөсүн ойго батып мүңкүрөп карап отуруп калса, бирде ичине бирөө туз куюп жибергендей болуп ичи ачыша түшкөндүктөн сандарын чапкылап жиберип, жанын коёрго жер таппай, кирип кетээрге кычык таппай калчу. Биринин артынан бири болуп, удаа - удаа кыска мөөнөтүн ичинде Жоломанга бир нече жолу ар кайсы жерине операциялар жазалып, доктурлар дагы Жоломандын ден - соолугу, өмүрү үчүн колдон келген аракеттерин кылышып күрөшүп жатышты. Ооруканадагы доктурлар менен жолугушуп, Жоломандын дарылануусуна керектелүүчүлөрүнүн тизмесин жаздырып алып кетип бара жатып, Жоломан жаткан бөлмөнүн эшигин ачып кирип, Жоломандын колун кармап алып ойго чөмүлүп отурган Кудуреттин жанына басып келип:
--Кудурет, бүгүн Жоломанга дагы бир акыркы чоң операциясы жазалат экен... Доктурлар эгерде бүгүнкү жазала турган операцияны Жоломан көтөрө алып ийгиликтүү аяктаса, анда бул жүз пайыздын жок дегенде 5, 10 пайызга үмүттүү жакшы жышаандын белгилернин бири болот дешти... Жакшылыкка тилек кылып, үмүтүбүздү үзбөй туралы... Жүрү анда Кудурет, кайра кайталы... -деп экөө чыгышып кайра унаасына түшүп кетип бара жатышканда, Юра муңдуу үн катып:
--Каап... Ошол каргашалуу күнү карачы жумушта иштейбиз деп калып калганыңарды... Башкалардай болуп эле кетип калсаңар, балким бул кырсык болбой өтүп кетет беле... Карачы Жоломандын адамкерчиликтүү, жоопкерчиликтүүлүгүн... Айлыгыңарга кошулуп берилген биртике акчага ушунчалык чоң кубанычта болуп актайм деген аракетиңерди... Ээх түбүң түшкүр дүнүйө... Кимдир бирөө азыркы учурда балким бардар жашоосунун баркын билбей өмүр бою жашачудай болуп чиренип, чакчалаңдап керсейип, манчыркап көөп жашап жүрөт... Кимдир бирөө болсо силердей болуп жашоонун ысык - суугуна тоңуп күйүп, турмуштун азап - тозогун татып соккусун жеп, жан алекетке түшүп минтип жандары кыйналып жүрөт... Адам затынын көпчүлүгү силердей болуп жашоонун баркын билишкенде, балким заман өзгөрүлүп, жашоого болгон көз - караштар башкача болоор беле... Ким билет, ким билет... - деп сүйлөнүп жатып үнү мукактана түшкөнүнөн улам Кудурет башын көтөрүп, унаанын алдыңкы күзгүсүнөн көрүнүп турган Юранын жүзүндө көзүнөн кылгырып аккан көз жаштарын көрүп калып, Кудурет:
--Юра байке, сиз Жоломанды мындай оор ахыбалда жатканында орто жолдо таштап калтырып койбой, кайра колуңуздан келишинче болушунча, жардам колуңузду сунганыңызга өзүмдүн да, досумдун да атынан сизге терең ыраазычылыгымды билдиремин! Чоң рахмат сизге! Бизден кайтпаса дагы, ЖАРАТКАНДАН сизге бир күнү сөзсүз эки эселенген чоң жакшылыктар менен кайтып келет деп ишенемин - дегенине Юра:
--Кудурет, биз дагы адамбыз да... Бизде дагы жүрөк деген бар да... Азыр эң башкысы, Жоломандын аманчылыгы... Ден - соолугу... Аманчылык болуп, ден-соолук бар болуп турса, дүнүйө, акча, байлыктын баарын иштеп тапса болот... Эң негизгиси, керт баштар аман болсунчу... - деп арткы орундукта отуруп келе жаткан Кудуретти карап:
--Кудурет, билесиңби, мен бирөөгө бир нерсе берип же бир жакшылык кылсам, ал адамдан кайра кылганым, бергенимдин кайтып келүүсүн эч убакта үмүттөнүп күтпөймүн! Жашоомдогу болгон эрежем ушундай... Убагында кылган жакшылыгыңды айтып - түгөтө албай өзүңдү төшкө каккылап жарыя кылып айтып, жакшылыгымды кайтарбай койду эле деп кайра ар кимге даттангандарды негизи эле туура эмес көрөмүн... Жакшылык кылуу бул жакшы нерсе, бирок, чын жүрөктөн болгону жакшы да... - деп айтып жаткан Юранын сөздөрүндө чындык, тууралыгы бардыгына Кудурет да ичинен ынанып келе жатты. Чындыгында эле Юра сыйга татыктуу адам эле. Колу ачык берешен, өзү дагы боорукер келген кичи пейилдүү, түшүнүктүү адам болчу. Кудуреттин баамдап түшүнгөнү боюнча, Юра бир кылган жакшылыкка миң эсе артык жакшылык кылганга шашып турчу. Жоломандын даарылануусуна кеткен каражаттардын баарын кабагым - кашым дебестен толугу менен өзү мойнуна алып, Жоломандын апасынын кредитинин төлөмүн толугу менен салып жиберип, кредитинен кутултат. Узак айлар бою өмүрү үчүн күрөшкөн доктурлардын кылган чоң эмгек, аракеттеринин акыбети кайтып, бир күнү Жоломан өзүнө келип көздөрүн ачып, акырындык менен кичинеден жылыштар боло баштаганы көпчүлүктү кубантат. Кудурет дагы мүмкүнчүлүгү болуп калса эле дароо оорукана жакты көздөй чуркап, Жоломанга барып, жолугуп турду. Бир күнү Кудурет ооруканага келип, Жоломан жаткан бөлмөнүн эшигин акырын ачып ичине кирсе, өңдөн азган Жоломан жаткан керебетинде өйдө жакты тигилип карап, көздөрүнөн жашы мөлтүлдөп куюлуп жаткан болот. Келип калган Кудрет да адатынча сыр билгизбестен тамашалап, көңүлүн көтөрүп сүйлөгөн сөздөрүнө Жоломан:
-- Ээх досум... Акыр - аягы ушинтип эки бутум баспаган майып болуп калмак белем ээ?... Кыялданып жүргөн таттуу кыялдарымды таш кабып, көрсө мени алдыда ушундай тагдыр күтүп турган экен да ээ... Эми мен ашка жүк, башка жүк болгон пайдасыз бир жандык эле болуп калдым да... Эми кимге керегим бар? Сүйлөшкөн кызыма да "жолуң бош" деп кат жазып жибердим... Бирөөнүн бактысын байлап эмне кыламын... Ал жаным деле бактылуу болууга акысы бар да туурабы? - деп Жоломандын үшкүрүгү таш жарган армандуу сөздөрүн укканында, эмне деп айтаарын билбей көздөрү жашылданып нес болуп туруп калган Кудуретти карап:
--Ооуу досум, кантесиң деги ыя? Ой сен ойлоно берип, ойлоно берип чачтарыңа ак түшүп кеткен го? Же мода деп чачыңды ак түскө боётуп алгансыңбы? Бирок сага жарашат экен... - деп кайра адатынча тамашалаганга аракет кылып күлүмүш болгону менен, көздөрү жашылданып кайгы - муңга толо болчу... Жоломан ооруканада көпкө чейин узак убакыт даарыланып жатып, ооруканадан чыгаар маалы жакындап калганда, доктурлар Жоломанга катуу эскертип айтышат:
--Жоломан, сен азырынча, балким көптөгөн жылдар бою кыймыл - аракет кылууга мүмкүнчүлүгүң чектелип, баса албайсың... Бирок, "майып болуп калдым"деп баарын жыйыштырып, өзүңө чекит койчу болбогунуң! Дагы деле кичинекей болсо дагы качандыр бир кезде чуркап кетпесең дагы бутуңа тураарыңа ишеничибиз, үмүтүбүз бар! Бирок, жакшы жакка жылыштар болуш үчүн эң маанилүүсү, бул өзүңдү колго алып, бекем болушуң керек! Эгерде ооруга баш ийип багынып, кайгыңа чөгүп алдырып койсоң эле анда иштин бүткөнү дей бер... Анда сен өмүрүңдө баспай, биротоло майып бойдон каласың... Дагы бактың бар экен, ушунча бийиктиктен кулап түшүп, аман калдың... Биз болсо өзүбүз жактан болушунча аракет кылып, сенин чыгып, чорт сынып кеткен сөөктөрүңдү бириктирип чогултуп, курап чыккандай эле болдук... Сага дагы жашооңдо жогору жактан бир жолу шанс - мүмкүнчүлүк берилгенин эсиңден чыгарбай, ошого тобокел келтирип, сен дагы болушунча аракетиңди кыл! Дайыма өз убагында даарыланып, көнүгүүлөрдү талыкпай жаза! Эң башкысы "стресске" түшүп чөгүп кетпесең, буйруса баары жакшы болот! - деп Жоломанды үмүттөндүрүшүп, кайра 3, 6 жылдан кийин омурткаларына коюлган темирлерди алдыруу үчүн сөзсүз кайрылып келип операция жазатып кетишине катуу эскертүү беришип, ооруканадан чыгарышат. Юра болсо Жоломанга атайын майыптар үчүн заманбап жасалгасы менен жазалган сапаты жакшы болгон коляска сатып берип, жеке өзү Жоломанды үйүнө чейин жеткирип барат.
*** Акыркы учурда Кудуреттин эмнегедир тамакка табити тартпай, туруп-туруп эле кулактары чуулдап кетип, көздөрү караңгылай түшкөн адат пайда болгон эле... Бир күнү курулуш жүрүп жаткан ишинен чыгып, экинчи иш ордуна кетип бара жатып орто жолдон складтагы оор жүктөрдү түшүрүшкөнү кирип калат. Ошол күнү өзгөчө алы кетип алсырап, тердеп-кургап жатып араң дегенде 7, 8 капты жонуна артып көтөрүп түшүрүп, бир каптан ичкери жагына ташып алып келип коюп жатканында, складтын кожоюну:
--Ай бала, эмне ооруп жүрөсүңбү? Эгерде күндөгүдөй иштесең алигиче бир 20 дан ашык капты түшүрүп ташып коёт элең да... Тобоо кылдым, чачыңды да ак басып, көз - көрүнө эле солкулдаган жигиттен карыяга айланып, бат эле картая түштүң го... Карачы, арыктаганыңдан сөөктөрүң оркоюп чыгып көрүнүп, кийимдериңдин да шалбырап калганын... Жаныңды кыйнап жан алакетке түшө бербей, барып эс алчы... - деп боору ачып карап, Кудуретти кетирип жиберет. Жолдо ары - бери термелгендей болуп басып келе жатып, чаң болгон үстү-башын күүп алганга да дарманы жок болуп алы келбей, экинчи жумушу жакка эптеп араң жетет. Жабылаар убактысы келип калса дагы ичинде али машыгуучулардын бирин - сириндеп жүрүшкөнүн көрүп, аларды кире бериштеги эшикке жөлөнүп карап туруп, теңселип басып сыртты көздөй жөнөйт. Спорт залдын короо жагында турган отургучтардын бирине отуруп, сынып кетчүдөй болуп катуу ооруп чыккан башын кармалап отурганында, өзүн көздөй бирөөнүн басып келе жаткан добушу угулуп, чыккан добуш өзүнө жакындап келип:
--Кандайсың иним? Баары жакшы элеби? - деп сураган бир кишинин үнүн угуп, карайын десе көздөрү бирде чыбырчыктап, бирде караңгылап кетип жатканынан жакшы көрө албай башын ийкеп коёт. Ал киши жанына келип отуруп, өзүнүн каяктык болоорун, бул жакка эмне болуп жана качан келгенин, кимдин баласы экендигин сураштырып жатып, Кудуреттин берген жообун угуп бир саамга үн катпай отуруп калып, кайра:
--Демек сен Кадыр байкенин уулу болот турбайсыңбы... Атаңды биз жакшы тааныйбыз. Ооба, Кадыр байкенин жашоосунда болгон чоң өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар бизге дагы угулган... Азыр катуу болуп ооруп, төшөктө жатат деп да укканбыз... Каап, атаң абдан жакшы, мыкты адам эле... Жанында жүргөн келемиштер канын мите курттай болуп сорушуп жүрүп, байкуш Кадыр байкенин акыр-аягы түбүнө жетишкен экен... - деп сүйлөп жаткан жанындагы кишинин атасы жөнүндө айтканын уккандан кийин, эмнегидир өзүнө - өзу ээ боло албай кетип:
--Ооба, тура айтасыз... Бирок... Бирок атама жардам берем деп канчалык жан далбастасам дагы колумдан келбеди өңдөнөт... - деп калчылдаган колдорун бир сыйра муңдуу үңүлүп тиктеп карап алып:
--Канчалык айлам кетип аракет кылсам дагы колумдан келбеди...Убагы келип, кеч болуп бара жатат... - деп башын чайкап, бушайман болуп жаткан Кудуреттен:
--Эмне болду? Эмнеге кеч болду? Түшүнгөн жокмун, шашпай айтып берчи? - деп сураганына Кудурет:
--Атамдын жүрөгүнө жазалуучу операциянын акыркы мөөнөт убагы, жети айга чейин болчу... Доктурлар алты айдан кечиктирбей операция жазаткыла дешкен болчу... Мен болсом... Мен болсом канчалык жанымды карч уруп аракет кылсам дагы, керектелүүчү акчанын жарымын да толук таба алаган жокмун... Болгонун бүгүн апама салып жибердим... Эмне үчүн колумдан эч нерсе келбеген мынчалык алсыз адаммын?... Мен...- деп ый аралашкан үнүн акырын чыгарып:
--Мен атам сыймыктана тургандай татыктуу уулу боло албадым... Атакемди... Атама...- деп мукактанып, Кудурет көөдөнүнө толуп батпай калган ичинде болгон кайгы - муңун токтоно албай буркурап ыйлап айтып жатты... Бир убакта каны катып абдан суусай түшкөнүн сезип:
--Мен... Мен азыр келемин... Барып суу ичип келейинчи... - деп айтып ордунан туруп алып бир эки кадам таштагандан кийин жер көчүп бара жаткандай сезим болуп кетип, эс учун жоготуп жерге күп этип кулап түшүп, жатып калат... Алиги киши ордунан тура калып Кудуретти эсине келтиргенге аракетин кылып жатып тез жардамга чала салып, доктур чакыртат.
6-бөлүм кийинки санда. Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3