7-БОЛУМ
Бөрү эненин сөзүн бөлбөй угуп олтурган Жан айланасын бир карап алып:
-Эне кеч батып калыптыр деди
Бөрү эне:
-Кеч батса анда мен жолго чыгайын ,сен жакшылап ойлонуп анан чечим чыгар. Шашкалактап жаңылышып жүрбөй садагам
-Макул эне. Анан дагы сиз бат баттан келип турсаңыз кеңешиңизди айтып турасыз
-Сен бой жетип калбадыңбы менин кеңешим жок эле туура жолду таап аласың . Макул сөздү көбөйтүп пайда жок мен сапарымды улайын.
-Бир жака барасызбы эне?
-Ооба кызым сенин апаң журт кылган жерге барып келейин. Угушумча ошол жерде адамдар пайда боло баштаптыр. Карайынчы арасында апаң жок бекен.
-Абайлачы эне узак жолго чыгыпсын. Мейли эми сак аман барып кел. Апам атам бар болсо келип мага айт мен да барам андан соң.
-Ооба кызым сөзсүз айтам.
Бөрү эне тоо таштарды басып жолун улады. Жан болсо бөрү эненин ойлонуп чечим чыгар дегенин ойлоп Улан мени кабыл ала бекен деп жатты. Кабыл албай койсочу,менин бөрүнүн тукумунан тараганымды билсе өзүнө жаа бою качып жолотпосочу деп жаш кыз ойго батып отурду. Анан бир аз дан соң мейличи эмнеси болсо да эртең айтып көрөм жообуна карап чечим чыгарамда деп күбүрөнүп койду. Бөрү эне ашуу ашып суу кечип алдынан чыккан аңчылардан качып жүрүп олтурду. Күн батып таңда атты. Жан таң заардан туруп иштерин аяктап капчыгайга кире бериштеги дарак астындагы отургучка олтура кетти. Көп өтпөй Улан да келди. Экөө саламдашып бир топ үн чыгарбай өз ойлору менен алышып жатышты. Ортодогу тынчтыкты Жан бузду.
-Улан..... Сага сөзүм бар эле
-Кандай сөз айтчы
-Эгер айтсам менден баш тартышын да мүмкүн деп ичине дем жутуп мен бөрүнүн тукумунан тараганмын деди
Улан бир чети таң калса бир чети баарын билгендей түр көрсөттү анан:
-Сен бөрүнүн тукумунанбы аюунун тукумунан таркасаңда мага кызыгы жок мен дайым сен менен болом деп кызды кучактап алды
Жанатан бул жоопту угуп мүмкүн эмес деп олтурган Жан кубанып кетти.
-Чын эле ээ,мени кандай болсом ошол бойдон кабыл аласыңбы деп кайта кайта сурап жиберди. Ошентип эки жаш бир бүтүн болуп жүрүп калышты. Мындай көрүнүш эл ичине тез тарайт эмеспи. Баякы Жамбылдын баласы Улан менен тиги кемпир багып алган кыз жүрүп алышыптыр деп эл ичине кеп сиңип кетти. Эки жашка кыйынчылык асмандан жааган мөндүрдөй болуп жаап баштады. Уландын ата-энеси теги жок эли жок немеден кыз алып бербейбиз деп так секирип каршы туруп алышты. Улан ары айланып да бери айланып да ата-энесин көндүрө алган жок. Качып кетейлик дешсе Улан жалгыз уул, акыры мамилени токтойлу сен өз бактыңды мен өз бактымды табайлык деп эки жолго түшүштү. Бөрү эне болсо Айкүн түтүн булаткан айылдын боор ташына чыгып айылга көз жүгүртүп карады. Айылда баштагыдай тирилик жок. Бирин серин эле адамдар көрүнөт. Байкашынча баштагы ушул айылда жашаган адамдай эле. Кеч батып айылга кирип барып Айкүндүн кабарын билейин деди да өз ичинен:
"Ээх адамдар адамдар эч кимге зыяны жок курт кумурскадан тартып өз тегинерден таркаган адамдарга чейин кыргын кылдыңар. Таш боорсуңар. Мээримиңер жок,айбандардан акылыбыз менен айырмаланабыз дегениңер менен айбанчалык мээримдүү эмесиңер. Жырткыч деп эсептелген биз бөрүлөр да биринчи үйүр экинчи үйүргө кол салбайбыз. А силерчи бир айылдын эли экинчи айылды аёосуз талкалап эркегин өлтүрүп,аял менен баласын кул кылып жатасыңар"-деп үшкүрүп алды.
Уландысы бар
Калыжан кызы Бияна
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4