6-БОЛУМ
Ошентип аягым оор болду. Күткөнүбүз уул. Адатымча дагы токой аралап кетип калчу болдум. Токойдон апама жолугуп сырдашып кайтчумун. Ичимдеги наристе 4 айдан ашып 5 айлык болуп калса керек аныгын билбейм апам менен сүйлөшүп олтургам. Чамамда апама келгениме 15 мүнөттөн ашты окшойт эле артымдан жолдошум келип калды. Колунда мылтыгы да бар экен. Алгач көргөндө мени бөрү жейт деди окшойт шашкалактап мылтыгын даярдап калды. Мен болсо атпа аны атпа кач апа кач дедим деп чыңырып барып токтодум. Күйөөм мага таңдана карап эмне дедиң деп суроо узатты. Мен ага бар болгонун айтып бердим. Ошол күндөн тарта көз ачып көргөн жан шеригим менден өзүн алып качып жашап калды. Кайненем ага эмне болду десе кыңк этпейт жөн эле башын чайкап басып кетет. Мен да алдан кетип оору тийген тооктой болуп бүжүрөп калдым. Кайненем экөөбүздү карап силерге эмне болду дейт экөөбүздөн тең олуттуу сөз чыкпайт эч нерсе деп коёбуз. Ошол жылдары түлкү,бөрү,аюу, сүлөөсүн баардык жандыктардын териси кымбат баалуу деп эсептелип калды эле. Күйөөм токой аралап апамды издеп калды. Апам анын арам оюн билип эчак эле журт которуп башка башпаанек тапкан. Бир күнү күйөм кызуу мас болуп келди. Эч нерсе менен камым жок жылуу төшөктө жаткам. Күйөөмдүн келгенин билип өйдө турбай эле азыр жатса керек деп тескери карап жатып алдым. Бир маалда төбөмө бирөө келди ичимден эмне болду экен деп ойлоп жатсам:
-Эййй сен деп катуу кыйкырык чыкты. Чочуп кетип дароо өйдө туруп оңдогоно калдым. Анан мени уур тепкиге алды. Ал урганда бир көзүмө тийсе бир бетиме тиет. Тепкенде бир ичиме бир бутума тиет. Ызы-чууну уккан кайын энем жете келди. Кой ай десе да болбой тепкилей берди. Кайненем араң арачалап ажыратып койду эле мылтыгын октой коюп:
-Кана дароо бөрүгө айлан деп ачуу үн чыгарды.
Энем чочуп кетип:
-эй кокуй эмне деп жатканыңды өзүң билесиңби,адам баласы качан бөрүгө айланмак эле деп кагып койду.
-Айланат апа айланааат бул көк бөрүнүн тукумунан тараган бөрү. Атасы бөрү апасы бөрү түп тамыры бөрү деп ачуу аралаш сүйлөп жатты. Мен жан соога деп ыйлап отуруп калдым. Энем бир топко ден дароо болуп туруп калып:
-Эсинди жый бала,бул келиним эшик аттап киргенден баштап биздин бүлөө, ичип алып ар балээни дабдыраба деп акыл айтып жатты. Жолдошум мага акырая карап:
-Бөрүгө айлан дароо бол сени бул абалында өлтүрсөм пайдаң болбойт андан көрө бөрү бол атып тындым кылайын да этинди итиме берип теринди акча кылайын деп мылтыгын көзөп туруп калды. Ортобузду арачалап турган энем алгач мени ат андан соң келиними атасыңбы коёсуңбу ишим жок деди. Ошентип жатып мен үйдөн качып чыгып токой аңтара качып калдым . Сеңделип ары барып бери барып жүрүп апамдар байырлаган топту да табып алдым. Алар менен кошо жашап баштадым. Ичимдеги наристе күйөөмдүн оор сокусунан түшүп калган. Айым болсо энемде калып ошол жакта бой жетти. Үйдөн баш алып чыгып кеткенден баштап кайта барбадым. Апамдын жардамы менен кайра бөрүгө айландым деп сөзүн аягына жеткенинен кабар бере сүйлөдү бөрү эне.
Уландысы бар
Калыжан кызы Бияна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2