4-бөлүм.
--Учак ордунан жылып мейкиндикке көтөрүлө баштаган сайын Кудуреттин жанында отуруп кетип бара жаткан баланын өңү кубарып, жыгылып кетчүдөй болуп отургучтун кармагычын колдору менен тырышып бекем карманганын байкаган Кудурет:
--Учакта биринчи жолу учуп бара жатасыңбы? - деп сураганына алиги бала топтомолок болуп чекчейип калган көздөрү менен карап:
--Ооба... Биринчи жолу учушум... Учак жөнүндө кино тасмалардан ар түрдүү жагдайлар жөнүндө көргөндөрүмдү азыр элестетип кетип, өзүмчө эле жүрөгүм болк этип, кооптонуп кетип жатамын... Сенде андай сезимдер болгон жокпу? - деп сураганына Кудурет:
--Буга чейин деле далай жолу учакта учуп жүргөндүктөнбү, андай чоочулоо, кооптонуу сезимдер деле болгон жок. Сен учакта биринчи жолу учуп бара жаткан үчүн, кичине чоочулап турсаң керек. Муну фобия деп коёт. Жакшы ойлорду ойлонуп, өзүңдү кичине алаксытканга аракет кылсаң, чоочулабай, бат эле көнүп кетесиң - деп жооп бергенине алиги бала:
--Кел анда жолдо катар кобурашып баралы. Менин атым Жоломан! - деп өзүн тааныштырып, Кудурет экөө танышып калышат. Жоломан ачык мүнөздүү, шайыр болгондуктан, Кудуретке өзүнүн башынан өткөргөн күлкүнүчтүү окуяларынан айтып берип күлдүрүп, Кудуреттин мүшкүлдүү ойлорунан бир азга болсо дагы алаксыта түшкөндөй болот. Бапылдап берилип алып ар нерселерди айтып берип жатып, чоочуп, кооптонуп келе жатканын өзү дагы унуткарып койгондой болот. Ошентип сүйлөшүп келе жатышып, билинбей эле Москва шаарына да учуп келишип, өзүлөрүн топтоп туруп салып жиберишкен иш - кананын Москва шаарындагы кызматкерлери тосуп алышат. Балдарды курулуш компанияга тиешелүү болгон жатаканага жеткирип келишип жайгаштырышып, иш - кананын жетекчиси менен көздөштүрүп жолугуштурат. Моюндарына алган милдеттеменин негизинде каттоодон өткөрүү ж.б иш-кагаздарын бүтүрүү үчүн балдардын документтерин чогултуп алышып, баары толук камдуу даяр болгондон кийин курулуш иш - кананын жетекчисинин колуна алып келип тапшырышаарын айтышат. Балдар ал курулуш - компания менен да келишим түзүшүп, иш-күндөрү кызуу башталып калат. Алгачкы биринчи күндөрү курулуш ишинде кара жумушчу болуп иштөө Кудурет үчүн абдан оор болуп көнө албай, абдан кыйналат. Бирок Жоломандын буга чейин эле курулуш иштеринде жакшы тажрыйбасы бар болгондуктан, Жоломан Кудретке көрсөтүп, көргөзүп айтып берип жүрүп, акырындык менен бара-бара көнө түшүп, курулуш ишин да анча - мынча өздөштүрө баштаган эле. Ошентип арадан күндөр билинбей өтүп жатып, бат эле толук бир ай болуп, эмгек акыларын алуучу күн дагы келип жетет. Башка бригаданын балдары маяналарын колдоруна алышып кудуңдап сүйүнүп жатышканын көрүшүп, Кудуреттин тобу дагы иш-кана жакка жөнөп калышат. Бирок эмгек акыны таратып берип жаткан ишмер балдарга бул айда акыларын ала алышпай тургандыгын айтканында, бири - бирин суроолуу карап алышып, түз эле иш-кананын жетекчисине киришип, чоо - жайды түшүндүрүп айтып беришкенден кийин жетекчиси:
--Ооба, туура. Силерге бул айда чыккан эмгек акыңарды толугу менен силерди топтоп алып келген иш-кананын эсебине которуп бердик. Алардын силерге кетирген чыгымдарын төлөп берүү үчүн, биринчи чыккан эмгек акыңарды толугу менен алардын эсебине которуп берүүгө макулдугуңарды бергениңерди тастыктаган коюлган колуңар турбайбы?! - деп балдардын өзүлөрүнүн колдору коюлган кагаздарды көргөзөт. Нес болуп туруп калган балдардын бирөөсү:
--Ооба, бул кагаздагы коюлган кол өзүбүздүкү экенин танбайбыз. Бирок, биз менен башында түзгөн келишим башкачараак эмес беле? Биз түзгөн келишим боюнча, ай сайын кармалып отуруп, үч айда гана толугу менен кутулмакпыз да?- дешкенине жетекчи:
--Силер кандай деп сүйлөшкөнүңөрдү билбеймин, мен бир гана фактыга таянамын. Ал иш - кана менен биздин курулуш иш - канасынын ортосунда мыйзам чегинде түзүлгөн келишим боюнча, силердин түзгөн келишимиңердин негизинде, биринчи эмгек акыңарды толугу менен алардын жеке счётуна которуп берүүбүзгө милдеттенме алганбыз. Жана ошондой эле бизди алардын жумушчулар менен камсыз кылгандыгы үчүн да сүйлөшүлгөн төлөмдөрүбүздү төлөп берүүбүз керек болчу. Ошону менен бирге, милдетибизди толук аткардык. Калган баардык суроо-сопкутуңар боюнча башында ким менен келишим түзсөңөр, ошолорго кайрылып, чечишип алгыла!- деп жооп бергенине өзүн томсорушуп карап туруп калышкан балдарга ачууланып карап:
--Силер кызыксыңар... Кол кой десе эле кол коюп бербей, кандай, эмне деп жазылгандыгы жөнүндө кичине көз жүгүртүп карап, окуп туруп, андан кийин гана колуңарды койбойсуңарбы? Силердин да колуңарда сөзсүз түрдө түзүлгөн келишимдин эки жактын тең коюлган колдору, басылган мөөрү менен көчүрмөсү бар болушу керек болчу... Эми түштөн кийин кимге, эмне деп арыз муңуңарды айтып, даттанасыңар... Өзүңөрдөн көргүлө... Өзүңөрдүн шашма, билимсиздигиңерден көргүлө... Бошсуңар, кете бергиле! - деп жооп берип, өзү иш - кагаздарына үңүлүп отуруп алат. Маанайлары чөгө түшкөн балдардын бири сыртка чыккандан кийин:
--Тиги шумпайлар бизди алдап кетишкен экен да... Эми эмне кылабыз? Ушул жерде иштеген башка балдардын айтуусу боюнча, ушул иш-канада дайыма түшүнбөс - келишпестиктер көп болот экен. Кээ бир балдардын 2, 3 ай бою акчасын ала албай жүргөндөрү да бар деп уктум... Балким бул жетекчи бары - жоктун баарын сонун эле билип, тигилер менен чогуу эле иштешет? - дегенине Кудурет:
--Балдар, жетекчи бир жагынан туура айтты... Чындыгында эле биз жөн жок эле кол коюп бербей, ар бир кагазды кылдаттык менен окуп чыгып туруп колубузду койгон болсок, балким мындай көрүнүш болмок эместир... - дегенине Жоламан:
--Мен кол коюп жатканда биринчи кагазын жакшы эле окуганмын. Баары тең бизге айтышканындай эле жазылып турган... Бирок кийинки кагаздарына окубай туруп эле колумду коюп бергенмин. Демек, шыпылдап сүйлөп кол койдурган кыз, кагаздардын арасына бул келишимди да кошуп жиберип, байкаттырбай кол койдуруп алган экен анда... Болоор иш болду, эми эмне кылабыз? Мисалы мен апамдын алган кредитин төлөш үчүн үйгө сөзсүз акча салышым керек болчу... Эмки айга кошумча төлөмү кошулуп олчоюп чыгып келип, өзүм эле кыйналып каламын да... Чын эле анан эмки айлыкты да ар кайсы шылтоону айтып бербей койсочу? - деп сүйлөнүп турганында Кудурет да ичинен атасын ойлоп, айласы кетип турган... Балдар да кейишип сүйлөнүшүп басышып кетишкенден кийин Жоломан ойлонуп туруп калып, бирөөгө чалып сүйлөшүп калат. Бир убакта жүзүндө жылмаюуу пайда болуп, Кудурет жакты карап, "сонун" дегенсип баш бармагын көргөзөт. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин:
--Кудурет, менин бир дос балам дагы бул жакта болчу. Ал дагы бир курулуш компанияда иштейт. Азыр ага чалып жагдайды түшүндүрсөм, "келе бергиле, эптеп бир айласын табабыз" деди! - дегенине Кудурет:
--Булардын келишими боюнча биз жок дегенде үч ай толук иштеп беришибиз керек болчу да... Бирок чын эле кийинки айда да дагы бир шылтоосун айтып, айлыкты төлөп бербей коюшсачы... Азыр бизге документ, кагаздарыбызды да бербей койсо кантебиз? Ээ, эмне болсо ошо болсун, жүрү анда жетекчиси бир жакка чыгып кете элегинде, барып көрөлүчү...- деп жөнөп калышат. Жетекчисине кайра киришип, өзүлөрүнүн жагдайларын айтып түшүндүрүшсө, жетекчи айтпаганды айтып ачууланып болбой көгөрүп жатып, Жоломан менен Кудурет экөө эки жагынан чыгышып жалдырап суранып жатышып, акыры көндүрүшүп, документтерин колдоруна алышат. Жатакана жакка барышып кийим - кечектерин баштыктарына салыштырып алышып, балдар менен коштошушуп, досу иштеген жерге жөнөшөт.Түштөн кийин кечке жуук гана айтылган даректи издеп жүрүшүп араң таап барышса, досу да чыдамы кетип күтүп турган экен, саламдашып учурашып жатып:
--Мен жетекчибизге силер жөнүндө айтып суранган элемин, үйүнө кетип калганчакты болгула тезиреек барып, жолукканга жетишип калалы! - деп үчөө тең досу көргөзгөн жол менен шашып басышып, жетекчисинин иш - бөлүмүнө кирип барышат. Кирип келген балдар менен жетекчиси жылмайып жылуу учурашып, бет маңдайында турган орундуктарга отуруусун айтып, ал - жай, жагдайларын сурап билет. Өзү абдан жөнөкөй, боорукер адам көрүнгөндүгүнөн улам, балдар дагы эмне себептен россияга кара жумушчу болуп келишкендерин жана кандай жагдай болуп кеткенин айтып беришет. Жетекчиси кабагын бүркөп унчукпай угуп отуруп, Жоломандын курулуш иштери боюнча тажрыйбасы бар экенин уккандан кийин жылмайып, жардамчысын чакырып алып балдарды ишке алуу боюнча иш - кагаздарын бүтүрүүсүнө тапшырма берип жатып:
--Балдар, бирок жатаканда бир эле бош орун бар, кандай кылсак экен анда? Бүгүнчө эптеп бир айласын таап турсаңар, эртең чечебиз! - деп айтып коюп, өзү дагы үйүн көздөй жөнөйт. Балдар дагы кубанычтары койнуна батпай божурашып сүйлөшүп келе жатышып, досу Жоломанга карап:
--Ушинтип алданып отурбай, бул жакка келе турган болсоң мага эле чалып койбойт белең? - дегенине Жоломан:
--Ой мен бекер алып кетип, кийин айлыктан кармап калабыз дегенине кызыктым да... - деп жооп берип жатканда досу ойлоно түшүп, Кудуретти карап:
--Иий баса Кудрет. Бул жерден анча алыс эмес жерде бир машыгуучу спорт зал бар. Биздин бир дос балдардын иниси ошол жакты түнкүсүн карап кайтарып, кароолчу болуп иштечү. Жакында башка жумуш таап алып, ал жактан кеткени жаткан болчу. Эгер орду бош болсо, ошол жакка да сүйлөшүп кароолчу болуп орношуп алсаң кантет? Айлыгы биздикинен кичине азыраак болгону менен эки жактан тең айлыгыңды ала бермексиң. Жатаканада жакынкы аралыкта бош орун табылаары дагы белгисиз... Батирге дагы азырынча чыга албайсың, кымбат. Жатаканада балдар менен тыгылышып жашагандан көрө, биз менен күндүзү иштеп, кечкисин күзөтүңдү өтөп кенен-кесир жүрө берет элең да? - дегенине Кудурет да сүйүнүп кетип, макул болот. Жатаканага келишээри менен алиги балага барышып сураштырышса, ал бала:
--Кожоюндары инимдин ордуна кароолчу табышканчакты иштей туруусун суранып, өздөрү болсо башка кароолчуну издеп караштырып жатышканы жөнүндө укканмын. Эгерде чынында эле ал жакта иштегенге макул болсоң, анда мен иниме чалып айтып коёюн, же болбосо кожоюндары башка адам таап коюшпасын! Кечки саат 11 ден эртең мененки саат 6 га чейин ал жактан эки жакка басып чыгып кетпей, карап кайтарышың керек болот. Саат алтыдан кийин жумушчулар да, машыгуучулар да келе башташат экен. Макулсуң да ээ? - дегенине балдар да:
--Бир жагынан жакшы эле да, тегерек - четин бир сыйра карап коюп, түнкү саат 12, 1 де ичинен бекитип аласың. Болгону түнү менен сак болсоң эле болду да?! - дешкенине Кудурет да кубанып макул экендигин ыраазы болуп айтат. Бул жагы да жакшы жагына чечилгенине кудуңдашып кубанышып, эптеп бир жерден шам - шум этип тамактанып алышкандан кийин, досунун бөлмөсүнө келишет. Бир бөлмөдө бир нече баладан жашашкандыктан, бөлмөнүн бир бурчунда эптеп тыгылышып жайгашышса дагы көңүлдөрү ток болуп мемиреп укташып, таң атырышат.
***Ошентип Кудурет бир күнү кечке Жоломандар менен бирге курулуш ишинде иштеп эмгетенип, кечкисин өзүнүн экинчи жумушуна келе жатып эки, үч саатка болсо дагы тегерек четте жайгашкан чоң-чоң ар түрдүү склад ээлери менен сүйлөшүп алып жүктөрүн ташып берип, дагы кошумча иш кыла коюп жүрдү. Кийинчерээк склад ээлери керек учурда чалып, чакыртып алышчу болот. Кудурет болсо Жоломан менен таанышып, Жоломандын өзүнө чоң жардамы тийгенине ичинен абдан кубанып, ыраазы болуп жүрдү. Негизи эле Жоломан абдан чынчыл жана жумуштан качпаган иштерман бала эле. Эмне иш баштабасын, ошону өжөрлөнүп отуруп аягына чейин майын чыгарып иштеп бүтүрчү. Мүнөзү да шайыр келген абдан тамашакөй бала болчу. Кээде абдан чарчаганында кичине эс алайын деп отуруп калып, чөнтөгүнөн сүйлөшүп жүргөн кызынын сүрөтүн алып чыгып сагынычка толгон көздөрү менен суктанып карап жатып, ошондо да тамашалап:
--Иий жаным го! Өзү менин бучугум го! Аябай сагындым сени, сенчи? Сагындыңбы мени же башка жигит таап алдыңбы ыя? - деп сүйлөнүп жатып Кудуретти карап:
--Ээх досум, ушул апамдын кредитин төлөп кутулсам, ушул сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнүп, өзүмдүн кичинекей уямды курат элемин. Элестетсең Кудурет, бир нече жылдан кийин менин үйүмө конокко келип калсаң, сенин алдыңдан өзүмө куюп койгондой окшош болгон көздөрү топтомолок болуп быйтыйган кичинекей Жоломанчиктер тостоюшуп сени тосуп алгандарын! Бирок кредитке эмес, өзүм иштеп тапкан акчага гана үйлөнөмүн! - деп сөөмөйүн көзөп сүйлөгөнүнө Кудурет карап калса:
--Ой апамдар бир нерсени иштете калабыз деп бирөөлөрдүн үгүттөөсүнө азгырылышып, тамды залогко коюшуп банктан карызга акча алышпайбы. Анан эле агам үйлөнөм деп чыга калып, аны шаан - шөкөт менен үйлөндүрүшөт. Дагы бара турган тойлору биринин артынан бири чыгып отуруп, же ойлогон иштерин тыңгылыктуу иштете алышпай, айтоор акчалар желип, чачылып отуруп дайны жок болот... Төлөмдөрүн өз убагында төлөй албай калып жатышып, айтоор азыр тамды банкка алдырып коюуу коркунучу болуп турат... Деги эле "эл эмне дейт" деген түшүнүк каныбызда бар да, мына обу жок чачыла берип, акыр аягы ушундай көйгөйлөр болду...- деп айтып жатып ойлоно калып, кайра:
--Иий досум, мен кредитти деги качан төлөп бүтүп кутулат болдум экенмин... Анан кайра "үйлөнгөнгө" деп акча чогултканчакты менин жанымдын чачтары агарып бүтүп, күтө берип, күтө берип бир эмес эки жолу турмуш куруп жиберип, неберелүү да болуп калат болуш керек ээ?- деп айтканына Кудурет башын чайкап күлүп жиберет.
***Айлык алаар күнү жакшы иштеген балдарга эмгек акыларына дагы үстүнөн кошуп айлык чыгарып берген жетекчисине балдар өз алкыштарын айтышып, абдан ыраазы болушат. Алардын арасында Жоломан менен Кудурет да бар эле. Иш-кананын ичинен кудуңдап сүйүнүшүп чыгып келе жатышып, Кудурет:
--Бугун жетекчибиз эс алып алгыла дебедиби, анда алган акчаларыбызды үйгө жөнөткөнгө банк жакка барып келелиби? - деп сураганына Жоломан:
--Кудурет, жетекчибизди карачы, айлыкты өз убагында берип, жакшы иштегендерге жакшы көңүл бөлүп, айлыгыбызды да көбөйтүп берип жатканын. Негизи эле бизге кылган камкордугу абдан жакшы! Биз дагы колубуздан келишинче эки эселеп актаганга аракет кылалы ээ? Мага жетекчи текшерүү келип калышы мүмкүндүгүн баса белгилеп бир нече жолу айткан эле. Ошондуктан жок дегенде дагы бир үч, төрт саат иштеп, бүтүрүчү иштерибизди аягына чейин бүтүрүп коюп анан кетсекпи? Балким текшерүүчүлөрү бүгүн же эртең келип калышып, жетекчибизди жер каратып койбойлу? - дегенине Кудурет макул болуп, өзүлөрү менен кошо дагы беш алты бала болушуп иш ордуларына жөнөп калышат.
Курулуп жаткан имараттын төртүнчү кабатына көтөрүлүп чыгышкандан кийин Жоломан чөнтөгүнөн үйүнө сала турган акчасын алып чыгып санап төш чөнтөгүнө бөлүп салып, калган акчасын Кудуретке сунуп:
--Досум, үйүңө сала турган акчаңа кошуп койчу. Кичине болсо дагы менден жардам болсун! - дегенине Кудурет:
--Кой кереги жок... Ай - сайын эле алган айлыгыңдан мага ушинтип бере бересиңби... Албаймын, уят го? - дегенине болбой жатып Кудуреттин күрмөсүнүн чөнтөгүнө салып коёт. Өзү болсо 4 чү менен 3 чү кабаттын ортосундагы имараттын бүтпөй калган бир жерин оңдоп бүтүрүш үчүн үстүнө атайын сактап, коргоп туруучу бел курчоолорун кийип тагынып жатып, үстүндөгү турган темирге илгичи чала бекилип калганын байкабай калат. Ана эле ылдый жакка кадам таштаары менен илгич ордунан жылып чыгып кетип, Жоломан:
--Ааааааа - деп кыйкырган боюнча ылдыйды көздөй кулап кетет... Жоломандын кыйкырган үнүн уккан Кудурет жан далбастап чуркап келип ылдый жакты караса, Жоломан жерде кыймылсыз жатканын көрүп, чуркап жөнөйт. Жетип келип караса, 4 чү кабаттан учуп кеткен Жоломандын төш чөнтөгүндөгү акчалары жерге чачылып түшүп, өзүнүн болсо оозу мурдунан каны шорголоп куюлуп жаткан экен, Кудуреттин жүрөгү сыздап жанына тизелеп отура калып:
--Жоломан! Жоломан! Досум, алтыным, көзүңдү ачсаң?! Жоломан! - деп башын тиреп көтөрсө, башынан да аккан каны Кудуреттин колуна кызыл жаян болуп жайыла түшкөнүнө үстүндөгү күрмөсүн чече калып башына төшөп, өзү болсо канталаган калтыраган колдорун бир карап алып:
--Аааааааа!!!! - деп бакырып алып:
--Жоломан! Жоломан мындай болуп бүтүшү эч мүмкүн эмес... Бакырайган көздөрүңдү бажырайтып бир балп эттирип коюп, эрте эле узап кетпешиң керек болчу... Мындай болушу мүмкүн эмес Жоломан! Сен дагы узак жашашың керек болчу! - деп тегерек четиндеги чачылып жаткан акчаларды уучтап ала коюп, жини менен мыжыгып кармап:
--Акча, акча деп жүрүп, ушул акча түбүбүзгө жетет экен го?! Жек көрөм мен силерди! - деп колундагы акчаларды кайра ыргытып жиберип:
--Жоломан! Жоломааааан! - деп төшүнө башын коюп, ийиндеринен кучактап алып бакырып-өкүрүп ыйлап жатканында, жумушчу балдар да бирин-сириндеп отурушуп чогулушуп, Жоломандын ачуу чаңырып ыйлап жатканына жүрөктөрү чыдабай кетип өзүлөрү да эмне кылаарын билишпей кошо ыйлап карап турушту. Жетип келген жетекчиси, Жоломандын дос баласы жана дагы бир топ балдар болуп Кудретти ордунан тургуза албай коюшат... Жаны батып жер чапчып бакырып - өкүрүп ыйлап отурган Кудурет, Жоломандын колунан бекем кармаган колу дагы тырышып, карышып калган эле... Ошол убакта тез жардамдын унаасы келип калып, Жоломанды бир сыйра карап текшерип, тыңшап көргөн доктурлар жетекчисине карашып, баштарын чайкап коюшат. Ошондо Кудурет көздөрүнөн жашы мөлтүлдөп куюлуп, нес болуп карап турган жетекчисин бир карап алып:
--Жоооооок! Андай болушу мүмкүн эмес?! Жоламан өлгөн жок! Жоламан тирүү, жоооок! - деп өзүн - өзү кармана албай бакырып ыйлап жатып, кармап турган Жоломандын колунун бир манжасы кыймылдагандай болуп сезилип кетет. Жоломан башын өйдө көтөрүп орус доктурларга карап:
--Он живой! Мой друг жив, я это чувствую! У него палец зашевелился! - деп кыйкырып айтканында, доктурлар үңүлө калышып карашып, жүрөгүн дагы бир жолу тыңшап жатышып:
--Да, и в правду он живой?! У него слабо, очень слабо бьётся сердце! - дешип сүйүнүп кетишип, баары тең жанталашышып далбастап калышат. Жоломан болсо карышып калган колдорун акырын бошотуп, колдору менен бетин басып:
--Досум тирүү! Досум көп жашап, өмүрү узун болот буйруса! - деп ыйлап жатканында жетекчиси да жанына келип отуруп, ийнинен кучактап, экинчи капталына Жоломандын досу жана дагы балдардын баары топтолушуп отура калышып, Жоломандын тирүү калганына көздөрүнөн жаштарын токтото алышпай кубанып турушту.
5-бөлүм бар.
Чыгарманын автору: Нуржамал Бектенова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10