Бакыт байке ар дайымкыдай Дордойдон жаңы эле алып келген бут кийимдерин жайып жатып, дүкөндүн сыртында терезе аркылуу аны карап турган жаш баланы байкап калды. Жай мезгили жакындап, мектептеги окуу жабылганына аз калса кроссовкаларга болгон талап чоң болчу.Келген товарлар өтө люкс болбосо да, бул кичине дүкөн үчүн ылайыктуу эле. Бут кийимдердин эң мыктыларын алдыга тизгенде жаш бала витринага карай бирааз жакындады. Бирок сатуучу буга чейин байкабаган жаш баланын балдагына көзү түштү. Тестиер болгон күчү менен ал балдакка таянып турган эле. Сатуучу байке бир сыйра жаш баланы башынан аягына чейин карап чыкты. Үстүндөгү шымынын сол тарабы тизеден ылдый бош. Балким ошого акырын согуп жаткан шамалга шымдын учу ары-бери желбиреп жатты. Жаш бала терезе аркылуу бут кийимдерди теше тиктегендиктен сатуучуга деле көңүл бурган жок. Бир топ убакытка чейин арбалган абалда турду. Өзүнө келип, балдагына таянып кадам таштаганда, дүкөндөн сатуучу учуп чыгып:
-Эй, жигит!-деп кайрылды. -Кроссовки алайын дедиң беле? Бул жылы укмуш моделдери келди!
Жаш бала сатуучу тарапка жүзүн буруп:
-Чындап эле укмуш экен,-деп жылмайды. -Бирок менин бир бутуп тубаса жок да.
-Эмне болуптур ,менимче бул өтө эле маанилүү эмес,- деп Бакыт байке жаш балага жакындады.- Бул дүйнөдө телегейи тегиз адам жок да. Бирөөнүн колу жок, экинчисинин болсо буту. А кээ биринин акылы же адамгерчилиги жетишпейт.
Башын жерге салган жаш бала жооп бербеди, сатуучу болсо сөзүн улады:
-Кана эле адамгерчилигибиз бар болуп да, бутубуз жок болсо.
Бала башын көтөрүп, таң калган абалында:
-Түшүнбөдүм, байке, эмнеге андай деп жатасыз?
- Себеби жөнөкөй эле! Эгер адамгерчилигибиз жок болсо бейишке кире албайбыз, а бирок бутуң жок болсо чоң деле көйгөй эмес. Ансыз деле бейиште баардык жетишпеген нерселер берилет эмеспи.Жадагалса майып инсандар алты саны амандарга караганда көбүрөөк сый көрүшөт экен.
Кичинекей бала дагы бир жолу жылмайды. Ушул күнгө чейинки баардык оору, кайгылары жеңилдегендей болду. Бакыт байке болсо витрина тарапка ишарат кылып:
-Сен карап жаткан бут кийим сага өлө жарашат да!-деди.- Бир кийип көрбөйсүңбү?
Жаш бала башын чайкап:
-Бетинде 1500 сом деп жазылып турат, ала албайм го...
-Сен коркпой эле кой, сен үчүн акция сезонун бирааз эртелетебиз. Ошондо баасы 1000 сомго түшөт. Анан да сен бирөөсүн эле аласын да, туурабы. Демек 500 сом болот экен.
Жаш бала бир саамга ойлонуп туруп:
-Андай болсо бут кийимдин экинчи жубун эмне кыласыз?-деп суроо узатты. – Эми аны ким алмак эле?
-Апеей ботом!-деп каткырып жиберди Бакыт байке.- Аны да сага окшогон оң буту жок бир балага сатам, сен кам жебе.
Бул сөздөр жаш баланы ынандыргандай болду.
Бакыт байке:
-Анан дагы бир маселе, сен окуучусун да , туурабы?
-Ооба, экини бүтүрүп, үчкө көчөм.
-Сонун турбайбы, биз окуучуларга да арзандуу кылабыз. Ошондо 50% арзандатсак 250 сом эле болуп калат экен. Ансыз деле өз баасына берип жатам, болоор баасы ушул, ал алагой, бут кийим сеники!
Бакыт байке таңыркап турган жаш баланын көзүнчө дүкөнгө кирип, кутунун ичинде жаңылары толтура турса да, бирок бул жаш бала үчүн витринага коюлган бут кийимди алып чыкты.Отургучка баланы отургузуп, жаңы бут кийимди кийгизди. Эски бут кийимин колго алып:
-Менин базарлыгым бүттү. А бирок сен дагы эски бут кийимиңди мага сатсаң, абдан кубанмакмын,-деди.
-Тамашалашып жатасызбы?-деп кекечтенип калды жаш бала.- Мунун таманы тешилейин деп калган. Эски бут кийим да сатылчу беле?
-Сен көп нерседен калып кеткенсиң го, досум...Антиквариат буюмдар деген нерсени уктуң беле? Канчалык эски болсо, ошончолук кымбат болот да. Ошондуктан менимче сенин бут кийимиң 1500-2000 сом турат го.
Жаш бала бир күн ичинде мынчалык көп таң калбады эле. Кудум бир түш көргөн сымал. Болгондо да өмүрүндөгү эң бир сонун түшү.Бакыт байке берген акчаларды толкундангандан тердеп кеткен колдору менен кармап, ойлонуп туруп 500 сомун кайра кайтарып берди:
-Менимче 1000 сом эле жетиштүү. Мен да сиз үчүн арзандатайын!
Бакыт байке да баланын көңүлүн сындырбаш үчүн акчаны алды да, бетинен өөп койду. Ушунчалык бир бактылуулук сезимине бөлөнүп, сүйүнүп жатты. Дүкөндөгү баардык товарын сатса да, мындай кубанбаса керек эле. Жаш бала болсо акырын үйүнө жөнөдү. Ал да сүйүнгөнүнөн кудум балдагы жок эле басып кете тургандай эле. Көздөрүнүн жанганынан эле өтө ыраазы болгонун билинип турду:
-Атам туура эле айткан экен, майым болгондугум үчүн кайгырбай эле койсом болчудай!
Ар бир шамал чача турган чаң табат .
Ар бир жашоо жашай турган жан табат
Ар бир үмүт орун алчу түш табат.
Табылбаган жалгыз гана дал ӨЗҮҢ!
Түркчөдөн которгон: Нуриет Абдулазиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9