*
Сенин кандай экениңди кара. Татыктууга гана татыктуу нерселер берилет! Башкаларга азыраак талап - өзүнөргө мүмкүн болушунча көбүрөөк болгон он!!!
"Жакшы аял каалайм", "жакшы күйөө каалайм" деген сөздөрдү көп угабыз, таң калыштуу. Бирок жок дегенде бирөө бир жолу айттыбы: “Мен болочоктогу жубайыма жакшы күйөө болгум келет”, “Мен болочоктогу күйөөмө жакшы жар болгум келет” деп. Бул тууралуу эч ким ойлобойт да!
Ар ким өзү озгорбой, ойлонбой, озуно гана жакшы адамды каалайт, бирок өзү кимге керек болгонун ойлонбойт! Жигиттердин кыздарга койгон талаптары абдан чоң, кыздардын балдарга койгон талабы да ошондой. Бирок көбү бул сөздөрдү эстебейт: эгер жанындагы адам жакшы болушун кааласаң, өзүңдөн башта!!!
Көбүнчө жигит аялы кандай болушу керектиги жөнүндө жалындуу сүйлөп жатканын көрүп, - ал тигиндей, мындай, камкор, жумшак, акылдуу, эмгекчил, жада калса балдары билимдүү болушу керек деп айтат. Ошол эле учурда ханышага окшоп, кожойке болуп: тамак жасап, ар дайым аны тейлеп, ага кечки тамак жасаш керек... Бирок, сиз көп талап кылган жоксузбу? Аялы физикалык жактан ушунчалык көп талаптарды аткара албай калсачы... ? Сиз өзүңүзчү? Кандайсыз? Сиз өзүңүз жакшы аялга татыктуусузбу?
Сиз аны жакшыраак карасаңыз: ал өзү көп нерсеге кайдыгер, үй-бүлөсүн бакпаган, орой, ырайымсыз, суук, укпаган, көп ачууланган, көңүл бурбаган, ач көз, тиран жана бир жылда бир да акылдуу китеп окубаган ж.б.у.с... Анан эмнеге аял кандай болуш керек деген суроо аны биринчи кезекте кызыктырат??? Өкүнүчтүүсү жакшы аялга үйлөнүп, ал аялды дагы өзүнө окшош кылат. Эмнеге? Анткени өзүн сүйгөн адам өзүн жакшы нерсеге татыктуу көрөт.
Ошого көпчүлүк коомдогу белгилүү эле адамдар аялдарга өзүн сүйүү боюнча сабак берилбесин дейт.
Текебер, жалкоо, ырайымсыз, талап кылган аялдарга айланып кетет дешет. Баарын өздөрүндөй көрөт.
Психологиянын "П" сын түшүнбөй эле оозун чоюп пайдасыз, же миллион жолу уккан эле нерселерди адамдын убактысын алып сүйлөшөт. Же бир жанылык болсо экен...
Башкаларга жеткириңиз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Күнөөкөр болбой туруп, жаратканга
Жакшы аял болуп берем, бүт өмүргө.
Ардактап сыйлап мени барктаганга.
Жар болгум келет,менин бир жакшыга...
Өттү - деп,өмүр арман жеп калганча.
Кышын - жазга, кузун - жайга алмаштырам...
Оюндагын оорундатам мага айтканча...