Командировкадан кайткан жолдошумду тосуп алайын деп темир жол вокзалында турам, поезд келди, бир маалда жолдошум да көрүндү, мени көрүп эле кучагын жайып калды, мен жолдошумду көздөй жүткүнүп жөнөгөнүмдө эле бир томолонгон келин мени түртүп өтүп эле менин жолдошумдун кучагына жыгылды, мен бир топко түшүнбөй туруп калдым, карасам, жолдошум да ал келинди кучактап экөө аябай дегендей бактылуу, көргөн көзүмө ишенбей дендароо болуп турган жеримде каттым, анан эсиме келип, жиним ушундай келди дагы баягы келинди чачынан кармап туруп, күйөөмдүн кучагынан жулкуп алып түртүп томолотуп жыгып салдым, күйөөмдү жаактан нары чаптым го чиркин, жулкулдатып атам и эми ит айтпаган сөздөрдү болушунча айтып кыйкырып да ыйлап да атам буркан шаркан түшүп, эл заматта чогулуп калды, берки томолок келин колума асылды эле ичтен нары тептим го 😡 чачым кетти сапсайып 😨 Ошентип албууттанып атып кокусунан поезддин эшигине көзүм түштү, карасам Кудай бетин салбасын 😱 менин күйөөм ошо жерде мени карап, катыган боюнча турат 🤦♀ ал эми берки мен "күйөөм" деп аткан чоочун эле, тиги томолок келиндин күйөөсү тура 😜 мына ошондо очкимди үйдө унутуп калып чыгып кеткеним эсиме түшүп жатпайбы 🤦♀ очкиси жок мен байкуш башка бирөөнү эле уруп салыпмын да 😂🤭 акырын түздөндүм да, жылып, билмексен болуп өзүмдүн күйөөмдүн жанына жетип барып, колтуктадым да тигилердин жанынан койкоюп өтүп кеттим 🙈 Албетте мунун баары ашып кетсе 10 минуттук эле окуя болду дечи бирок өмүр бою эстен кетпейт, эмдигиче эстеген сайын каткырып күлөбүз 😜🤭 айымдар ОЧКИҢЕРди үйгө унутуп калбагыла 🤣🤭
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22