"Улут болдук, чачылып бириндеген"...
Улут элек улуусун кастарлаган
Сырттан келип коногу башкарбаган
Жоокерчилик заманда элин коргоп
Эр жигити, куш жаздык жазданбаган...
Улут болдук уурусун кастарлаган
Карысында нысап жок,какчаңдаган
Беш көкүлчөн ыйбаалуу, кыздары аз
Жубаны көп, эл болдук тастаңдаган...
Улут элек тарыхта жеңиши көп
Эңилген аз, душманды эңиши көп
Кең өзөндө төрт түлүк малы төлдөп
Жалкысы аз, жайнаган эгизи көп...
Улут болдук биз азыр жеңилген көп
Эңгени аз, учурда эңилген көп
Тирүүмүн деп компойуп жүргөн менен
Тирүү туруп эчакта, көмүлгөн көп...
Улут элек сөзүндө негизи көп
Ой чуңкурдан табыгий тегизи көп
Түндүгүнөн куюлуп кут береке
Түштүгүндө түгөнгүс, жемиши көп...
Улут болдук биз азыр, кемиши көп
Ачыктык аз, иш кылсаң, жең-ичи көп
Келемиштей кемирип сандык тешкен
Тазасы аз, ач өзөк жегичи көп...
Улут элек дайрадай толкуп ташкан
Душман сестеп,чеп куруп, коркуп качкан
Сансыз эрлер тарыхта аты калып
Эл оозунда айтылган, болуп дастан...
Улут болдук коңшудан коркуп качкан
Улуктарың бүжүрөп тайсалдашкан
Мекен жүгүн мертинип, артына албай
Кош бойлуу, келинден да, аша качкан...
Улут элек улуусун урмат кылган
Улуулары кичүүгө, ызаат кылган
Улут үчүн берген ант, шертин бузбай
Уурулардын жолуна тузак кылган...
Улут болдук улууну сыйлабаган
Улуусу да, урмат-сый жыйнабаган
Улут үчүн кичүүгө үлгү болуп
Убай тартып, намысы кыйнабаган...
Улут элек таптаза булуттардай
Супа таңда, элеген бубак кардай
Таттуу уйкудан тамшанып ойгонгондо
Түн кубалап, жаркыган аппак таңдай...
Улут болдук түнөргөн түнгө окшогон
Түбү кургап, куураган гүлгө окшогон
Түбүң түшкүр, түйшүктүү түйүнү көп
Тээ түпкүрдөн ызалуу, үнгө окшогон ...
Улут элек ак карлуу белге окшогон
Буруксуган гүл бакча, төргө окшогон
Аягы да башы да, кең чар жайыт
Эл жок болчу, Кыргыздай элге окшогон...
Улут болдук казылган кеңге окшогон
Кунары жок куучуйган жерге окшогон
Айланасын курчаарга жакыны жок
Төбөсүнөн тешилген, көргө окшогон...
Улут элек улуу тоонун кыраанындай
Бийик тоонун мүрөк суу, булагындай
Көргөндүн көзү жайнап, сугу арткан
Уз келиндин, көз кубанткан, курагындай...
Улут болдук чулуктун, кулагындай
Тоо эчкинин мерген кууган улагындай
Ушунча кор болдукпу кайран Кыргыз
Уй түнөп, туягы калбыр кылган
Эски журттун, тепселген тулаңындай...
Улут элек чок чайнаар балбаны көп
Бергенинен Бээжинден алганы көп
Жоон билек баатылар чыккан Кыргыз
Жанар тоодой түнт түнгө, жанганы көп...
Улут болдук, бок чайнаар балбаны көп
Улуктардын чынынан, жалганы көп
Улут бели бекчейип араң турат
Уюп жаткан көөдөндө арманы көп...
Улут элек көптөрдү таңдандырган
Бах,аттиң деп душманды да тамшандырган
Бабалардын алдына кантип барам
Жегичтердин доорунан, келдим мен деп
Талап жешип, эртеңин талкан кылган...
Автор: Эрнис-Бек Урукеев.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кылычтап азыр салса да,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
дегендей улутчул болуп,Кыргыз элимдин нарктуулугун,данктуулугун баалап урпактарыбыз улап келген көч башын биз да жакшы улантышыбыз керек.Бирок биз заманга шылтап аябай жаман болуп баратабыз.Биздин заман жакшы заман,пейилибиз кетти бир кана.Ойлонолу,ойгонолу!...
Чырылдап чындык ыйлайт
Жан дүйнө сыздайт
Чындыктын чырылдагын
Жан дүйнө сыздаганын
Сыздаганын эч ким туйбайт
Аттиң ай сезим өлүк
Сезим сенек сезим уктайт