Саламатсыңбы ардагым, эч кимде жогум, кайталангыс жаным!
Бүгүн өзүмө кат жазгым келди. Өзүм менен өзүм жолугушууну кааладым. Жан дүйнөмдү тыңшап, жүрөгүмдү уккум келди. Сага төгүлгүм келди. Менин эң ишенимдүү сырдашым, жалгызым бир өзүңсүң. Мени сен түшүнгөндөй, башка ким түшүнө алат?
------Жароокерим, сезимталым мени кечир! Сени көп кыйнап койдум. Сезимдериңди тебелетип, жароокерлигиңди баалабаган экенмин. Сезимдериңди ысырап кылып жүрө бериптирмин. Аны түшүнбөгөн жандарга, сени кыйнап берип коюптурмун.
---Боорукерим, кечиримдүүм мени кечир!
Боорукердигиңди чектен ашырдым. Көп ыйлаттым. Кечиримдүүлүгүңдү пайдаландым. "Кечиришиң керек" деп талап койдум. Бирок ичиңден сыздата бердим. Кечиргениң менен жашыруун көз жашыңды төктүрүп жүрдүм.
----Сабырдуум, чыдамдуум мени кечир!
Сабр дегенди терең түшүнбөй, көпкө чыдамдуу болушуңду кааладым. Өз каалооңду уккан жокмун. "Милдеттүсүң" деп док урунуп, талап коюп жашаттырдым. Жан дүйнөңдүн каалоосун, эркиндигин четке кактым. Ал сен үчүн маанилүү эмес деп ойлодум. Акыры жүрөгүң муздап, көңүлүң ооруп калган абалга жеткирдим, кечир!
----Коркогум, алсызым мени кечир!
Өзүңдүн ордуңду жоготтурдум. Алсыз болгон жакшы дедим. "Сүйүүдө курмандык болбосо, сүйүү болбойт" деп, коркутуп жүрө бериптирмин. Өзүңдү сүйүүнү, сыйлоону такыр үйрөтпөптүрмүн. Бул дүйнөдө сенин ордуң абдан чоң экенин айтпаптырмын. Баардыгы үчүн күйүп жаша, бирок өз кызыкчылыгыңды унут дептирмин. Мына ошентип, өзүңдү тааныбай калган абалга жеткирип койдум, кечир!
----Таарынчагым, ачуулум, жек көргүчүм мени кечир!
Таарынганыңды колдоп жүрө бериптирмин. Ден-соолугуңа зыян экенин эске албаптырмын. Жан дүйнөңдү караңгылатып, жашоого болгон кызыгууңду талкалаптырмын.
"Таарына бер, таарынганга акың бар!" деп, сага туура эмес дем берип жүрүптүрмүн. Бирок ошол таарыныч, ачуу, жек көрүү сенин сулуулугуңду уурдап, өзүңө душман болуп атканын такыр билбептирмин. Акыры кабагың ачылбай, жүзүң жылмайбай калды, кечир!
----Ушака көңүл бургучум, мени кечир!
Сага таандык эмес сөздөрдү, жүрөгүңө киргизип кыйнап койдум. Ушакчы жана негатив адамдын сөздөрү, өздөрүнө таандык экенин ойлонбопмун.
⚘ Эч кимде жок өзгөчөм, сага рахмат!
Өзүңдүн өзгөчө жаратылганыңа ишенип, кайрадан жандана түштүң. Анткени өзгөчө жан экениңди күндөн - күнгө таанып биле баштадың.
⚘ Сулуум сага рахмат!
Ооба, бүгүн сени "сулуум" деп айткым келди. Анткени жан дүйнөң тазаланып, кайрадан жүзүң жылмая баштады. Жашардың жана жакындарыңа болгон сүйүүң менен көпчүлүктү өзүңө тарттың. Анткени ниетиң жакшы. Өзүңө каалаган жакшыны, душманыңа да каалайсың.
⚘ Сезимталым ,назигим сага рахмат!
Сезимдин улуулугун түшүнүп, аны туура пайдаланганды үйрөнө баштаганың кубандырат. Кандай сезимге жол берүү керек, кайсынысына жол бербөө керек экенин түшүнүп жеттиң. Сени кыйнаган сезимдерден баш тартууну туура көрдүң. Канчалык кыйын болбосун, өзүң үчүн туура чечим кабыл алганды үйрөндүң. Акылыңды өстүргөн, жан дүйнөңө азык берген, пайдалуу сезимдерди баалай баштадың.
Мына бүгүн түнү, өзүмө кат жаздым. Өзүмдүн жан дүйнөмдөн кабар алдым. Кемчиликтеримди сүйдүм. Артыкчылыктарым үчүн кубандым.
Жашообузда эмне гана болбосун, ар бирибиздин өзгөчө орду толгус ордубуз бар экенин унутпоо үчүн "өзүмө кат" жазууну туура көрдүм.......Д.....
Интернеттен
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5