Баланын жетелеп алган эшеги бар. Болор-болбос жүк-тактары эшекке артылган. Күн ысык, кашаң эшек жалкоолонуп баскысы келбейт. Бала аны тырышып алга жетелейт, атасы артынан айдайт. Үчөө акырын болсо да, алга жылып бара жатышты чылпылдап аккан терди кирдеген жеңи менен сүртүп коюп:
- Оо, Аллах, мындан жаманынан сактай көр, мындан жаманынан сактай көр, - деп күбүрөнөт ата. Ошентип сапар жарымына келип калганда, капыстан эшек мүдүрүлүп кетпеспи. Таштак жолдо ташыркап араң келе жаткан жаныбар бутун кайрып алды көрүнөт, ордунан тура албай жатып калды. Анын мындан ары жол жүрө албасына көзү жеткен ата-бала, артылган жүк-тагын экиге бөлүп көтөрүп сапарын улады. Эми жол жүрүү мурдагыдан да оорлоду.
- Оо, Аллах, мындан жаманынан сактай көр, мындан жаманынан сактай көр, - деп күбүрөндү атасы кайрадан. Дагы бир топ жол баскан соң атасы чарчап калды. Бала эми анын жүгүн да көтөрүүгө аргасыз болду. Атасын колтугунан сүйөп, куржунун моюнуна артып сапарын улады.
- Оо, Аллах, мындан жаманынан сактай көр, мындан жаманын сактай көр, - деп күбүрөнүп калды, атасы бул ирет дагы. Ата-бала бири-бирине сүйөнүп-таянып бир канча жол арбытып калган кезде аларды дагы кырсык басты. Бул жолу бала байкуш куураган сөңгөккө бутун тилдирип алды. Бутунун ооруганына чыдабай олтура калган бала, атасынын:
- Оо, Аллах, мындан жаманынан сактай көр, мындан жаманынан сактай көр, - деп күбүрөнүп жатканын уга калып, сабыры түгөнүп кетти окшойт:
- Ой, ата, эмне эле күбүрөнүп жатасың, эми мындан өткөн да жамандык болмок беле? – деп кыйкырып жиберди. Кулагы укпаган сыяктуу баланын кебине көңүл бурбады ата.
- Мындан жаманынан сакта, мындан жаманынан сакта, - деп күбүрөп, эскирген чапанынын ичин айрып баланын бутун таңып жатты. Баланын бутун таңып:
- Эми бир аз жол басып, мынабу ашууну ашсак чоң айылга жетебиз, мына ошол жерге конуп эс алабыз, бир аз чыдап тур, уулум, - деди да, ордунан туруп жолун улады. Ошентип, бири-бирине жөлөк-таяк болгон ата-бала ашууну да ашып түшүштү. Бирок, алар эс алууну максат кылган айылга жер көчкү жүрүп, айыл бүтүндөй ылайдын алдында калыптыр.
Бир аз эле мурдараак тирүүлүктү башынан өткөрүп жаткан айылда тирүү жан калбай, айыл толук бойдон мүрзөгө айланып калыптыр. Ар кайсы жерден сороюп чыгып турган чатырларга кайгыруу менен көз жүгүрткөн ата уулуна карап:
- Мына уулум, эгер эшегиңдин буту баспай, өзүңдүн бутуң канабай эртерээк басканыбызда, биз дагы ушул көчкүнүн алдында жатмакпыз. Алланын жамандыктан сактаганы ушул, - деп көзүнөн сызыла чыккан жашын жеңи менен сүртүнүп, үшкүрүп олтуруп калды. Ата алдында өзүн күнөөлүдөй сезген баласы эмне айтарын билбей, эмнеси болсо да ушул жер көчкүнүн алдында калбаганына шүгүр кылып, оо, Аллах, мындан жаманынан сакта – деп күбүрөнө, атасынын жанына олтура кетти.
Пенденин башына келген жаман-жакшы тагдырдын баары Аллахдан болот. Аллах Таала пендесине эч качан жамандык каалабайт. Бизге жамандай сезилген ар бир иштин артында биз үчүн жакшылык бар. Аллах бир эшикти жапса, ордуна миң эшикти ачат, эсиңде болсун!
https://ok.ru/profile/588597612877
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5